Өткөн жылдын этегинде «Унутта калган өрөөндүн муңун» жаздык эле. Андагысы Ак-Шыйракка болгон сапарыбыз болучу. Бул мерте Жерге-Талга аттандык. Жерге-Тал сапарыбызды деле «Унутта калган өрөөндүн муңу» десек куп жарашмак, бирок «Тамырымды зыркыраткан Жерге-Тал» деп атадым бул сапарыбызды. Экөө тең үндөшүп туру. Сапарыбыздын жөнү ошондой болду, азиз окурман…

Негедир уюштуруу иштерибиз башынан шыр кеткени менен арты тоскоолдукка учурады. Ал тоскоолдукка Тажикстандын чегарасы менен бажы тосотунан кабылдык. Кыргызстандан жүктөнүп бараткан 1,5 тоннага чукул китеп-белектерибиз Тажикстандын бажыгерлери үчүн бомба көрүндү белем, аргабызды түгөтүп түшүргүлө деди, түшүрүп бердик. Ар бир китепти текшерүүдөн өткөрмөйүн – акелеп-жакелегенибизге көнө турган түрү жок, кабак-кашын карыштырган бирөөсү кеп-сөзгө келе турган эмес…

Жолубузду баштап бараткан түбү жергеталдык мекендешибиз, белгилүү публицист, адабиятчы Жолдош Турдубаев эл достугу үчүн коңшу өлкөдө билим алып жаткан кыргыз мектептерге керектүү окуу куралдар экенин түшүндүрдү; келечек муунду туура жолго тарбиялай турган жомок китептер экенин саймедиреди; кыргызча да, тажикче да, орусча да саймедирегенине – чегарачылар кулак түрөр эмес. Биз менен бирге сапарга аттанган билим берүү академиясынын өкүлү, Жерге-Талга сапар тарткан биз үчүн Бакай атадай баарыбызга калдайып караан болуп бараткан Сейит Жаанбаев бажыгерлердин тиягынан ээрчиди, биягынан ээрчиди; адам баласына китептин зыяны жогун жообурап жүрдү, ага болбой жүгүбүздү түшүрттү. Шаабайыбыз сууй түштү ошентип…

Тажикстандын бажы өтмөгүндө түшүрүлгөн китептер

Бу жактан аттанарыбыз туурасында КР Президентинин аппараты жана Тышкы иштер министрлиги менен Билим берүү министрлигине кабар жеткиргендей болдук эле, алар ордуларынан козголгон эмеспи (!?), Фейсбук аркылуу жамы журтка жар салып жыйнап барган китептерибиз ошентип Тажикстандын бажы көзөмөлүнөн ары өтпөй кала берди. Анысы ал болду. Ары жагычы. Ары жагынан да кокуйга кабылдык. Чегарадан арыны көздөй бир аз узагандан кийин бажы тосоту, андан узаганда МАИ көзөмөлү болуп отуруп, айтор авторитардык өлкөнүн катар-катар көзөмөлү жүдөтүп, каш карайган маалда Жерге-Талга жеттик.

Бизди тосуп алаар болгон боордошторубуз бажы өткөөлүндөгү тоскоолдукка кабылганыбызды телефондон укканда эле кооптонуп калышканбы, негедир бир мандем бардай өчүңкү маанайда; чочулоо сезимдери байкалып турду (башкаларына кандай туюлганын билбейм, мага ушундай туюлду). Алдыбызга жайган дасторкондору дүйүм тамакка шыкалып турса да, көңүл түпкүрүндө түпөйүл сезим жаратар кооптону сезилди. Күн мурунтан биздин келерибизди эшиткен жергеталдыктар алдыбыздан жабалактап тосуп чыкчудай элестетип бараткан элем.

Албетте, биздин топтогулар деле алдыбыздан жабалактап тосуп чыгар боордошторубузга каада күткөн төрөпейилдик менен барган жок элек. Тек, Кыргызстандын эли-жеринин дубай саламын жеткирип бардык эле да… Боордошторубуз менен төш кысыша амандашып, эл кандай жатат, жер кандай жатат салтын сураштырар жерде элек. Андай болбоду…

Көчө бойлоп ойноп жүргөн айылдын наристе балдары биздин келишибизге таңыркагандай томураңдап топтоло калышты. Ак сакалы жайкалган карылар менен эмес, томураңдап ойноп жүргөн наристелер менен бакылдашып амандашууга туура келди. Бизди жеткирип барган машине токтоору менен алдыбыздан 3-4 адам тосуп чыгып, меймандарга даярдалган үйгө киргизип кетишти. Ал жерде да дасторкон четинде үй ээсинен бөлөк кирип-чыккан жан кезикпеди. Болбосо Кыргызстандан баратканыбызды күн мурунтан уккан жергеталдыктар бизди чыдамсыз күтүп жатканын Жолдош Турдубаевдин улам-улам телефондогу жоопторунан улам баамдап баратканбыз. Бирок бажы көзөмөлүндөгү чатактан кийин алдыбыздан жамырап тосуп алчу боордошторубуз кезикпеди…

Мына ушунун өзү авторитардык өлкөнүн темирдей катуу тартиби караламан калктын жан-тенине сиңип, аң-сезим аңына бекем орноп калганын баамдасак болор. Жадесе көчөдөгү балдар менен амандашканыбызда да наристелердин тарткынчыктап, корунуп учурашканы туюлат. Адатта көчөдөн бала көрсөм, мейли, чоочун болсун, мейли, тааныш болсун, наристелер менен саламдашуу салтым ушул – балдарга алаканымды тосуп берем. Алар алаканга алаканды шак ургулап саламдашканына маашыр болуп калышат. Кыргызстандын кайсы аймагына барбайын, көчөдөн кезиккен балдар менен алаканымды шак-шак ургулашып амандашмайын, салам-аликке ыраазы болбойм. Курсагым чыкпайт. Бу жолу алаканым кычышкан бойдон калды.

Кыргызстандагыдай ачык мүнөз балдарды кезиктирбедим. Күлкүлөрүн укпадым. Авторитардык өлкөнүн наристелери да күлгөндөн коркуп тургандай. Сапарлашыбыз Чоробек Сааданбек сүрөткө тарткан жерден Асылбек Жоодонбеков добуш салып калат:

– Кана, балдар… кы-мы-ы-ы-ыз дейбиз! Кымы-ыыыз… – мунусу жүзүнөн күлкү качкан наристелерди сүрөткө жылмайтып тартуунун аракети. Бирок сүрөткө жылмайып түшкөн балдарды көрбөдүм. Баарыле мостоёт.

Эл жүрөгүнө так салган диктатура

Баарысы эле түнт мүнөздөй көрүндү. Чоңу, кичинеси, аксакалы да, жаштары да… Мунун өзү Жерге-Талдагы ар бир үй-бүлөнүн кабак-кашын туйдуруп тургансыды мага. Кудум сталиндик доордогу шобур-шоораттан чочулагансыган 21-кылымдын элине бетме-бет кезиккен эки күндүк сапарыбызда Тажикстандын темирдей тартибин сездик. Тыйуу салынган турмуштук көрүнүштөргө кабылдык. Кай жерине барба: саясат жайында ооз ачууга болбойт, кай жерине барба: бийликти жамандоодон сактан. Болбосо – оң көзүң сол көзүңө жоо. Кимди кимге аңдытып койгонун чегарадан өтө бергенде көрдүк.

Бизди жеткирип барган таксист Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда үч жылдан бери каттаса да биринчи чегарадан кийинки экинчи «чегарасы» мамлекеттик кайсы кызматты аткарган түзүм экенинен да түшүнүгү жок экен. Айтор, мамлекеттик белгисиз түзүм шекилдүү. Көрсө, адамдар биринен бири сактанып сүйлөшөрү бекер айтылып жүрбөптүр. Үч адам топтошуп сүйлөшсө да бирине бири тыңчы болгондой эле: чегарачылар менен бажыгерлер бирине бири тыңчылык үчүн коюлгандай…

Идеологиялык мүдөөбүздү догурунуп болсо да ишке ашырып келүүгө аракеттенип, эртеси Жерге-Тал районунун акиминен баштап, мектеп мугалимдери, деректирине кезиктик, бирок эч кимиси тобокелчиликке бара турган эмес. Мектеп мугалимдери менен жолугушууга уруксат алуу үчүн эки өлкөнүн бийлиги ортосунда сүйлөшүүлөр керек деген шылтоону айтып, сылык-сыпаа гана узатып коюшту…

Тамырымды зыркыраттың Жерге-Тал,
тагдырыңды тагдырымдан бөлалбай…
жандүйнөмдү быркыраттың Жерге-Тал,
кысымыңа мен эки күн көналбай.

Көөдөнүмдө эркин-эмин ойногон
Ала-Тоонун ала барсам шамалын:
«Эл ичинде тыңчы көп, – деп – жойлогон»
о боордошум, кыйын экен абалың!

Капчыгайда суулар күр-шар акса да,
сен эркиндик, неге суудай эмессиң.
Эркиндикти камап койгон аскага
тоолуктарды тоолук мүнөз дебесмин.

Тоонун суусун, аба-демин жутса да:
томогодон бошонбогон бүркүтчө,
«Тобо, – дедим, – зулум бийлик жүзкара,
тоолук элди не мынчалык чүнчүткөн?! »

Эл ичинде көтөрүңкү үн чыкпай,
күбүр-шыбыр жергеталдык боордошум,
бүркүт эмес, капастагы чымчыктай,
көргүм келген эмес минтип шорлошуң!

Эки күндө 4-5 үйдөн даам сыздык. Кайсы үйдө болбосун, дасторкон четине отурган келин-кесек, балдарды көрбөдүк. Чайды эркектер куюп сунат, ысык тамагын деле эркектер ташып кирет жорголоп. Мага бул көрүнүш жакпады эй… Аялзат жок жерде дасторкон көркү курусун. Береке-кут аялзат колунан төгүлүп турат эмеспи. Башкалардын кекиртегинен тамак кандай өткөнүн билбеймин, а мага чайды кош колдоп сунган аялзаты конок үйгө кирбегени жат көрүнүштөй туюлду. Аялзаттын колунан сунулбаган үчүнбү, жүрөгүм тамакка тартпады анча. Анан сыпайыгерчиликти жыйыштырдым да, үй ээлеринен суранганым бул болду:

– Аваке, тажик менен өзүбек туугандарда эркек отурган жерге аялзаты баш бакпаганын түшүнөм, бирок силер кыргызсыңар. Келин-кесекти эркектер отурган үйдөн бөлүп койуу кыргызга жарашпас. Сыртта келин-кесек, бала-чакаңарды биз менен чогуу отурууга уруксат этиң. Алар да Кыргызстандан келген төкмө ырчыларыбыздын ыр-күүсүн уксун. Комуз үнүн эшитсин. Ансыз да тажиктешип кетипсиңер, кыргыз бойдон калгыла, – дегенимди уккан сексен бешке таяган Алдакул карыя менен анын ылдыйында отурган Мамазайит аксакал мени кубаттап кетишти.

– Туура кеп, – дешти жарыша.

Алдакул карыя кезинде далайга даңкы чыккан балбан жана мүнүшкөр болгон экен. Ошол карыя отургандарга нуска кебин жолдогону:

– Мейманыбыз туура кепти айтып отурат. Биз да те бала кезибизде билебиз… келин-кесек, бала-бакыра дебей, эркектер менен бир дасторкон четинде чогуу отурар эдик. Кийин эле тажик туугандарыбызды туурап, катын-калачты өзүнчө бөлүп чай ичкен жайылып барат. Кийин-кийин таптакыр тажиктешип кеттик. Ойлоно турган масилет экен, – деген Алдакул карыянын накылынан кийин төкмө ырчыларыбыз Арген Биймырза уулу менен Мундузбек Борончиевдин ыр-күүсүн биз менен бирге отуруп укканга кызматтагы келин-кесек, кыздарга «уруксат» берилди. Мындан кийин да ушул жөрөлгөнү бүтүндөй Жерге-Талга жайылталы дешти. Бирок келин-кесектер биз отурган бөлмөгө киришкен жок…

Урматтуу окурман, сиздин убактыңызды алып буну кепке кыстарып отурганымдын жөнү бар: эзелтен көөнө кыргыздын көкүрөгү эмне үчүн көрөңгөдөн ажыраган эмес? Себеби нечен улуу манасчылардын оозунан чубурган жомокту аял-эркек дебей бет маңдай отуруп уккан. Балдары сөзгө кулак түргөн. Шонтип «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Эр-Төштүк», «Курманбек», «Кожожаш» жөнүндөгү оозеки рухий дөөлөт каныбызга-жаныбызга сиңирилип келген эмеспи-ов! Кыргыз тукуму үчүн мындан башка тарбия-таалим мектеби болбосо керек! Кыргызды кыргыз кылып кылымдар бою сактаган ушул касиетти өзүбүз сактабасак ким сактайт энди?!

Уландысы бар>>>>>>>>

Олжобай ШАКИР: Унутта калган өрөөндүн муңу 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.