— Аскар мырза, сиз Тышкы иштер министринин мурунку орун басары болуп иштеп турганда, ТВЕА менен келишим түзүүнү Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет деп баалаган экенсиз. Ушул маселени карап, бүтүрүп бергиле деген тапшырманы сиздерге ким берген?

Бишкек ЖЭБди модернизациялоо башталган кезде Тышкы иштер министринин орун басары элем. Тышкы иштер министрлигинин милдети, тартиби, ирети боюнча ири, орто инвесторлор Кыргызстанга келгенде сөзсүз түрдө биз аларды изилдешибиз керек. Бул Бирштейн баштаган аферисттер келген мезгилден бери изилденет. Алардын кайсыл жерде штаб-квартирасы бар? Кандай иштейт? Эмне жумуш кылат? Ушул суроолорго жооп алынат. ТВЕА жөнүндө дагы көп эле суроолорго жооп алууну баштаганбыз. Кыргызстанга бул компанияны ким алып келди? Кыргызстанга биринчи банк келдиби же бул компания келдиби? Компания келип ЖЭБди оңдоп беребиз, ошого жараша банктан акча алып келебиз дегенби? Же болбосо алгач банк келип акча берип, компанияны биз сунуш кылалы дегенби? Мындан сырткары биздин алдыбызга караганга долбоор берген, ошол долбоордун автору ким? Муну да таппай койдук. Азыр Жантөрө Жолдошевич жана башкалар ведомстволук аралык комиссия деп айтып жатышат. Мен дагы ошол комиссиянын мүчөсү элем. Бизге карагыла деп даяр эле долбоорду алып келип беришкен. Аны ким даярдаган, долбоор кайсыл жактан чыкканын тапкан эмеспиз. Кытай тарап бизге Гонконгдо соттошобуз, каалаган нерселерибизди каалаган баада алабыз, силер ага киришпегиле деген талаптарды коюп жатат деп айтышкан. Тышкы иштер министрлиги териштиришибиз керек эле. Кыргызстанга карата мамилеби же банктын саясатыбы дегенди түшүнүшүбүз зарыл болчу. Мындан бөлөк да толтура суроолор бар эле. Бизге Энергетика министрлигинен келген кат ошол кездеги президенттин аппаратынын тышкы саясатты караган бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун 3 күн ичинде бүтүрүп бергиле деген каты менен кошо келген. 3 күндүн ичинде маселени ким териштире алат? Бизде баардык маселелер алдын ала сүйлөшүлгөн, азыркы макулдашуу формалдуу эле болуп жатат деген ой келген.

— Келишимге каршы болгон пикириңизди кайсыл структураларга жебиргенсиз?

— Бул келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет. Муну окуган киши деле түшүнөт. Тышкы иштер министрлиги каршы болгонбуз. Эмне үчүн Өкмөт жеке банк менен келишим түзүшү керек? Эмне үчүн аны мэрия же “Электр станциялары” ААК түзбөйт? Эмне үчүн Өкмөт түзүп жатат? Келишимдин 5.5 деген бөлүгүндө араздашуу болуп, арбитражга барганда болгон иммунитеттен баш тартып жатабыз. Бул Конституцияга да туура келбейт. Ошону ачык жазып, иштөө тартибибиз боюнча кызматтык катымды министрге, өзүмдүн колумду коюп Энергетика министрлигине жиберип жибергем.

— Сапар Исаков ТВЕАнын өкүлдөрүн 18 жолу кабыл алыптыр. Тышкы иштер министрлиги кытай тараптын өкүлдөрү менен канча ирет жолуккан?

— Тышкы иштер министрлигинде Кытай менен сүйлөшүү жүргүзүүгө мен жооптуу болчумун. Ошол бөлүмдү мен жетектегем. Мен бир да жолу жолуккан жокмун. Алар жолугалы деп көп жолу суранган. Министр да кабыл алып сүйлөшкөн эмес. Себеби, ал жерде чарбалык маселелер чечилип, бир дагы саясий маселе болбогон. Ири экономикалык долбоорлордун баарын президенттин аппаратындагы тышкы саясат бөлүмү тейлеп, тапшырма берип жүрүшкөн. Мен буга күбөмүн, толук жоопкерчилик менен айта алам.

Маектешкен
Темирлан Токтоболотов

«Жаңы Ордо»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *