<<<<<<<<<1-маек

– Амирбек байке, өткөндө маегибизди маданият маселесин туалеттен баштайлы дегенибиз ырас болуптур, себеби окурмандарыбыздын көбү кубаттап, чын эле маданиятты кайдан баштоо керектигин коомчулукта кеңири кеп кылуу маанилүү экен деп атышат.

– Маегибиздин башында эскерткендей, улуттук өксүгүбүздүн илимий-техникалык жана руханий жагын карасак деген элек, бирок туалет маселеси ушунча кубаттоого алынып окулат деп ойлогон эмес элем. Олжоке, жадыңдан чыгып кеткен окшойт. Өткөндө Кыргыз Эл акыны Кожокелди Култегин “РухЭшке” чыккан маегинде биздин ажаатканалардын абалы үчүн Токтогулдун 150 жылдык маараке тоюна келген чет элдик коноктор алдында өлгүдөй уят болгонун айтып боздободубу. Кожокелди сүйлөгөндөн мурда — ыр жазгандагыдан бетер, ар бир сөзүн миң таразалаган өтө оор басырыктуу, ойчул, кыраакы, аксакалдык каадасы бийик акын эмеспи.

– Илимий-техникалык жана руханий жаатында да алдыда кеп кылабыз, ошентсе да резюме деген бар эмеспи. Резюмедей кылып, өткөн маегибиздин мазмунун окурмандардын эсине салып, дагы да чачырата кеп кылып, кыргыздын намысына тиер иш кылсак дегеним…

– Ай билбейм, Олжоке. Ушу Салижан аке намысына тийе албаган кыргыз намысын сен экөөбүздөйдүн канчасы какшанып жүрүп жеткизе албады. Табылды Эгембердиев деле те 90-жылдардын башында туалтке кирүү маданиятын бекеринен жазды дейсиңби. Биздин канчалаган чоңдор чет өлкөлөргө чыккан сайын далай жакшы өрнөктөрдү көрүп, аралашып жүрөт, ошолордун намысы козголгон болсо Табыкедей болуп кагазга чиймелебесе да, куру дегенде маалымат каражаттары үчүн алдыга озуп кеткен элдердин жетишкендиктерин чачырата айтып берип, үлгү кылар өрнөктөрдү көбүрөк жайылтканды ойлонсо, сен экөөбүз кеп кылар туалт маселесинен башка кеп калбай калды дейсиңби…

Эгер жетекчилик кызматтагылар эл арасында айтылган сөзгө маани берсе, үч-төрт жыл мурда эле Эрнис Кыязов телеэкрандан какшап айткан далилдүү репортаждарынан соң  жапырт бир чара көрүп, чычтымканаларды туалетке айлантпайт беле…

– Йе, кайсы бирин айталы, Амирбек байке. Тулат маселесин эмес, театр, искусство, адабият жаатында кеп кылсак кана. Мен сизди бул темага кайрып келип отурганымдын себеби, жакындале Жерге-Талга болгон сапарыбызда жолдо катар кезиктирген шумдуктардан улам чычтымкана темасын кайра улагым келди. Азыр билесиз, кымыз маалында жол боюнда жайнаган боз үйлөр каз катар тизилип, Кичи Алай менен Чоң Алай жайлоосундагылардын баарыле акча табууну ойлойбу, татынакай боз үйлөрдүн айланасынан туалет дегенди көрбөйсүз. Жолуң болгур кыргыз ичи өтсө да, табарсыгы толсо да кашатка чуркайт. А келген меймандар кандай ыңгайсыз абалда каларын ойлонбойт ко чиркин. Мындай көрүнүш Алай тараптале эмес, Кыргызстандын кайсы дубанына барба, дароо көзгө урунган балекет…

– Олжоке суроо койбодуң беле: “Биз бүгүн эмнеден артта калып, эмнеден алдыга озгон элбиз?” деп. Мен ошондо адегенде улуттук өксүгүбүздүн турмуштук жагын карайлы деп, туалет жана жол маселесине токтолгонбуз. Себеби, Кыргызстандагы көпчүлүк  туалеттер – бул сөздүн эл аралык маанисине жооп бербейт, алар чычтымкана дегенге ылайык дебедикпи. Баса, бир окуяны айта кетпесем болбой калды. Былтыр насип буйруп Таш-Рабатка барбадымбы. Раш-Рабат эми Бурана, Өзгөн мунараларынан мааниси кем эмес тарыхый архмитектуралык мурас да. Европадан келген да туристтердин аягы үзүлбөйт экен. Сен азыр айткандай эле кыргыз үйлөр жайнайт. А жамбоордогу туалеттин эшиги жок экен. Кирип жеңилдеп алайын деген эркекти мейли! Аял кишинин абалын айт! Уят да! Кой, эми токтоюн.

Ал эми жолдор болсо, сапар жолу болбой эле, өлүм жолуна, кан жолго айланып кеткенин кеп кылганбыз. Жолго чыккан уул-кызы мерчем кылган жерине жетмейин, жакасын карманып, Жаратканга жалбарып отурган ата-энелерди ушу ордо калаабыздын өзүндө эле сен өзүң да  көп эле кезиктиргендирсиң.

Мен өзүм былтыр Бишкекке келатып, Сары Өзөн Чүйгө келгенде уйкуга мас таксистке “Эй, үка! Аз калды, аман жетели!” деп уктатпай отургам. Ошондо  Андрей Макаревичтин мына бул саптары бекер жазылбаптыр дедим.

Вот новый поворот
И мотор ревёт,
Что он нам несёт
Пропасть или взлёт,
Омут или брод
И не разберёшь,
Пока не повернёшь
За поворот.

– “Новый поворот” деп аталса керек эле. Эски ыр го. Ал ыр чыккан кезде көчөлөрдө азыркыдай деле кыйма-чийме машинелер жок заман эле да. Чындап эле машине көбөйгөн сайын көз ачып жумганча адам өмүрүн күм-шам кылган заманга кептелдик азыр.

– Албетте, 80-жылдардын башында кайдагы машине?!

– Эми өзүңүз айткандай маектин илимий-техникалык жана руханий жагын “казсаңыз”?

– Казган жеңил жумуш эмес. Ошентсе да биз эмнеден озуп, эмнеден артта калганыбыз боюнча өз байкоолорум менен бөлүшөйүн.

Биз медреселердин жана университеттердин саны боюнча алдыга кеттик. Муну жакшы жагы да бар. Бирок биз Кыргызстан алдыңкы өлкөлөрдөн үлгү алып, тез өсүп-өнсүн десек,  жакшысынан мурда кемчиликтерибиз тууралуу кеп салалы. Ансыз да биз эки миң жылдык тарыхы бар элбиз деп көкүрөк каккандар жетет. Ошого обол диний билим берүү жагынан баштайын.

Булан институтунун фундаменталдуу изилдөөсү боюнча, былтыр 2017-жылы Кыргызстанда 1 ислам университети, 7 ислам институту, 102 медресе болуп, аларда 6 миң талаба (студент) окуган. 2013-жылы эле 67 медресе болгонун айтсак, үч жылда 35 медресе ачылыптыр же бир жылда он экиден болуп жатат.

Андан да кокую, Кыргызстандагы медреселердин көбү муфтияттын да, Ислам университетинин да көзөмөлүндө эмес экени диний чөйрөдөгүлөрдүн өздөрүн кооптондуруп атпайбы бүгүн. Ушунун өзү Кыргызстандагы исламдын башаламан абалга кептелгени эмеспи, а муну азыркы бийликтин да алдын алган аракети көрүнбөйт. Ал эми Өзбекстан президенти чар тараптуу ыкчамдыкта чечкиндүү кадамдарга барууда. А Сооронбай Жээнбеков негедир кашаңдык кылып аткан жокпу? Албетте, саясый эркин көрсөтө алды, а бирок саясаттан башка да орчундуу көйгөйлөргө президент тарабынан көңүл буруулар анча болбой аткандай. 

– Динге ынтызар балдар-кыздар медреседе окуп, билим алганына эч кимдин каршылыгы жок. Бирок алардын шарты, окуу программасы, окуткан дамылалардын (мугалимдердин)  билим деңгээли кандай экени белгисиз? Бишкектеги Кыргыз Ислам университети жаңылбасам ачылгандан 14 жылдан кийин гана кесиптик билим берүү тармагында билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук берүүчү лицензия алган. Демек, 2018-жылдан баштап гана мамлекеттик үлгүдөгү диплом бере баштайт. Андай болгондо Билим берүү министрлигинен окуу программасы бекитилиш керек эмеспи! Университетте дүниябий сабактар окутулса, Ислам университетинин ректору Марс Ибраев былтыр июлда берген интервьюга караганда, быйыл окутула баштаса керек. (Азыр ректор аалым Абдышүкүр Нарматов го). Ал жөнүндө маалыматты Интернетте тапканым жок. Эгерде болочок молдокелер Кыргызстандын тарыхы, кыргыз адабияты, маданияты, дүйнөлүк тарых, маданият тууралуу жок дегенде бир семестр окушпаса, анда кантип элибиздин тарыхын, маданиятын кайдан билет? А медреселердин көбүнүн окуу шарты тээ бир кылым мурдакыдай десем болот. Жерде сопоюп отуруп окуган балдарды көргөндө ушундай ойго кетет экенсиң аргасыздан. Кызыгы, окуу программаларын мындай кой, лицензиясы жок эле балдарды окутуп жаткан медреселер бар экени Булан институтунун изилдөөсүнөн көрүп аябай таң калдым. Анан да алардын финансылык булактары кулпу артындагы сыр. Эгер биздин диний жетекчилик-муфтият президент Сооронбай Жээнбеков баштаган коррупция, жемкорлукка каршы күрөшкө салым кошолу, биздин колубуз андай арам иштерге булганган эмес десе, муфтияттын, Ислам университетинин, медреселердин  эсеп-кысабын ачык жарыялабайбы! Аалымдар кеңешинин арааны жүрүп турган лидерлеринин жана азыркы муфтийдин заңкайган үйлөрдү кайсы дараметине салгандары жөнүндө массмедиада көп эле айтылды. Өзүң да бул маселеге кайрылгансың. Бирок алар кабагым-кашым деп коюшкан жок жана кулак сыртында калтырышууда.

Академик А. Какеев, коомдук ишмер А.Акматалиев, «Булан» институтунун негиздөөчүсү Ч.Орозобекова

Бул го бул… А орто мектепти бүтө элек балдардын медресе окуп жатканын кандай түшүнсө болот? Медреселерде башталгыч класстардын балдары курагындагылардын да окуп жаткан учурлар бар. Мунун баары биздин өлкөнүн “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына сыйбаган көрүнүштөр. Себеби мыйзамда “Жалпы башталгыч жана жалпы негизги мектепте окуу Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн милдеттүү” деп айтылат. Бул 9-классты бүтпөгөн балдар медреседе окуусуна тыйуу салынат деген эмеспи! Мунун баарына жергиликтүү бийлик жана тийиштүү мекемелер көзөмөл жүргүзүп, мыйзамга ылайык чара көрүшү керек ко.

Муну көргөндө “өлкө ичинде өзүнчө падышалык барбы? Аларга эмне башка окуу жайларга тиешелүү мыйзамдар иштебейби?” деген суроо жаралат. Анан да кылган иши мыйзамсыз экенин билип туруп, аны жасаган күнөө эмеспи?

Жаш баланы бир гана диний догманын негизинде жана дүниябий предметтерди окутпай тарбиялоо анын дүйнө таанымын чектеп, диний постулаттарга же шариатка туура келбеген көз карашты кабыл албаган инсанга айлантат. Анын биринчи жемишин да көрбөдүкпү. Өзүбүздүн эле кыргыздарды – “динбузар” же “башка динге чокунуп кеткен” дешип, маркумду киндик каны тамган айылында жерге бердирбей, алтурсун мүрзөдөн чыгартып салган учурлар болбодубу. Айыл өкмөттөрү жана райакимдер мындай учурда жергиликтүү бийликтин эгеси экенин унутуп, тилден калып, бейтарап позицияны ээлеп, “көрбөдүм, укпадым, билбедим” дегенсин калышпадыбы?

– Байкашымча, дин жаатындагы башаламандыкты Орозбек Молдалиев Мамлекеттик дин боюнча комиссияны жетектеп турган учурда баарын жолго салып келаткан. Муну диний чөйрөдөгүлөрдүн оозунан да көп уктум, ал эмес кээси «РухЭш» сайтындагы диний теманын тегерегиндеги маектешүүдө да муну көбү бир ооздон ырасташкан. Бирок тилекке каршы, ал киши диний коомчулуктагы коррупциялык иштерге бөгөт коёр механизмдерди ишке киргизер болгондо Абдышүкүр Нарматов менен Чубак Жалиловго окшогон таксырлардын таасири ортодо каскак болдубу, айтор, О.Молдалиевди ордунан козгошту да, анын ордуна бар-жогу билинбеген төрага дайындалгандан бери Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссия иши ың-жыңы билинбеген мекемеге айланды… Менимче, диний башаламандыкты жолго салар Молдалиев Атамбаевдин бийлигине ашка жүк, башка жүк көрүнгөн үчүн ордунан козгогондой туюлат. Себеби Арап өлкөлөрүнөн агып келип аткан акчаларды бөлүшүүдө АШАнын айланасындагы ак үйдөгүлөр баш болуп, табакташ болуп келгендей сезилет мага…

– Менин деле таксырлардын таза иш жүргүзгөнүнөн абыдан шегим бар. Эсиңдеби, О.Молдалиев былтыр сага берген интервьюсунда, сенин Абдышүкүр Нарматов менен Чубак ажынын аттестаттык билими жетишсиз экени чынбы? – деген сурооңо минтип жооп айтып атпайбы: «– 2014-2015-жылдарда имамдарды жана диний окуу жайларды ведомстволор аралык комиссия тарабынан аттестациялоо иштери жүргүзүлгөндө бир казы аттестацияга киргизилбей калат, себеби жогоку окуу жайда билим алууда деген документи күмөндүү болуп чыгат. Ал университет ЖОЖго жаңылыш кабыл алынып калыптыр, туура эмес кылгандар жазаланды деген шылтоо катты жиберет. Буга ачуусу келген казы ведомстволор аралык комиссияга “баланчалардын деле дипломдору жалган алынган” деп кызыраңдайт.

Текшере келгенде бир катар жогорку окуу жайлары диний окуу жайды бүттү деген документтер менен светтик ЖОЖдорго мыйзамсыз алып, алдын бүтүртүп жибергендиги ашкереленет. Себеби Кыргызстанда диний окуу жайлардын дипломдору таанылбайт. Билим берүү жана илим министрлиги атайын комиссия түзүп, текшерткенде дагы бир топ молдолор боюнча фактылар табылат. Министрлик ары-бери ойлонуп, анан дипломдор жокко чыгарылсын деген чечим чыгарымыш болот. Бул чечим аткарыла элек. Ал министр азыр президенттик аппараттын жетекчилеринин бири. Бул фактылар прокуратура органдарына белгилүү.

Текшерүүдө кызык фактылар чыгат: А.Нарматов Египеттен Аль-Азхардын дипломун ала албай келет, бирок анысын билдирбейт. Ислам университетине ректор болуп дайындалып, 16-18 жылдай башкарат. Кой, мен ректор болгонго акым жок дебейт, а түгүл өзү башкарган университеттен диплом алып алат бүтүрдү деп. Аны менен Ош университетинин юридикалык факультетине жогорку билими бар адам катары кабыл алынып, экинчи жогорку билимге деп өтүп, кыска мөөнөттө юрист болуп калат. Ушундай парадокс бизде гана болсо керек: динди алдап, ректор болуп, мыйзамды бузуп юрист болуп, компоюп аалымдар кеңешин башкарып… Мыйзамды ЖОЖ юридикалык факультети бузуп жатканы кандай? Эч бир билими жок адам кантип юриспруденцияны өздөштүрүп, юристтин дипломун алды?

Чубак ажы болсо И.Арабаев университетине Саудия падышалыгынан алган диплому менен кабыл алынып, теология факультетинин магистратурасын аяктаган экен«, – деп  бекер айтты дейсиңби… Так ушул жерде шек жаратаар кеп жатпайбы. Абдышүкүр менен Чубакка окшоп өз билемдигин жүргүзгөн таксырларды ордуна коёр Орозбек Молдалиевдин Мамлекеттик дин иштери боюнча кызматтан алынганы да диний коомчулуктагы коррупциянын башында отурган адамдарга жакпай калды окшобойбу. Ал кишинин кызматтан кеткен себебинен мен ушуга жоромолдойм.

– Бул эч кандай жоромол эмес, Амирбек байке, мен айтайын деген ойдун так үстүнөн түштүңүз. Сиз окудуңуз бекен, жокпу – О.Молдалиевдин «Ислам и политика» аттуу китеби мындан он жыл мурда жарык көрүп, кыргыз коомчулугу ошол китептеги эң орчундуу анализдерге маани деле берген жок. Болбосо ошондой фундаменталдуу эмгекти жараткан Орозбек байкедей аалымдын анализи так бүгүнкү ислам дүйнөсүндөгү саясый оюндардын көшөгөсүн ачып койгон эбак. Китептин аталышын эле карабайсызбы – «Ислам и политика»! Менимче, Кыргызстандагы диний башаламандыкты тизгиндөөгө да ошондой терең анализ бере алган адамдын гана эрки жана дүйнө таанымы жарайт болчу. Тилекке каршы, Молдалиевдин интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн Атамбаев бийлиги пайдалана алган жок. Болбосо бул киши кыска мөөнөттүн ичинде эле Кыргызстандагы коррупция сазына белчесинен баткан муфтият менен диний коомчулукту ырааттуулукка салар жөндөмү бар болчу. Тескерисинче, бул кишини так ошол былгып жаткан диний чөйрөнүн быкы-чыкысына кол салдырбаш үчүн кызматынан четтетип кутулушту. Болбосо…

– Бу киши кызматтан кеткенден кийин да өзүнүн бекем позициясын коргоп, калыстыктан тайбай, Атамбаевдин дарегине бир нече жолу ачуу сындарын да айтып келгенден улам терең урматтайм. Маселен өткөн жылы Атамбаевдин молдокелер жүз грамм сеп этип койсо боло берет, ага шарият жол берет деген дөдөмөлүнө Муфтияттан бир да молдоке үн катпады, ошол эле Чубак ажы менен Абдышүкүр дегени ооз ачып койбоду го. Мына ошондо да Молдалиев үн катты го сенин сайтың аркылуу – «Алкоголь ичимдиктерин ичүүгө мусулмандык канондор боюнча кескин тыюу салынган» деп. Тилекке каршы, бизде бүгүн так ушундай калыстыктан тайбаган, өз позициясы бар адамдарды кызматтан четтетип коюшканы өкүндүрөт.

– Агер азыркы бийлик да Башмыйзамда жазылган светтик өлкөнүн тартибине баш ийбеген таксырларды орду-ордуна койбосо, жакынкы жылдарда булар бирдин ичинен чыга турган түрү бар…

– Олжоке, молдолордун шарияттын негизинде тон бычып, элибиздин эчен кылым карыткан руханий дөөлөттөрүн чанган учурлар болуп жатпайбы. Мисалы, бир ирет Кадамжайда жума намаздан кийин аксакалдар менен сүйлөшүп калсам, алардын  бири улак чапкан күнөө экен, бизге шариатты үйрөткөн дамыла айтты деп жатпайбы. Ошондо жанагы аксакалга: “Анда эмне, жүздөгөн жылдар бою ата-бабаларыбыз күнөө иш кылып жүргөн болобу?” десем, тайсалдай түшүп: “Ээ, үкөм, укканыбызды айтып жатабыз да” деди. Ушинтип отуруп, сөөктү жайга узаткандан кийин сөөк чыккан үйгө маркумду атап, өкүрүп келген жана башка эзелтен келаткан үрп-адаттар акыркы 15-20 жылда акырындап өзгөрүп баратпайбы.

Алла жолуна түштүк дешип, баштан аяк кара кийинген кыз-келиндерибизди көргөндө, булар кыргызбы же арап өлкөлөрүнөн келген меймандарбы деп да ойлоп кетет экенсиң. Бангладештиктердей же пакистандыктардай кийинип, сакалын сапсайтып өстүрүп алган эркектерди көргөндө элибиз генетикалык жактан да өзгөрө баштаган турбайбы деген ой кылт этет. Чоң аталарыбыз сакалын кылдат кертип алышчу. Ушинтип атып улут уңгусунан ажырап калуу оңой эле. Тарыхта андай учурлар жок эмес, бар.  Муну дүйнөдөгү эң чоң уруу пуштундардын  же малайзиялыктар менен индонезиялыктардын мисалынан көрсөң болот.

Эгер биздин медреселер жана Ислам университетти Совет бийлигине чейинки прогрессивдүү мусулман зыялылары түптөгөн жадид усул үлгүсүндөгү окуу программасы менен иштесе, “Баракелде, заман талабына ылайык иштеп жатышкан экен” десек болмок.  Себеби Ысмайыл Гаспыралы (Гаспринский) жана анын санаалаштары негиздеген  медреселерде диний сабактардан тышкары тарых, философия, жаратылышты таануу, логика сыяктуу дүниябий сабактар да окулган. Мындайча айтканда, медреселердин бүтүрүүчүлөрүндө эгер билимин улантуу ниети болсо Россия аймагындагы каалаган университетте же инженердик, же педагогикалык, же айыл чарба кесиптеги дипломдуу адис болууга жолу ачылган.

Орозбек Молдалиев

Орозбек Молдалиев агай жөнүндө жогоруда айттык, азыр да ашыкча болбос. Ал кишини мен тааныбайм. Бирок  абдан билимдүү, шариат канондорун да молдолордон кем эмес, мага десе артык билген, өз позициясы бар, рационалдуу ой жүгүрткөн  адам экенин жазган макалалары, берген интервьюларынан апачык сезилип турат. Албетте, андай өз пикирин коргой билген адамдар талуу маселени коом алдында айтып, чечкенден коркушпайт. А алардын ачыктыгы, өз пайдасын ойлобой, коомдун дени соо болсун деген аракети ажылыкка кеткен чыгымдардын калькуляциясын жана медреселерди каржы булактарын, окуу программаларын ачык айтапай жашырган диниятчыларга, алардын ишин жең ичинен бажарып үйрөнгөн майда жана чоң чиновниктерге жакпайт да.

Бул маселени Орозбек агайдан мурдабы же кийинби – Дин иштери боюнча комиссияны жетектеген илимдүү-билимдүү Каныбек Осмоналиев агай да  ачык эле айтпады беле.

Олжоке, кечиресиң, мен негизги темадан бир аз четтеп кеттим. Каршы болбосоң, оюмду улантайын. Статистикалык маалыматтарды салыштырып отуруп, мындай бир парадоксту байкадым. Анан менде “Кыргызстанда медресе же ислам институтун бүткөн балдардын баары диниятчы болобу?” деген суроо пайда болду. Мына өзүң да абай салып карап көрчү.

Бизде диниятчыларды даярдаган 102 медресе, 7 институт, 1 университет бар. Аларда 6000 студент окуйт. Андан тышкары Египет, Пакистан, Судия, Иордания жана башка өлкөлөрдө бери дегенде 400 адам окуйт.

Коңшуларды алалы.  18 миллион калктуу Казакстанда 1 ислам университети жана 10 чакты медресе бар. Анын баарында 2500 чамалуу студенти бар. Өзбекстандагыдай эле Казакстандын исламий окуу жайларында дүниябий сабактар сөзсүз окутулат. Астана акыркы жылдары чет өлкөлөргө өз алдынча чыгып, Дин башкармалыгынын тизмесинде жок диний окуу жайларда, шектүү медреселерде окуган жүздөгөн жарандарын өлкөгө кайтарып алган. Алар, биз жогоруда кеп кылгандай, элдин көөнө замандан келаткан салт-санааларына ылайыксыз диний таалим-тарбия алып, ошол жакта көргөн-үйрөнгөнүнө казак кыртышына себет экен деген жүйөө менен. Бардык медреселер Казакстандын диний башкармалыгы-муфтият бекиткен окуу программасы боюнча иш алып барышат. Ага баш ийет.

Ал эми 33 миллион калкы бар Өзбекстанда 1 ислам университети, 1 ислам институту жана 9 медресе бар. Анын баарында болуп 1 миңдей студенти бар. Бул окуу жайлардын баарында тең дүниябий сабактар да өтүлөт. Алардын баары Адилет министрлигинен катталган.

Тажикстан эми башка сөз.

Олжоке, эми салыштырып көрөлү. 6 миллион калктуу Кыргызстанда исламий окуу жайлардын саны жана аларда таалим-тарбия алган балдардын саны Казакстан менен Өзбекстандагыдан алда канча көп болуп жатат. Алар беш жылдан окуганда жылына 1000 бала бүтөт. Өлкөбүздө 2600 мечит болсо, үч жылда эле ар бир мечитке үчтөн имам даярдалып калат. А башкалар эмне иш кылат? Кантип нан таап жейт?  Аларды жумуш менен камсыздоо үчүн дагы жаңы мечиттерди ачып, элди тегиз намазга жыгытуу керек болот го. Бул барып, бийликке саясый талап койчу же өкмөт эсептешчү чоң күчкө айланары шексиз.

Ушундан улам Кыргызстан кандай коомду курууга бел байлоодо деген ой жаралат. Менимче, биздин коом азыр дал ушул суроону өзүнө аныктап алыш керек.

– Ушунча маани-маңузду маек куруп бергениңизге ыраазычылык билдирем. Жоопторуңуз да коомчулукту ойлондура турган фактылар менен келтирилди, мисалдарыңыз да абдын арбын болду. Азырынча ушул айткандарыңызды сиңирип туралы…

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *