Биздин сайт белгилүү журналист Жыргалбек Турдукожоев менен Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын доценти Тамара Козубекованын “Котормо өнөрү” китеби басмага тапшырылганы тууралуу ““Котормо өнөрү” — изилдөөлөргө чыйыр салуучу саамалык” аттуу макалада кабарлаган эле.

Бүгүн аталган китептен үзүндү жарыялайбыз.

 “Укуктагы так эмес сөз – социалдык чоң каргаша, ал зомбулук менен мыйзамсыздыкка үрөн себет”
А.А. Ушаков, орус окумуштуусу.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгон чейрек кылымдан ашык убакыттан бери мамлекет башчыларынын демилгелери, так айтканда, өзүм билемдиги менен Конституциябызды канча жолу өзгөрттүк?! Ал өзгөртүүлөрдүн саясий жана укуктук өңүттөрү өзүнчө узун сабак сөз. Биз 1-макалада бул маселенин тил, лингвистикалык өңүтүнө гана токтолмокчубуз.

Тилекке каршы, биз Конституциябызды бир жолу дагы мамлекеттик тилде жазган жокпуз, дайыма расмий тилден мамлекеттик тилге которуп келдик. Ошондо дагы орусча тексттерин жөндөп которо албай, Баш мыйзамыбызды кыргызча чала-моңол “сүйлөтүп”, кордоп келатабыз. Биз бул темага мурда дагы кайрылган элек. Мисалы, “Кыргыз руху” газетасынын 1996-жылдын 16-октябрдагы санына “Баш мыйзамдагы сабатсыздык… Сабатсыз мыйзам саясий сабатка үйрөтөбү?!” деген ат менен макала жарыялаганыбызды окурмандардын эсине сала кетели.

Котормо өнөрүбүз соңку мезгилде кыйла өнүккөнүнө карабастан, укук тексттерин которуудагы сабатсыздык расмий тилден мамлекеттик тилге которулуп, 2010-жылы 27-июнда өлкөбүздө өткөрүлгөн референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Конституциябызда жана 2016-жылдын 11-декабрында өткөн референдумдагы конституциялык өзгөртүүлөрдө дагы орун алганы өкүнүчтүү факт. Баш мыйзамга акыркы өзгөртүүлөр сунушталганда өзгөртүүнүн себептеринин бири катары айрым жоболордун кыргызчага туура эмес которулганы айтылып, а тургай бул боюнча илимдин докторлорунан, профессорлордон, белгилүү окумуштуулардан турган жумушчу топ иштегени кабарланган эле. Бирок ал жумушчу топ деле бул маселеге ат үстүнөн мамиле кылганы же негизги мыйзамды кыргызча сабаттуу жазганга кудуреттери жетпегени көрүнүп турат. Эми мисалдарды келтирели.

14-беренеде минтип жазылган:

“Кыргыз Республикасы жалпыга бирдей жана адилеттүү жашоого, өз ара пайдалуу кызматташууга, дүйнөлүк жана регионалдык маселелерди тынчтык жол менен чечүүгө умтулат”. Орусчасы: “Кыргызская Республика стремится к всеобщему и справедливому миру, взаимовыгодному сотрудничеству, разрешению глобальных и региональных проблем мирным путем”.

Кыргызча тексттеги “жалпыга бирдей жана адилеттүү жашоо” деген сүйлөмдү өзүнчө бөлүп алганда дагы, беренедеги толук сүйлөм менен бирге окуганда дагы түшүнүүгө мүмкүн эмес. Себеби “мир” деген сөз кыргызча “жашоо” деп туура эмес которулган. Расмий текстте сөз “жашоо” эмес, “тынчтык” жөнүндө жүрүп жатат. Ушуга байланыштуу тарыхка кайрылып, Россиянын ал кездеги эл депутаты, Конституциялык кеңештин мүчөсү В.Н. Любимовдун РФ Конституциясын түзүү процессиндеги талкууда сүйлөгөн сөзүнөн үзүндү келтирели: “Я предложил «Стремиться к всеобщему и справедливому миру» выбросить. Всеобщий справедливый мир каждый трактует по-своему и нам претендовать на свою мировую трактовку нет необходимости. А вот «мирное разрешение глобальных проблем» — это соответствует духу Организации Объединенных Наций и Хельсинским соглашениям” (“Из истории создания Конституции Российской Федерации. Конституционная комиссия: стенограммы, материалы, документы (1990-1993 гг.)”: в 6 т. Т. 3: 1992 год. Книга первая (январь-июнь 1992 года) под общ. ред. О.Г. Румянцева — М.: Волтерс Клувер, 2008. – 1120 с.: ил.-ISBN 978-5-466-00341-3 (в пер.). с.333).

26-беренени окуйлу:

“Ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт”. Суроо туулат: адамды кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептеш үчүн соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени ким тарабынан, кантип, кайсы мөөнөттө аныкталууга тийиш? Тактап айтканда, текстти минтип которордон мурда тилмеч өзүнө өзү ушул суроону бериш керек эле. Укуктук жактан сабаттуу адам тилмеч болбосо дагы сөздүн “төркүнүн” дароо түшүнөт. Кеп соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен аныкталгандык туурасында жүрүп жатат. (“Каждый считается невиновным в совершении преступления, пока его виновность не будет доказана в предусмотренном законом порядке и установлена вступившим в законную силу судебным решением”).

28-беренедеги “аналогия” деген укуктук термин “окшоштук” деп которулуп, беренедеги жобонун маани-мазмуну түшүнүксүз болуп калган. (“Жоопкерчиликти белгилөөчү жазык мыйзамы окшоштук боюнча колдонулбайт”, орусчасы – “Уголовный закон, устанавливающий ответственность, по аналогии не применяется”). Себеби, биздин оюбузча, “окшоштук” деген сөз “аналогиянын” маанисин толук ачып бере албайт.

Конституциянын 16-беренесинде “этноско таандыктыгы” (орусчасы – “этнической принадлежности”) деп которулса, ошол эле түшүнүк 38-беренеде “этностук тийиштүүлүгү” деп, 23-беренеде “альтернативалуу (аскердиктен тышкары) кызматдеген сүйлөм 56-беренеде “альтернативдүү (аскерден тышкары) кызмат” деп которулган. Ал эми “частное” деген сөз башка беренелерде «жеке» деп которулганына карабастан, 45-беренеде “менчик” деп которулган: “Мамлекет мамлекеттик, муниципалдык жана менчик окуу жайларын өнүктүрүү үчүн шарт түзөт” (“Государство создает условия для развития государственных, муниципальных и частных учебных заведений”). Ошентип, туура эмес которулган бир эле сөздүн натыйжасында бүтүндөй жобо бурмаланып калган.

Негизги мыйзамда 20, 45-жана 103-беренелердегидей сабатсыз сүйлөмдөр кездешет: “алардын ыктыярдуу макулдугу талаптагыдай билдирилмейинче жана ырасталмайынча адамдарга медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө” (“на проведение медицинских, биологических, психологических опытов над людьми без их добровольного согласия, выраженного и удостоверенного надлежащим образом”), “ар бир эркиндигинен ажыратылган адамдын өзүнө адамкерчиликтүү мамиле кылууну жана адамдык кадыр-баркын сыйлоону талап кылуу” (“каждого лишенного свободы на гуманное обращение и уважение человеческого достоинства;”); “Мамлекет мектепке чейинки билим берүүдөн баштап негизги жалпы билим берүү мекемелерине чейин ар бир жарандын мамлекеттик, расмий жана бир эл аралык тилди окутуп-үйрөнүүсү үчүн шарт түзөт” (“Государство создает условия для обучения каждого гражданина государственному, официальному и одному международному языкам, начиная с учреждений дошкольного образования до основного общего образования”); “Мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле соттук териштирүүгө катышкан жактар аны жүргүзүү үчүн жетиштүү каражатынын жок экендигин далилдеген ар кандай гана учурда сот адилеттиги акысыз жүргүзүлөт” (“Правосудие отправляется бесплатно в предусмотренных законом случаях, а также в любом случае, когда участвующие в судебном разбирательстве лица предъявят доказательства, что не имеют достаточных средств для его ведения”). 20-беренеден мисал  келтирилген сүйлөм “адамдардын” деген сөздөн башталып, “адамдардын ыктыярдуу макулдугу талаптагыдай билдирилмейинче жана ырасталмайынча аларга медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө” деп, ошол эле берененин экинчи сүйлөмү “эркиндигинен ажыратылган ар бир адамдын өзүнө адамкерчиликтүү мамиле кылууну жана адамдык кадыр-баркын сыйлоону талап кылуу” деп, 45-беренедеги “ар бир жаранды мамлекеттик, расмий жана бир эл аралык тилди билүүгө окутуп-үйрөтүү” деп берилгенде жана 103-беренедеги “ар кандай гана учурда” деген сөздөр “ар бир учурда” деп баяндалганда кыйла так болмок деп ойлойбуз.

Аталган китепти сатып алуучулар үчүн байланыш телефондору: 0505 33 21 31 жана 0555 33 21 31.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде 2016-жылдын 11-декабрында өлкөбүздө референдум (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүлгөнү белгилүү. Анын демилгечилери мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга Негизги мыйзамдын мамлекеттик тилдеги текстине которууда кетирилген жогоркудай каталарды четтетүү боюнча жоболорду (өзгөртүүлөрдү) дагы кошо киргизгенде максатка ылайык болмок…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *