АҢГЕМЕ

Жаштык-мастык менен биринчи турмушумдан ажырашып, эки балам менен ата-энеме ашка жүк, башка жүк болбоюн деп балдарымды калтырып, өзүм болсо айылдын аягында Бактылуу-Колот деген жерде жарыгы же жылуулугу жок ээн сарайда өзүмдү бактысыз сезип, жалгыз жашап жүрөм… Классташтарым Калыс, Тынчтык, ыраматылык Бакыт барып көңүлүмдү көтөрүшөт:

— Айылга барбайсыңбы? Ушинтип жата бересиңби ээн сарайда? Айылда муунуп өлгөндөр көбөйүп кетти, сен да кыкынып калба! —  деп тамашалап оюн-чынга аралаштырып кетишет.

Сарайдын ээси бар, төө жетелеген ак сакалдуу карыя деп Ажыгул ата айтып берген. Ал киши көп жыл ушул сарайда кой туудурган. Мен болсо күндүз да, түнү да сарайдын ээсине жолугуп, ошол төө жетелеген карыяга арманымды айткым келет. Төө эмес, бөө жетелеп келсе да коркпойм. Ал учурда менин коркуу сезимим өлгөн. Анткени жашоонун өзүнө тоюп жүргөн кезим эле. Байкем (атам) келип “үйгө бар” деди. Болбодум. Бир күнү жеңем (энем) келди. “Үйгө кетели” деди. Болбодум. Ыйлады. “Сени азабыма төрөгөн экенмин”, — деди. Мээримине жүрөгүм жылып, ээрчип жөнөдүм…

Ошентип айылга келип элге кошулдум. Жөн эле кошулбай, молдо болуп келдим. Атам Ырсалынын тарбиясын алганым үчүн аксакалдар молдо кылып алышты. “Караңгы элге каапыр да молдо” демекчи, менден башка илимдүүсү жок болсо анан кантсин! Кошунабыз Аттокур байке каза болуп, Казармандан сөөгүн алып келишти. Улуу кызы Назира. Мен болсо молдо катары кызмат кылып жүрөм.

Назирага сүйүүмдү айта албайм. Калыс досум шоколад алат. Экөөбүз ээрчишип алып Назирага барабыз. Акыры көндүрдүк! 1998-жылы 20-февралда үйлөндүк. Калыс күйөө жолдош болду. Назира март жаңыраары менен ооруп калды. Бишкекке доктурга келдик. 9-мартта онкологияга жатты. 9 ай 20 күн жатты. Кыздан айланса болот. Атасынын энелеш Зуура деген эжеси бар эле, дары-дармегине аябай жардам берди. Онкологиядан операция жасап, кайра туберкулез бөлүмүнө жаткырды. “Туберкулезный менингит” деп диагноз коюшту. Айлап эле ооруканада жатсаң… ооруканаңдын да аты жаман “туберкулез” деп, туугандарың да алыстай баштайт экен. Башында тамак көтөрүп эки-үч ирээт келген соң, болду дейт экен. Анан ар ким өз түйшүгү менен кетет экен.

Үйүнө учурашканы барсаң, балдарын өптүрбөштүн аракетин кылып, эптеп сен чыкканча шашышат: “Тубазит деген дары ичип жатасыңбы?” деп сурашат. Аларды да түшүнөм. Жугуштуу оору деп коркушат.

Алды 2 же 3 жылдан бери төшөктө жаткан, жалаң жата берип жамбаштары оюлуп кеткен аялдардын арасында чүрөктөй сулуу Назирамдын жанында мен жатам. Уялмак тургай баарынын алдын которуп, баарына жардам берип, бир туугандай эле болуп калганбыз. Шейшеп жууп жүрүп колдорум жарылган күндөр болду. Ооругандан да оору баккан азап деп коюшат. Бирок мен Назирамды тажабай багам. Анткени, бат-бат эсинен танып, кайра эсине келген сайын: “Кудай, мен көрбөгөн жакшылыкты, мен көрбөгөн бактыны Жамалым көрсө экен”, — деп тилээр эле.

Кайын энем экөөбүз кезектешип карайбыз. Ал киши да ооруп калды, анын да диагнозу туберкулез. Кудайга шүгүр, ал айыгып кетти. Бир күнү байкем (атам) байкуш келиптир: “Акыркы жардамым ушул, эки кой союп келип саттым, үйдө беш эле кой калды”, — деди.

Назирага палатага учурашканы кирди. “Ата” деп ордунан обдулуп тура калып мойнунан кучактады. Кайраттуу деген байкем ыйлап жиберди. Эшикке чыгып да ыйлады. Экөөбүз оорукананын багын аралап ыйлап, нары-бери бастык. Көзүнүн жашын сүртүп, мага эки койдун акчасы деп акчасын сунду… Алып, чөнтөккө салдым. “Эми бул акчаны кантип көбөйтөм, дары менен ичкен-жегенге кантип жеткирем? Ушул ойлор мээмди көзөп, ооруканага кирдим. Эртең менен палатаны кыдырып гезит саткан эже келди.

— Эже, гезитти кантип-кайдан алып сатсам болот?

— Гезит сатасыңбы?

— Мен сизге конкурент болбойм, башка жакка сатам!

— Сата гой балам, кааласаң бул жактан деле сат, сен экөөбүздөн башка саткандар деле көп, — деп дарегин берип жатып: — Таң атпай барышың керек, — деп жол-жобосун түшүндүрө кетти.

Эртеси таң агара электе Ахунбаев-Совет көчөсүнүн кесилишинен чыгып, Үсөнбаев көчөсүндөгү гезит базарга келип гезит алып, Ош базарга көтөрүп жөнөдүм. Жөө бармай. Гезит сатып пайда таба баштадым. Күнүгө түшкөн пайдасына айран-сүт алып, ооруканага барам. Ошол тушта “Ислам маданияты” деген гезит чыгып калды. Ал гезиттин редакциясын таап алып, дүңүнөн гезит алып, баардык базарды кыдырам. Ак топу кийгендерди көрсөм эле “ушул окуйт” деп ойлойм. Дунгандар болсо деле сунуштай берем.

Ал кезде базарда ак топучан дунгандар көп эле. Ошентип жүрүп “Ислам маданиятына” “штаттан тышкаркы рекламалык агент” деген ишке орноштум. Сүрөтүм чапталган күбөлүк беришти… Аны троллейбуска көрсөтүп, акча төлөбөй түшүп кетем. “Пресса” деп, “пресса” болсо эле акча төлөбөйт” деген мыйзам бардай, жөө баспай калдым. Туура эки айдан соң “реклама бөлүмүнүн башчысы”, анан “жооптуу катчы” болуп, бат эле көтөрүлүп, Өзбек ажы менен таанышып калдым.

Турмушум, ичкен-жегеним аз да болсо кеңейип калганы менен, бир жагынан ошончолук тарып, 1998-жылдын 28-декабрында Назирам бул жалган менен коштошту… 31-декабрда Нарынга сөөгүн коюп келип, жаңы 1999-жылды улуу балам Жаныбекти кучактап алып, ыйлап тостум…

Айылда куран окутуп келген кемпирлер мени аяган болуп, “алда айланайын а-ай, ажырашпай койсоң бул күндү көрбөйт белең” дегенде, заманам куурулуп: “Кайра шаарга кетем, иштейм”, — деп шаарга келе бердим.

Келип, иштеп, окууга тапшырып… анан, Назирам тилеген бакытка жеттим! Ал көрбөгөн жакшылыктарды мен көрдүм. Арбагың ыраазы болсун, алтыным! Бул менин сага ыраазы болуп, Кудайдан бейишиңди тилеп жазган гүлчамбарым!..

Сенин менде калган жалгыз сүрөтүң менен кошо, аябай жакшы, жагымдуу түштөй элесиң менин жүрөгүмдө… менин сапарым карып, бул жашоо менен кош айтышканда, сен мени жадырап күлүп, тосуп алат болсоң керек. Бейиштин сулуу хур кыздары болот дейт, алар 18 жашта дейт. Сен да 18 жашыңда эле кетпедиң беле. Ошол бойдон тирилет турбайбы деп ойлоп калам…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.