Узун Сары
Адыраңдап ойноок бала кезимде,
Апам айтчу дагы бир сөз эсимде.
Элес албай эске албаган ошол кеп,
Эмнегедир эми келет сезимге.

Согум союп, ырыстуусун чүйгүндөп,
Жакшы туздап кургагыча илгин деп.
Кургаган соң капка салып катырды,
Узун Сары келет акыр бир күн деп.

Эрдин сөзүн бек кармаган аялы,
Катып жүрүп чүйгүндөрдү баягы:
Узун сары киши келсе бир күнү
Эрим айткан ушул го деп сыягы…

Каткан этин салып берип узатты,
Өттү убакыт кыскабы же узакпы.
Үзүмчүлүк, күн узарып,  мал арык,
Жут да келди,  дайра ташып муз акты.

«Узун сары келди окшойт жарыктык,
Каткан сүрдү тур байбичем, алып чык», –
десе эри, чочуп кеткен аялы:
«Узун сарың келип кеткен», – деп айтат.

Эске түшсө апам айтчу бул баян,
Эрксиз күлөм,  мыйыгымдан жылмаям.
Ойлоп көрсөм, ошол аңкоо катындай,
Опсуз чачып, талант-шыкты жыйбагам.

Алла берген жөндөм менен талантты,
Ардактабай,  иче берип аракты:
Өмүрүмдө узун сары келгенде –
Өх дедим го карап куру табакты.

*   *   *
Учуп өтүп жатканын убакыттын,
Уй кезүүсү келгенде сезип калам.
Атам берип кезегин, кайтарчу элем,
Азыр болсо кайтарат кичүү балам.

Уй кезүүсү өмүрдөн узун окшойт,
Уй кайтарган бир кезде атам кайда.
Баламдын баласына кезүү келээр,
Ал кезде кайра келгис жатам жайда.

*   *   *
Беш манжаңды салба ашына бирөөнүн,
Жетет балам,  жалап койсоң бармагың.
Көргөн жокмун,  ажал башка келгенде,
Жыйган дүйнөң арачалап калганын.

Ыйман деген бай жашаган айылда,
Төрт түлүгү тетир карай жайылган.
Бал тартуулап бирөө келсе бир чанач,
«Чымын богун жебеймин», — деп кайырган…

Малын алып,  өзүн тартып кулакка,
Совет чыгып, бүт тагдыры өзгөргөн.
Балды чанып манчыркаган ал байдын
Суур этин жеп жан бакканын көп көргөм.

Алтын башың аман болсо көрөрсүң,
Турмуш чиркин миң бир түскө кубулат.
Барда,  жокто бирдей бол деп  атамдын
Айткан сөзү  кулагыма угулат.

*   *   *
Ойлорго ойлор уланбай,
Тепселген жашыл тулаңдай.
Өзүңдөн өзүң иренжип,
Ташыркап калган куландай.

Кылганың жылбай алдыга,
Үн чыкпай созсоң кардыга.
Кыйналган кезде унутпа,
Жакшы күн али алдыда.

*   *   *
Эмне жасап жүргөнүң –
Эл тараза,  эл билет.
Эл ичинде көп бирок
Ээн сүйлөгөн, келжирек.

Кайда, кантип жүргөнүң –
Калк тараза, калк билет.
Калк ичинде а бирок
Кадыр билбес көп жүрөт.

Калктын ичи тең эмес,
Элдин ичи түркүмдүү.
Дирижеру болбосо,
Чууга айланат түркүн күү.

Байбичеме
Бешикке үч уул бөлөдүң,
Бал тилдүү кызды төрөдүң.
Кубанып ишим оңолсо,
Кыйналсам болдуң жөлөгүм.

Ичкенде тыйбай тилимди,
Чыгардым кээде жинимди.
Чыдадың анын баарына
Тонналап жуудуң киримди.

Жакама бир чаң жугузбай,
Жамандык жагым угузбай,
Чаалыгып калсам күч берип,
Жарыгың чачтың чыгыштай.

Татына жансың билимдүү,
Тамагың балбы, ширинби…
Ардактап окуп жүрсүн деп
Арнадым ушул ырымды.

*   *   *
Топурактан жууруп туруп жараткан,
Бул дүйнөгө апкелиптир Адамды.
Ээнсиреп бир нерсеси жетишпей,
Жүдөгөн дейт тың тыштабай кадамды.

Минтип жүрсө узабайт деп узакка,
Кабыргасын тилип алып Адамдын:
Аялзатын жасап,  кошкон жанына:
«Түбөлүккө болсун ушул каралдың».

Жебе деген алманы алып жейли деп,
Шайтан сайып аял берген акылы.
Себеп болуп бейиштен кол жууптур,
Кудайды укпай аялды угуп акыры.

Алмуздактан ушул күнгө адамзат,
Аял  менен өткөрүүдө өмүрдү.
Аялзатсыз алга жылбайт ишибиз,
Аялзатсыз ача албайбыз көңүлдү.

Аялзатсыз очокто от тутанбай,
Аалам дагы болуп турмак караңгы.
Аялзатсыз жуунбайт элек а мүмкүн,
Айра тырмап күндө чыккан жараңды.

Аялзатсыз кийинмекпиз ким үчүн,
Ач-жылаңач жүрмөкпүз биз жапайы.
Аялзатсыз дудук бойдон калмакпыз,
Айталбастан сүйөм менен апаны.

Аялзатсыз куурап калган даракпыз,
Аялзатсыз какыраган чөлдөйбүз.
Аялзатсыз балыр басып сасыган,
Балыгы жок,  бака ойногон көлдөйбүз.

Аял менен көбөйтөбүз тукумду,
Аял барда эркек билбейт кейишти.
Аял кымбат болгон үчүн эркекке,
Алмаштырган бул түйшүккө бейишти.

*   *   *
Кары жок болбойт кыш деген,
Даамдуу тамак туз менен.
Жараткан тура кудайым,
Жандыктын баарын жуп менен.

Апабыз, эже, жарыбыз,
Силерсиз ээн жаныбыз.
Жарым күн үйдө жок болсоң,
Жабылбай калат наныбыз.

Силерсиз ойноп-күлө албай,
Төшөктү тыңдап жыя албай.
Бир паста жүдөп кетебиз,
Байпакты оңдоп кие албай.

Очоктун отун сактаган,
Уул-кызын багып,  таптаган.
Түйшүгү түмөн болсо да,
Эринен мурун жатпаган.

Ырысы, куту үйүңдүн,
Ачылган гүлү сүйүүңдүн.
Туткасы тура аялзат,
Кармаган ыйык диниңдин.

Мээримин төккөн жаз мына,
Алпкелди майрам астыңа.
Бүгүнкү майрам айымдар,
Бак кошсун дагы бактыңа.

Жергемде тынчтык орносун,
Кан төккөн согуш болбосун.
Ооруңду колдон талашып,
Жаныңда болсун жолдошуң.
Орундап тилек оюңар,
Ар дайым Кудай колдосун!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *