Эстутум

Колума калем кармап публицистика айдыңына аралашканыма 45 жылга чамалап калды, а бирок эскерүү темасынан эң оор бир да жанрды көрө албадым. Албетте, каарман элесин кадимкидей тартып көрсөткөн анча-мынча эскерүүлөр жок эмес, тилекке каршы, мен окуган эскерүүлөрдүн эчени эскерме аты эле болбосо, эскерип жаткан адам арткы планга сүрүлүп, өзүн-өзү көтөрө чаап көкүрөк каккан автордун элеси сороюп чыга келет аягында.

Эсиме жара чыкпаса, “эстутум” деген сөздүн автору ыраматылык Ашыке (Кыргыз Эл жазуучусу А.Жакыпбеков) менен Алыке (Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер А.Токтомушев) болуш керек эле. “Алгы сөз” дегенди да ушул эки алп алып чыккан жарыкка. Көп жыл “Кыргызстан маданияты” гезитинде, кийин “Асаба” («Агым») гезиттеринде колдонулуп келип, азыр акырындап унутулуп бараткансыйт.

“Эстутумду” “эске тутуу” деп түшүнүп алып Алыкеден кагуу жегеним эсимде. “Капар, сен кандай гана сөз болсун тар маанисине качырбай, тереңин издеп жүр” деп, “эстутум” деген эстеги көп нерселердин бүтүн-чулусу, чынжырлашкан тутуму экенин айтты эле.

Сүрөтүн көрүп, ырын уккан сайын эстеп коём Ырыспай акени. Эки ирет кенен-чонон маектешкен жайым бар. Ошондогудай жаш, ошондогудай жайдары, ошондогудай ойлуу элеси тартылат көз алдыма. Анан “ошо көз ирмемдер жүрөктө жүрө бербей кагазга түшүп калса, элге-журтка жетсе” деп тилек кылам. Канча жолу колума калем кармабадым, жазып бүтүп эле карасам, ал киши тууралуу айтып келатып өз жолоюма ооп кеткенимди байкабай калам. Ошентип, бул эскерүү узак жылдар жазылбай жатты саатын күтүп…

Табиттин тарбиячысы

Жакында бир музыка кабинетине кирип калдым. Мындай кабинет ар бир айыл мектебинде бар. Жупуну жасалгаланган. Комузчу, чоорчу, кыякчылардын сүрөтү, бирин-экин музыкалык аспаптар. Коёндой окшош бардыгы. Бирок бул кабинеттин өзгөчөлүгү: дубалдын жарымын “Обондун пири Жумамүдүн” деп Кыргыз Эл артисти Ж.Шералиевге, калган жарымын “Ырыспай ырдын Чолпону” деп Кыргыз Респубикасынын эмгек сиңирген артисти Ы.Абдыкадыровго арнап жасалгалап коюптур. Ар кайсыл жылдардагы сүрөттөрү, өмүр баяны, чыгармаларынын тизмеси. Карап алып көзүң тоёт. Анан ыраазы болосуң ушуну жасаган карапайым мугалимге.

Акырында нааразы боло кетесиң ушундай асыл адамдардын түйшүгүн түшүнбөй келатканыбызга. Агартуунун отличниги, Эл мугалими наамын алган тарыхчы, тилчи ж.б. мугалимдер арбын, а бирок андай сыйга арзыган музыка мугалимин уга элекмин чынында. Маселен: математика мугалиминен музыка мугалиминин эмнеси кем? Ырас, эсеп керек. А табиттин кереги кимге?.. Музыка мугалими бүтүндөй бир муундун музыкалык табитин таптап жатпайбы. Ошо табиттин тапталбагандыгынан балдарыбыз Батыштын каңкылдак-чаңкылдактарын аздек тутуп, аюуча арсаңдап, мышыкча мыёлоп жатпайбы. Жүрөк кылын каккан ноталарды, рух кумарын кандырган обондорду кулагына куя албай, уга албай керең, көрө албай азиз болуп жатпайбы. Музыка рахатын, демек, жашоо рахатын сезбей өтүп кеткен жатпайбы. Андан ашык арман, мындан мыкты мүшкүл жоктур дүйнөдө.

Жупуну жасалган дубал-тактаны тамшана карап отуруп мугалимге ыраазы болдум кайра-кайра. “Ырыспай акенин болгон-күткөн наамы Эмгек сиңирген артист тура, мунун ордуна Эл артистин илип салайын” деп ошол жерге азыркы эстрада жылдыздарынын бирин жамап салса эмне кыла алат элек? Эчтеке. Атургай, аркы Жумамүдүн акенин сүрөтүн сыйрып ыргытып, ал жерге Айчүрөк Иманалиеванын же жылдызы жымыңдап турган Нурлан Насиптин өмүр-таржымалын тагып салса ким элес алмак? Эч ким. Болгону ушул мугалимден таалим алган муундун музыкалык табити ошолордун деңгээлине түшмөк же көтөрүлмөк. Ал эми Жумакебиз менен Ыракебиз улуттук музыканын ушу азыркы таптагы орток чени, алтын өлчөм эталону саналат эмеспи. Ушу залкар таланттардын обондору менен ырларына тамшанып атып такшалат да музыкалык таберик табит. Ошондой таберик табит кыргызды кыргыз кылып сактап келатпайбы кылымдарды карытып.

Ырдан чыккан чыр…

Ырыспай ырдын Чолпону,
Ырыспай колдун ортону.
Ырынан алат ыракат,
Ырыстуу элдин оң-солу.

Ы.Абдыкадыровго арналган дубал-тактада ушул саптар жазылган. Мыкты ыр. Жакты мага. “Автору ким болду экен?” деп төкмөлөрдүн арасынан издесем жооп болгон жок. А бирок, анын түп нускасы, башат теги табылды. Бул саптар Байдыкенин (Кыргыз Эл акыны Б.Сарногоев) калемине таандык экен.

Биз, акындар – колдун болсок оң-солу,
А Алыкул – ошол колдун ортону.
Биз, акындар – жылдыз болсок көктөгү,
А Алыкул – жылдыздардын Чолпону!

Минтип миң акын арасынан Байдыке гана айта алмак! Мыкты ырдын өмүрү ушинтип уланат. Бир карасаң уурдап алган өңдүү, бир карасаң жөндүү: эгер мага жогорудагы ыр саптары жолукпаганда Байдыкемдин Алыкулга арнаган ырын кайдан табат элем? Кантип эстейт элем? Кудай буюрса, ал саптардын сапары карыбайт: “Баланча түкүнчөнүн Чолпону” деп ырдала берет төкмөлөр аман турганда. Ошентип кайталана берип элдин эсине сиңет, элдик ырга айланып тынат акыры.

Музыка мугалимине ичимден ыраазы болуп, ыр сабына тамшанып атсам катарлаш отурган бирөө кабыргага чукуйт “иттей жаман жазып салыптыр” деп. “Ии, кандайча?” деп карасам, үстөлдүн астынан ортону чычайган муштумун көрсөтөт: “Ырыспай аке мобу болуп калып атпайбы…” Адегенде түшүнгөн эмесмин, кийин жетти мээме. Байкашымда ал киши орусча ой жоруптап калган Ороскулдун бири сыңар. “Ой, жок дегенде баш бармакка теңебейби ушундай улуу кишини” деп муңканып коёт. “Алдагының орусча, кыргызчасы мындай” деп мен да ага сөөмөй менен ортондун ортосунан баш бармакты кылтыйтып, турмугумду көргөзүп коюп тим болдум.

Мына – табит тарбиясынын жоктугу, кеп маданиятынын кемтиги. Оруста ортон уят болсо, кыргызда кыйын, улуу, чоң, бийик деген мааниге ээ. “Ортондой болгон уулум бар” деп мактанат ата-эне. “Эл ортону элүү жаш” деп даңазалайт оттой улуу курагын. Ал алдын-күчтүн, акыл-эстин бийик туу чокусу, андан ары өсүү, өнүү, өркүндөө жок деген улуу чындыкты, терең мазмунду билдирип турат. Ортон, андан тышкары, беш манжанын да бийиги, узуну, мырзасы эмеспи.

Маселен, мен Ырыспай акени эгерим баш бармакка теңемек эмесмин. Аны Ырыспай акенин тырмагына да теңемек эмесмин керек болсо. Эмесе, көркөм адабияттагы баш бармактын образына көз чаптырып көрөлү. Аны, адатта, аткаминерлерге салыштырып карашат: бою корто, курсагы кап, муруну муштум, бети бетон, оозу ороо…

Азыр Кыргызстанды так ушундай 120 бармак башкарып жатат Баш Мыйзамдын негизинде. Же туура эмес айтамбы? Кечээ, А.Атамбаев бийликте турганда “ким мыкты?” десе 115и ордунан тура калчу какайып. 15-октябрдын эртеси 115 бармактын башы тоңкоюп жер челип калганына күбө болду го эл-журт. Азыр кайра тура калды курган 115 бармак сорок этип… Ырыспай акени анан кантип теңейсиң ушундай баш бармакка?..

Ал кишинин ушу күндү көрбөй өтүп кеткени ырас эле болуптур бир четинен. Кейип атып кертилип, үшкүрүп атып үзүлмөк. Жан-дүйнөсү назик, эл дегенде эт-бетинен кеткен адам эле жарыктык. Жаткан жери жайлуу болсун!..

Ырдын бири…

Ар адамда – ар табит. Ал табитти тим тыят. Ырыспай акени “ырдын пири” кылгысы келгендер Пир кылсын. “Ырыспай ырдын кудайы” десе андан бетер кубанат элем. А мен үчүн Ырыспай аке кадимки эле жөп-жөнөкөй бир Адам. Ошон үчүн макаламдын темасын “Ырдын бири” атадым.

Ал киши мага ноталуу ыр китебин тартуу кылган: “жүзгө жакыны кирди” деп. “Жалпысы канча обон жаздыңыз?” деп сурасам: “200дөн араң ашты” деди эле. Ошол 200 обондун баары биригип келсе да – бир Ырыспай, жалгыз бири калса да – бир Ырыспай деп билем. Андан Ырыспай аке арыктап же семирип кетпейт, бедели кемибейт. Эл эсинен 199ун өчүрүп салып, жалгыз бирин калтырса да Ырыспай болуп ырдала берет. Залкардын чалкар касиети ушунда.

Экинчи себеби: мен өзүм ашкан динчил, кудайга кудай ургандай бек ишенген радикалдардын биримин. А бирок, алты кабат асмандын ары жагындагы Алла-Таалага эмес, көкүрөктү жара тилип, жүрөк каалгасын ачып туруп ичине салып алган бир Теңирим бар, ошого ишенем. Анткени, ал денеме жакын: алдастап шашып калганда асмандын кайсы тешигинен издеп убара болмок элем, жүрөк тушуна алаканды коё салып акыл сураганга, ыйман тилегенге, өз эне тилимде келме келтиргенге ыңгайлуу. Айрымдар ата-баба арбагы да ошол алты кабат асмандын ары жагына кетип калат дешет экен өзү барып көрүп келгенсип. Мен үчүн ата-энемдин арбагы – пайгамбар. Ошондуктан аларды да алыс кетирбей нурдан өрүлгөн жип менен аркандап алгам желкеме. Корксом, ошолордон корком. Ыйманы саламат болгур атам күрөктөй болгон колу менен жаткыра чаап жүрүп тарбиялаган мени. Азыр эми атакемдин арбагы өлтүрө чаап салбасын деп арам ишке бармак турсун, арам ойду ойлогондон айбыгам. Ырыспай акени Пир туткандар кечирип коюшсун, мага көзүн көрүп, сөзүн уккан, ата-энемдин арбактары менен аралаш кейисем кейип, күлсөм кошо күлө багып жыргаган бир Ырыспай аке эле артык.

Үчүнчү себеби:  бир Ырыспай аке деп анын талант катары кайталангыстыгын, бийиктигин даңазалагым бар. Жамакчы журналист-акын досум Үсөнбек Дайырбековдун мындай бир ыры бар мага жаккан: “Асман бирөө, Кудай бирөө, Мен бирөө. А калганы болбогон бир келжирөө”. Керемет саптар ушундай кыска, анан нуска болот. Ансыңары, асман бир, кудай бир, анан эле Ырыспай аке бир. Аны миң туураса да, ырларын так өзүнүн үнү менен дал өзүндөй ырдап чыкса да эч ким Ырыспай боло албайт эми. Ырыспай аке бир Ырыспай бойдон өмүр сүрөт түбөлүк. Бул менин ак дилден айтылган арзуум, асыл чындыгым.

Ырыспай акенин ырысы чындап эле тоодой экен. Кыргыз кыйырында андай зор таланттар далай-далай чыга келген, буюрса, дагы чыгат. Бу кишинин маңдайына жазылган жазмыш шыбагасы – аны Кудай-Таала кыргыз маданияты үчүн марттык менен ыроолоп койгон бир чоң толкундун өркөчү, өткөн кылымдын 60-70-жылдарында жылдыздай жарк этип жанган бүтүндөй бир таланттардын көч башы эркечи, аксакал эркеси кылып койгондугунда. Балким, ал шыбага Аксуубай авага (Кыргыз Эл артисти А.Атабаев) буюрмак эки жыл алты ай мурда төрөлүп же “Тоолору” Ырыспай акенин “Алмашымынан” алты эле күн мурда жаралып калганда.

Албетте, Ырыспай акени оргуштаган таланты, табигый арген үнү, муңканып ыйлап, эргип сайраган аккардеону, анан талыкпаган аракети Ырыспай кылды. А бирок, улуттук музыка айдыңына артынан ээрчите чыкпадыбы Аксуубай деген ыр алпын. Асангалый Керимбаев, Мукан Рыскулбеков, Түгөлбай Казаков, Каныкей Эралиева… Эмне деген таланттар? Эмне деген ырлар? Эмне деген обондор? Эмне деген толкун?.. Ырыспай аке ушулардын бири. Ушул топтон бөлүп алып карасак жапыздай түшөт, тобу менен карасак өзүнчө бир опол тоо.

Мен билгенден даңазасы далайга кеткен атактуу эки эле мектеп бар Кыргызстанда: биринчиси – “Дүйшөндүн мектеби”, экинчиси – “Ырыспайдын мектеби”.

Кыргыз адабиятында Аалыке (Кыргыз Эл жазуучусу А.Токомбаев) баштаган бир толкун өттү өткөн кылым башында. Өткөн кылым ортосунда Чыке (Кыргыз Эл жазуучусу Ч.Айтматов) баштаган дагы бир толкун жаралып, кыргыз деген эл барын таанытты го дүйнөнү дүңгүрөтө. Ал эми Төкө (Кыргыз Эл артисти Т.Океев) баштаган зор толкун кыргыз киносун “керемет!” даражасына көтөрүп салган эмеспи.

Ушундай бир толкун чыкпай турат ХХ1 кылымдын 20 жылы артта калып баратса дагы. Чыкса да жалгыздап чыгып күйдүрүп атат… Кыргыз кыйырында адабий, маданий, рухий же экономикалык толкун жаралбай, саясий толкундардын заманы болуп туру, аттигиң!.. Ырыспай аке айтмакчы, “азыр эмне көп? Ызы-чуулуу шайлоо көп. Анан токтобогон тойлор көп”.

Акыркы маек

Анда мен “Кыргызстан маданияты” гезитинде баш редактордун орун басары болуп иштейм. Телефонду алсам Ырыспай аке чалып жатыптыр.

— Капар досум, кандайсың? Бу мен – Ырыспай акең,- дейт: — Капаска түшүп камалып калдым. Эгер колуң бош болсо, эригип өлүп атам, эки-үч гезит сатып келип бер.

— Азыр эле барам Ырыспай аке,- деп адресин жазып алып жөнөп калдым. Киоскага токтоп беш-алты гезит, гастрономго кайрылып “асылдан” бирди алып, аны топ гезит менен тоголоктоп ороп койгом. Ал кезде “Юбилейная” аталган аялдамадан түшүп, азыркы “Учкун” басмаканасы танаптагы беш кабат үйлөрдүн бирине кирдим. Давлет жеңе менен аяшы чыгып “конфискациялап коюшту” колумдагыны. Ырыспай аке төркү бөлмөгө камалыптыр, каткырып келип кучактап калды. Курган киши “урушуп койгон жокпу тигилер?” деп кулагыма шыбырап, мени аяп аткан экен көрсө.

Давлет жеңени алгач ирет Ырыспай акенин Оштогу өз үйүнөн көргөм. Мен барганда энеси экөө ашканада манты жасап жатышыптыр. Биз жакта мантынын этин да, пиязын да күл майда кылып салышат. Алардыкы Кочкордун шишкебегиндей кесек майдаланып жатканын көзүм чалды.

Ырыспай аке экөөбүз иш бөлмөсүндө эки саатча маектештик болжолу. Аны “Ленинчил жаш” гезитине “Ырдалып бүтпөйт Ырыспай” деген ат менен жарыялагам. “Аябай көтөрө чаап мактап салыптырсың, аз жерден көөп кете жаздадым” деп тамашалады кийин бир жолуккан жерибизде.

Давлет жеңенин ошондогу мантысынын ширин даамы эмдигиче таңдайымда! Жебей эле карап отура бергиң келет тамшанып. Биз жактагылардын мантылары балбандардын кулагына окшоп мырыйып-тырыйып, ар бири ар башка формада болуп калат ко, Давлет жеңенин ар мантысы өзүнчө эле искусство: парадга тизилген жоокердей бир көлөм, бир формада. Жада калса чымчып бекиткени да бип-бирдей. Жакшылап караган адамга алары саймага окшоп кетет.

Ош шаарындагы Ырыспай акенин айкели мыкты жасалган негизи. Бир гана жери: постаменти жапыз, анысы аз келгенсип, же ташка, же дөңгөчкө окшобогон бирдемеге чөктүрүп коюшканына курсагым чыкпайт дегеле. Эгер менин эркимде болсо ошол жапыз постамент ордуна Давлет жеңени жасап салмакмын Ырыспай акени ийинине кондуруп. Айкелин карап алып ыраматылыктар каткырып-күлүп жыргашмак. Ырасында, Ырыспай акенин Ырыспай болушуна Давлет жеңенин салымы албан. Жалгыз гана ал эмес, дегеле бардык талант ээлеринин аялдарына таандык касиет-мүшкүл бу. Анан эле өзүнөн өзү жаркын талант болуп чыга калгансып баркталса алар баркталат да, даңкталса ошолор даңкталат.

Тозок отун кечип, өмүр бою моюнуна көтөрүп талантты таптаган тиги бечаралар эске алынбай унутта калат. Белгилүү обончу-музыкант агабыз Мукан Рыскулбековдун 50 жылдыгында жоро-жолдоштору “эми дагы 60 жыл жаша, 70ке, 80ге, 90го чык” дей беришкен го, ошондо айымзаттын асылы, ыраматылык Орунгүл жеңе айткан тура: “Ой-иий, Муканды 50гө чыкканча моюнума көтөрдүм, дагы 50 жыл көтөрөт турбайымбы” деп.

Көзүн көрүп, кебин угуп калган Асаке (А.Керимбаев) деле ичи таза, сырты кежир жан болчу. Кез-кез “Кыргызстан маданияты” гезитинин редакциясы чуру-чуу түшүп калар эле: каалгаларын шарактатып бекитип. Алыкул атабыздын арбагы менен сүйлөшүп адал жолуна түшүп алган Нуке досум (Н.Капаров) “бекит Капар эшикти, Асангалый (же Мукан, же Орозбек (Кыргыз Эл жазуучусу О.Айтымбетов), же Баратбай (белгилүү жазуучу, журналист Б.Аракеев) келатат” дей салып качкан бойдон кетет кабинетине. Кудай акы, ошолордун биринен да бекинип качкан жан эмесмин. Жакшы сөзүнөн башка жамандыгын көргөнүм жок. Ырас, жакпаган кишилерин кычык сөз менен кууруп, кыжыры кайнап кеткенде анча-мынча мыжып коюшчу. Асангалый байкенин “бир эле кучактап коёюнчу” деп келип чоң курсакка кысып алмай адаты бар эле. Балбан киши эмес беле, кысканда көзүмөн жаш атып кете жаздачу. Мукан байке “кейибе бака, саз биздики” деп күрөктөй чоң алаканы менен далыга таптап койгондо өзөрө түшүп оңолор элем.

Атаңдын көрү, азыркы Жогорку Кеңешибиз “таланттуу өнөр адамдарынын айкелдери аялдарынын айкелинин ийинине отургузуп жасалсын” деген мыйзам чүргөп койсо кыргыз тарыхына “гениалдуу парламент” деген ат менен катталып калат беле деп ойлоп коём кээде…

Давлет жеңе менен аяшы экөө ашканада тамак камын көрүп жатышкан экен, бир башбаксам жеңем кууп чыкты артымдан түртүп: “Бар, байкең менен баарлашып отура тур, камсанаба, баягы сен жакшы көргөн мантыны жасап жатабыз” деп. Ошо бойдон төркү бөлмөдөн чыккан жокпуз. Энди, Ырыспай акенин катарында беш мүнөт отургандын өзү бейиш, ырыскы-таалай эмеспи!

Жаңы жылдын башы болчу ошо туш. Туулган күнү өттү беле, же өтө элек беле эсимде жок, а бирок ошонун ары-бериси экени анык. Анткени, ичсек да, ичпесек да чечилип сүйлөшө турган кезең экенин илгертпей сезип, диктофонду кармай келгем. Ангеме-дүкөнүбүз башталганда иштетип туруп, ортого таштап койдум.

Көрсө, чыгармачылыгынын 35 жылдыгына арналган чоң концерт өткөн экен ошонун алдында. Кожомкул атындагы спорт сарайы толо эл келиптир эки күн. Үчүнчү күнү зал толбой калат. “Толбосо да толкундап ырдап бердим” деп айтып отурду. Концерт бүткөндөн кийин Давлет жеңе менен аяш-достору акча-тыйын эсептешип алаксып калышкан бейм, Ырыспай акени казак туугандар ала качып кетиптир. Барса, алты айыл казак чогулуп күтүп турган экен түн ортосу болгонуна карабай. Ойдуң жерге бортун ачып эки-үч машинаны катар токтотуп койгон экен сахнага окшотуп. Ана-аан, боздоттум деди боздотчуну, созчуну созуп, чойчуну чойдум алымдын жетишинче деди. Казак калкы тим калмак беле, колдон келишинче сыйлап салган экен. Давлет жеңе түнү менен издеп жүрүп эртеси таап келиптир: Ырыспай акени казактын ана-даласынын бир бурчунан.

Кечирип кой окурманым, алтындай убактыңды алып койдум. Аз жазам деп жатып арбытып жибердим. Эскере турган көп нерселер бар эле, камтылбай калды арбыны. Ушунусуна да шүгүр деп каниет кылдым. Ырыспай акени эле эскерип, башканы кошпойм деп убада кылды элем башында, ал сөзүмө да тура алган жокмун. Кечирим сурайм кайталап. Эмесе, “бербестин ашы бышпас” кылбай ошондогу маегибизди ортого таштайын. Маек 1994-жылы 19-январда “Кыргызстан маданияты” гезитине жарыяланган.

«Балалыктан башталгам, балалыктан бүтөмүн…»

— Ырыспай аке, өткөндө чыгармачылыгыңыздын 35 жылдагын жупуну белгилеп, Бишкекте концерт бердиңиз эле. Чыгармачылыктын 35 жылы Сизди чарчаткан жокпу?

— Өзүңөр билесиңер, 1959-жылдан бери ырдап келе жатам. Дагын деле ырдагым келет. Чарчаган жокмун. Ал-күчүм бар. Элге-журтка жете элек бир топ жаңы чыгармаларды жараттым. Ошолорду радиого жаздыра албай жүрөм. Жаздыра албаган себебим: жалаң аккардеон менен ырдаш менин азыркы деңгээлиме туура келбей калды. Менин оюм, максатым бөлөк. Жок дегенде кичинекей бир ансамбль же оркестр керек. Экинчиден, ырларымды жакшы аткарган ырчылар жок.

— «Акын чарчаса кара сөзгө өтөт, жазуучу чарчаса романга өтөт» дечү эле, Сизди депутаттыкка өтүп кетти деп уктук…

— Калп айтышат. Обонду чана элекмин, чанбайм дагы. Мен баягы эле Ырыспаймын. Ырыспай бойдон кала берем. Чыгармачылыгым токтоп калган жок. Көп тажрыйба топтодум. Беш-алты чоң прелюдия, этюд, вокалдык чыгармаларды жаздым. Эл ишеним артып облус кеңешине депутат кылып шайлап салышса, бул милдетти аткарбаска айла калбайт экен. Аны алымдын жетишинче аткарып келатам. Чоң мансапты каалабайм. Ушу кызматым эле жетет. Наам болсо бар. Наам демекчи… Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамымды алып коюшса жеңил болот эле мага. Мисалы, ошону менден алып Мукан Рыскулбеков иним 50гө чыгып кетиптир, ошого ыйгарып коюшса, Президентке алкыш айтаар элем.

— Аны неге чанып калгансыз, ал наамыңыз Сиздин талантка берилген баа эмеспи?

— Талантты наам баалабайт, эл баалайт. Ошон үчүн алып коюшса деп жатпаймбы. Элиң аман турганда наамыңдын кереги жок болуп калат тура. Элүүдөн өттүм, эми мактана берсем жарашат. Анүстүнө, чындыкты айтып мактанса ден соолукка жакшы дейт. Элим мени баалап эле келген. Дагы деле баалап алат. Дегеле, талантты бапестеш кыйын иш. Мен ойлойм «таланттуу болуш оңой, адам болуш кыйын» деп. Ох, аябай кыйын! Таланттуу адамды даңктай берсе акылдуулары бир аз козголуп барып, эгер түбүндө данеги болсо мактанып кетпейт, көөп кетпейт, бузулуп кетпейт. Токтойт. Данеги жок болсо ичип кетет.

— Таланттын 99 проценти эмгек деген чынбы?

— Чын эмей. Эмгексиз эч бир иштин маңызы болбойт. Биздин обончу сөрөйлөр эмгектенбей калбадыбы. Эки обон чыгарып алып акчанын артынан түшүшөт. Албетте, акча керек. Бирок, ушунча эле үзүнүп-тытынып акча артынан түшсө талант нөл болот да. Обончу деген музыка теориясын жатка билиши керек, адабиятты, көркөм өнөрдү жанындай көрүш керек. Мен китеп окуп жыргап алам.

— Ошон үчүн обончулар көп болуп жатабы?

Ооба, азыр ким көп? Обончу көп, анан ойлонбой жазган токтом көп.

— Сиз чыгармачылыктын бай тажрыйбасына ээсиз. Ошо тажрыйба көзү менен караганда чыгармачылыгыңызга кандай баа бересиз?

— Ог-гоо, абдан көп кемчиликтерди табам чыгармаларыман. Ыр аткарууда тажрыйбасыздык кылганымды көрөм, ырдоо маданиятымдын жоктугун көрөм, вокалдык даярсыздыгымды көрөм, кээде аккардеонду катуу ойноп өзүмдүн үнүмдү басып койгонумду көрөм. Дурус обондорумду убагында жеткире ырдай албапмын. Жеткире ырдоо мүмкүндүгүнө мына азыр ээмин. Кээ бир ырларымды радиодон уктуруп жатса уялганыман өчүрүп коём.

— Азыркы жаш обончуларга устат катары кандай кеңеш айткыңыз келет?

— Мен аларга “экинчи өзүңөр ырга текст жазбай жүргүлөчү” деп жалынып-жалбарып суранар элем. Поэзия деген — опол тоо обон үчүн. Жакшы ыр обонду өзү эле таап, кулагыңа шыбырап берет. Жакшы ырга обон өзү келет, жароокерленип, жабышып келет. Жаман ыр обонду зордуктайт, музыканы кордойт.

Жаштарга сабак болуш үчүн өзүңүздүн тажрыйбадан бөлүшө кетпейсизби. Сиз адегенде текстти тандап аласызбы же обон чыгарып алып, анан текст издейсизби?

Экөөнү тең жасайм. Кээде ой келет. Ошондо дароо пианиного отурам. Ичим эзилип-эзилип кетет дейсиң. Андайда, адегенде обон чыгат. Анан ага ылайык текст издейм. Кээде сонун текст таап алам деп кой. Анда обон өзү келет жалбарып. Обон үстүндө бир ай, эки айлап иштейм. Жаман обон чыкса бүтөөрү менен тытып ыргытып салам.

— Чыгармачылык деген шыр жүрбөгөн нерсе тура. Кайсы бир мерчемде аксамай болот, сылтымай болот дегендей?..

— Ооба, аксаган учурларым болгон. Эки бөлмө үйдө жашадым. Суук, кышы-жайы тамчы тамат. Ошондо эки жыл эч обон жазбай койгом. Кийин ыйлап жүрүп башка үй алдык. Аныбыз деле кышында суук. Ошондуктан кышкысын обон жарата албайм, а жайкысын үйдөн чыкпай иштей берем.

Сиздин жазгандарыңыз көбүрөөкпү же жаза электериңиз көбүрөөкпү?

— Бул суроого жооп бериш мен үчүн кыйын. Ушуга чейин көп эле чыгарма жаздым. Дагы эле жазгым келет. Жазгандарымды санай элекмин. Көп да дебейм, аз да дебейм.  Жаза электерим канча экенин да билбейм. Болгону өзүмдүн азыркы деңгээлиме жараша, купулума куп толгон бир музыка жазсам чыгармачылыкты ошо күнү токтотом. Ошону жаза албай убара чегип жүргөн кезим.

— Ошону жазгандан соң чын эле музыка жазганды токтотосузбу? Чыгармачылыктын жемиш берчү кези алтымыш менен жетимиштин ортосунда дешет ко?..

— Алтымыш эмес, жетимишке чыксаң да дараметиң бүткөн соң жемиш кайда? Жетимишке чыгып чыгаан чыгарма жараткан гений көрө элекмин. Чыкса чыгат ал-күч барында. Чыкпаса жок. Чыгарам деп кыйнай берсе эптеп бирдеме чыгат. Анын не кереги бар? Мен чыныгы чыгармамды чыгарышка кийинки эки жылдан бери жакындадым деп ойлойм. Жүзгө жакын цикл жаздым. Кышында Кытайга барып, алардын ансамбли үчүн төрт бөлүм концерт жаздым. Обондун жаңы түрүн таптым. Эгемберди Эрматовдун махабат саптарына 16 саптык обон жараттым. Бул өзүм үчүн да жаңылык, музыка тарыхында да жаңылык десем жаңылбайм.

— Эми буларды биз качан угаар экенбиз?

— Көзүм тирүүсүндө жаздырып кетсем, элдикин элге берсем дегенде көзүм төрт эмес, сегиз. Оркестр жок. Оркестр түзүп иштеш үчүн каражат жок. Ал эми кээ бир чыгармаларым аткарылып жүрөт. «Прелюдия соль-минор» деген чыгармам Ош университетинин бүтүрүү экзаменинде ойнолот. Алматыда ойнолот, Ташкент консерваториясында ойнолот, Украинада ойнолот.

— Балким мүмкүндүктөрүңүздү пайдаланып калыш үчүн жеке фондуңузду түзүш ылайыктыр?

— Фонд дегендин мага кереги да жок, зарылдыгы да жок. Бир жолу чыгармачылык кечемде залдан бирөө кат берип жибериптир «Ырыспайдын эсебине мен 1000 рубль котором» деп. Күлкүм келди  «кайсы эсебиме которот?» деп. Эл ансыз деле кыйналып турат. Кайышып турат. Эгер колума анча-мынча акча тийсе мен аны бүт Кубатбек Жусубалиевдин фондуна которор элем.

Азыр кандай үмүттөр менен жашап жатасыз?

— Жакшы үмүттөр, албетте, бар. Эгер адам жакшы үмүттөр менен жашабаса, анда жашоонун кызыгы эмне?.. Мен иштеген институт жакында университетке айланды. Мен иштеген факультет искусство факультети болду. Факультеттин аксакалымын. Сыйлашат. Ушул факультетке пайдам тийсе деп үмүт кылам. Балдар үчүн ыр китеп чыгарсам деп үмүт кылам. Чыгармаларымдын баарын топтоп, сүрөт коштоп, кооз китеп кылып элге тартуулап кетсем көзүмдүн барында деп үмүт кылам. Эгер көзүм өтүп кетсе, алар чачылган бойдон калабы деп чочулайм.

— Эми Сиз депутат эмессизби, ошо багытта мындай собол салсак: кыргыз бечараны “кандайсың?” десең, өлүп баратса деле “жакшы” дей бермейи бар го. Облуста маданият жаатынын абалы кандай?

— Республикабыздын башка жерлериндегидей эле кыйын абалда. Облус кеңешинин депутаты катары жылаңач баатыр болуп маданият маселелерин козгоп эле келатам. Биздин облустук маданият бөлүмүнүн башчылыгына илгертен бери партсистемада иштеп- иштеп, таптакыр майнап чыгара албай койгон бечараны алып келип отургузуп коймойлору бар деп кой. Маданият деген эмне экенин билишпейт. Анан башкарат да-а! Ушуну айта берип, айта берип жаман көрүнүп бүттүм. Ичим кайышат. Жалгыз өзүң чуркай берсең, сени эч бирөө колдоп койгонго жарабаса, мындан жаман эч нерсе жок экен. Маданиятка караган киши жок азыр. Мамлекетиң да карабайт. А менин колумдан эмне келет? Кудай-таала акчанын баркын түгөтүп, маскара кылат деп мендей март кишиге акча бербей коёт тура. Берсе ошонун баарын маданият үчүн чачат элем.

— Азыр чыгармачыл адамдардын көпчүлүгү чыгармачылыкка шарт жоктугунан, каражаттын тартыштыгынан кесип өзгөртүп кетип жатышпайбы…

— Эми мен кесип өзгөртө алмак белем? Кала берем ушу калыбымда. Менден коммерсант чыкпайт, бизнесмен чыкпайт. Ал эми жаштар антпегенде кантмек эле? Бирок, нака чыгармачыл адамдар эч кайда кете алышпайт. Илхам деген итиң көкүрөгүңдү жара тээп турса кайда барасың? Мисалы, Шуман деген романтик болгон. Ачка жүрүп жазган чыгармасын. Же Бетховенди ким бапестеп бага коюптур? Нота жазганга кагазы жок, ресторандын менюсун кытып алып, артына жазган тура.

— Балким, ушинтип ачка калуу, көңүлдөн тыш калуу чыгармачылыктын бир шарты чыгар?

— Бир ирет Кубатбек Жусубалиевдин айтканын уктум эле “чыныгы чыгармачыл адам үчүн кыйналып, ачка жүргөн жакшы” дегенин. Курсагың ток болсо жазбай коюшуң мүмкүн. Жакшы чыгарма кыйналып турганда чыгат. Дагы бир нерсени жашырбай айтып кетейин: ичип-ичип, эртеси башың ооруп кыйналып турганда да жакшы чыгарма чыгып калат. Анан дагы, адам өзүнүн кыйындыгын билбей-ак койгону дурус. “Бетховен өзүнүн улуулугун угуп жүрөгү жарылып өлбөсүн” деп кудай аны керең кылып салган дешет. Негизи улуу адамдар өзүнүн улуулугун, бийиктигин сезишпейт. Булар бала кыял болушат. Ошон үчүн токтолбойт да. Мына, мен алтымышка жакындап калдым, дагы эле баламын. Менин кылган кылыктарымды жаш бала да жасабайт.

— Ырыспай аке, азыр жашоо кыйындап кетти деп жатабыз. Ушул абалдан элибиз качан, кантип чыгып кетээр экен?

— Ооба, бири кем дүйнө деген ушу. Азыр миңи кем дүйнө. Бирок, биз тез эле оңолуп кетишибиз мүмкүн. Биздин аталарыбыз мындан жаманды баштан кечиришкен. Кыргызды намысы кырат, намысы оңойт. Намысыбызга келе албай, бири-бирибизге асылып куруп атпайбызбы. Псих болуп атпайбызбы. Минте берсек келечек муундарыбыз да псих болот. Туулганда эле псих болуп туулат. Ошондон этият болуш керек. Жакшы күндү биз көрбөсөк мейли, бала-чакабыз көрсө дурус болбойбу. Кандай адамдар өлүмдөн коркпойт, билесиңби? Бардык адамдар өлүмдөн коркот, бир гана элге алынган эмгеги бар адам коркпойт. Мындай адамдар күлүп өлөт. Ал эми ырайы суук өлгөндөр ким, билесиңби? Билбейсиң. Мен билем. Бирөөлөр болот, акчасы бар, басып, катып алган. Аны ал аялына бербейт, баласына бербейт, элге да бербейт. Акыры өлөрүн сезгенде акчасынын калып жатканына күйүп, акшыңдап атып өлөт. Мындайларды көмбөй койгон эле оң.

— Жанараакта  “элди сагынып бук болом, эл аралабасам куса болом” дедиңиз. Андан башка да бук болгон учурларыңыз болобу?

— Кээде өзүм жалгыз олтурганда эмнеге ыйлап жатканымды сезбей калам. Ыйлай эле берем, ыйлай эле берем. Бирок, жыргайм ошого. Бук болгонумду ушинтип сезем. Кудай мага жакшы жан бериптир. Оорубаган оору калбады, жатпаган оорукана калбады. А-баса, мен жатпаган бир гана оорукана калыптыр. Ушу жашка чыкканы төрөт үйүнө жатып көрө элекмин. Ушулардын баарын эстеп бук болом. Өзүмдүн өмүрүмдө жалпысынан бактылуу экенимди сезип бук болом. Былтыр кышта Кытайга бардым дебедимби. Кетип жатканымда “айланайын булбулум, айланайын күкүгүм” деп кемпир-чалдар кучактап, балбалактап ыйлап атса, озондогум келди ой! Кайра чочудум, «бу бала ичип алгандан сообу?» дешпес бекен деп. Ырдап атып ыйлап алдым. Ыйлабасам көкүрөгүм жарылып кетпейби. Ошондо өлүп кеткиң келет экен. Эшикке чыксак миңдей киши мени төбөсүнө көтөрүп кетти. Биз менен кошо облус акими да барды эле. Ошо киши айтты: “Аким болгондон көрө, Абдыкадыров болуш керек экен” деп. Бул деген бакыт эмей эмине?!

— Өткөндө, Бишкектеги концертиңизге “эл аз келди” деп таарынбадыңызбы?

— Таарынсам кудай төбөгө урбайбы! Ырас, тээ алтымышынчы жылдары концертиме эл кара таандай каптап келээр эле. Азыр жагдай башка. Айланайын элим, кыйналып турганын көрүп турам. Келгенине тобо деш керек. Бирок кимдер келишти? Мени чындап баалагандар. Арасында жаштар көп. Ошого сүйүндүм. Ырым менен эки эле кишиге жаксам, мен тирүүмүн. Эл кол чапса, ошондон кубат алам. Анүстүнө, мен анда акча үчүн келген эмесмин. Угуучуларымды сагынып келгем.

— Партияга мүчө болдуңуз беле?

— Йe, бир жылча облустук чыгармачылык үйүнө деректир болгом. 90 сом айлыгы бар эле. Иштетпей эле чогулуштан чогулушка чакыра беришет. Бир күнү “партияга өтпөсөң деректир боло албайсың” деп калышты. Өтпөй койдум. Чакырып алып, “эмнеге өтпөйсүң?” деп сурашты. “Партияңарга өтсөм, кайра аял ала албай калам” дедим. “Кераяк экенсиң” деп, кийин ишин да алып коюшкан. Партиядан көргөн жакшылыгым ушу.

Азыр көп партиялар бар эмеспи. Ошолордун кайсынысына өтөөр элеңиз?

— Калкка пайдасы чындап тийген партия болсо өтөөр элем. Жөн жатканча, калкка пайдам тийсин да. Маянамды бүт эле мүчө акыга төлөмөкмүн. Мени байбичем эле багып алат.

— Кийинки шайлоодо дагы депутаттыкка ат салышасызбы?

— Эгер, эл ишенип шайлап салса арга жок. Ал эми азыркы депутатчылап эл камын ойлобой, эки аял алыш-коюшту талашып жатканча, депутат болбой эле койдум.

— Музыкасыз жашоону элестете алаар белеңиз?

— Музыкасыз жашоо жок. Жашоонун өзү — музыка. Симфониянын өзөгүн обон түзөт. Ал эми аалам, космос деген — симфония. Куранда айтылат: кудай адамдын денесин чоподон ийлеп, музыка менен жан салган деп.

— Убакыт деген учкул нерсе турбайбы, Ырыспай аке. Ардактуу эс алууга чыгаарыңызга деле аз калыптыр. Ошондо эмне кылсам дейсиз?

— Баарын токтотом. Музыка жазганды да, ырдаганды да. Эшек жайлоого кетем. Бала болуп кетем. Балалыктан башталгам, балалыктан бүтөмүн. Тилегим ушундай.

Сөз соңу

Бул маекти, “кудай өзү кечирсин” деп туруп, 1994-жылдын 12-январында, Ыракемдин туулган күнүндө болгон деп болжоп койдум. Ошондон туп-туура тогуз ай өткөн соң Ырыспай акем аттанып кете берди алтын балалыгына. Туп-туура 53 жашка толгон күнү тиленди эле кудайынан, тилегин берип салды ал дагы. “Кете берди” деген сөзүмдү кайта артка алам, урматтуу окурманым, ошол жылдын 12-сентябрында Ырыспай акем балалыктын ак таңына аралашып атып кетти…

Ар күнү таң атканда эстеп калам Ырыспай акемди. Агарып, жадырап аткан таңды ага окшотом… Күлмүңдөп күлүп кылтыйган күндү дагы ага окшотом… Балага окшотом… Балама окшотом…

Капар Токтошов

2 Replies to “Ырдын бири Ырыспай”

  1. «Прелюдия соль-минор Р. Абдыкадыров» деп гуглга жазып көрсөм бир дагы запис жок го. Угайын десем Рахманиновдуку эле чыгат.
    Кимде бар болсо интернетке киргизип койсо жакшы болмок.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.