АҢГЕМЕ

Толукшуган жайдын күнү. Абасы таза, суусу тунук кадимки  Ак-Сай жайлоосу. Жашыл шибердин үстүндө чалкасынан түшүп жаткан Жылдыз Жараткандын чебер колдорунан жаралган табиятка суктанып жаны жыргап ушунчалык бактылуу. Ушундай жымжырттыкты  аттын жай басып келаткан дабышы бузду. Жылдыз ордунан тура калып ашыгы  Эсендин келатканын көрүп сүйүнүп кетти. Алдынан утурлай баскан Жылдыздын назик колдорунан кармап  Эсен атынан ыргып түштү да, анын саамайынан сылап, чекесинен өөп, кырдан  терип келген атыр жыттуу гүлдөрүн сунду. Жылдыздын көздөрү жайнап, шыңга бойлуу кең далылуу Эсендин кучагында, анын төшүнө башын  жөлөп турду.

— Сени сагындым. Сезимиңди канча ирет тебелеп, эркелигиме салып кагып-силкип, ороңдоп баркыңды билбептирмин. Сенин мага деген сүйүүң баштагыдай эле таза, тунук экенин билүү мага чоң бакыт. Сеникиндей аруу сезим, таза жүрөктү мен эч кимден жолуктура алган жокмун.

Жылдыздын көзүнө жаш айланды. Эсен болсо үн каткан жок.  Тек гана аны кучактап  кайдадыр алыс жакка көз чаптырып турду. Жылдыз акырын башын көтөрүп, ал караган жактан кубалаша учуп келаткан  куштарга көзү урунду. Экөө жаратылыштын сыйкырдуу кучагында эзилишип турганда мылтык  тарс атылды. Эки жакты карагыча болбой мылтык кайра атылып, куштардын экөөнү тең быркыратты. Чочуп кеткен Жылдыз катуу кыйкырып ойгонуп кетти. Ооба, бул анын түшү болчу. Маңдайында турган Хамиддин жигиттеринин бири эле.

— Атыңды  миң кайталап чакырса да козголбой уктай берген кандай немесиң?!

Ал баштагысындай ороңдоп столду дагы бир тарс эттире чапты.

— Шеф сени өткөндө жолуккан кафеге кечки жетиге чакырды, даярдан. – Эшик катуу жабылып ал чыгып кетти.

Жүрөгү жарылчудай тарсылдаган Жылдыз керебетине соксоюп отуруп алып өксүп ыйлады. Ал азыр гана укмуштай жомок дүйнөсүнөн кайра торго түшүп калгандай сезди өзүн. Жомок дегени өзү туулуп өскөн айылы.  Бир кезде «Элдин баары чет өлкөдө жүрөт, ал жактар өзүнчө эле бир жомоктой. А мен  капаста камалгандай өз айылымдан чыга элекмин» деп арман кылган кызга азыр өзү кыялданган чет өлкөсү чыныгы капас болуп олтурат.

*  *  *

Жылдыз төрт бир туугандын кенжеси. Ата-энеси айылдын карапайым кишилери. Кичүүбүз деп эркелете  берип, ал айтканынан кайтпаган  өжөр, каалаганын  аткартмайын  жаны калбаган кежир болуп чоңойгон. Ата-энеси алып берген кийимдерди жактырбай чет элдиктердин кийингенине кызыгып, ошолордой жашагысы келчү. Ага ашык болуп кат жазып жүргөн  парталашы Эсенди болсо мага сендей тоолук жигиттер жакпайт деп кемсинтчү. Жылдар өтүп, мектепти бүтөрдө Эсен мурункудан да келишимдүү болуп эр жетти. Анын Жылдызга болгон сезимдери өчө элек эле.

— Мектептен кийин кайсы окууга тапшырайын дейсиң? – Жылдыз сынагансып суроо узатты.

— Менби, борбордогу педагогикалык окуу жайга тапшырам. Мугалим болуп айылга келип өз мектебибизде эмгектенгим келет. Айылдан таланттуу, окууга ынтызар жаштар көп чыгат. Ошолорго билим берип,  айылыма кызмат кылсам дейм.

Эсендин чын ниеттен айтылган бул жообуна:

— Өзүңчө эле Дүйшөнсүң го, – Жылдыз мыйыгынан күлүп шылдыңдап койду. Бул жаш жигиттин шагын сындырды.

— А сенчи? – Эсен суроосун суз узатты.

— Мен чет өлкөгө барып бир-эки жыл иштеп, тил үйрөнүп, ошол жактан окусам дейм. Ким билет, ал жактан кыялымдагы кычыраган бизнесмен ханзаадамды жолуктуруп калармын.

Муну Жылдыз атайын эле Эсендин үмүтүн үзүп, көңүлүн калтырайын деп айтты. Анткени анын тилеги айылдан алыс, имараттары асман тиреген чет өлкөдөгү шаарлардын биринде жашоо эле.

Ошентип ата-энесинин кой дегенине карабай Түркияга таежесинин курсташынын жардамы менен учуп кетти. Ал жердеги ресторандардын биринде иштеп, эки жылдан кийин ата-энеси менен учрашканы келип калды. Туулуп өскөн айылы ага унутта калган бир арал сыяктуу көрүндү. Жердештери менен сүйлөшкөндө аларды  теңине албай,  бой  көтөргөнүчү.  Жолугушууга келген сырдаш курбусуна өзү иштеген ресторандын ээси Жылдызга ашыктыгын билдирип, күн сайын кучак толо роза гүл тартуулап жүргөнүн айтып, сырын ачкан жайы бар. Ал жумушунан эки жумага гана суранып келгенин айтып, кайра Түркияга сапар алды.

Оймок ооз, кумар көз Жылдызга  ресторан ээси Хамид алгачкы күндөрдө эле көзү түшүп торун жая баштаган.  Ага болгон арзуусунун ак экенидигин айтып ар кандай белектер, жагымдуу кечелер аркылуу өзүнө көндүрүп, жүрөгүнө кол салган. Бою кыскараак, кара тору, өңү серт  болгону менен Жылдыздын Хамидге көңүлү бар эле. Себеби анын байлыгы аркылуу Жылдыз өзү каалагандай жашап, кинодон гана көрчү жерлерде саякаттап  жүрүүнү эңсеп турган.

Өткөн жылы Жылдыздын туулган күнүндө ресторан өз ишин токтотуп, жумушчулардын  баары Жылдыз үчүн гана кызмат кылган.  Бардыгы  чоң даярдыкта майрамдык дасторкон жайып, ырчылардын баары Жылдыз үчүн ырдап, болуп көрбөгөндөй  кече башталды. Бир кезде  жүз бир роза гүлүнөн жасалган букет менен Хамид кирди. Жылдызга брилиант таштуу шакек салып, сүйүүсүн эл алдында билдирди. Мындай сыйкырдуу кечеде өзүн ханыша сезген Жылдыз асманда учуп жүргөндөй эле. Кеченин ортосунан оогондон кийинки окуялар Жылдыздын эсинде жок.

Аябай кыйналып, башы ооруп, көзүн ачса эле укмуштай хан сарайдын уктоочу бөлмөсүндө экен. Эки жагын алаңдап, эч кимди көрө алган жок. Атайын даярдалган ичимдиктен эс учун  жоготкончо мас болгон Жылдызды каалагандай уйпалап, кумарга батып,  анын абийиринин таза экенин көргөн Хамид ичинен ага ыраазы болду. Анан жаздыкка  «сен эми менин сүйүктүү аялымсың, өмүрүмдүн аягына чейин мен сени эч кимге бербейм» деп алакандай кагазга жазып кеткен. Ошону окуганда Жылдыз иштин жайын түшүнүп, алданып калганына ызаланып кыйкырып ызы-чуу салып калды.

Кыбыр эткен жан жок, жооп да жок. Өзүн жерге  уруп канча убакыт ыйлаганын билбейт, бир убакта эсин жыйып, баарына кеч болуп калганын түшүнүп, андан аркы жашоосун ойлоду.

— Мейли, канткен күндө да мен кыялданган байлык эми менин бут алдымда болот, – деп күбүрөнүп алды.

Күндөр өтүп, башка улут экенин, өңүнүн серттигин да ойго албай Жылдыз Хамиддин байлыгына манчыркап жүрдү.  Бирок негедир акыркы күндөрү Хамиддин үйгө түнөбөй, бир нерсени жашыргансып, мамилеси да корс болуп баратканына Жылдыз тынчсызданды.  Иштин чоо-жайын билмекке үй кызматчысы болуп иштеген Фатима эжеге арызданды. Жылдызга боору ооруган Фатима:

— Ээ кызым, сен он гүлүңдүн бир гүлү ачыла элек жаш кызсың да, а тигиниң сага айткандай отуз эки эмес, кырк төрт жаштагы карышкыр. Анын сендей үч аялы, алардан беш баласы бар. Көңүлдөштөрү… иии-ий, гүлдөй жаштыгыңды ушундайларга неге тебелетип жүрөсүң. Келишимдүү, жароокер, жүрөгү таза өзүң теңдүү жигитке жолукпаганыңа ичим ачышат.

Мына тамаша! Фатима эженин андан аркы сөздөрү  Жылдыздын кулагына кирген жок. Дароо Эсен эсине түштү. Ооба, теңине албай чанып кеткен Эсен дал ушул Фатима эже айткандай  жигит эмес беле… Шыңга бойлуу, кең далылуу ак жуумал, келбеттүү жан эле да. Анын сезимдери  кири жок, пакиза сүйүүнү далили эле го.

Ызасын ичке каткан Жылдыз эми качуунун жолун издей баштады. Үй кызматчысы айткандай карышкырдай болгон Хамид буга жол бермекпи. Кармап келип сабап, документтерин тартып алып, кордоп үйүнө каматып салды. Мына эми эч жакка жыла албайт, отурса-турса кароолчу жанында.  Баягыдай үй кызматчы жумшабай,  Хамиддин буйругун кың  дебей аткарган күңгө айланган.

Кыялындагы кычыраган бизнесмен хазаадасынын куурчагы болду да калды. Айылынын кечтери, ата-энеси, курбулары жомокто калган сыяктуу. Мына ушундай жаны жыргап аларды  түшүндө  көрүп жатканда Хамиддин жан алгычтай жигити столду катуу тарсылдатып, чочутуп ойготуп жибербедиби. Хамиддин буйругу боюнча бүгүн кечки жетиге жолугушууга барыш керек. Карышкыр козуну жолугушууга чакыргандай эле кандай жагымсыз жолугушуу. Айла жок, барбаса болбойт. Бүгүн аба ырайы суук, кышкы кийимдерин алып чыгышы керек.

— Аа, бул баягы Кыргызстанга кийип барган өтүгүм да, – Жылдыз эски өтүгүн көрүп сүйүнүп кетти. Классташтары менен жолугушууга барганда бир такасынын бети түшүп калганын эстеди. Аны ыргытам деп баштыкка салып койгон боюнча унутуптур. Өтүгүнүн таманын назик колдору менен сылап, айылымдын боз чаңдары жыттанар бекен деп жыттап да алды. Анан такасынын көңдөй жеринен ак таш көзүнө урунду. Тырмалап атып  аны чыгарып алды. Тырмактай болгон ак таш.

— Биздин айылдын таштары ушундай ак седептей, ак  берметтей эмес беле… – Жылдыздын көз жашы жаагынан ылдый агып жатты. Бул таш анын алтындай балалыгын , алпештеген ата-энесин, Эсендин ак сүйүүсүн эске салды. Бир кездеги түшүнүгү тар деп теңине албаган  айылдаштарынын ак пейилин  элестетти. Айылда тепселеп жүрчү ак таштардын тырмактай бирөө эми ага конокко келген төркүнүндөй сезилип турду. Аны көкүрөгүнө басып арыз-муңун айтып боздоп жатты.

– Апамдын сүтү ушундай ак эле, атамдын тилеги, Эсендин сүйүүсү, жердештеримдин жүрөгү ушул таштай ак болчу. Ак ташты ысык алаканына салып  солкулдап ыйлаган боюнча  Жылдыз күзгүнүн жанына барды. Алтын, брилиант  жасалгалары салынган кутучадан бүт асыл таштарын алып салып, анын ордуна «бул менин эң кымбат ак седебим» деп айылындагы сайдын бир ак ташын кутучага салып, аны телмире тиктеп олтурду.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *