Чех эл жомогу: Куу отунчу

Отунчу адатынча отун алып келип сатыш үчүн токойго жөнөдү. Жолдо баратканында алдынан аюу менен каман чыгып кармап алышты. — Адам, менин курсагым ачты, сени жейм,- деди аюу отунчуну сүзө качыра тишин арсайта берип. Адам абдан коркуп кеткени менен аюуга сыр алдырбастан: — Менде сага жем болгондон башка арга жок, кымбаттуу аюу, эч кандай каршылык көрсөтпөйм. Бирок бир кичинекей суранычым бар, өлөр алдымда түштөнүп алайын уруксат эт, анан жей бер, — деди. Аюу канчалык ачка болгону менен ак көңүлү кармап, отунчуга […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Жалгыз сүрөт

АҢГЕМЕ Жаштык-мастык менен биринчи турмушумдан ажырашып, эки балам менен ата-энеме ашка жүк, башка жүк болбоюн деп балдарымды калтырып, өзүм болсо айылдын аягында Бактылуу-Колот деген жерде жарыгы же жылуулугу жок ээн сарайда өзүмдү бактысыз сезип, жалгыз жашап жүрөм… Классташтарым Калыс, Тынчтык, ыраматылык Бакыт барып көңүлүмдү көтөрүшөт: — Айылга барбайсыңбы? Ушинтип жата бересиңби ээн сарайда? Айылда муунуп өлгөндөр көбөйүп кетти, сен да кыкынып калба! —  деп тамашалап оюн-чынга аралаштырып кетишет. Сарайдын ээси бар, төө жетелеген ак сакалдуу карыя деп Ажыгул ата айтып […]

Франц КАФКА: Он бир уул

АҢГЕМЕ Менин он бир уулум бар. Улуу уулум көзгө толуму жок, бирок акылдуу жана иш билги. Аны өтө баалабасам дагы, башка балдарымдан кем көрбөйм. Менин оюмча анын ички дүйнөсү чектелген; ал оңго дагы, солго дагы, астыга дагы умтулбайт; менимче ал  айлананын ичинде тегеренип, бир орунду эле тепкилеп жүргөнсүйт. Экинчи уулум сулуу, келишимдүү, кылыч шилтегенин көрсөң тим эле адамдын көзү сүйүнөт. Ага кудай акылды да берген, көп жерлерди кыдырып, көп нерселерди билип алган, жада калса жаратылышыбыз да ага үйдөн чыкпай отургандарга […]

Мамат РАИМЖАНОВ: Албарсты

АҢГЕМЕ Жол мастери Темир адам ишенбес окуяга кез болду. Адамдар өмүрүнүн кайсы бир учурунда ушундай таң калыштуу окуяны башынан кечиришет. Бирок аны байкабай калышат. Кээде байкашса да өздөрү ага көп түшүнө бербестен, акыр аягында көзгө көрүнбөгөн сыр катары эсептешип, жаңкы окуяга акылдары айран таң болот. Ошентип, жол мастери (аты Темир дебедикпи) кечээ күнү кыяда 17-оюрмадагы (жолчулар серпантин деп да аташат) бульдозерду дабандын түбүндөгү жолчулардын турагына айдап түшүп келаткан. Темир 15-оюрмадан бурула бергенде тике маңдайындагы борчук таштарда өзүн тиктеп турган бир […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Кеңеш бийлиги жана Токтогул

Бир кыйла кызыктуу темалардын бири – Токтогулдун 1917-жылы Петроград шаарында жеңип чыккан Совет бийлигин кабыл алышы. Көпчүлүк булактарда, алар советтик мезгилде жазылган, Токтогул жаңы бийликти абдан кубануу менен тосуп алды деп айтылып, жазылып келет. Чын эле ошондойбу? Буга кандайдыр бир негиз болушу мүмкүн, себеби ал мурдагы Ак падышага каршы көтөрүлүшкө катышкан киши, анысы үчүн Сибирь сүргүнүндө адам чыдагыс оор азыптын баарын көрүп келген киши, ал эле эмес экинчи жолу да Наманган түрмөсүндө алты ай жатып чыккан киши. Анын мойнунда ушундай […]