Хорват эл жомогу: Чымчык ким үчүн сайрады

Эки киши токой аралап келатып кайсы бир кооз үндүү чымчыктын кубулжута сайрап жатканын угушту. — Уксаң дос, бул чымчык мен үчүн кандай сонун сайрап жатат, — деди биринчиси. — Ал сен үчүн эмес, мен үчүн сайрап жатат, — деп каршы чыкты экинчиси. — Ушундай кооз үндүү чымчык сендей кемпай үчүн сайрабай калсын! — Өзүң кемпайсың! Бул чымчыктын мен үчүн сайрап жатканы анык! Талаштары ушинтип башталган алар сөгүшө кетишти, анан мушташканга чейин барышты. Токойдо арачы түшөр киши жок болгондуктан чарчагыча чабышкан […]

Исаак БАБЕЛЬ: Сот

АҢГЕМЕ Алтымыш бирдин ашын ичкен Бляншар айым мурунку подполковник Иван Недачин менен Boulevard des Italiensтеги1 кафеде жолуккан. Тез эле жылдыздары төп келип, экөөнүн мамилеси баш айландырган сезим менен коштолду. “Өтө ысык бат сууйт” болуп, үч айдан кийин Бляншар айым Rue de la Paixтеги2 зергерге подполковникти баалатып кел деп жиберсе, акциялар менен кошо баалуу зер буюмдарын алып качып кетти. Дарыгер Бляншар айымдын дартын аcces de folie passagere3 деп тапты. Өзүнө келип, өзүн күнөөлүү сезген айым келинине баарын төкпөй-чачпай айтып берди. Келини […]

Жалгыз кайык: көл түбүндөгү айыл арманы

Түгөлбай Казаковдун “Жалгыз кайык” аңгемеси күйүттөн күл болуп калган момун адамдын башына түшкөн оор мүшкүлдү баяндаган чыгарма. Табият кырсыгы айтып келбейт. Тоо арасындагы кичине айыл көчкү алдында калып, андан төмөнгө түшүп кеткен Муса гана аман калат. Жакындарына ажыраган Мусанын кийинки жашоосу куру үмүт менен өтөт, көл үстүндөгү жалгыз кайыкта жакындарын издеп, аргасыз күн кечирүүгө өткөн адамдын муң-зары баяндалат. Мусанын кайгысы кайыктан ары кетпей, ың-жыңсыз көл үстүндөгү арманын уккан киши жок. «Кыргыз аңгемесинин классикасы» түрмөгүнүн бул чыгарылышы Түгөлбай Казаковдун “Жалгыз кайыгына” арналат. […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Аял барда эркек билбейт кейишти

Узун Сары Адыраңдап ойноок бала кезимде, Апам айтчу дагы бир сөз эсимде. Элес албай эске албаган ошол кеп, Эмнегедир эми келет сезимге. Согум союп, ырыстуусун чүйгүндөп, Жакшы туздап кургагыча илгин деп. Кургаган соң капка салып катырды, Узун Сары келет акыр бир күн деп. Эрдин сөзүн бек кармаган аялы, Катып жүрүп чүйгүндөрдү баягы: Узун сары киши келсе бир күнү Эрим айткан ушул го деп сыягы… Каткан этин салып берип узатты, Өттү убакыт кыскабы же узакпы. Үзүмчүлүк, күн узарып,  мал арык, Жут […]

Жолдош ТУРДУБАЕВ: Дубалдары да таалим берген мектеп

Гимназия бир караганда жупунудай көрүнүшү мүмкүн: жаркырата кооздолгон жасалга, евроремонт ж.б. көзгө урунбайт. Бирок кабинеттер биринчи кезекте иштегенге – окуучунун эң зарыл маалыматтарды эстешине, мугалимдин аларды издеп отурбай дароо колдонушуна ылайыкталган. Коридорлордо да акыл эмгегинин маданияты боюнча иштелип чыккан сонун таблицалар, эң кыска, бирок өтө нуска түзүлгөн тезис тизмелери 2-3 метр аралыктан да окулгудай жазып илинген. Б.а. мында сырттан келгендердин көзүнө жарк дей түшсүн дегидей тышкы эффект эмес, күнүмдүк сабактарда дайым керек болгон ички мазмун, максатка ылайыктуулук эске алынгандыгы байкалат. […]