(1916-жылдын 13-декбары)

Россия империясынын Мамлекеттик Думасы курамында эмгекчилдер фракциясынын өкүлү Александр Керенский жана мусулмандар фракциясынын мүчөсү Кутлу Мухаммед Тевкелев болгон өз комиссиясын Түркстан аймагына жөнөткөн. Мусулмандар фракциясынын катчысы Мустафа Чокай (Чокаев) комиссияга тилмеч-котормочу жана жардамчы катары бекитилип берилген. Комиссиянын иши туурасындагы докладды А. Керенский жасаган.

КЕРЕНСКИЙ: Мамлекеттик Думанын мүчөлөрү, мырзалар. Биз талкууга ала турган окуялар мындан кыйла убакыт мурда болуп өткөн, бирок алардын кесепети ушу кезге чейин тийүүдө, мындан ары да Түркстанда жана Талаа облустарынын гана эмес, бүткүл Россиянын турмушунда да сезиле бермекчи. Бүгүн мен сиздерге Түркстанда жана Талаа облустарында болгон окуяларды документтерге таянуу менен колуман келишинче калыс баяндап бергим келет. Ыраактагы аймакка тиешелүү, биздин мамлекеттин алыскы Азиядагы «чоочундарга» карата болгон саясатына тиешеси бар бул маселеде бизди Россиянын ички мамлекеттик турмушундагы дээрлик бардык маселелер боюнча эки жээкке бөлүп турган көп кырдуу жана татаал пикир келишпестиктер болбойт ко деген ойдомун.

Бул окуялар, мырзалар, экономикалык кыйроолорду гана алып келбей, Россиянын ири облустарындагы бир калыптуу, тынч жашоого кедерги гана болбостон, алар орус да, жергиликтүү калк тарабынан да болгон курмандыктар менен да байланыштуу болуп калды. Бир канча миң орус (2-3) калкы, ондогон миң жергиликтүү калк курмандыкка учурады. Менин алдыма койгон милдетим — үрөй учурган бул окуялардын себептерин териштирүү, алардын Түркстанда келип чыгуусуна себептердин тамырын табуу жана аларды келечекте болтурбоонун алдын алуу. Мырзалар, силердин эсиңерде болсо керек, 1916-жылдын 25-июнунда № 182 Жогорку буйрук жарык көрүп, ал өкмөттүн 1916-жылдын 6-июлундагы мыйзамдаштыруу жана буйруктар жыйынында жарыя кылынды. «Армиянын иш аракеттери жүрүп жаткан жерлерде коргоо чептерин жана аскер байланышын уюштуруу иштери туурасында» деп аталган бул Жогорку буйрукта Империянын «19дан 43 жашка чейинки» башка улуттардагы эркектери аскерге тартылган. Мырзалар, мен адегенде эле бул Жогорку буйрук мындай тартипте чыгууга тийиш эмес болчу деп айткым келет. Мен бул Жогорку буйруктун өзү Россия Империясынын негизги мыйзамынын «орус букаралыгындагылар «мыйзамга ылайык гана» күнөөсү үчүн жазаланууга милдеттүү» деп айтылган 71-беренесин бузганын айткым келет. Бул жарлыкта реквизиция (мажбурлап алуу) жөнүндөгү мыйзамдын 87-беренесине шилтеме жасалган, бирок шилтеме таптакыр туура эмес. Жарлыктын өзүндө деле аскерге алынуучулардын жаш курагын жана кеңири эрежелерди аныктоону «реквизиция жөнүндөгү мыйзам тартибине карата» иштеп чыгуу айтылган.

Чындыгында эле, эгерде сиздер 1914-жылдагы аскер ведомстволору боюнча реквизиция жөнүндөгү мыйзамдын 137, 138, 139 жана андан кийинки беренелерин алып карасаңыздар, анда реквизациялоо эрежелеринде 25-июндагы жарлыкта каралган учур алдын ала каралбаганын көрөсүңөр. Реквизициялоо жөнүндөгү эрежелер аскер башчыларына жана армиянын жергиликтүү начальниктерине биринчиден, жумуштарга бардык жергиликтүү калкты, тактап айтканда, жер-жерлердеги аткарылчу жумуштарга так ошо «жергиликтүү калкты» жана экинчиден, бардык калган калкты мажбурлоо иретинде тартуу укугун берет. Чынында эле биз фронтто жана жакынкы тылда окопторду казууга, тосмолорду орнотууга жана чептердеги коргонуунун башка курулуштарын курууга мажбурлоо иретинде тигил же бул жумуштарды аткаруу үчүн «бардык жергиликтүү калк» чакырылган учурлар болгонун билебиз.

Бул жерде да жергиликтүүлөр мындагы иштерге ушул жерде жашаган тургундар катары эмес, армиянын начальнигинин же алтургай, аскер министринин буйругу менен эмес, так башка улуттагылар сыпатында бүткүл Россия Империясы боюнча тартылган. Мындай болгон соң, анда ишке тартуу, башкача айтканда, башка улуттагылар деп аталган орус жарандарынын бүтүндөй бир «катмарына» жаңыча баш ийүүнү жүктөө 71-беренеде көрсөтүлгөн гана тартипте, башкача айтканда, мыйзамдуу жол менен ишке ашырылууга тийиш эле. Ошондуктан 6-июлда чыккан жарлыктын өзүнүн мазмуну өкмөттүн мыйзамдаштыруу жана буйруктар жыйналышында жарыя кылынууга тийиш эмес болчу. Ошондой эле Өкмөттүк Сенат, негизги мыйзамдарды бузуучу катары аталган Жогорку буйрукту жарыялоону токтотуп коюуга милдеттүү болучу.

Андан тышкары, мырзалар, Негизги Мыйзамдын 93-беренесинде Жогорку бийликтин жаңы мыйзамдары же жаңы жарлыктары жер-жерлерде кандай тартипте ишке кириши жана аткарыла тургандыгы так аныкталган. Анда жер-жерлерде өкмөттүн бул же тигил «мыйзамы» өкмөттүн мыйзамдаштыруу жана буйруктар жыйналышынын тийиштүү номери ошол жерге келип түшкөндөн кийин гана иштей баштаары айтылган. Эгерде өкмөт бул чараны чукул тартипте ишке ашыруу зарыл деп эсептесе, анда бул мыйзамдын өзүндө өзгөчө көрсөтүлүшү керек.

Чынында эле, алтургай, согуш учурунда Жогорку башкаруу иретинде армиялардын жергиликтүү башкы командачыларынын жана командачыларынын укуктары кеңейтилген болсо, анда 1914-жылдын 29-августундагы Жогорку жарлыктын 5-пунктунда: «Ушул жарлык телеграф боюнча аткарууга алынсын» деп айтылган. Ошол эле мезгилде 25-июлдагы Жогорку буйрукта мындай пункт жок. Жергиликтүү бийлик бул Жогорку буйрукту 93-беренеде каралган шарттардан тыш аткарууга киришүүгө укугу жок болчу. Министрлер кеңешинин Төрагасы жана ички иштер министри болсо телеграф аркылуу июндун аягында эле, башкача айтканда, өкмөттүн мыйзамдаштыруу жана буйруктар жыйналышында жарыя кылынганга чейин «телеграфтан» жергиликтүү бийликтерден 25-июлда чыккан Жогорку буйруктун тезинен жана кыйшаюусуз аткарылышын эч бир талап кыла алмак эмес.

Дегеле мырзалар, бул Жогорку буйрукту «аткарууну» жергиликтүү бийликтерге жөнөтүшкөн ички иштер министри жана Министрлер Кеңешинин төрагасы Жогорку жарлыкта айтылгандарды так аткарууну өзүлөрүнүн милдети деп эсептешкен эмес. Жогорку буйруктун 2-пунктунда: «Жумуштарга тартылууга жаткан башка улуттагы калктын жаш курактарын жана аны менен катар аларды жумуштарга тартуунун кеңири эрежелерин аныктоо үчүн Аскер Кеңешинин 1914-жылдын 3-августундагы бекитилген Жогорку пикиринде камтылган тартипке карата ички иштер министринин жана аскер министринин макулдашуусу сунушталсын» деп айтылган. Жогорку буйрукту тезинен аткаруу боюнча телеграф аркылуу буйрук беришкен ички иштер министри жана Министрлер Кеңешинин Төрагасы, жана ошондой эле аскер министри Жогорку жарлыктын 2-пунктун аткарышкан эмес. «Ички иштер министри менен аскер министринин макулдашуусу боюнча аныкталган мындай кеңири эрежелер» алиге чейин жок, жана азыркы учурга чейин Жогорку буйруктун 2-пунктунда бул мажбурлап иштетүүгө баш ийдирүү үчүн башка улуттардан кайсы курактагылар тартылууга тийиш экени көрсөтүлгөн эмес.

Ошентип, мырзалар, сиздер көрүп турасыздар: 25-июндагы бир гана Жогорку буйрукту турмушка ашырууда бузууга мүмкүн болгондун баары, Россия империясынын негизги да, негизги эмес да мыйзамдары бузулган. Бул факты, бул учур абдан мүнөздүү, анткени мында силер министрлердин негизги мыйзамдарга карата тоготпостогун, алардын өлкө кызыкчылыктарын жана мүдөөлөрүн толугу менен четке кагып жатышканын гана эмес, өзүлөрүн Россия Империясындагы бийлиги чектелбегендер деп санашканын, алардын министрлик өктөмдүгүнө эч кандай чек жок экенин көрүп турасыздар. Алтургай, алар Жогорку бийликтин эркин так аткарууга да өзүлөрүнүн милдеттүүбүз деп эсептешпейт.

Эгерде мырзалар, 25-июндагы Жогорку жарлыкты мына ушундайча турмушка ашыруудан кийин эч бир кесепеттер болбогондо, эгерде ириде бул жарлык өзүнө кандайдыр бир логиканы, жашоонун талаптарына шайкештикти камтыган болсо, эгерде мындан кийин өлкө башынан өткөргөн арты жаман кесепеттер болбогондо, анда биз иштин мындай ыкмасына, Жогорку буйрукту мындай аткарууга, өлкөнү мындайча башкарууга жол берүүгө болбойт деп айтканга толук укуктуу болмокпуз. Эгерде сиздер мындай жарыядан жана бул жарлыкты турмушка ашыруудан кийин эмне болгонун элестетсеңиздер, анда мырзалар, балким, буга күнөөлүүлөрдү алыстан издөөнүн деле кажети жоктур, мүмкүн алар алда канча жакын чыгаар жана бул жарлыкты чыгарган күнөөлүүлөр ошолор болуп жүрбөсүн?!

Россия империясынын мыйзамдары канчалык начар болбосун, бирок аларда маалым бир логика, белгилүү бир маани бар. Маселен, мыйзамдарда турмуштук мүнөздүү шарттарга ээ, өзгөчө тартиптеги башкаруудагы калкка карата жаңы чараларды жарыялоодо айрым өзгөчөлүктөр каралган. Учр. Миндин 2015-беренесинде айтылган «генерал-губернатордун карамагындагы аймактагы жалпыга пайдалуу жана казыналык мүлккө тиешелүү шарттарды жакшыртуу үчүн кабыл алынган чаралар» генерал-губернатордун «алдын ала суратуусу жана кортундусу» боюнча кабылдангандай сезилет.

Учр. Мин. — Мында министрликтерди түзүү жөнүндөгү Манифест – Россия империясынын тармактык башкаруу органдарынын ишин жөнгө салган 1802-11-жж. министрлик реформанын биринчи актысы назарда тутулат. Акт 1812-жылдын 8-сентябрында император Александр I тарабынан чыгарылган., — авт.

Ошондуктан мыйзамдык же административдик тартипте бекитилүүгө киргизилген мындай чараларды кабыл алууда жергиликтүү бийликтин бул жаңы чара жөнүндөгү пикири кеңири баяндалуусу зарыл. 205-берене да аткарылган эмес. Жогорудагы  айткандарга дагы кошуп кетерим, мырзалар, жергиликтүү бийликке да, Түркстандын генерал-губернаторуна, Талаа облусунун жана башка бардык губернаторлорго, жергиликтүү администрацияларга, калкка да бул жарлык төбөгө жаап келген кардай күтүүсүз болду. Мындай ири маанилүү чараны өткөрүп жатып, «Сиз муну мүмкүн деп эсептейсизби, мүмкүн деп эсептесеңиз, анда муну кандай тартипте жана качан аткаруу керек, кимди чакыруу керек, жергиликтүү шарттар олуттуу опуртал келип чыкпасы үчүн кандай өзгөчө чараларды көрүүнү талап кылат» деп адегенде жергиликтүү бийликтерден сурап койгонго жарашкан эмес. Мырзалар, Түркстан жана Талаа кыргыз облустары – бул Тула же Тамбов губерниялары эмес да.

 

 1925-жылга чейин казактарды кыргыздар деп аташкан

Буларга англистер же француздар өз колонияларына караган сыяктуу караш керек. Бул өзүнө мүнөздүү турмуштук, экономикалык жана саясый маңызга эгедер өзүнчө бир чоң аалам. Жогорку орус башкармалыгында мамлекеттик кадыресе акыл эс бир аз болсо да бар чакта Сперанскийдин тушунда кабыл алынган эски мыйзамда чет жакаларды кайсыл жолдор жана каражаттар менен башкаруунун жолдору каралган эле. Мына ушундай шарттарда 25-июнда пайда болуп, б.а. кол коюлуп, 29-июнда жер-жерлерге жарлыкты жылаңач түрүндө тезинен аткарууга телеграф аркылуу кабарланган. Телеграммада: «25-июндагы Жогорку буйрук тезинен аткарылсын жана тийиштүү жумуштарга 19 дан 43 жашка чейинки жергиликтүү калк чакырылсын» деп айтылган.

Мамлекеттик Думанын мүчөлөрү, мырзалар, бул жерде отурган баарыңарды, партиялык ишенимиңер жана көз карашыңар боюнча айырмалабай туруп сурагым келет: эгерде Тамбов же Москва губернияларында талаа жумуштары кызуу жүрүп жаткан маалда жаңы чара кабыл алынып, анда эмгекке жарамдуу эркектердин баарын белгисиз бир жактарга жөнөтүү талап кылынса, менин сиздерден сураарым, Мамлекеттик Думанын мүчөлөрү, мырзалар, Тамбов жана Тула губернияларында жарабаган же акылга сыйбаган бул чара аткарылат беле, эгерде аткарыла баштаса, анда анын кесепеттери Тамбов губерниясында кандай болмок?! Мырзалар, анда бул кесепеттер Түркстанда жана Талаа облустарындагыдан көрө алда канча ири өлчөмдө болмок деп айта алам.

Ички иштер министри гана эмес, Министрлер Кеңешинин Төрагасы (Бул министр баса, азыркы орус министри деген түшүнүккө камтылган сапаттары менен гана эмес, андан тышкары, өзү башында турган мамлекетти башкаруу тартибинде да таң каларлык түркөйлүгү менен айырмаланат. Мисалы, Түркстанга жиберилген телеграммада: бул чараны аткаруу бүткүл Түркстанда дегеле жок «бөтөн башкарууга» тапшырылсын деп айтылган) да кол койгон бул жарлыкты алган жергиликтүү администрациянын абалын элестетип көрүңүз.

Эмесе, аталган жарлыктын маанисин элестетип көрүү үчүн жарлыктан кийинки болуп өткөн окуялардын өнүгүшүнөн бир мүнөткө алагды боло туруп, бул Жогорку жарлыкты жарыялоо алдындагы Түркстанда жана Талаа облустарындагы абалды көз алдыбызга элестетип көрөлү. Өкмөттө отургандар да, жакында эле аскер деңиз комиссиясында да эч нерсеге негиздебей туруп, мен ананыраак кеп кыла турган «кыймыл» «даярдалганын», муну «панисламисттик, немистик» же дагы кандайдыр бир башка пропаганданын натыйжасы дешүүдө. Анда эмесе, мырзалар, мен айтып коеюн, Жогорку буйрук жарыяланаар алдында Ташкенде, бүткүл Россияда Түркстан жана Талаа генерал-губернаторлугундай тынч маанайлуу, кандайдыр бир коркунуч туудурган аймак болгон эмес. Мен муну фактылар менен ырастап бере алам. Ошо кезде, мырзалар, согуштун жүрүшүндө орус аскерлери Түркстанга эмес, Түркстандан ташылып турду го.

Мен бардык жергиликтүү акимдерден, албетте, сөздүн тике маанисинде «баары» дебейин, бирок, мындайча айтканда, бардык рангадагы жана даражадагы  өкүлдөрдөн сурамжылап көрдүм, кийинчерек болуп өткөн ошол кыймылдан жабыр тарткан жергиликтүү калктын өзү менен да сүйлөштүм. Алардын баары бир ооздон Жогорку жарлык жарыя кылынган учурга чейин бул окуялардын Түркстанда жүз берүү мүмкүнчүлүгүнө кенедей да жышаан байкалбаганын айтышты. Маселен, Жызакта өлтүрүлгөн уезддин начальниги Рукин калк ичи тынч экенине ушунчалык ишенгендиктен, ага Эски Шаарда башаламандыктар болуп жатканын айтышканда ал жакка жөө, алтургай, колуна кылыч да албай, болгону сүрөткө тарта турган аппараты менен тилмечтин коштоосунда барган. Анткени бул «толкундоолордон» өзүнө кандайдыр бир коркунуч жаралышы мүмкүн эмес деген ишенимде болгон. Кийинчерек мен ооруканадан жолугуп сурамжылаган ошол эле уезддеги орус аялдары: акушерка, айылдык мугалим согуш жүрүп жаткан учурда Түркстан аймагынын алыскы жерлеринде, эч кандай коргоосуз тургай, жанында караан болоор бир орус эркеги жок, жергиликтүү калк ичинде жашашкан.

Мындан тышкары, мырзалар, согуштун жүрүшүндө баштан аяк жергиликтүү калктан реквизициялык алымдар — аттар, арабалар, төөлөр чогултулуп турулган. Калк колунда болгонун аянбай берген, акча чогултуп, реквизиция жүргүзүү учурунда аларга: «Көбүрөк бергиле, анткени согуш учурунда силер мындан башка жаза тартпайсыңар» деп кулактарына куюп турушкан. Мына менин алдымда жергиликтүү акимдин колу коюлган, согушка кеткен орус келгиндеринин үй-бүлөлөрүнө айыл чарба жумуштарын аткарып берүү иретинде 100 000 рублге барабар жардам көрсөтүү боюнча отчет жатат. 100 000 рубль абдан эле аша чапкандык ко. Отчет мындайча аяктайт: «Ошону менен бирге комиссия курмандык жасагандардын кайрымдуулугуна, айрыкча маданияттуу жашоодон абдан алыс, негизи фронтко кеткен коргоочулардын бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүүнүн бардык оорчулугун өз моюндарына алышкан жарым жапайы көчмөндөрдүн кайрымдуулугуна жаркын үмүт байлабайт».

Бул кийинчерек аң-сезимдүү түрдө «Россия Империясына каршы чыккынчылык кылууну жана козголоңду ойлонуп» жүргөндөргө айлантышкан ошо «жарым жапайы көчмөндөр» туурасында айтылууда. Бул эми пландуу жана системалуу түрдө он миңдеп аёосуз кырып жатышкан көчмөндөр. Мен, мырзалар, бул документти силерде ырайымдуулук ойготуш үчүн окуп жана согушка кеткендерге жардам көрсөткөндүктөрү үчүн алар кыйла кунт коё жасалган мамилени талап кылат деп айткандан алысмын, — мен үчүн бул далил эмес, мен ар бир жаран эмнеге кандай мамиле кылбасын, мыйзамдын коргоосунан пайдаланууга укуктуу деп эсептеймин. Мен муну сиздерге ал жакта тылдын канчалык терең болгондугун, чынында эле ал жакта канчалык тынчтык жана бейпилчилик өкүм сүрүп тургандыгын көрсөткүм келет.

Ошондуктан эмнеге капысынан эле 29-июнь күнү жарлык келип түшөт да, анан 7-июлда алгачкы башаламандыктар чыгып кетет? Алардын чыгышына кандай негиз, эмне түрткү болду? Мен сиздерге кескин түрдө жана таптак жооп берейин: Түркстанда болуп өткөндүн баарына себепкер мыйзамсыз Жогорку буйрукту жарыялаган жана аны мыйзамдын жана укуктун жөнөкөй эле нормаларын бузуу менен мыйзамсыз тартипте ишке ашырган борбордук бийлик гана болуп саналат. Гүлдөп турган чет аймакты бүлүндүргөн күнөөкөрлөр да, жергиликтүү калкка ичинде ачкачылыктын башталышына  шарттарды жараткандар да мына булар (өкмөт отурган тарапты көрсөтөт) болушту. Согуштун бардык фронтторуна жаңы Түркстан фронтунун кошулушуна күнөөкөрлөр да ушулар, мырзалар. Силер менин жарлыктын мазмууну туурасындагы айткандарымды элестетип көрсөңөр, анда ал жер-жерлерге жеткенде аякта эмне болгонун жана дагы эмнелер болору сиздерге апачык болуп чыга келет.

Бирок жарлыкта айтылгандардан тышкары жергиликтүү элдин турмуш-тирилиги, эконмикалык шарттары деген бар да. Жер-жерлерде эч бир даярдыксыз, талкууга алынбай ишке ашырылган Жогорку жарлык жергиликтүү калктын турмуш тартибине ушунчалык карама-каршы келгендиктен чынында турмушка ашырылышы эч бир мүмкүн эмес эле, жадагалса, эч бир мүмкүн болбогон, таптакыр ылайыксыз учурду тандап алышкан. Бул маалда Түркстанда гана эмес жердин баарында эле айыл чарба жумуштары кызыган учур болот жана ал жергиликтүү шарттарга ылайык, августта эмес, октябрдын этегинде аяктайт. Ал жарлыкта көрсөтүлгөн «19дан 43 жашка чейинкилер» талааларда, бактардагы жумуштарда жүргөндүгүнөн гана эмес, бул учур – мусулмандардын жылына бир келчү улуу майрамы – орозо өтүп жаткан маал эле. Бул учурда бүт мусулман калкы күн чыккандан күн батканга чейин – жайкы күндүн кандай узак болорун сиздер жакшы билесиздер – эчтеке ичпейт, жебейт, түнкүсүн гана сыйынып, тамак ичишет. Бул абдан маанай чыңалган учур, бардык мусулман калкы түп көтөрө өзүнүн диний муктаждыгын аткарууга баш оту менен кирип кетчү, түн бою уктабай, өзүнүн диний салттарын аткаруу менен алектенген мезгил.

Анан да мырзалар, назарыңыздарда болсун, Түркстанда аялдын абалы таптакыр башкача. Түркстанда эркектерсиз айыл чарбасы токтоп, үй-бүлө муктаждыкка кептелет, анткени жергиликтүү аял Россия империясында гана ушундай абалда кала турган дүйнөдөгү бирден бир аял, ал тышкы дүйнө менен карым-катнаш жасоо мүмкүнчүлүгүнөн таптакыр ажыраган, жадагалса, көчөдө да бетин-башын толугу менен чүмбөттөп жапкан өзгөчө кийимчен жүрөт, ага ар кандай чоочун эркек менен сүйлөшкөнгө тыюу салынган. Ошондуктан эркектери жок калган үй-бүлөлөрдө түшүм жыйнаганга, пахтаны базарга жеткирип сатканга таптакыр мүмкүнчүлүк жок калат. Мен мырзалар, бул жарлыкты өзүнө абдан оор алган жергиликтүү калктын билдирген калган башка себептерин тизмектеп отурбайын. Эгерде бул чаралар адегенде жер-жерлерде тыкыр ойлонулуп, жергиликтүү адамдардын жана ал жердеги бийликтердин пикирлерин эске алуу менен жүргүзүлгөндө, анда азыркыдай «түшүнбөстүктөр» болмок эмес.

Бул жарлыкты алган Түркстандын генерал-губернаторунун милдетин аткаруучу аймактагы бардык губернаторлорду жыйынга чогултуп, анда бул чараны кантип ишке ашырууну талкуулашкан жана аны аткарууга мүмкүн эмес деген тыянакка келишкен. Бирок орус чиновнигине мыйзамдан көрө начальнигинин буйругу өтүмдүү, анысы эмне десе оозунан чыгаар замат аткарат эмеспи. Бийликтин жергиликтүү өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн бул чоң кеңешмеде бир гана губернатор, генерал Гиппиус жарандык эрдик жасап, өзүнүн өзгөчө пикирин айтып чыгып, бийликтин акылга сыйбаган бул буйругуна баш ийбей турганын билдирген. Гиппиус: “Мындай маанидеги жана мындай тартипте өткөрүлгөн чара ойдогудай ишке ашышы мүмкүн эмес: сиздер, мырзалар, аны кантип ишке ашыруудан көрө, калкты кантип тынчтандырып, жана бул чарадан улам келип чыга турган кесепеттер менен кандай күрөшүүнү ойлонгула”,- деп айткан бирден бир губернатор болгон.

 Генерал Гиппиус муну гуманист катары жасабаганы түшүнүктүү (аскер адамы жана гуманист болуу – бири бирине коошпогон нерселер), болгону ал муну акыл-эс калчай билген мамлекеттик адам катары, өз чоңдоруна караганда алда канча мамлекеттик адам катары жасаган.

Ал мына ушундай өзгөчө пикир билдирип, өзү башкарган Ферганада да генерал-губернатордун буйругун аткаруудан баш тарткан жана бул чараны ишке ашырууну өзү билгендей тартипте жүргүзөндүктөн, ал жакта башка облустардагыдай, мисалы, Жети-Суудагыдай башаламандыктар болгон эмес. Бул кылган иши үчүн Гиппиус накта орусча ыраазычылык алган – кадыресе туура иш туткан жана өзүнүн жарандык, акимдик парзын жакшы түшүнгөн жападан жалгыз бул адам жогорку бийликтердин Жогорку жарлыгын аткаруудан баш тарткан делинип, тез арада кызматынан четтетилген.

Июндун башында бардык губернаторлорго, приставдарга, уездердин начальниктерине жана башкаларга «окоп казуу жумуштарына» алына турган эркектердин тизмесин тезинен түзүү буйругу берилген. Мырзалар, бардык эркектерди кайдагы бир окопторго, аскерге алып кетет экен деген имиштер, маалыматтар калк тарабынан – мында жергиликтүү бийликтердин да катышы бар экени түшүнүктүү —  таптакыр туура эмес кабыл алынган. Муну, мырзалар, жергиликтүү калк фронтко окопторду казууга жана орус аскерлеринин алды жагындагы коргонуу чептерин даярдоого алынат экен, башкача айтканда, колунда куралы жок жергиликтүүлөр атышып жаткан немистер менен орустардын огу астында калат экен деп түшүнүшкөн. Бул чараны окопторго гана эмес, «салдатка» алуу үчүн кабылданган деп түшүнүшкөнүн мен колумда турган бир документ менен тастыктап бере алам. Калкты аскерге чакырууну жарыялап жаткан кызмат адамы: жергиликтүү калкты тезинен «салдатка алуу үчүн» тизмелерин түзгүлө деген; Талаа облусунун генерал-губернатору генерал Сухомлинов болсо менин бул айткандарымды өзүнүн: «Мага маалым болгондой, жергиликтүү калк арасында кыргыздарды биз менен душмандын ортосундагы согуш жүрүп жаткан алдыңкы чектер турган тилкелерге окоп казууга алынып жатканы жана ошондуктан кыргыздар аргасыз эки тараптын огу астында кала тургандыгы жөнүндө имиштер таратылууда» деп айткан өзгөчө жарыясы менен тастыктап турат.

Калк арасында жүрүп жаткан мына ушу имиштерди генерал-губернатор төгүнгө чыгарган. Бирок сиздер, мырзалар, орус калкына кайсы бир акимдин төгүндөөсүнүн канчалык маани бар экенин билесиздер да! Талап кылынган аскерге чакыруу тартиби Жогорку жарлыкта алиге чейин айтылбаса, жергиликтүү адамдар эмне үчүн жана кайда алынып, кай жакка жибериле турган чараны ошол жердеги бийликтердин өзү калкка кантип түшүндүрүүнү билбей турган чакта айрым адамдар таратып жаткан имиштер менен эмес, мына ушундай жарыя аркылуу калк массасын толук ээлеп алган жалпы ишеним менен кантип күрөшүү керек эле? Жадагалса, опурталдуу башаламандыктар болуп өткөн жер Жети-Суу губернаторунун расмий органы толкундоолордун себептерин аныктап жатып, алардын бири катары орус адамдары жергиликтүү калкты «кыжырдантып», кыргыздарга аларды окопторго алып кетишерин, ал жакта куралы жок буларды өлтүрүшөөрүн, «чочконун этинен» тамак беришерин ж.б. у.с. айткан сөздөрү болгонун айтат.

Бирок мырзалар, бул имиштер Жогорку жарлык жарылангандан кийин жер-жерлердеги болуп өткөн иш-аракеттерге салыштырмалуу экинчи даражадагы ролду ойношту. Мен сиздерге Жогорку буйрук окуялардын бирден бир себеби болгонун айттым жана бул буйрукту аткаруу мүмкүн эмес экенин, жана ал жер-жерлерде аткарылбаганын тастыктагым келет. Ошондой эле бул Жогорку жарлык, мырзалар, мында, Петербургда каралгандай тартипте эч бир жерде аткарылган эмес. Жергиликтүү бийлик бардык жерде мажбурлап алуу системасынан, «милдеттендирүү» системасынан салык менен алуу системасына өтүүгө тийиш.  Түркстандын генерал-губернаторунун милдетин аткаруучу генерал Ерофеев, балким, мыкты аскер башчыдыр, бирок акылы анчалык терең эмес бул аким өзүнүн буйруктарынын биринде, жадагалса, фронтко баруу милдетинен «пара берип кутулган» деп жергиликтүү адамдар жөнүндө ушинтип эле жазган.

Администрациялардын иш -аракеттеринен улам жер-жерлерде башталган мына ушундай соодалашмайлар жергиликтүү элдин кыжырын ойготкон. Администрациялардын болсо кылгандары бул, таптакыр аткарууга мүмкүн болбогон буйрукту колго алгандан кийин жергиликтүү акимчилик мунун төбөгө “алтын жаан” жаадырган, болуп көрбөгөндөй баюунун  даңгыр жолу экенин, элдин жонунан каалагандай кайыш тилген кирешенин жаңы булагы экенин илгиртпей түшүнүшкөн. Жогорку жарлыкты минтип соодага айлантмай, «оңтою келип турганда» бапырап байып кетүүгө умтулуу жер-жерлерде чектен чыккан тартипсиздикти жараткан. Мен, мырзалар, айрым бир учурларга токтолуп отурбайын, Петровдун, Ивановдун, Сидоровдун күнөөлөрүн да четинен тизмектеп сиздерге айткым келбейт – мартабалуу палатанын көңүлүн бургудай булар анчалык чоң адамдар эмес, бирок мен өкмөттүн кабыл алган, паракорчулук жана опузалап акча дооламай боюнча күнөөнүн баарын эң эле төмөнкү жергиликтүү акимчиликке оодара салып жаткан божомолуна чечкиндүү каршы экенимди билдирем. Бул, мырзалар, таптакыр туура эмес.

Жергиликтүү акимчилик — «миңбашы», башкача айтканда, айыл башчылары, «аксакалдар» ж.б. буга чейин эле алар менен коюн-колтук алышып, так ошолор аркылуу элди эзип байыган орус администрациясынын колундагы тыңчылар гана болушкан. Бул туура, анткени мындай орус администраторлорунун ичинен көптөрү кызматынан алынган жана Түркстан генерал-губернатору Куропаткиндин буйруктарынын биринде болуп көрбөгөндөй кулач жайган бул көрүнүш туурасында түз эле айтылат – мен силерге азыр «эң эле кыжырды келтирген бир катар паракорлук жана акча дооламай» туурасында атылган бул буйрукту таап берем.

 

 Куропаткин А.Н. (1848-1925) — Борбор Азияны басып алуунун катышуучусу (1866-1883),   в 1890-1897 –жж. Закаспийск облусунун начальниги, 1898-1904 –жж. аскер министри, Биринчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу.   1916-жылдын июлунан 1917-жылдын мартына чейин Түркстандын  генерал-губернатору.

Мунун чын экенин мен Ташкент менен Жети-Суудагы, Фергана менен Самаркандагы, Түркстан менен Талаа облустарындагы жергиликтүү калктын толкундоолору бир эле убакта, тизмелерди түзүү учуруна дал келгендиги менен ырастай алам. Ооба, мырзалар, силер орус администрациясын кантип эле билбейсиңер, «Махмудканын» (мында жергиликтүү тургун ушундайча аталып жатат – ред) жаш курагы кандай экенин өзү каалагандай аныктоо мүмкүнчүлүгү колуна тийген формачан чиновник Иванов же Петровдун эмне кыла тургандыгынан кантип шек санайсыңар! Силер назар салып карагыла, анда үй-бүлөлүк тизмелер жок – Түркстанда аскердик баш ийүү киргизилген эмес, ошондуктан ким 19да, ким 18де, ким43тө, ким 53тө, же 45те, ким 30да, ким 48де – аныктоого мүмкүн эмес. Муну көз менен карап туруп эле аныкташкан. Кимдин канча жашта экенин жергиликтүү администрация сыртынан карап аныктай баштаганы эмне жорук экенин силер түшүнөсүңөрбү?

 Сарттар — оазистердеги отурукташкан калктын өзбек бөлүгү, өзбек улутун түзгөн үч этностук топтун бири.

Мындай баамчылдыктан алар чөнтөктөрүнө канча акча солошкон жана 60ка келген абышка (бирөөсүн мен өзүм көрдүм) тизмедеги «катачылыктан» улам 30да болуп калганын, анткени ал 300 рубль төлөй албаганын, ал эми 20-30 жаштагы балакай бай болгон үчүн 50дөгүлөрдүн катарына кирип калганын түшүндүрүүгө курулай далбаса урган жергиликтүү калк канчалык жабыр тарткан. Жергиликтүүлөрдүн бизге келип түшкөн арыз-муңдарында алар жергиликтүү акимчиликти атоо менен гана чектелишкен эмес. Бирок көрүнгөн эле адамды эч бир жазасыз, ит аткандай атып жатса, кайсы сарт же кыргыз аскер полицей формасын кийген «төрөгө», жергиликтүү «кожоюнга» даттанууга даай алмак?

Бурчка камалган, жүрөкзаада болуп бүткөн, террор менен басмырланган бул массанын абалын сиздер көз алдыңыздарга элестете аласыздарбы! Сиздер бардык эркектерин тартып алып, өзүлөрүн ачкачылыкка жана ит минген турмушка кириптер кылышкан аялдардын абалын элестете аласыңарбы! Ошондуктан 5-июлда Хоженттеги болуп өткөн алгачкы баш аламандыктарды, жандарм бийлигинин бир өкүлү мага айткандай, «аялдар козголоңу» деп бекеринен аташкан эмес. Жергиликтүү аялдар мен айтып кеткендей, бир да чоочун эркекке көрүнүүгө укугу жок болсо да көчөгө паранжасыз чыгышып, өзүлөрүн казак аттарынын бут алдына таштап, ачкадан өлгөнгө мажбурлагандан көрө өлтүрүп салгыла деп жалбарышкан (сол жактан чыккан ҮН: «Шерменделик»). Билесиздерби, бул бир да орус адамы жабыркабаган Жызак уездин кошпогондо, бүт Түркстандагы бардык сарт облустарындагы биринчи кыймыл болгон. А жабыр тарткандар кимдер? Жанагы эле уезд начальнигин буйруктарын аткарып, жергиликтүү калкты тоногон эң ылдый даражадагы тыңчылар, миңбашылар, б.а. айыл башчылары, «тизмелерди» түзгөн волостук катчылар жабыркашты. Эл агылып келип, мыйзамсыз түзүлгөн катары бул тизмелерди жок кылууну, опузалап акча дооламайды токтотууну талап кылган. Жаңы генерал-губернатор Куропаткин келгенде, тилеккке каршы, мунун баары абдан эле кеч моюнга алынган, фактылардын баары аныкталган. Ошентип, Түркстандагы окуялардын тарыхын билген ар бир киши толкундоолордун себеби башка нерседен эмес, жарлыктын өзүнөн жана аны аткаруунун ыкмасынан гана келип чыкканын моюнга алышы керек. Бул чараны аткаруу тартибин өзгөртүү боюнча чаралар кабыл алынаар замат, жергиликтүү калк менен аздыр-көптүр ымалага келип, алардан эмне талап кылынаарын жана муну кантип жасоо керек экенин жөндөп түшүндүрүп баштаар замат толкундоолор жоголуп, бул жерде, Петербургда айтып жаткандай, «көтөрүлүш» токтогон. Эмнеликтен?! Эгерде жергиликтүү терең себептер, эгерде кутум болсо, эгерде «чет элдик таасир» болсо, анда эмне үчүн бул толкундоолор жарлык менен кошо тутанып, Штюрмер мырзанын сандырак буйругу иш жүзүндө жокко чыгаары менен тык токтогон?

 

 Штюрмер В.В. (1848-1917) —1916-ж. 20- январында Министрлер Советинин төрагасы И.Л.Горемыкиндин ордуна дайындалган.

Мырзалар, Түркстандагы окуялардын келип чыгышына жарлык жана анын аткарылышынан гана башка себептер болбогонун далилдеген менин баяндамама адан ары терең сүңгүй бербей эле коюуга уруксат этиңиздер. Эгерде мына бул жактан (Өкмөт отурган тарапты көрсөтүп) кимдир бирөө менин айткандарыма каршы чыгып көрчү болсо, анда мен колумдагы фактылар менен алардын айткандары туура эмес экенин акыр аягына дейре далилдейм.

Мында биз Александр Федорович менен (башка себептер болбогону боюнча) макул боло албайбыз жана доклад жарыкка чыккандан кийин көз карашыбызды негиздеп бермекчибиз. Айрыкча бул Жети-Суудагы түпкүлүктүү калктын жерлерин массалык түрдө тартып алууга байланыштуу. Керенскийдин комиссиясы Жети-Сууга жеткен эмес. Анын сапары Петроград — Жызак — Самаркан — Андижан — Кокон — Ташкент — Петроград багытында болгон.

Мен айткандай, Түркстандагы баш аламандыктардын келип чыгышына алып келген бул «борбордук актыдан», тышкары анын «аткарылышы» болгон. Жарлыкты аткаруу опузалап акча алуулар жана соттук коркутуп үркүтүү менен жүргүзүлгөнүн мен сиздерге айттым. Калктан ала тургандын баарын шыпырып алышкандан кийин акча доолап алуунун экинчи айлампасын башташкан. Бийликтерге каршылык көрсөтсөңөр өлүм жазасына чейинки сот жообуна тартабыз деген коркутмай менен жергиликтүү калктан да анча-мынча нерселерди өндүрүп алууну чечишкен. Ошол жарым жапайы көчмөндөрдүн жана абдан маданияттуу жергиликтүү сарттар менен орустардын сот менен куугунттукка алуудан кутулуунун баасы канчалык экенин айткандарын угуу абдан уят эле, мырзалар, абдан осол эле.

Сиздердин эсиңиздерде болсо керек, биз мына ушул жерден туруп дашнактүтүн деп аталган улуу иш башталганда ондогон миллионерлер менен байлардан акча алуу үчүн аларды түрмөлөргө отургузган Кавказда кандай система практикаланганын айтып берген элек. Ошол эле система, ошол эле ыкма Түркстанда да колдонулган, майда шаарларда, же Наманган менен Кокондо ар кайсы аймактардан ташылып келинген миңдеген адамдар жынысына, жаш курагына карабай түрмөлөрдө отурушкан. Жакшылап пара бергендер гана чыгып кете берген. Кийинчерек, Түркстанды башкаруунун «жаңы мезгили» деп аталган учур башталганда чаралар кабыл алынып, көптөр бошотулган. Бирок массанын аң-сезиминде анын баштан өткөргөн азап-тозогу көптөгөн жылдарга, балким, ондогон жылдарга кала берген! Жана бул бизге, орус мамлекеттүүлүгүнүн, орус маданиятынын өкүлдөрүнө, кандай партияда экенинен айырмасы жок, орус чиновниктеринин орус маданиятын жергиликтүү калктын көз алдында жерге тепсеп, аны шылдыңдап, ага акарат келтиришкени үчүн абдан эле уят болушу керек.

Мырзалар, чектен чыгуулар жана баш аламандыктар мына ушул сандырак жарлыктан жана аны аткаруудан келип чыкканын мен айтып өттүм. Жергиликтүү калк, демейде эл массалары толкугандай эле толкуган. Бул коркутуп үркүтүүдөн үрөйү учуп, бурчка камалган аргасыз, нараазы адамдардын, аларды мындай бактысыздыкка кириптер кылган себептерди түшүнбөгөн караңгы, билимсиз адамдардын стихиялуу түрдө көтөрүлүп чыгуусу болгон! Бир туруп бул жерде, бир тигил жерде тутанып жаткан кыймыл бардык эле стихиялуу кыймылдай эле болду, мындай Россияда да болбоду беле. Каардануунун жетер чегине жеткен масса бийликтердин чектен чыккан мыйзамсыздыгына дайыма ушундай эле бир ыкма менен жооп берет. Бул маданияттуу да, маданияты жок да мамлекеттерде орун алып келе жаткан ыкма. Мындай учурда массада акыркы акыл-эс, сабырдуулук деген жокко чыгат. Ал жулунуп жуткунуп, жолундагынын баарын талкалап кирет, кишилерди өлтүрөт, анан эмне болгонун, эмне кылганын өзү көрүп үрөйү учат да тым-тыракайы чыгып, артка качат, карасаң, баягы каардуу караламан топтун карааны да калбайт!

Түркстандагы жергиликтүүлөрдүн баш аламандыктары мына ушундайча болгон. Бирок бул башаламандыктарга акимчиликтер жана орус мамлекеттик бийлиги маданияттуу европалык мамлекетте гана эмес, жадагалса, чыгыш өкүмзордугу өкүм сүргөн кайсыл жерде болбосун жол берилгис пландуу жана туруктуу террор менен жооп берип турган! Эми бизге « түрктөрдүн Армениядагы жырткычтыктары» туурасында; «немистердин Бельгиядагы жырткычтыктары» туурасында айтуу абдан эле оор болот, андан тышкары, Жети-Суунун тоолорунда болуп өткөндү, балким, буга чейин дүйнө жүзү көрбөгөн чыгаар!

Мырзалар, сарттар отурукташкан ылдыйдагы өрөөндүү облустарда орус калкы бир гана Жызак уездинде жабыр тарткан, ал жерде чынында эле курмандыктар болуп, жүзгө жакын адам жабыркаган. Булар тоо тараптан Жызакты көздөй келатышкан көчмөндөрдүн көчкүсүнө Жызактын ар кайсы жерлеринен кабылган эркектер жана аялдар эле. Алар курман болушту. Бул «уюштурулган козголоң» эмес экени, биздин сырткы душмандар тарабынан даярдалган да козголоң эмес экени мындан көрүнүп турат – мен башта айтып өткөндөй, жабыр тарткандар окуялар башталаардан бир нече күн мурда эч нерсе билишкен да, эч нерседен кооптонгон да эмес. Мен сурамжылаган бир аялдын айтымында, алар калк ичи тынч эмес экенин саналуу күн мурун гана байкашып, көчүп кеткилери келген. Алар калктын толкуп баштаганын кандайча байкашканы да мүнөздүү, мырзалар. Муну алар бир фактыдан билишкен: Замын кыштагындагы догдур аялга сабалган, жаракат алган жергиликтүү адамдар көп келе башташкан. Аялдын айтымында, кыязы, алар тоодон түшкүчөктү эле кандайдыр бир маселеден улам өзүлөрүнүн ортосунда катуу чыр-чатак чыккан сыяктанат. Мындай кармаш, мырзалар, Ферганада да, Жызакта да, Жети-Сууда да болгон: бул байлар менен кедейлердин ортосундагы күрөш болгон.

Расмий да, расмий эмес да маалыматтардан улам аныкталгандай, Жызак шаарында да, кыргыздардын арасында да толкундоолор ишке тартылбай калгандар үчүн кан төгүүгө бара турган адам үчүн төлөнүүгө тийиш болгон баа маселесинен улам келип чыккан. Жергиликтүү байлар менен калган калк арасында талаш чыгып, эл берилчү кундун салыгы жергиликтүү тургундун оокатына жараша бөлүнсүн десе, орус администрациясы менен байлар болсо салыкты түтүн башына чегерүүнү жактап чыгышкан. Кайсы бир кыштакта бай соодагерге же жер ээсине 10 же 50 сом төлөп коюу түккө турбаган иш болсо, кедейлер (мага Ферганадагы майда насыя берүү менен алектенген инспектор ырастагандай) акыркы уюн же колдогу болгон оокатын – пахта айдаган алакандай жерин жергиликтүү сүткорлорго айына 30-40 пайыздык үстөк менен күрөөгө беришкен. Мына ушундай негизде кун төлөө зарылдыгынан улам калктын төмөнкү жана жогорку катмарынын ортосунда социалдык жоолашуу келип чыккан, акимдердин байларды колдоого алуусу чор тамандардын каарын орус администрациясына да оодарган. Жызактын өзүндө да мына ушундайча болгон, мырзалар. Шаардагы башаламандыктар жергиликтүү калк менен байлардын ортосундагы кагылышуулардан улам келип чыккан. Кийинчерек, ал жакка барган уезддин начальниги Рукинди акыл эсин жоготкон масса тытып, жанчып салган.

Бул башаламандыктар, мырзалар, кокустан болгону Түркстандын жана Талаа облустарынын бүткүл мейкиндигинде жергиликтүү калк тарабынан эч кандай курал даярдалбаганы байкалгандыктан улам көрүнүп турат. Алардын колунда болгону бир нече эски, милте менен от койчу мылтыктар, андан кийин токмок, союл, шиш катары колдонууга боло турган ж.б. темирден жасалган буюмдар болгон. Жети-Суунун өзүндө гана башаламандыктар күч алган кезде кыргыздардын карамагына Жети-Суу облусунун кайсы бир алыскы уезддик шаарынан курал тартып келаткан унаадан тартып алынган бир нече мылтыктар өткөн. Андан тышкары, Жызакта жергиликтүү калк тоодон өрөөнгө түшүп келатып жабыр тарткан токой күзөтчүлөрүнүн бир нече мылтыктарын тартып алышкан. Албетте, башаламандыктар күчөгөн учурда чет жактан диний үгүт иштерин жүргүзүү аракеттери болгон, мисалы, мусулмандардын өзгөчө уюмунун өкүлдөрү – эшендер тарабынан жалпыга таанымал диний идеяларды жайылтуу аракеттери болгон, булар саясий маанидеги эмес, орус адамдарын зомбулуктан куткаруу идеялары болгон. Бирок мындай аракеттер болгону эки-үч гана жерде, бирок ал да Жогорку буйрук чыккандан кийин жүргүзүлгөн.

ТӨРАГАЛЫК КЫЛУУЧУ: Мамдуманын мүчөсү Керенский, сиздин мөөнөтүңүз бүттү (ҮНДӨР: Суранабыз). Мамлекттик Дума узартсынбы? (ҮНДӨР: суранабыз).

КЕРЕНСКИЙ. Бизге «панисламисттик» үгүт жүргүзүү аракети болгон, ал жакта «немис тыңчылары» болушкан дегендерге мен өзүмө анык болгон, кыйла кызыктуу эки учурду айтып бергим келет.

 

 Биз бул жерде да Александр Федоровичтин («немис тыңчылары») айткандарына кошула албайбыз жана өзүбүздүн көз карашыбызды доклад жарык көргөндөн кийин негиздеп беребиз.

Түркияга согуш жарыяланганда, жергиликтүү – аскердик эмес, күзөт бөлүмү Петербургка жана жергиликтүү генерал-губернаторго жергиликтүү калктын Россия Түркия менен согуша тургандыгына абдан «чыңалуу» менен мамиле кылып жаткандыгын жана ар кандай «опурталды» күтүүгө ыктымал экенин кабарлаган. Мындай опуртал болгон жок, бирок мындан көп жылдар мурда айтылуу «андижан эшенинин козголоңу» өткөн, жергиликтүү пахтачылыктын борбору саналган Андижанда акыры панисламисттик үгүтчүнү табышты. Үйүндө, панисламисттик уюмдун мөөрү басылган, панисламисттик кыймылдын пайдасына кайыр төлөөгө чакырган, төлөбөсө өлтүрүлөөрү менен коркуткан жергиликтүү тилдеги үгүттөөлөр табылган ошол жерде жашаган миллионер колунан кармалып, аердеги күзөтчүлөр, администрациянын айрым бөлүгү салтанатка бөлөнүп жатып калышкан. Бирок администрациядагылардан бирөө бул окуяга ишенген эмес, ал каршы иликтөө жүргүзүүнү дайындаган жана анын жүрүшүндө бул үгүттөр жергиликтүү күзөт бөлүмүнүн тыңчыларынын биринин үйүндө (ҮНДӨР: мыкты экен, дайыма ушундай болот) басылганы жана сакталып турганы аныкталган. Бул агент орус болгон, аты жөнү Тимофеев болсо керек эле, ал өзүнүн мына ушундай чыгармаларын байдын үйүнө катып келген. Түркстандагы «панисламисттик үгүттү» ушундайча жаратууга аракеттенишкен, мырзалар.

Жыйын Н.В. Некрасовдун төрагалыгы астында уланат.

 

 Некрасов Н.В. (1879-1940) — Кадеттер партиясынын БКнын мүчөсү (1907-1917-жж.), Мамдуманын 3-4 –чакылыштагы депутаты, 1916-ж. 6- ноябрында 4- думанын төрагасынын орун басары болуп шайланган.

КЕРЕНСКИЙ. Өз мүдөөлөрүн көздөгөн бул анык мамлекеттик кылмышкерлер, бул чыныгы чыккынчылар өзүлөрүнүн мындай үгүтү жагымдуу бир кыртышка түшүп калуусу ыктымал экендигин, жергиликтүү калк муну чынында эле панисламисттик үгүтчүлөр тарабынан келип жаткандай кабыл алчу болсо, эгерде жергиликтүү калкта бул идеялар жана кыймылга умтулуучулук чындап эле күчтүү болгондо, анда анын кесепетери кандай болорун ойлоп да коюшкан эмес!  Же балким, мырзалар, бул жерде, Петроградда отуруп алып жер-жерлердеги башаламандыктар туурасында кыйкырып, рапорт жиберип жаткандар, чынында балким, өзүлөрү калпты айтып жатышкандарын, ошончүн мына ушуга окшогон көз боемочулукту коркпой этпей эле жасап жатышкандарын абдан жакшы билишет чыгар.

Эми бул кыймыл башталган маалда, тагырак айтканда, ал Ташкентте аяктаган учурда булар «чет элдик державалардын» аракеттери бар экенин аныктагылары келип калышты. Ташкенттин өзүндө дээрлик бардык жергиликтүү элдик соттор – казылар камакка алынган. Аларга авган эмири менен «кылмыштуу» кат алышкан деген айып тагылган. Бирок бул судьяларды бат эле бошотууга туура келген, бул каттарды болсо алысыраак катышкан, анткени бул жерде да каттардын мазмууну Андижандагы панисламисттик козголоң туурасындагы үгүт болуп чыккан. Мына ошондуктан, мырзалар, министрлик орунда отургандардын Түркстандагы панисламизм жана оюндар, бизге душман державалар туурасындагы силерге кайталап жатышкан жомокторун угуп жатып муну бир билгиле: булар силерди алдагылары гана келет, өзүлөрүнүн күнөөлөрүн оору баштан соо башка гана эмес, чексиз азапка баткан башка оодарып салгылары келет! Думада ички иштер министрлигинин өкүлү, имиштерге караганда, кыргыз жоокерлеринин башында «түрк генералы» турганын эрдемсип айтып чыкты. Бирок мырзалар, бул маалымат күлкүнү гана келтиргендиктен, аны жокко чыгарып убара тартуунун да кереги жок, анткени кыргыздар ким экенин, алардын Түркияга, деги эле мусулманчылыкка болгон мамилеси кандай экенин билген ар бир адам, мындай окуя дегеле болушу мүмкүн эмес экенин ошол замат түшүнөт!

 

 Түрк аскер адамдары болушкан жана алардын айрымдары өз эрдиктери туурасында даректүү баяндарды да чыгарышкан. Бирок бул туурасында ананыраак.

Мен мырзалар, чектен чыккан окуялар болгонун, айрым жерлердеги, алтургай, Пржевальск менен Жаркентти кошпогондо – эмне үчүн экенин мен башка жерде айтам — Жети-Суудагы башаламан нараазычылыктан орус калкынын салыштырмалуу анчалык чоң эмес топтору жабыркаганын төгүнгө чыгарбайм. Орустар тараптан курмандыктар бирин-экин гана болгон. Жызактагы башаламандыктар учурунда ал жакка үч түрлүү куралчандар -жөө аскерлер, артиллерия жана атчандардан турган жазалоочу отряд келген да анын начальниги тиги-бул багыттардагы бардык жергиликтүү кыштактарды өрттөп, жынысына, жаш курагына карабай калкты тыптыйпыл кырууга буйрук берген. (ҮН: Шермендечилик).

 Куралдын түрлөрүнөн делинип аскерлердин түрү айтылууда.

Эмчектеги балдар кырылган, карыялар, кемпирлер кырылган (ордунан тура калган ШИНГАРЕВ: Булар жапайылар!,- деп кыйкырса, РОДИЧЕВ: «Өлкөнүн сыймыгы ушуларбы!»,- деп нараазыланды.

Шингарев А.И. (1869-1918) — кадеттер партиясынын БК мүчөсү (1908-ж. тартып), Мамлекеттик Думанын 2-4 –чакырылыштагы депутаты.

Родичев Ф.И. (1853-1932) — кадеттер партиясынын лидерлеринин бири, анын БК мүчөсү, Мамлекеттик Думанын 1-4 – чакырылышынын мүчөсү. Үчүнчү Думанын 1907-жыл 17-ноябрындагы жыйналышында дарганы «столыпиндик галстук» деп атаган. Премьер-министр П.А.Столыпин буга ушунчалык ыза болгондуктан Ф.И.Родичевди дуэлге да чакырган, бирок кийин аны кечирген.

Жызактагы башаламандыктар 13-июлда болсо, бул буйрук 3-августта жарык көргөн! Менин колумда жазалоочу экспедициянын 3-августтагы буйругунун түп нускасы турат, кайталап коеюн, караламан топтун чектен чыккан башаламандыгынан дээрлик бир айдан кийин чыгарылган, — мен ал жердеги урандыларда, бир канча миңдеген, 10 000ден ашуун (ҮН: 2000), ооба, 20 000 жергиликтүү калк жашаган жерде болдум, баарын өз көзүм менен көрдүм – бул буйрукта эгерде жергиликтүүлөр үч күндүк мөөнөт ичинде, б.а. 6-августка чейин бардык уезддердеги адам өлтүргөндөрдү таап бербесе, мындайча айтканда, жүздөгөн чакырымдагы мейкиндиктердеги жана жетип болбос тоолордогу «адам өлтүргөндөрдү таап бербесе, анда бардык калк шаардан аёосуз куулуп чыгарылаары» айтылат. 6-сындабы, 7-си күнүбү, бул буйрукту аткаруу эртең менен замбиректен ок атуудан башталган, дээрлик кары-картаңдардан, аялдардан, балдардан турган бул масса тамак-ашы жок үйлөрүнөн куулуп, суусу бар жерге эмес, уезддин тереңиндеги ээн жерлерге айдалган, шаар болсо пландуу түрдө, толугу менен тыптыйпыл жок кылынган.

 Ондук — аянтты ченөө өлчөмү, болжолу менен 1,09 га.

Мен мырзалар, Батыш жана Кавказдык эки фронттордо болгон кезде да Россиянын курамына кирген, орус шаары эсептелген Жызак сыяктуу шаардай мынчалык идеалдуу талкаланган душмандын шаарын көргөн эмесмин. Бирок алар муну менен гана чектелип калышкан эмес, мырзалар, Түркстандын генерал- губернатору Жызак шаарындагы жергиликтүү калктын, кыязы, 900 ондук жерди ээлесе керек эле – шаардын жана анын тегерегиндеги аянттардан турган бардык жерлерин тартып алуу жөнүндө буйрук чыгарган.

Бул жерлер тартылып алынып, калк күнөөсү бары жогуна карабай, өз жерин пайдалануу укугунан ажыратылган. Эми Жети-Сууда да ушундай иш кылынууда. Эми силер (оң жакка кайрылып) башкача кылууга болбойт эле дейсиңерби? Кылмышкерди гана эмес, анын мураскерлерин да соту жок, териштирбей туруп, кыймылсыз, кыймылдуу мүлктөн ажыратуу укугу кайсы россиялык мыйзамдарда бар?! Бул россиялык кайсы мыйзамдарда жазылган?  Жана мырзалар, эмнеликтен эгерде бул жерде агрардык же еврейлик башаламандыктар болсо, алардын курмандыктары да ошондой эле болсо, анда тартып алуулар жүргүзүлбөйт?! Алар жүргүзүлбөйт да, анткени бул жерде канткен менен коомчулуктун пикирин көзөмөлдөө деген бар.

Силер «ушундай кылыш керек эле» дейсиңер. Силер биздин душмандар болгон германдар менен түрктөрдүн кылып жаткандарына кандайча нараазы болот алат элеңер?! Бельгияда жарандар кыймылсыз мүлккө болгон укугунан ажыратылганын силер кай жерден уктуңар эле?! Душмандар эмес, акылы жок бийликтин чектен чыккан мындай жоругунан өзүбүздүн жарандар жабыркап жатканын силер кай жерден көрдүңөр эле?! Мырзалар, мен силерге – Жызакта гана эмес, Тайтөбө, Ташкент уезди сыяктуу орустар тараптан курмандыктар болбогон Түркстандын ылдый жактарындагы шаарларда бул жазалоочу экспедицияны коштогон талап –тоноо, зордуктоолор, адам өлтүрүүлөр, карактоолор туурасындагы үрөй учурган нерселерди айтпай эле коёюн. Караламан топтун эки кишиге карата чектен чыккан жоругу үчүн эки жүз адамды кырат деген көз карашты кайсы мамлекеттүүлүк, кайсыл мамлекет тутунат?! Оң жакта отурган силердин араңарда «ошондой болушу керек эле» деп кыйкырган крестчендер көп экен! Силер, жадагалса, библиялык эмес, деги кандай экенин да билбейм (ОҢ ЖАКТАН ызы-чуу: ЯКУБОВИЧ ата: Бул калп)…

ТӨРАГАЛЫК КЫЛУУЧУ: Мамлекеттик Думанын мүчөсү, Якубович ата, сизден оратордун сөзүн бөлбөөнү суранам, антсеңиз мен тыюу салуу чарасын көрүүгө аргасыз болом.

КЕРЕНСКИЙ: Кыргыздар көрүп жаткан азапка салыштырганда сарттардыкы кеп эмес. Мен окуялардын чоо-жайын баяндап силерди талыктырбай эле коеюн. Бирок ишенип коюңуздар, эгерде керек болсо, мен баарын А  Zке чейин далилдеп берем. Ошол эле себептер кыргыздардын кыймылын жаратты, ошол эле себептер ошол эле кесепеттерге алып келди. Бирок ал жакта, акыркы маданий борборлордон алыста, темир жол жок жактарда, каалаганды жасаган жактарда, бул чектен чыгуулар, тилекке каршы, орус калкынын бир бөлүгүнө карата да болуп көрбөгөндөй кулач жайган. Жакында эле бул жерде жер иштетүү министри бизге айтып бергендей, орустун мектеп окуучулары жергиликтүү калк тарабынан жок кылынган. Мен муну билем. Бул абдан кайгылуу, мырзалар. Бирок ушундай эле балдарды акыл-эсинен ажыраган топ эмес, бийлик пландуу түрдө жана жайбаракат кырып жатканына кантип кыжырың келбейт?!

Орус калкы эки уездде — Пржевальск жана Жаркентте жабыркаса, кыргыз калкына карата аша чапкандык Жети-Суунун бардык калган уезддеринде болуп жатпайбы. Уезддердеги жабыр тарткан орус жарандары, негизинен жергиликтүү турмушка тиешеси жок адамдар:   бүткүл россиялык жайкы мал каттоого жиберилген статисттер, сугат иштеринде иштеген студенттер болушкан. Бийликтин өзүн сестенткен толкундоолор учурунда маалда, бийликтин өзү аларды унутуп калган. Бийлик, мырзалар, айрым орус адамдарын коргоого алуу үчүн да, кыргыздарга бул жарлыктын маңызын түшүндүрүү боюнча да эч кандай чараларды кабыл алган эмес.

Мисалы, Беловодск айылында 500гө жакын кыргыздарды волостко алып келишип, аларды андан ары уезддик шаарга жөнөтүү үчүн тизмесин түзүшкөн. Бирок жергиликтүү орус калкына бул кыргыздарды коргоонун кажети жоктой көрүнгөн жана бул куралы жок, орус калкынын арасында өз ыктыяры менен жүргөн кыргыздардын басымдуу бөлүгүн таяк, таш менен уруп жок кылышкан. Калгандарын уезддеги Пишпек шаарына алып барышкан да начальниктердин көзүнчө ошол эле күнү кечкисин чиркөө аянтында, кинемотографтын музыкасынын астында кырып салышкан.

Луговой айылында болсо солдаттардын отряды отурукташкан жергиликтүү орус тургундары менен кыргыздардын куралы жок чоң тобун курчап алып, аткылап, союл менен сабап, асканын астынан агып жаткан дарыяны көздөй кууган жана аларды ошол жакка чөктүрүп салышкан.  (ВОЛКОВ: Бул бир үрөйдү учурган балекет го).

 Волков Н.К. (1875 — ?) — кадеттердин партиясынын БК мүчөсү, Мамлекеттик Думанын 3-4 – чакырыштарынын депутаты.

Чакан шаарча Токмокто генерал Фольбаум тарабынан жиберилген жазалоочу отряддын начальниги, көзү өтүп кеткен Соколов-Соколинский деген неме кыргыздарды «бардык айылдар жана бардык калк жок кылынсын» деген буйрук менен жоошутуш үчүн Токмокко келип, бүт орус интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн көзүнчө төрөсүнүн буйругун «мыкты» аткарганын айтып мактанган; жадагалса, анын баатырлары да кокусунанбы же “тамашалаппы”, дайралардын биринен өтүп баратып, тынч болуштуктан «барымтага» алынган кыргыздарды «чөктүрүп» салышкан.

 Фольбаум М.А. (1866-1917) — генерал-лейтенант, Жети-Суу облусунун аскер губернатору жана Жети-Суудагы казак жоокерлеринин башкы атаманы (1908-1917).

Мырзалар, сиздер муну ашыра чапкандык деп жатасыздарбы?! Мына, Жети-Суунун тоолорундагы жакында болуп өткөн окуялар расмий гезитте кандай эпикалык жайбаракаттык менен баяндалганын угуп тургула: «Козголоңчулар, албетте жазага кириптер болушту, аскерлер миңдеген кыргыздарды кырып салышты (сол жактан чыккан ҮН: Шерменделик). Алардын конуштары жок кылынууда, алардын жайнаган мал жандыгы аскерлердин, администрациянын колуна өтүүдө. Бул гана эмес. Аскерлердин комбинациялаштырылган операцияларынын негизги жыйынтыгы мында, азыр козголоңчулар көп өтпөй сууктан, ачкачылыктан улам өзүлөрүнүн акылдан адашкан көтөрүлүшүнүн кесепеттерин толугу менен сезе турган не бир тоолуу райондорго камалган (сол жактан ҮНДӨР: Шерменделик). Алардын ал жактагы кууралы, жапырт оору-сыркоого кабылып атышканы туурасында маалыматтар эмитен келе баштады, бирок аскерлерге душманды аябоо туурасында буйрук берилген» (Сол жактан ҮНДӨР: Тапкан экен душманды). Силер бул эпикалык адабияттын бүт мазмуунун түшүнөсүңөр. (ҮНДӨР: Бул кайсы гезит экен?).

Жергиликтүү расмий гезит. Эгерде силер ал жакта эмне болуп атканын түшүнсөңөр, анда «орус аскерлеринин комбинациялашкан күчтөрү» капчыгайларга кууп киргендерди кимдер деп ойлойсуңар? Аларды куралдуу козголоңчулар дейсиңерби, чын эле душман деп ойлойсуңарбы?! Жок мырзалар, булардын баары болгону жарлык жарыя кылынып, башалмандыктар башталган учурда түп көтөрүлө, бүтүндөй уруу –уруулары менен өрөөндөн баш калкалоочу жай издеп тоолорго бет алган, жаңы мекенин Кытайдан тапкысы келген кыргыз аялдарынан турган калк. Алардын көтөрүлүшү пассивдүү көтөрүлүш болгон. Алар ырайымсыздык көргөн эски мекенин таштап, Кытайга өтүп кетүүнү гана каалашкан. Ошентип өрөөндөн агылган кыргыз калкынын калың катмары дарыялардан акырындык менен тоолорго көтөрүлгөн жана Россиядан кетүүгө умтулуп, өтүүгө боло турган капчыгайларга топтоло берген; аскерлердин комбинациялашкан аракеттери мына ушул жерде жүргүзүлүп, аялдар, балдар, чоң кишилер жана карылар суука тоңуп, ачкадан өлгөнгө дуушар болушкан.

Анан ушундан кийин караңгы, наадан, чүнчүгөн, бизден алыстагы, мен айткандын баарын башынан өткөргөн жергиликтүү калк кээде сабыры түгөнүп, кыжыр келтирген аракеттерди жасаганын, анан ошол замат эле кайра өзүлөрү жандары ачып өкүнүшкөнүн кантип айтып, аларга кантип айып тагабыз?! Биз чынында эле орус тарыхынын шерменделик барактарынын, жууса кеткис так калчу барактарынын алдында туруп бул туурасында кантип кыжырданбай кое алабыз? Көтөрүлүштү тынчтандыргандан кийинки Жызакта угулган иштердин биринде болгон аскер-прокурордук көзөмөлдүн өкүлү Ташкенттеги үйүнө кайтып келгенден кийин: «Биз уятыбыздан жерге кирип кете албай турдук, биз Россиянын тарыхынын шерменде барагын көрдүк!» деп туура айткан.

Мырзалар, чечкиндүүлүгү жана аткарылышы жагынан болуп көрбөгөндөй мыйзамсыз бул чаранын кандай кесепеттери, кандай натыйжасы болгонун эми элестете бергиле. Балким, бул жерде, Думада отургандардын ою боюнча алыстагы жергиликтүү калкты жалпы жарандыкка кошо турган бул чараны аткаруу керек болгон чыгаар, бирок бул чара калкты кордоого жана зомбулукка, орус мамлекети үчүн шерменде көрүнүшкө айланып кетти жана эстен кеткис кесепеттерди алып келди. Бул эми, мырзалар, экономикалык гана эмес, саясий да мааниге ээ болот. Болуп өткөндүн баары жергиликтүү калктын алдында, балким алар буга чейин өзүлөрүнүн караңгылыгынан жана алыстыгынан улам түшүнүгү болбогон орус мамлекеттүүлүгүнүн башка жагын ачып берди.

Алар эми, мырзалар, жергиликтүү калк европалык мамлекеттин атынан башкарган орус администраторлорунун бухаралык менен түрктүн кеңкелес төрөлөрүнөн мыкты эмес, алардан да жаман экенин түшүнүштү. Ал жакта калкты кырып жоготуунун мындай өркүндөтүлгөн ыкмалары жок да! Ал жакта, Бухарада мисалы, Кудайга шүгүр, азырынча пулеметтор жок, он миңдеген тынч калкты, аялдарды жана балдарды эки –үч апта ичинде кырып жибере турган туруктуу аскерлер жок! Мырзалар, биз сар-санаа болуп жаткан натыйжа ушул. Түркстанда эмне болот, мен айта албайм. Мен бир гана нерсени билем, саясий кесепеттерден тышкары, балким, буларды (өкмөт отурган жакты көрсөтүп) кызыктырбайт да чыгаар, окуялардын экономикалык кесепеттери да сезиле баштады.

Болуп өткөндүн баарысы, менимче, биздин алдыбызга алда-канча олуттуу жана маанилүү маселени коёт. Мырзалар, мен айыпсыз адамдардын канын төгүү акыры барып адилет жазасын алышы керек деген ойдомун. Бул бизде, жок дегенде, өзгөчө жоопкерчилик сезимин ойготууга тийиш, анткени мунун баары биздин, орус калкынын атынан, Россия элдеринин атынан жасалбадыбы. Биз мырзалар, бул башкаруу системасы Европадагы мамлекеттин тынч жашоо үчүн гана жараксыз эмес, бул алыскы азиялык талааларда да мүмкүн эмес болуп чыкты, жадагалса, ал жакта да бул система эл душманына айланды, ага баш ийгендер үчүн үрөй учурган коркунуч жана болуп көрбөгөндөй жазалоо болуп саналат.

Биз кыдырган учурда жергиликтүү калк элестеткен орус мамлекеттүүлүгү, орус ишмерлери жана Мамлекеттик Дума деген, балким, жок болуп жүрбөсүн дегендей мамилени байкаганыбыз туурасында сиздердин эсиңиздерге сала кеткибиз келет. Биз жолдош Тевкелов экөөбүз болуп, жергиликтүүлөр менен сүйлөшкөн бардык жерлерде бир гана нерсени – аларды курчап тургандын баарынан үрөй учурган коркууну жана алардан алыс турган кандайдыр бир нерсеге болгон терең ишенимди көрдүк.

 Тевкелев К. Б. (1850 — ?) — Уфим губерниясындагы Белебеев уездиндеги дворянствонун башчысы.  1905-жылдан баштап кадеттердин Уфимдеги уюмунун мүчөсү; Думанын бардык төрт чакырыгынын депутаты, мусулмандар фракциясынан.

Алар бизди булар баарын көрүштү, билишти, эми муну бирөөгө айтып барат деп ойлошту. Алар ойлогондой, сиздерге, Мамлекеттик Думанын мүчөлөрүнө айтат дешти да. Өзүлөрүнүн баёо түшүнүгүндө алар бул жерде, бул жыйында аларга жардамга келе турган орустун башка бир мамлекеттик ишмерлери, башка бир мамлекеттүүлүктүн башаты бар деп ойлошот. Мына бул зордукчулдарга кан төгүүдө карапайым калк массасынын айыбы жок экенин, бул мыйзамды жана укукту аттагандардын күнөөсү экенин айта турган адамдар бар деп ойлошот. Мында мени, мырзалар, бул караңгы калктагы түрк султанына же башка бир чет элдик тыңчыларга карата эмес, тагдырлары байланган бизге, орус мамлекетинин өзүнө болгон баёо ишенимдин тереңдиги жана баёо суктануу таң калтырды. Биз аларга силердики туура дедик, Россияда башка максаттарга алып барчу идеалдарга кызмат кыла турган башка адамдар бар деп жооп айттык. Биз башкарган адамдардын кордугун көргөн аларга тагдырын байлаган элге ишенимди жоготпоолорун, биз да алар менен өз элибиздин эркиндиги жана бактысы үчүн күрөшүп жатканыбызды айттык.

Эми, мырзалар, бизде өз элибиздин алдында гана эмес, орус мамлекеттүүлүгүнүн оор чынжыры менен бириктирилген бизге бөтөн элдер жана улуттар алдында да улуу жоопкерчилик жатат. Түркстанда болгон окуялар биздин алдыбызга мындан ары мындай окуялардын кайталануу мүмкүнчүлүгүн түп-тамырынан бери жок кылуу зарылдыгы туурасындагы маселени коет. Бул окуялар биздин алдыбызга болуп көрбөгөндөй ири, жаңы маселени, биздин чет жакаларыбызды, тагыраак айтканда, Түркстанды жаңыча башкаруунун тартиби туурасындагы маселени коет.

Биз ал жакта кыска убакыт ичинде европалык мамлекеттүүлүктү орнотуу боюнча бардык чараларды көрүүгө тийишпиз. Мырзалар, Түркстан – Фергана, Жети-Суу, Закаспийск областы Памирге же кайсы бир туңгуюкка, белгисиздикке барып такалган «жердин аркы түбү» деген замандар эчак өтүп кетпедиби. Эми бул туш тушунан ойгонуп, маданиятка умтулуп келаткан элдер менен курчалган биздин чет жакабыз эмеспи. Ал жакта англичандары бар Индия, жаңыча жашоо жанданып келаткан Персия, башкаруунун жаңы формаларына умтулган Кытай бар эмеспи. Айлана тегеректин баары эчак жаңы иделдар менен жашап, жаңы милдеттерге умтулуп жатышпайбы! Айлана тегеректегилердин баары азыр мамлекеттүүлүк дегенди Түркстан баш ийдирилген 1865-жылдагыдан башкача түшүнүшөт. Айлана тегеректегилердин баары алдыга, жарыкка жана прогресске умтулууда, биз болсо дагы эле эскиче адаттар менен, укук менен адилеттүүлүк туурасындагы элементардуу түшүнүктөн куржалак азиялык кеңкелес төрөлүк башкаруунун эски формалары менен отурабыз! Бирок мунун баары мындан ары да улана ушундайча бериши таптакыр мүмкүн эмес.

Генерал-губернатор Куропаткин Түркстандагы башка акимдерге салыштырмалуу, тагыраак айтканда, бул оңбогон жоруктарды жасагандардан айырмаланып турат. Сиз аны менен Түркстанды кантип башкаруу керектиги тууралуу сүйлөшүп, анын мамлекеттик көз карашын билгенден кийин үрөйүңүз учат, анткени бул адам алиге чейин элди башкаруунун бирден бир керектүү формасы катары чектелбеген бийлик менен башкарууну жактап, далилдеп келатат (Оң жактан ҮН: Туура). Бул адам ХХ кылымда чет жакаларда жергиликтүү башкаруу зарыл экенин төгүндөп келет, өзүн букаралыкка кирген сарттар менен кыргыздардын жайнаган балдарынын атасы катары көрсөтүү мындан ары мүмкүн эмес экенин бул киши таптакыр түшүнбөйт. Анткени эми ал жакта алардын өзүнүн маданияты пайда болду, маданий жааттан алганда көптөгөн орус администраторлорунан кыйла өйдө турган жергиликтүү тургундар бар, анткени, мырзалар, бул мезгил ичинде ал жакта башкаруунун таптакыр жаңы системасын талап кылган ири орус колониясы түзүлдү.

Ошентип, Түркстанда болгондун баары бийлик башындагылардын каарынын, наадандыгынын жана кем акылдыгынын гана натыйжасы эмес, эмитен сезилген жергиликтүү башкаруу системасынын чирип бараткандыгынын да натыйжасы болуп саналат. Россия мамлекетинин бермети болгон анын ири бүтүндөй бир четки кыйыры, бирден бир пахта өндүргөн аймак Кудайдын гана колунда калып, жергиликтүү калкты акыл-эс менен башкаруунун кымындай да белгиси жок экенин өз көзүбүз менен көрдүк.

Мырзалар, менин бардык көргөндөрүм, байкагандарым, бардык таасирлерим ушулар, мен мунун баарын кылдат иликтеп чыккандан кийин, көптөгөн аңгемелешүүлөрдөн кийин, Түркстанды таанып билгенден соң, ал жактагы өзүмдүн мурдакы тажрыйбама таянып алып чыгып отурам, анткени ал жакта мурда да болгом, жашагам. Мен сиздерге бардык көргөндөрүмдү аңгемечи катары, окуяларга эч бир саясий баа бербей жана боек сүртпөй туруп айтып бергенге аракет кылдым. Мен мырзалар, бул маселеде окуяларды түшүнүшүүдө, аларды баалоодо биз ымалага келип, бирдиктүү жол табарыбызга ишенгим келет. Биз окуялар үчүн бардык күнөө болуп көрбөгөндөй мыйзамсыздыкка жол берген бийликте гана жатат деп айтууга тийишпиз. Биз, он миңдеген адамдардын канына забын болгондугу үчүн кылмышкерлерди жоопко тартууну тезинен талап кылуудан тышкары, Түркстанды жана биздин башка чет-жактарыбызды башкаруунун жаңы формаларын турмушка ашырууну кезекке коюшубуз керек деп айтууга тийишпиз. (ортодо жана сол жактан КОЛ ЧАБУУЛАР)

«Кан ичер Николайды» тактан кууп түшүп, «элдердин түрмөсүн» кыйрата баштаган Февраль ынкылабына чейин 70 күн калган эле. Февраль ынкылабы болсо артынан Октябрь төңкөрүшүн ээрчитип келди

 «Кан ичер Николайды» тактан кууп түшүп, «элдердин түрмөсүн» кыйрата баштаган Февраль ынкылабына чейин 70 күн калган эле. Февраль ынкылабы болсо артынан Октябрь төңкөрүшүн ээрчитип келди…

Кыргыз тилине которгон Бахтияр ШАМАТОВ

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *