Эмил ҮМӨТАЛИЕВ: Бүгүн биз эң коркунучтуу зоналардын бириндебиз (маанилүү маек)

“Кыргыз Концепт” ишканасынын жетекчиси Эмил Үмөталиев жана ЖК депутаты Улукбек Кочкоровдун маектешүүсү. — Эмил мырза айтсаңыз, эгемендүүлүктүн эң алгачкы жылдары кыргыз ишкерлеринин арасында биринчилерден болуп “Кыргыз Концепт” компаниясын түптөдүңүз, жеңил болбосо керек. Алгачкы капиталды кайдан таптыңыз? — Алгачкы капитал болгон эмес. Ишти баштаарда жарнама бергем. Ага апамдын пенсиясынын 1/3 бөлүгү кеткен, ошол акчага биринчи жарнама берилген. Ошол жарнамадан кийинки киреше менен иштин баарын уланттым. Энемден башка акча сураган эмесмин, кайтарып бергеним болгон. Энем өмүр бою кара жумушта эмгектенгендиктен алган пенсиясы […]

Жоомарт БӨКӨНБАЕВ: «Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт»

(Тамсил) Сай жакалай сагызган Салпактады эңиштеп, Кекең-кекең жорголоп, Келе жатты жем издеп. Көк жылгага жолукту, Көк шибери көйкөлгөн. Жергеси толгон калың бак, Жемиши бышып эңкейген. Ээлеп ушул жемишти Консом, деди сагызган, Эрким менен той-тойлоп, Тойсом деди сагызган. Шум сагызган шектенип, Кайра качты артына, Тыялбастан напсисин, Түштү суктук наркына. Эки көзү кызарып, Алкы шумдун бузулду. Бакта бышкан жемишке Башын салып тутулду. Жемиш эмес мойнуна Кылтак түштү, муунду, Сактыгынан өлбөстөн, Суктугунан кырылды. Мышык менен май Ачка мышык мыёолоп үйгө кирди, Аңдып келип […]

Африка эл жомогу: Ташбака менен кыргый

Бир ташбака абдан акылдуу экен, куулугу да башынан ашыптыр, бактарга жармашып чыкчу экен. Ташбака тукумунан бир башкача шамдагай да болуптур. Ал бир күнү токой аралап жүрүп мөмөнү укмуштай мол байлаган банан дарагына туш болот. Көп ойлонуп турбастан бакка тырмышып чыгып, эзиле бышкан банандарга жакшылап тойгон соң, алардан үйүнө да көтөрө кетмек болуп: үзүп жерге таштай баштайт. Бул банан дарагынын кожоюну катаал болгон үчүн даракты абдан кыраан кыргыйга кайтартчу экен. Ташбака корукка кирген учурда кыргый жем издеп учуп кеткен болот. Ошентип […]

Ырдын бири Ырыспай

Эстутум Колума калем кармап публицистика айдыңына аралашканыма 45 жылга чамалап калды, а бирок эскерүү темасынан эң оор бир да жанрды көрө албадым. Албетте, каарман элесин кадимкидей тартып көрсөткөн анча-мынча эскерүүлөр жок эмес, тилекке каршы, мен окуган эскерүүлөрдүн эчени эскерме аты эле болбосо, эскерип жаткан адам арткы планга сүрүлүп, өзүн-өзү көтөрө чаап көкүрөк каккан автордун элеси сороюп чыга келет аягында. Эсиме жара чыкпаса, “эстутум” деген сөздүн автору ыраматылык Ашыке (Кыргыз Эл жазуучусу А.Жакыпбеков) менен Алыке (Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер […]

Мезгил ИСАТОВ: Чексиздик жана тардык ичиндемин

Этюддар Күз кайрыктары Кандай сонун күздү карап олтуруу… Күз акындардай ыр жазып жатты. Ойлуу, омоктуу, жамгырлуу, жанга жакын жаралуу саптар. Күүгүмдөнүп, күмөндөрүм баардыгын эске салат. Шагынан үзүлөйүн, үзүлбөйүн деген аргасыз жалбырактар менен кошо кулайм. Тоголонуп кайда урунаарымды билбейм. Кайрадан сүйгүм келет. Күздөгү сүйүү туруктуу болот дешет. Бирок мен аны сактай алат белем? *  *  * Сагынычтар сабагынан үзүлүп жатты… Кылдыр этип жаны чыгып, шагынан ажырады. Денеси кулап түштү. Аны жулкунуп бараткан агын суу “лып” этип илип жөнөдү… Майдаланып топурактын өңүн […]

Капар ТОКТОШОВ: Шаке рекорд

Университетте окуп жүргөн кезибиз. Шайлообек Дүйшеев бизден кыйла улуу, ошон үчүн группага староста шайлап алганбыз. Лекция бүткөндө суусаган койдой чуркайбыз көк дүкөндү карай. Бирден “зомгараны” бөктөрүп ошо тегеректеги эле калың бакка кирип кетмей… Катуураак бакылдашып калган кербез белем, мотосекилин дырылдатып токтогон милийсаны байкабай калыппыз. Кармап алды. Катарга тизип, алдына салып айдап баратат. Бир маалда Шакем “зыр” койду. Айдап келаткан милийса бизди таштап Шакенин артынан кууп кетти. Алтымыш кадам аттаганда, жетпесин сездиби, мотосекилдеги өнөгүнө кыйкырды “итти коё бер” деп. Тигиниси килейген […]

Дилазык: Жаман кийимдин өрттөлүшү

Илгери жакырчылыкта жашаган киши болот. Бирөөгө жумушка орношуп, өзүнө кийим алганга каражат табат. Эми ал пулга кездеме аты эле бар оңтойсуз кийим келет. Айла жок, сатып алып кийинет. Муну көргөн дагы бирөө: — Эй, сен оңой эмес кишилердин тукумунансың, атаң аты алыска кеткен киши болгон, а сенин кийингениң ушулбу? Мен сага жакшы кийимди кантип табышты айтып берейин. Мен айтканымдай гана жасайсың, а мен сени уятка калтырбайм. Бечара сүйүнүп кетип, тигил кишинин айтканын аткарганга дилгирлене түшөт. Тигил болсо дароо экөө олтурган […]