Иран эл жомогу: Акылдуу дарыгердин кеңеши

Кайсы бир шах өзүнө түшүнүксүз себептерден улам абдан семирип кетет. Бул анын ден соолугуна, дегеле бүт жашоосуна терс таасирин тийгизе баштайт. Айласы кеткенде өлкөсүндөгү баардык дарыгерлерди чогултуп, өзүн арыктатуунун дабаасын табууну буюрат. Бирок алар кандай айла кылышпасын, эмне дары ичиришпесин – шах семиргенден семире берет. Ошондой күндөрдүн биринде ага башка бир чет өлкөдөн абдан атагы чыккан дарыгер келет. — Мен сени бул дартыңдан айыктырам, — дейт ал. – Бирок мага ойлонууга үч күндүк мөөнөт бер. Шах макул болуп, бул убакыт […]

Баш мыйзамдагы башаламандык (1-макала)

Биздин сайт белгилүү журналист Жыргалбек Турдукожоев менен Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын доценти Тамара Козубекованын “Котормо өнөрү” китеби басмага тапшырылганы тууралуу ““Котормо өнөрү” — изилдөөлөргө чыйыр салуучу саамалык” аттуу макалада кабарлаган эле. Бүгүн аталган китептен үзүндү жарыялайбыз.  “Укуктагы так эмес сөз – социалдык чоң каргаша, ал зомбулук менен мыйзамсыздыкка үрөн себет” А.А. Ушаков, орус окумуштуусу. Кыргызстан эгемендикке ээ болгон чейрек кылымдан ашык убакыттан бери мамлекет башчыларынын демилгелери, так айтканда, өзүм билемдиги менен Конституциябызды канча жолу өзгөрттүк?! Ал өзгөртүүлөрдүн саясий жана укуктук […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Сыноо (баш катырма)

— Атсалом алейкум! Кандай Туке, күн чубактап отуруп калыпсың? Ден-соолук, мал-жан, бала-бакыраң менен жакшы турасыңбы? — Алейки салам! А сен Сагынсыңбы? Ой кандай өзүң, жакшы жүрөсүңбү? Көрүшпөгөнүбүзгө көп убакыт болуптур да. Өзүңдүн иштериң жакшыбы иним? — Кудайга шүгүр, эл катары жүрөбүз, акырындан кыбырап. Өзүңүз жөнүндө кобураңыз. — А эмнесин айтайын, бу жаш өткөн сайын ден-соолугуң бузула берет экен. А дегенде тайгаланып жыгылып, жамбашымды сындырып алдым. Операция кылып кыйшык таңып коюшуп, кыйшык бүтүп, кайра-кайра союп курутушту. Жамбашым жаңы эле айыкканда өтүмдөн […]

Александр ГРИН: Атанын каары

АҢГЕМЕ Беринг алыскы сапардан кайтаар астында анын уулу, кичинекей Том Беринг Корнелия тай эже менен анын күйөөсү Карл жезденин чабуулуна кабылды. Том үңүрөйгөн көңүлсүз китепканада түркүн түстүү самындын көбүгүн үүлөп ойноп отурган. Анын ага чейин эле кылган оор кылмыштары жетишерлик эле, маселен терезеге тарткан пардоону күн нурун чогулткан чоңойткуч айнек менен күйгүзүп тешип салганы, жашынып алып “Декамерон” аттуу китептеги уятсыз сүрөттөрдү караганы, кошунанын баласы менен мушташканы, бирок Карнелияны китепканада  самындын көбүгүн чыгарганы бөтөнчө толкундатты. Заңгыраган кенен үй мындай жеңил-желпи мамилени […]

Олжобай ШАКИР: Тамырымды зыркыраткан Жерге-Тал (2-макала)

<<<<<<<<<<<<<<1-макала «Дос күйдүрүп, душман сүйдүрүп айтат» дейт кыргыз. 1-макаламда Жерге-Талда жашаган боордоштордун күнүмдүк турмушун учкай чагылдырууга аракет кылдым. Ошол күнүмдүк турмушунун аркасы менен өзүнүн улут катары жоюлуп баратканын туйбаган боордоштордун бүгүнкү акыбалын жаап-жашырып кеп кылбай коюу мүмкүн эмес. Так ошол жаап-жашыруу жолу менен алардын улут катары жок болуп кетүүсүнө өзүбүз себепкер болуп жүрбөйлү мүмкүн?.. (Окурман сага айтам, Жоке, калганын өзүңүз туярсыз). Андыктан авторитардык өлкөнүн курамында жашаган жергеталдык кыргыздардын тагдырына канткенде реалдуу көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүбүз бар? Агер Тажикстанда жашаган этностук кыргыздарга […]