Гимназия бир караганда жупунудай көрүнүшү мүмкүн: жаркырата кооздолгон жасалга, евроремонт ж.б. көзгө урунбайт. Бирок кабинеттер биринчи кезекте иштегенге – окуучунун эң зарыл маалыматтарды эстешине, мугалимдин аларды издеп отурбай дароо колдонушуна ылайыкталган. Коридорлордо да акыл эмгегинин маданияты боюнча иштелип чыккан сонун таблицалар, эң кыска, бирок өтө нуска түзүлгөн тезис тизмелери 2-3 метр аралыктан да окулгудай жазып илинген. Б.а. мында сырттан келгендердин көзүнө жарк дей түшсүн дегидей тышкы эффект эмес, күнүмдүк сабактарда дайым керек болгон ички мазмун, максатка ылайыктуулук эске алынгандыгы байкалат.

Ырас, тепкичтерди бойлото кеткен дубалдарга чейин илинген сертификат, диплом, грамота ж.б.у.с. документтер да көп. Алыстан барган коноктордун бири: «Сиздердин мектеп ушул дипломдордон курулгандай», — деген экен. Акыйкатта, булардын баары, мыкты ийгиликтер, окуучулардын, бүтүрүүчүлөрдүн жеңиштери, мугалимдердин изденүүдөрү менен табылгалары, ата-энелердин мектеп менен канчалык тыгыз иштешери жөнүндө өтө сыйымдуу баяндаган керегечелер (стенддер) бардык балдарды ушундай ийгиликтерге шыктандырып, мектепке жөн эле сабак окуу үчүн эмес, чоң максат менен келгендигин, өзүнүн ички дареметин ача билиши жагынан ата-энеси, мектеп, бүтүндөй коом, өлкө алдында жоопкерчилигин сездирип тургудай таалимдик мааниге ээ.

Ата-энелер каанасынан эксперименталдык лабораторияга чейин

Жогорудагы ойлорумду Гапыр (Мамадинов) агайдын мыкты шакирттеринин бири Чынара Токтоназарованын экскурсиялык баяны менен бекемделди:

Биздин гимназияга баласын бере турган ар бир эне кырк күндүк программа боюнча окутулат. «Энелер мектебинин» базасында ачылган ата-энелер каанасы көп жылдан бери иштейт. Биз окуучулардын ата-энелери менен тыгыз иштешебиз. Алар балдарынын сабагына катышып, дайыма биз менен акылдашып турушат. Бул каанада мыкты үй-бүлөлөрдүн тажрыйбасы, энелердин таалими тааныштырылат.

2012-жылы окуучубуз Толубаева Айназ «Адам жана коом» сабагынан республика боюнча конкурста биринчи орунду ээлеп келгенде, Жогорку Кеңешке экскурсия болуп, ошол кездеги депутат Камила Талиева кабыл алган. Эң четки айылдан келген окуучу жеңип чыгыптыр деп сүйүнүп, биздин мектепке төрт компьютер, бир принтер тартуулаган. Анын сунушу боюнча биздин райондогу Конфуций борборун ушул мектепте ачуу демилге көтөрүлгөн эле. Конфуций институтунун жетекчиси Малиев (?) мырзанын келип, облустук деңгээлдеги семинар өткөрүп, борборду ачканбыз. Бул борбордун шарапаты менен беш компьютер, ошондой эле принтер, проектор алдык. Өкмөттүн эсебинен парта, стол, башка жасалга-жабдуулар алынды. ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун демөөрчүлүгү менен интерактивдүү тактага, кытай тилин баштапкы деңгээлде үйрөнүү боюнча китептерге да ээ болдук.

2006-жылы 22-педагогикалык окуунун жалпы жыйынында Гапыр агай энелер мектеби жөнүндө сүйлөгөн сөзүн Советбек Байгазиев баш болгон окумуштуулар кызуу кубатташкан. Трибунадан кайра ордуна барып отурганча кол чабуулар токтогон эмес, мен өзүм да ошол залда болчумун. Окуучуларыбыздын олимпиадалардагы, ЖРТда жетишип жаткан ийгиликтерин угуп, энелер мектебинин тажрыйбасын үйрөнөлү деп агайды республиканын туш тарабына чакырып жатат. Бишкекте тил үйрөтүү жагынан таанылган «Секом» борбору эле бир нече ирет чакырган. Жер-жерлерге барып, түрмөк-түрмөгү менен лекцияларды окуп келет. Мисалы, Чоң-Алай районуна эки жолу чакырышты, дубалда райББ ыраазылык каты илинип турат. Ататүрк-Ала-Тоо университетинин окутуучулук-профессорлор курамына лекция окугандыгы үчүн да ыраазылык кат алган. Кыргыз улуттук университети, Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы да алкыш каттарын жазышкан.

Айтмакчы, агайды «Мугалим» журналы сыйлап, Эл мугалимдери менен катар мукабасына сүрөтүн чыгарып, биздин гимназиянын ишин чагылдырып келет. Ал эми «Шоокум» журналы Гапыр агайдын тажрыйбасы жөнүндө бир жыл бою сандан санга жазып турду. Азыр Жалал-Абаддан чыгуучу «Мугалим дүйнөсү» гезити биздин гимназия, Гапыр агайдын табылгалары тууралуу эң көп жазып жатат.

Китептерге агайдын мамилеси өзгөчө. Каякка барса да, бизге кешик деп, акчасын аябай сөзсүз акыркы чыккан эң мыкты китептерден ала келет. Окуучуларыбызды тестке, олимпиадаларга даярдаганда бул китептердин пайдасы абдан чоң. Анткени, агай өзү айткандай, дыйкандын куралы кетмен болгондой эле, мугалимдин куралы – китеп.

Деректирдин кабинети – эксперименталдык лаборатория. Гапыр агайдын автордук эксперименталдык лабораториясынын жумуштарынын баары ушул кабинетте жүргүзүлүп, сынактан өткөрүлүп келет. Бул лабораторияга проблемалык деген да статусу берилген. Мында окууну каалаган, бирок окуу жолун билбей кыйналган балдардын маселелерин тактап, аларды чечүү жолдорун иликтейбиз. Ошентип, начар окуган баланы «4», «5ке» жетишине жолун ачабыз. Жалпысынан бул кабинет үч бөлүмдөн турат: ортодо – окуучулар, эки жагында мугалимдер жана ата-энелер бөлүмдөрү. Буларда эң мыкты окуучунун, эң мыкты мугалимдин жана эң мыкты ата-эненин тажрыйбасына көңүл бурулат. Мисалы, бул керегечеде айылыбыздагы балдарынын баары эң мыкты окуган, адептүү, ыймандуу деп таанылган Жоомартовдордун үй-бүлөсүнүн тарбия-таалим тажрыйбасы тууралуу сөз болот. Алардын чогуу окуган китептери, талкуулап турган маселелери, үйдөгү убакытты кандай пландап, жумуштарды бөлүштүрүшөрү жөнүндө баяндалат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.