Илгери жакырчылыкта жашаган киши болот. Бирөөгө жумушка орношуп, өзүнө кийим алганга каражат табат. Эми ал пулга кездеме аты эле бар оңтойсуз кийим келет. Айла жок, сатып алып кийинет. Муну көргөн дагы бирөө:

— Эй, сен оңой эмес кишилердин тукумунансың, атаң аты алыска кеткен киши болгон, а сенин кийингениң ушулбу? Мен сага жакшы кийимди кантип табышты айтып берейин. Мен айтканымдай гана жасайсың, а мен сени уятка калтырбайм.

Бечара сүйүнүп кетип, тигил кишинин айтканын аткарганга дилгирлене түшөт. Тигил болсо дароо экөө олтурган жерге от жагып, мындай дейт:
— Эми үстүңдөгү чүпөрөк-чапарагыңды чеч да, дароо отко сал.  Бардыгы күйүп бүткөндөн кийин күлдүн ордунда падышаныкындай келишкен эң сонун кийимди табасың.

Бечара дароо үстүндөгүсүн чечип, отко ыргытат. Чүпөрөктөр күйүп бүткөндөн кийин ордун карап, падышаныкындай көйнөк эмес, күлдөн башка таш балээ да жок болуп чыгат.

Бу дүйнөнүн бечаралары да ушундай:  мурдагы жашоосунан кийин кайра төрөлүп, изгиликтин, аксанатайлыктын мыйзамы менен өнүгүп-өрчүп, чыныгы адам жүзүнө ээ болот. Ошону менен ал жүзүн сактай билүү зарыл, ал үчүн рухий өнүгүүсүн токтотпоого тийиш. Бирок алар азгырыкка алданышат. Карасанатай күчтөрү:

— Биздин сөзүбүзгө гана ишен. Каалаган ишиңди кыла бер, көп нерсени үйрөн: аскадан кула, отко секир. Азыркы чыныгы денеңден кутулгандан кийин, сен Асманда кайра жаралып, түбөлүк жыргалчылыкка жетесиң. – дешет.

Бул сөзгө ишенгендер өз жандарынан кечип, күнөөкөрлөрдүн жер алдындагы түрмөсүнө түшүшөт да, азапка кабыл болушат. Ошентип киши түрүнөн ажырап, эч нерсеге жетпей калышат. Кудум жогорудагы бечарадай.

Бүркүт даракты күйгүзгөндө

Илгери бир кадыр-барктуу киши бүркүт дарак таап келүү үчүн алыскы жактарга сапар тартат. Ал дарактан бир араба чыккандай устун даярдап, үйүнө кайтып келип, жыгачты сатканы базарга чыгат. Бирок ал өтө кымбат тургандыктан, кардар чыкпайт.

Бир топ күн өтөт, бирок жыгачты сата албайт. Сатып олтургандан тажайт, тынчы кете баштайт.  Анан караса, жыгач көмүр сатып олтурган киши бардыгын сатып кеткенин көрүп калат. Ошондо: “Андан көрө бул бүркүт даракты отко күйгүзүп, көмүр кылайын. Көмүрдү тез сатат экенсиң” деп ойлойт.

Ал бүркүт даракты күйгүзөт, ал жыгач көмүргө айланат. Көмүрдү базарга алып барып, дароо сатып жиберет. Бирок бүркүт дарактан келип чыккан көмүрдүн пайдасы жарым араба чыныгы көмүрдүн жарымына да жетпей калат.

Бу жалганын кемакылдары да ушундай: Будданын жемишине  (келечекте Нирванага) жетүүгө үмүт артып, сан жетпеген ыкмаларды кылып көрүшөт.  Бирок ага жетүү өтө кыйын болгондуктан, артка тарткан ойлорго жетеленип, тескери сөздөргө алданып, тезинен өмүр менен өлүмдүн айлампасынан чыгып, архат болуп калгылары бар.

Күн тутулганда

Бир жолу Асурлардын (жиндердин) өкүмдары күн чайыттай тийип турганын байкап калып, өз колу менен тосуп коет (күн тутулат).

Мээсинде бир бүдүрү жок келесоо буга эч тиешеси жок өз итин: “үрө берип, жерди караңгы кылып салдың” деп күнөөлөп, сабап кирет.

Бу жалгандын пенделери да ушундай: сараң, орой, кемакыл келишет. Ошондон улам алар өз денесин азапка салышат: төө тикендин үстүнө жатып укташат, денесин күйгүзүшөт. Бул күндүн тутулганына өз итин күнөөлөгөндөй эле кеп.

Чач жөнүндө талаш

Бир жолу эки тестиер бала ылдый сууга түшүп, ойноп киришет. Анан суунун түбүнөн томолоктошкон бир кочуш чач таап алышат. Балдардын бири:

— Бул ыйык адамдын сакалы, — дейт.

Экинчиси:

— Бул аюунун жүнү, — дейт.

Ал учурда суу жээгинде бир кечил жашачу экен. Балдар бир пикирге келе алышпай, акыры ошол кечилге барып, калыс сөзүн укмай болушат. Кечил ошол замат күрүч менен кара куурайдын данын алып, оозуна салып, чайнайт да, анан аны алаканына түкүрүп, балдарга:

— Бу алаканымдагы тоту куштун кыгына окшошуп турат, туурабы? – дейт. Ошентип кечил балдардын талашына жооп айтпайт.
Бу дүйнөдөгү кемакылдар да ушундай: Мыйзамды түшүндүрүп жатканда, алар ар кайсыл мыйзамдарды талкуулап, Окуунун өзөгүнө жооп беришпейт. Кудум жанагыл кечилдей: ал коюлган суроого жооп берген эмес, ошентип шылдыңга калган. Куру сөз, куру иш ошондой болот.

Дары ичүүнүн ыкмасы

Бир кишинин ашказаны ооруп, аябай жаман болот. Дарыгер келип: “Ичиңди тазалап койсок, бардыгы өз жайында болот” дейт. Ал дароо суюктугун даярдап, ашказанын тазалаганга камданып калат. Тигил болсо колунан суюктукту жулуп алып, ичип жиберет. Ошол замат ичи көөп, оорусу чыдатпай, айласы кете баштайт. Аны көргөн дарыгер:

— Ой, эмне болуп кетти? – дейт. Анда оорулуу:

— Сен даярдаган дарыны ичип жибербедимби, кокуй, ай, кокуй, өлүп калат окшойм, — дейт. Анда дарыгер:

— Таза жинди турбайсыңбы, мен сага “ич!” – дедимби? – дейт да, дароо башка дарыны берет. Тигил бардыгын кусуп, эс ала түшөт. Муну көргөндөр шылдыңдап күлүшөт.

Бу жалгандагы кемчонтойлор да ушундай: алар бардыгын көрө билүүнүн ар кандай ыкмаларын колдоно билүүнү үйрөнгүлөрү келет, анан таза эмес нерселерди көрүүнүн ордуна дем алуу менен дем чыгарууну санай башташат. Эгерде дем алууну санай баштасаң, тескерисинче, алты элементти көрөсүң – топуракты, сууну, отту, абаны, мейкиндикти жана аң-сезимди. Алар бардыгын тескери көрсөтөт, анткени аларда негизги билим жок. Андайга баргандардын өмүрү текке кеткен болот. Кыйын абалга туш болушуп, кеңеш сурап, устатка да кайрылышпайт, ошентип бардыгын чаташтырып салышат. Кудум жанагыл таза эмес нерсени ичип алган кемакылдай.

Кара дуба

Бир жолу бир киши бирөөгө жини келип, көңүлү чөгүп, кубанып-сүйүнгөндөн куржалак калат. Таанышы келип:

— Ой, сага эмне болду? – десе, тигил:

— Бирөө мага жамандык кылды эле, ошондон өч алалбай жүрөм. Кантип өч алам, билбейм, — дейт.

— Анда Ветала дубасынын (арбактын атынан айтылган дуба) жардамы менен гана аны жексен кыласың. Бир жаман жери: аны жексен кылардан мурун, өзүңдү жексен кылып жатканың, — дейт. Муну угуп, тигил сүйүнүп кетет:

— Мага үйрөтө көр, үйрөтө көр. Мейли өзүм өлүп калсам да, тигинин түбүнө жеткен болом.

Бу дүйнөнүн пенделери да ушундай: жини менен Ветала дубасын айтып, бирөөгө жамандык тилеп алышат. Бирок аягында башкага зыян келтирбей, өздөрүнө жамандык тилеп алышат. Ошентип жер алдындагы күнөөкөрлөрдүн түрмөсүнө түшүп, бир жандык же ач арбак болуп кайра төрөлүшөт. Жогорудагы кемакылдан айырмасы жоктой.

“Эч нерсе” талап кылам!

Бир жолу жол менен эки киши келаткан болот. Жолдон бир жолоочу толтура кунжутту арабасына жыйып алып келатканын көрүп калышат. Арабасы таштакка тыгылып калып, тигил киши экөөнө:

— Арабамды чыгарышып коесуңарбы? – деп суранат.

— Жардамдашсак, эмне бересиң? – дейт экөө.

— Эч нерсе берем, — дейт тиги.

Экөө дароо арабаны чыгарып беришет.

—  Эми айтканыңды бер, — дешет экөө.

— Мен эч нерсе дебедимби, — дейт тигил. Ошондо эки жолоочунун бири:

— Эч нерсесин бергиси келбесе, таарыналыбы? – дейт. Анда экинчиси:

— “Эч нерсе” дедиби, демек, эч нерсеси бар, берсин, — дейт. Анда араба ээси:

— Эч нерсе – бул болгону аталыш, бир нече белгилерди бириктирген маани, — дейт.

Бу дүйнөдөгү пенделер “эч нерсе” деген түшүнүккө туш болушуп, эч нерсе жокту элестетишет. Жолоочулардын бири: “Эч нерсе – бул формасы жок, аны каалай албайсың, аны менен эч нерсе кылалбайсың” деди.
Үч кабат курулуш

Илгери бир кемакыл бай жашайт. Ал ушунчалык келесоо болот, анын эч бир нерседен түшүнүгү болбойт. Ал башка байга мейманга барып, үч кабат мунара курганын көрөт. Үстүнө чыкса, алыстан бери көрүнөт экен. Ичи күйүп, ичинен: “Байлыгым мунукунан кем эмес,  а эмнеге мен мындай мунара куралбайм? Куралам эле” деп ойлонот. Үйүнө барып, ошол замат устаны чакырат да:

— Тигил байдыкындай кооз мунара кураласыңбы? – дейт.

— Аны мен кургам, — дейт уста.

— Сен курсаң, анда мага да куруп бер, — дейт бай.

Уста жерди ченеп, пайдубалын түптөй баштайт. Кемакыл бай устанын кыш кынап жатканын көрүп, туура кылып жатканына күмөн санап кетет. Такыр түшүнбөй:

— Эмне кылып жатасың? – деп сурайт.

— Үч кабат имарат курганы жатам, — дейт уста.

— Эй, мага ылдыйкы эки кабаттын кереги жок, биринчи үчүнчү кабатын курбайсыңбы!  -дейт бай.

Муну уккандар күлүшүп:

— Андай болбойт, болгон да эмес, ылдыйкы кабатын тургузбай, үстүңкүсүн кыла албайсың, — дешет.

Аларды Будданын шакирттерине салыштыралы, алар төрткө бөлүнөт: аял-эркек пенделер, аял-эркек кечилдер. Алар талыкпай өрчүгөндү билишпейт, үч баалуулукту баалашпайт: Будданы, анын окуусун жана монахтар жамаатын. Алар жалкоо, Улуу Жолдон дароо натыйжага – Нирванага жеткилери келет. Алар: “Бизге алгачкы үч натыйжанын кереги жок (“таза” жашоо абалы; “бир күнү кайтып келгендин” абалы, б.а. бул дүйнөгө бир гана жолу жаралгандын абалы; “кайтып келбегендин” абалы), бизге жыйынтыгы гана керек, архаттай бололу (эч нерсе каалабай, жогорку эркиндикке жеткен адам),” – дешет. Ошентип кемакыл байдай шылдыңга калышат. 

Үч тандыр нан

Илгери аял-күйөөсү болот. Экөөндө үч тандыр нан бар экен. Аял-күйөө тең бөлүп, бирден нанды жеп алышып, бир нан калып калат. Анан экөө шартташат: ким биринчи сүйлөсө, нандан куржалак калмай болот. Ошентип кол алышып, эч кимиси сүйлөбөш керек болот – болгону бир нан үчүн.

Бир нече убакыт өтөт. Үйгө уурулар кирет. Алар эч нерсе калтырбай, бардыгын уурдай башташат. Аял-күйөөсү ууруларды көрүп туруп, унчукпай туруп беришет. Көз көрүнөө бардык буюмдарынан айрылышат. Кожоюндардын сүйлөбөгөнүн көрүп, уурулар аялын кармашат. Күйөөсү унчукпай карап турат дейт. Ошондо аялы:

— Уурулар!  — деп күйөөсүнө кыйкырат, — эй, келесоо, бир нан үчүн унчукпай, карап тура бересиңби? Кыйкырбайсыңбы?!

Анда күйөссү жылмайып, алаканын ушалап:

— Ии, катын, нан меники болдубу? А сага таш балээ да жок! – деген экен. Муну уккан элдин баары күлөт.

Бу дүйнөдөгү кемакылдар да ушундай: кичинекей атак-даңк, болбогон пайда үчүн атайын унчукпай тура беришет да, аларды карасанатайлыктын жалган азгырыктарынын каракчылары ээлеп алат. Ошентип аксанатайлыктын мыйзамы күм-жам болуп, үч жамандыктын жолуна туш келишет. Бирок мындан алар коркуп да коюшпайт. Алар жалган дүйнөдөн кеткилери келип, бирок беш каалоонун айынан оюн-зооктун кумарына батып кетишет. Көрбөгөн азапты көрүшсө да, өздөрүн азап чеккенин байкашпайт. Жанагыл кемчонтойдон эч айырмалары жок.

Которгон Эрнис АСЕК уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.