<<<<<<<<<<<<<<1-макала

«Дос күйдүрүп, душман сүйдүрүп айтат» дейт кыргыз. 1-макаламда Жерге-Талда жашаган боордоштордун күнүмдүк турмушун учкай чагылдырууга аракет кылдым. Ошол күнүмдүк турмушунун аркасы менен өзүнүн улут катары жоюлуп баратканын туйбаган боордоштордун бүгүнкү акыбалын жаап-жашырып кеп кылбай коюу мүмкүн эмес. Так ошол жаап-жашыруу жолу менен алардын улут катары жок болуп кетүүсүнө өзүбүз себепкер болуп жүрбөйлү мүмкүн?.. (Окурман сага айтам, Жоке, калганын өзүңүз туярсыз).

Андыктан авторитардык өлкөнүн курамында жашаган жергеталдык кыргыздардын тагдырына канткенде реалдуу көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүбүз бар? Агер Тажикстанда жашаган этностук кыргыздарга чыныгы ниетибиз менен көмөктөшөр болсок, ириде, алардын бүгүнкү турмушу жөнүндө кеп кылууга тийишпиз.

Жергеталдык боордошторубуз жакынкы жылдарда улут катары жок болуп кетүү коркунучуна кабылары реалдуу экенин коомчулукта ачык-айкын кеп кылганда гана жамы кыргыздын жүрөгүндө жапакечтик сезим ойгонорун унутпашыбыз керек. Ансыз кыргыз эли да, Кыргыз бийлиги да ордунан копшолор түрү жок!

Калктын кайдыгерлиги – кандаштарыбыздан ажыратат

Мынча болду Жерге-Талда жашаган боордошторубуздун улут катары жок болуп баратышына эң башкы чоң себептер кайсылар экенине токтололу. Тажикстандагы бүгүнкү реалдуулукка өз көзүм менен күбө болуп келген мисалдарга токтолсом, учурда 21 кыргыз мектеби бар деп айтылганы менен, алардын эч биринде кыргызча билим берүү мүмкүнчүлүгү жок экендигин мектеп мугалимдердин, жергиликтүү элдин оозунан өз кулагыбыз менен эшитип, көзүбүз менен көрүп келдик. О.э. 18 мектеп кыргы-тажик тилинде билим берет делгени менен бүгүнкү күндө эч бир мектепте кыргызча билим берүүгө мүмкүн эмес экен.

Бул көйгөй буга чейин да кеп болуп келгенден улам түбү жергеталдык калемдешибиз Жолдош Турдубаевдин демилгесин колдогон мекенчилдердин көмөгү менен кыйла китептер жыйналды. Албетте, Кыргызстандын Билим берүү министрлиги тарабынан эскертилгендей: «окуу куралдар», «окуу китептер» менен маанилеш китептер Тажикстанга киргизилбей турганын эске алып, негизинен окуу китептерди эмес, адабий, методикалык, сөздүк-маалымдагыч, илимий-популярдуу жана мезгилдүү басылмаларды гана иргеп барганыбыз менен, тилекке каршы, ал китептер Тажикстандын бажы өтмөгүнөн арыны карай жеткирилбей калды.

Арийне, маселе буга келип такалгандан кийин расмий деңгээлдеги Кыргыз бийлиги менен Тажик бийлигинин ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу гана аталган жүктү Жерге-Талга жеткирүүдөн бөлөк жол жок. Буга албетте, биринчи кезекте Кыргыз бийлиги кызыкдар болууга тийиш. Болбосо КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылды региондорду өнүктүрүүгө арнаган жарлыгы куру сөзгө айланат. Албетте, бу жерде президенттин региондорду өнүктүрүүгө арналган программасы Тажикстанда жашаган боордошторубузга тиешеси жок деп КР Президентинин аппаратындагылар кол куушуруп отура берүүсү да ыктымал. Бирок кандай болгон күндө да Жерге-Талда жашаган боордошторубуздун тагдырына кайдыгер болбошубуз керек ко!

Бир уйдун мүйүзү миң уйдун сөөгүн зыркыратат, а кыргыз кыргызга качан зыркырайт!?

Ушуга улай кыстара кетер дагы бир жагдай: өткөн жылдын этегинде «Унутта калган өрөөндүн муңу» деген аталыштагы «РухЭш» сайтына жарыяланган алыскы Ак-Шыйракта жашаган элдин тагдыры туурасындагы макалабызды окуган Сооронбай Жээнбеков да акшыйрактыктардын тагдырына кайдыгер эместигин президенттин маалымат кызматынан өздөрү маалымдашкан эле. Ал тургай Ак-Шыйрак өрөөнүнө реалдуу жардамдарды көрсөтүүгө Президент тарабынан даярдыктар көрүлөт деген таризде жагымдуу маалыматын уккан элек. Бирок ошол күндөн ушул күнгө чейин Ак-Шыйракка барып келген тааныш-билиштердин оозунан президенттин региондорду өнүктүрүү программасынын жарыгы тийгенин укканыбыз жок…

Жаки, акүйдөгү аксымдар арасында улуттун эртеңкисин ойлонгон жандар жокпу? Карапайым калк улам бийлик алмашкан сайын арткан үмүтү акталган заман качан келет?.. Бүгүнкү күндө мамлекеттик бийлик бутагында отурган аткаминерлерге караганда төмөндө аты аталган эр-азаматтарга эл атынан терең ыраазычылык билдире кетер жердебиз. Алар биздин Жерге-Талга аттана турганыбызды угаар замат, кайдыгер карашкан жок. Боордошторго барып келчү жол киребизден тартып, ал жактагылардын муктаждыгына зарыл белек-бечкектерине чейин өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша көмөктөшүүгө аракет кылышты. Айтсак: Жамалбек Ырсалиев, Савлат Зулпукаарова, Урматбек Жакшымбетов, Эмил Токтошев, Дүйшөмамбет Орозалиев, Сыймык Бейшекеев жана ЭлТР каналынын жетекчиси Айбек Мусаевдин мекенчилдик жапакечтиги болбогондо биздей жалаңтөштөрдүн колунан эмне келмек…

Сейит Жаанбаев

Фейсбук аркылуу Жерге-Талга бара турганыбызды эшиткен интеллигенция ичинен ордунан козголгондор негедир өтө аз болду. Жападан жалгыз Сейит Жаанбаев өз ыктыяры менен барып, Билим берүү академиясы тарабынан Тажикстандагы кыргыз мектептерине кандай окуу куралдары керектигин жакындан билип келүүгө аракет кылганына чын дилибизден ыраазы болуп кайттык. Ал эми жазуучу-акындар арасынан Султан Раев, Топчугүл Шайдуллаева, Бурул Сарыгулова, Асылбек Жоодонбеков жана Жамалбек Ырсалиев баш болгон бирин-экин авторлор өздөрүнүн адабий эмгектерин боордошторубузга өздөрүнүн атынан аманатка тапшырганына ыраазычылык айтабыз…

Арийне, азырынча биздин колдон келер улуттук идеология жүргүзүүнүн бирден бир аракети ушул эле. Рухий коом агартуу жолу менен гана улуттун аң-сезимин, маданиятын өстүрүүгө кам көрүүбүз зарыл. Жерге-Талдагы этностук кыргыздар куру дегенде өз эне тилинде жарыкка чыккан көркөм адабияттарга колдору жетип, өздөрүн байсалдуу улут өкүлү санаганы баарыбыз үчүн маанилүү жараян.

Жерге-Талдагы жер-суу аталыштарынын өзгөртүлүшү

Эзелтен аталып келген Жерге-Тал районунун азыркы аталышы – Лахш. Район аталышы менен бирге кыргыздар жашаган айылдардын дээрлик баардыгынын аталышы бүгүнкү күндө толук өзгөртүлүп бүтүптүр. Мисалга: Жайылган – Чорсу (чартарап, төрт тарап деген мааниде окшойт мунусу) Ачык-Алма – Себистон (алманын мекени дегенге жакын) Кара-Шоро – Обишур (шор суу) Депшаар – Чаманистон Кашат – Сарипул (бул айылдын Көпүрүк-Башы деген дагы бир аты бар экен. Көпүрүк — бизче көпүрө) Кара-Кенже – Гулистон, Сары-Кенже – Олисомон Сазык-Булак – Чашмасор Байлар-Топ – Саховат Кош-Мойнок – Себзор (алмазар) Саргой – Доманакух (тоо этеги) ж.б… ж.б!

Ал эми жогоруда 21 кыргыз мектеби менен кыргыз-тажик тилинде аралаш билим берип келген 18 мектептин дээрлик баардыгында бүгүнкү күндө бир гана тажик тилинде билим берүү саясаты жүргүзүлүп келаткандыгын кеп кылдык. Ал тургай эч бир мектепте орус тилинде илинген такталарды көрүүгө мүмкүн болгон жок.

Демек, жакынкы жылдарда жергеталдык ар бир кыргыз үй-бүлөсүнөн тарбияланып, бойсунган келечек муундун өкүлдөрү өздөрүнүн эне тилинде жазганды да, сүйлөгөндү да толук билбей калуусу ыктымал. Андыктан Кыргыз бийлиги ушул жагдайдан улам Тажикстан менен болгон дипломатиялык мамилелерге өзгөчө көңүл бурууга тийиш!

Эки элдин рухий алака мамилеси жакшырмайын – этностук кыргыздар жер карама болуп бүтөт. А жер карама калкты каалагандай башкарса болот. Бүгүнкү күндө жогоруда аталган жер-суу аттарын өзгөртүүдө кыңк этпеген калк, демек эртең паспортундагы улуту деген графага тажик деп жаза турган болсо – авторитардык бийликке ооз ача алабы?! Бүгүнкү тапта кыргыз мектеп делгени менен бир да кыргызча билим берүү усулу колдонулбаган өлкөдө жашаган калк өзүн кыргыз улутунун өкүлү экенин коргой алабы?! Өзбек бийлиги миллион кыргыздын улуту деген графага өзбек деп жаздырып салгандагыдай тагдыр эртең Тажикстанда жашаган этностук кыргыздардын да пешенесине буюруп турган жокпу?!

Жерге-Тал — Бишкек

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.