Эки киши токой аралап келатып кайсы бир кооз үндүү чымчыктын кубулжута сайрап жатканын угушту.

— Уксаң дос, бул чымчык мен үчүн кандай сонун сайрап жатат, — деди биринчиси.

— Ал сен үчүн эмес, мен үчүн сайрап жатат, — деп каршы чыкты экинчиси.

— Ушундай кооз үндүү чымчык сендей кемпай үчүн сайрабай калсын!

— Өзүң кемпайсың! Бул чымчыктын мен үчүн сайрап жатканы анык!

Талаштары ушинтип башталган алар сөгүшө кетишти, анан мушташканга чейин барышты. Токойдо арачы түшөр киши жок болгондуктан чарчагыча чабышкан алар эптеп бөлүнүп, үйлөрүнө көздөрү көгөргөн, беттери жарылган, баштары томуюп кайтып келишти. Биринчиси ошол эле замат ички ызасын баса албай сотко арызданганы жөнөдү. Ал сотко бүгүнкү болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып, аягында күнөөнүн баарын жолдошуна оодарып, сөзүн мындайча аяктады:

— Урматтуу сот! Мени ушинтип аёосуз сабаган чоң муштумду жазалабасаңыз болбойт. Бул үчүн сизге жакшы бир өгүзүм бар, ошону берейин. Чымчык мен үчүн сайраганын эле айтып койсоңуз, сөзсүз ыраазы болосуз, — деди.

— Кам санаба!- деди сот. – Сени сабаган неме сөзсүз жазасын алат. Азыр үйүңө барып айткан өгүзүңдү жетелеп келе кал. Ал эми эртең менен сотко кел.

Муну укканда жигиттин көңүлү көтөрүлө: “Мен сага чымчык ким үчүн сайраганын далилдебесем элеби!” деп сүйлөнгөн бойдон үйүнө жөнөдү.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин сотко экинчи киши арызданганы келди. Ал болгонун болгондой айтып, акырында күнөөнү жолдошуна арта салып, сөзүн мындайча бүтүрдү:

— Урматтуу сот, ошентип ал мен үчүн сайраган чымчыктын үнүн талашканы аз келгенсип, көрүп турганыңыздай эки көзүмдү тең көгөртө койду. Сураныч сизден; бул чоң муштумду жазалап бериңиз. Ал жакшылыгыңыз үчүн сизге бир жакшы борго байланган каманым бар, ошону берейин.

— Макул, ак көңүл киши, түндө элге көрүнбөй убадаланган каманды алып келиңиз да, эртең менен эрте сотто болуп калыңыз.

Ошентип эки жолдош бири мурда, бири кийин пара катары айтылган малдарын сотко жеткирип беришип, ар кимиси өзүнчө “сот мага тартат” деген ишенимге бекишти.

Эртең менен эрте сот белгилеген учурда араздашкан эки киши анын алдына келишти. Сот аларды биринчи көрүп турган сымал анткорлоно билмексен болуп сурады:

— Келип калыпсыздар. Менде эмне жумушуңуздар бар?

— Ак ниет сот! – деп сөзүн баштаган алар жарышкан бойдон эмне болгонун айтып келип, — урматтуу сот, сиз чымчык ким үчүн сайраганын адилеттүүлүк менен чечип бергениңизди суранабыз, — дешти.

— Досторум! – деп сот сөзүн көтөрүңкү айтканы менен мээримдүү жылмайды. – Биринчиден, силер баардык эле эс-акылдуу адамдар сыяктуу элдешебиз жана экинчи урушпайбыз деп убадаңарды бергиле. Экинчиден, аны тастыктап көкүрөк тийгизе кучакташкыла, мына ошондон кийин чымчык ким үчүн сайраганын айтам. Макулсуңарбы? – деди.

— Макулбуз, урматтуу сот. Бизге чымчык ким үчүн сайраганын тезирээк айтыңыз, — деп эки доочу сот айткандай кол алышып, кучакташа кетишти.

— Силер, ак пейил жарандар, экөөңөр тең жаңылыпсыздар. Токой чымчыгы сиздер үчүн сайрабаптыр…

— Ким үчүн сайраптыр анан?! – экөө соттун сөзүн жарыша бөлүштү.

— Ал чымчык сиздердин акылман жана адилет сотуңар мен үчүн сайраптыр! Сот чечими чыгарылды, үйүңүздөргө бара берсеңиздер болот! – деп сот үнүн өктөм чыгарганда, экөө селейип туруп калышты да, жагдайды дароо түшүнүп, жолдоруна түшүштү.  Ошентип элдешкен экөө жолдо баратып өз ара сурашып, сот пара катары өздөрүнөн өгүз менен каманды алганын билишкенде алиги токойдогу чымчык чындап эле урматтуу сот үчүн сайраганын түшүнүштү.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.