Орус эл жомогу: Жоокерге бариндин кызмат кылганы

Бир жоокер аскердик кызматынан бошонуп, карчарбага чыкканда баринге жалданып иштей баштайт. Барин анын бир жылдык бел чечпей иштегени үчүн жүз сом төлөп бермей болду. Ошентип эски жоокер бариндин баардык жумуштарын кылды: жер айдады, мал бакты, үй курду, суу ташыды, отун жарды, күл чыгарды, кала берсе катындын жумушун кылып кир жууду. Ошентип көз ачып жумгуча бир жыл өтүп, жоокер баринден эмгек акысын доолап турду. Бирок баринге калтасынан акча чыгаруу абдан кыйынга тургандыктан кыйылды, ыйынды, бирок баары бир бул карызын бере албасын […]

Шабданбай АБДЫРАМАНОВ: Чокондун ыйлагысы келет

АҢГЕМЕ Чокон зыңгырап оор тарткан башын жумшак жаздыктан көтөрбөй, зордоп көзүн жыртканда, эң мурун бир көзү ачылып, ага шыпка жакын илинген калпагы урунду. Денеси оорлошуп жанчылып, өзүнө баш бербей турган сыяктанды. Ал көзүн кайра жумду, бирок таң аппак атып калганын терең көңүлүндө сезип, кечки отуруштун эң акыркы учурларын эстөөгө аракет кылды. Бирок эсине эч нерсе далил түшө берген жок: үзүндү-үзүндү, кээ бир жери кылаң этип жок болот. Керебетти ийилте салмактантып көпкө чейин жата берди. Жоон, жылаңач билегин баш жакка узатып […]

Мамасалы АПЫШЕВ: Акыркы сүйүү

АҢГЕМЕ …Сиз жазуучусузбу? Сиз чын эле жазуучусузбу?.. Же мага тамашалап жатасызбы? Чын элеби?! Эмнегедир, ишене албай турам… Мен эмгиче бир да тирүү жазуучуну көрө элекмин. Алардын аттарын гана угуп жүргөнмүн: Достоевский, Чехов, Лермонтов, Пушкин… А сиз, кызык, эмне жөнүндө жазасыз? Турмуш жөнүндөбү? Бардык нерселер жөнүндөбү? Айтып бериңизчи, кызыгып турам? Жок, андан көрөкчө окуганга бериңиз?.. Азыр жок дейсизби?.. А кийин болгондо бересизби? А-а, ырахмат! Сиз билесизби, өзүңө тааныш жазуучуңдун чыгармасын окуу аябай жагымдуу болсо керек?! Менин өмүрүмдө бир дагы тааныш жазуучум […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Токтогул кантип каза болгон жана аны акыркы сапарга кандай узаттык?

Токтогул Сатылгановдун кандайча каза болгондугу, качан каза болгондугу, аны кимдер акыркы сапарга узаткандыгы да кийинки муундар үчүн таалим-тарбия ала турган окуялардан. Дагы суроо – акын качан каза болгон? «1933-жылы 17-февралда дүйнөдөн кайтат» (Ж.Таштемиров). «Токтогул 1933-жылы март айында туулган жеринде дүйнөдөн кайтты» (Б.Алагушев)[1]. Кетмен-Төбөдө адегенде агартуу тармагында, андан соң партиялык, советтик кызматтарда иштеп жүргөн Эсенгул Малгараев (1900-1991) мындай эскерет: «Током 1933-жылы 20-мартта катуу оорудан кийин каза болду»[2]. «Умер Токтогул 17 февраля 1933 г. в родном кыштаке, умер от голода. От него […]

Дилазык: Наристени өлтүрүп…

Бир кезде “көптү билем” деген брахман жашаган экен. Ал жылдыздар аркылуу төлгө салып, бардык магиялык ырым-жырымдарды үйрөнүптүр. Ал ушунусу менен сыймыктанып, бул өнөрүн элдин баары билишин каалайт. Ал үчүн аны тааныбаган өлкөгө келип, кичинекей баланы колуна алып, өзү ыйлап кирет. Брахмандан: — Ой, эмне ыйлап жатасың? – деп сурашат. — Бул наристе, — дейт брахман, — жети күндөн кийин чарчайт. Ушундай кичинекей баланын өмүрү кыска болуп калганына кайгырып жатам. Ыйлаганым да ошондон, — деп жооп берет. Аны жарлап тургандар: — […]