Отунчу адатынча отун алып келип сатыш үчүн токойго жөнөдү. Жолдо баратканында алдынан аюу менен каман чыгып кармап алышты.

— Адам, менин курсагым ачты, сени жейм,- деди аюу отунчуну сүзө качыра тишин арсайта берип.

Адам абдан коркуп кеткени менен аюуга сыр алдырбастан:

— Менде сага жем болгондон башка арга жок, кымбаттуу аюу, эч кандай каршылык көрсөтпөйм. Бирок бир кичинекей суранычым бар, өлөр алдымда түштөнүп алайын уруксат эт, анан жей бер, — деди.

Аюу канчалык ачка болгону менен ак көңүлү кармап, отунчуга тамактанып алууга уруксат берди.

Отунчунун түштө тамактанам деген колбасасы жана наны бар болчу. Аларды чыгарып, жайбаракат отуруп, колбасасынын жытын буркураткан бойдон жеп баштады, жакшы жыт мурдуна келгенде тамшанып алган аюуга  бир үзүм колбаса ыргытып койду. Аюу аны абадан эле тосуп алып, жалмады да:

— Охо-о! Бул таттуу даам кайда өсөт? – деп сурагыча шашты.

— Айтат элем, бирок бирөөгө катуу тиеби деп чочулап атам, — деп сөзүн ого бетер табышмактантты отунчу.

— Айт айта бер, коркпо! – деди аюу ого бетер кызыгуусу артып.

— Ачык айтканга болбойт, кулагыңа шыбырап койсом болобу, — деп отунчу аюунун кулагына мындай деп шыбырады: — Мындай таттуулар, камандан жасалат, тигини өлтүрсөң мен сага ушундай даамдуу тамакты көп кылып жасап берем.

Муну укканда араң турган ал каманды басып жыгылып, алкымын жулуп өлтүрүп:

— Мага жанагындай даамдуу тамак жасап бер!- деп күрүлдөдү.

— Макул. Аны жасаш үчүн көп отун алып, чоң от жагып, каманды бышырыш керек. Сен мага отун алганга жардам берсең, ал тамакты сага бат эле жасай салам, — деди отунчу.

— Ошол элеби! – аюу чоң бактарды ары-бери сулата салды.

Бул арада отунчу шынаасын жоон дарактын дүмүрүнө кагып, ага чоң жарака жасап аюуга кайрылды:

— Аюу аке, эми мына бул дүмүрдү омурсак эле колбасага жеткидей отун даяр болот. Мен муну жарака кылдым, бирок омурганга күчүм жетпейт, сенде болсо күч көп, жаракага колуңду салып, экөөнү эки жакка тартып салбайсыңбы, — деди.

Аңкоо аюу эч ойлонбостон жаракага эки колун салганда отунчу кагылган шынааны ыргыта чапты эле, алп дарактын дүмүрү өз калыбына келгиче аюунун колдорун кыпчып калды. Адамга алдатканын билген аңкоо аюу аркырап-күркүрөп бошонгуча отунчу ага балтасын шилтеп бүк түшүрүп, бир заматта ушундай олжолуу болгонуна ишенип ишенбей өзүн жоготуп коё жаздады.

Чын эле эй, ач көздүк акылды айран, оң ишти ойрон кылат экен. Андыктан кандай учур болбосун токтоо болууга, ушул жомоктогу отунчу сыяктуу акылыңарды жоготпогонго аракеттенгиле, балдар.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.