— Атсалом алейкум! Кандай Туке, күн чубактап отуруп калыпсың? Ден-соолук, мал-жан, бала-бакыраң менен жакшы турасыңбы?

— Алейки салам! А сен Сагынсыңбы? Ой кандай өзүң, жакшы жүрөсүңбү? Көрүшпөгөнүбүзгө көп убакыт болуптур да. Өзүңдүн иштериң жакшыбы иним?

— Кудайга шүгүр, эл катары жүрөбүз, акырындан кыбырап. Өзүңүз жөнүндө кобураңыз.

— А эмнесин айтайын, бу жаш өткөн сайын ден-соолугуң бузула берет экен. А дегенде тайгаланып жыгылып, жамбашымды сындырып алдым. Операция кылып кыйшык таңып коюшуп, кыйшык бүтүп, кайра-кайра союп курутушту. Жамбашым жаңы эле айыкканда өтүмдөн таш чыгып аны алдырдым. Эми бир бөйрөгүң суук тийип өтүшүп кетиптир деп, догдурларың бир бөйрөгүмө көз артып, аны да алганы калышты окшойт. Илгеркидей дарылабай эле акчасына кызыгышып, бычагы менен кашөлөгүн камдап калышыптыр эмки догдурлар. Кудайдан улам запчас кылып бирден албай, бүтүн боюнча эле алсаң боло деп суранып жатам. Жаман айтпай жакшы жок дейт, улам-улам минтип кырсыктап да жатам деп, көзүмдүн тирүүсүндө уулдарыма жеримди, малды, үй-жайды бөлүштүрүп бердим. Балдарым кудайга шүгүр оокаттарын тың кылып жүрүшөт. Өзүң билесиң, кичүү уулум колунан көөрү төгүлгөн уста эмеспи. Бул усталарды эл бузат экен. Бир нерсе жасатса “берки кургурдан” бирди сала келет, бөлүшүп ичсе жасаткан буюму арзанга туруп, анын үстүнө кезексиз дароо бүтүрүп алып кетет экен да. Бара-бара усталарың да ансыз иш бүткөрбөй калат тура. Илгери бир устадан: «Арак 100 сом болсо ичесиңби? — десе ичем-дейт. — Миң сом болсо ичесиңби? – десе: — «Миң эмес он миң сом болсо да бул тетиктин баасы бир бөтөлкө»,  – деген тура. Анын сыңарындай менин уулум да ичкиликти көп иччү болду. Эми ичет деп ага энчи бербей коймок белем, антсем кайра басынып күчөп иче турган. Кой деп ага баягы совхоз бөлүнгөндө алган чоң машинемди арзан эле бердим. Сат деп сурагандар көп эле болчу, аларга берсем бир отуз миңди жөн эле ашык алмакмын. Мейли дедим, атасынын оозун урайын, өз уулум эмеспи. Отуз миңди ашык алганда мен көрүмө ала кетмек белем. Мейли, уулум деле оокат кылсын дедим. Улуу уулдарымдан алган акчага кемпирим экөөбүз Бишкектен  эки бөлмө там алып, ошол жакта жашап жатабыз. Догдурга жакын, жылуу-жумшак, үйгө сийип-чычып коюп жатабыз ошентип.

— Ой Туке, сен энчи бөлүштүрдүңбү уулдарыңа же мал мүлкүңдү балдарыңа саттыңбы?

— Саке, заманга жараша да, талаштырып уруштурбай, калыстык менен бөлүштүрүп бердим, акчасын да алдым. Анын эмнеси бар экен? Же меники туура эмеспи?

Кана эмесе окуучум, Тукенин суроосуна жооп берип өзүңдүн кандай адам экениңди билип алууга мүмкүнчүлүгүң бар. Сыноонун же азыркынын тили менен айтканда, тестирлөөнүн түрлөрү көп эмеспи. Бул да бир ошондой тесттин бири деп ойлоңуз да, Тукенин кылган ишин өзүңдүн көз караш менен карап көрүп, анан төмөндөгү тамаша-чыны аралаш жооптордон өзүң кандай адам экениңди аныктап ал. Эсиңе алчу нерсе, бул сыноо байлык, бийлик эмес, ыйман сынагы деп бил.

Эгерде, Туке туптуура кылыптыр, мен ага толугу менен кошулам десең, анда “жаңы кыргызсыз”. Болжол менен өткөн кылымдын 80-жылдарында жарыкка келгенсиз. Сиз бизнесменсиз, учурда бизнесиңиз жок болсо да Сиздин жан-дүйнөңүз бизнесмендики. Акча алып келе албаган салт, сиз үчүн өлүк нерсе. Өзүңүз өлгүчө акчанын кулусуз. Өлгөн соң өлүк дүйнөң туугандарыңдын талоосунда калат.

Эгерде, Тукенин кылганын баалай албай эки анжы ойдо турсаңыз, анда Сиз 1960-жылдан кийин туулган, өзүңүзгө, Тукеге ал тургай кудайга да бир ишенип, бир ишенбеген орто жолдо салаңдап жүргөн бир жансыз. Кудайга ишенсең да баары бир өзүңдүкүн туура көрөсүң. Бир күнү намаз окуйсуң, бир күнү арак ичесиң. Бир бутуң бул өйүздө, бир бутуң тиги өйүздө талтайып жүрүп, талтайган боюнча кетесиң.

Ал эми, Тукеңдин энчи бергени куруп кетсин, өз балдарына соодалашпай эле бербейби, андан да арзан берип койгонуна өкүнүп калгандай ал итиң, ата-бабабыздан мындай салт болгон эмес, мындай жорукту биринчи угушум деп эсептесеңиз, анда Сиз 60-жылга чейин төрөлүп, бара-бара жок болуп бараткан  эскичил, карманса-карманбаса да салтты сыйлаган, ыйманы бар, бирок кудайды тааныбаган,сакалчандарды көрсө сөккөн советтик, сөөгүнө чейин атеист адамдардын тобуна киресиз.

Сыноодон ийгиликтүү өтүп өзүңүз жөнүндө билип алышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *