Амирбек Азам уулу менен Муфтият, Ислам университети, медреселер жана чычтымканалар жөнүндө сөз (2-маек)

<<<<<<<<<1-маек – Амирбек байке, өткөндө маегибизди маданият маселесин туалеттен баштайлы дегенибиз ырас болуптур, себеби окурмандарыбыздын көбү кубаттап, чын эле маданиятты кайдан баштоо керектигин коомчулукта кеңири кеп кылуу маанилүү экен деп атышат. – Маегибиздин башында эскерткендей, улуттук өксүгүбүздүн илимий-техникалык жана руханий жагын карасак деген элек, бирок туалет маселеси ушунча кубаттоого алынып окулат деп ойлогон эмес элем. Олжоке, жадыңдан чыгып кеткен окшойт. Өткөндө Кыргыз Эл акыны Кожокелди Култегин “РухЭшке” чыккан маегинде биздин ажаатканалардын абалы үчүн Токтогулдун 150 жылдык маараке тоюна келген чет […]

Кимдин колу ачык болсо, ал үчүн ырыскы эшиги ачык

Алла Таала менен түздөн-түз сүйлөшкөн пайгамбар Муса пайгамбарга бир жигит келип: — Алладан мага отуз жылга жетчүдөй байлык сурап берчи, — деп өтүнүп калды. — Өмүрүңдүн алгачкы отуз жылында бай болгуң келеби же акыркы отуз жылындабы? – деп сурады Муса пайгамбар. Жигит көпкө ойлонду. Пенделик напсиси алгачкы отуз жылда бай болууну каалап турду. Бирок «Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү» деген накылды эстеп, өмүрүнүн акыркы отуз жылында бай болууну туура го деп ойлоду. Акырында алгачкы пикирине токтолду. «Өлүмдөн башканын баары […]

Султан РАЕВ: Чаң жол (шедевр)

АҢГЕМЕ Таң заарлап, аңызды кыя салып жыландай соймоңдоп кеткен чаң жолдо Жусубали баратты. Ал мындан ат чабымдай жердеги таш жолго бараткан. Буердегилер ошо таш жолдон дамамы шаарга катташат. Жусубалинин кийгени демейдегиден башка. Чилтенден бетер жасанып, кыздын баласындай. Чыкыйып алган. Басканы кашаң. Жусубали кудайдын куттуу күнү ушу чаң жолдон өтөт. Ушу жолдон күн тосуп, ушу жолдон күн батырат. «Өлсөм ушу жолдо өлөм» — бу анын ою. Бүгүн чыкыйып кийинип алганына караганда өзгөрүү бар кыязы. Ийнинен түк түшпөгөн кетмени бүгүн негедир көрүнбөйт. […]

Дооронбек САДЫРБАЕВ: Жылмаюу

АҢГЕМЕ Күнүгө эртең менен ушундай болот, улуу-кичүүгө карамай жок, ар ким алына жараша жулуна бермей. Сол бутум жерде, оң бутум жаңыдан тепкичке илингенде автобус ордунан козголду. Менден кийинкилер кыйлага чейин аны ээрчип чуркап келишсе да эч кимиси чыга алган жок. Бир аз жүрө түшкөнүбүздө динамиктен автобус айдоочунун колдураган добушу угулду: — Алдыга жылгыла, жолдош жүргүнчүлөр! Белет алгандан тартынбагыла, анын эч уяты жок. Майда тыйыны жоктор, акчаңарды бери узаткыла, менде толуп атат. Кызыл шапке кийген карындаш, жайлоодо жүргөнсүбөй кичине кыйгачтай турсаң […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Энекем

ЭССЕ Энем! Менин энем. Сегизди төрөгөн. Бешөөбүз жер үстүндө, үчөөсү жер астында… Нурайым эжемди 4 жашында айылдын анда-санда машина өткөн көчөсүнөн мас шоопур тебелеп кеткен. Айылдын чаң жолуна мээсин чачыратып… Ошондо ботосунан ажыраган боз ингендей боздогон. Иним Жанарбек он гүлүнүн бири ачылбай 18 жашында акыретке сапар алган. Анда да ыйлаган курган жүрөк! Аллахым акыл-эсин кем жараткан менен үйүбүздүн сүймөнчүгү эле. Башы иштебеген менен башкасы кадимки акылдуу адамдай иштечү… Ылайыктуу кыз тапсам үйлөнтөм деп атам ала-гүү болсо эле оолугуп калар эле. […]

Россиянын Мамлекеттик Думасынын жабык жыйналышында 1916-жылдагы Түркстан окуялары жөнүндө доклад

(1916-жылдын 13-декбары) Россия империясынын Мамлекеттик Думасы курамында эмгекчилдер фракциясынын өкүлү Александр Керенский жана мусулмандар фракциясынын мүчөсү Кутлу Мухаммед Тевкелев болгон өз комиссиясын Түркстан аймагына жөнөткөн. Мусулмандар фракциясынын катчысы Мустафа Чокай (Чокаев) комиссияга тилмеч-котормочу жана жардамчы катары бекитилип берилген. Комиссиянын иши туурасындагы докладды А. Керенский жасаган. КЕРЕНСКИЙ: Мамлекеттик Думанын мүчөлөрү, мырзалар. Биз талкууга ала турган окуялар мындан кыйла убакыт мурда болуп өткөн, бирок алардын кесепети ушу кезге чейин тийүүдө, мындан ары да Түркстанда жана Талаа облустарынын гана эмес, бүткүл Россиянын турмушунда […]