Токтогул Сатылгановдун кандайча каза болгондугу, качан каза болгондугу, аны кимдер акыркы сапарга узаткандыгы да кийинки муундар үчүн таалим-тарбия ала турган окуялардан. Дагы суроо – акын качан каза болгон? «1933-жылы 17-февралда дүйнөдөн кайтат» (Ж.Таштемиров). «Токтогул 1933-жылы март айында туулган жеринде дүйнөдөн кайтты» (Б.Алагушев)[1]. Кетмен-Төбөдө адегенде агартуу тармагында, андан соң партиялык, советтик кызматтарда иштеп жүргөн Эсенгул Малгараев (1900-1991) мындай эскерет: «Током 1933-жылы 20-мартта катуу оорудан кийин каза болду»[2]. «Умер Токтогул 17 февраля 1933 г. в родном кыштаке, умер от голода. От него не было записано ни строки»[3]. « Керимбайды кулакка тартты, ал үч жылдай Олуя-Ата, Чүйдө көчүрмөдө жүрөт. Кийин карыганда тынчыраак жашайын деп Нарын дарыясынын жээгиндеги Үч-Коргонго келип жашап калат. Адамдын башы Алланын тобу, кай жакка тебилсе, ошол жактан топурак буюрат демекчи болуштун сөөгүнө Кызыл-Жардан топурак буюрган экен. Керимбайдын сөөгүн жышырууга ошол жерлик кадимки Токтогулду ашыглык оту менен суусаткан Алымкандын атасы Субан катышып, ыгым-чыгымын ошол киши көтөрүптүр деген сөз калган. Болуш 1933-жылы Курман айт күнү кайтыш болгон. Токтогул да ошол жылдын 2-мартында опасы арбын жарыкчылык менен кош айтышкан» (А.Капаров)[4].

Кайсынысы туура: 17-февралбы, 2-мартпы, 20-мартпы?..

Канткен менен ырасы – 1933-жыл, үзүмчүлүк мезгили. Бир катар пикирлер Токтогул ачкадан өлгөн, жокчулуктан каза болгон деген мааниге токтолушат. Коргол ырчы 1958-жылы 1-майда Токтогул районунун борборунда Токтогул Сатылгановдун эстелиги ачылып жатканда ырдап, арасында мындай саптарды кыстарып кетет:

Кеселге башың алдырып,

Кеткенсиң, Током, бир кезде[5].

«Камкордуксуз, үй-бүлөлүк кайгысына чөмүлгөн (үч уул, бир кызы өлүп кеткен…) Токтогул 1932 – 1933-жылдардагы катуу ачырчылыктын кучагына эл менен кабылып, ашыкча айтып койсом айрымдар кечирип коюшар, ачкачылык муунун алып, 1933-жылы каза тапкан» (Ш.Абдыраманов)[6].

Кантип эле дейсиң, ушундай улуу акын болсо…

Тилекке каршы, ошондой болушу мүмкүн. Тарыхтан белгилүү, 1932-1933-жылдарда казактарда эгин болбой, катуу ачарчылык каптап, алар жерин таштап, тоо жакалай кыргыздарга келип өлгөнү өлүп, өлбөй тирүү калганы эптеп жан багып жүргөнү тарыхый факт, азырга чейин айтылат. «Алды менен мал, андан соң адамдар жалпы кырылды. Мисалы, Торгой облусунда 1931-жылы 100 миң баш мал болсо, 1933-жылы бар-жогу 4 миңи гана калган. Коллективдештирүү (уюмдаштыруу) башталганда жалпы Казакстанда 40,5 млн. мал болсо, 1933-жылы 4,5 млн. гана мал калган. 1931-1933-жылдардагы бүткүл Казакстанды кучагына алган ачарчылыктан өлкөнүн 6,2 млн. жашоочусунан 2,1 млн. калкы кырылды»[7]. 1930-жылдын башынан 1931-жылдын ортосуна чейин 280 миң кожолук, же 1 млн. 130 миң адам мекенин таштап, Кытайга, Иранга, Ооганстанга көчүп кетти[8]. Мына ушул кошуналардагы абал кыргыз жергесин, анын ичинде Кетмен-Төбөнү да кыйгап өткөн эмес… Токтогулдун өлүмү ошол жылдарга туш келет. Жокчулуктан мал-жандын кырылышы илгертеден «узун сары» деген мезгилге, февраль-мартка, ала шалбыртка туш келет, анда мал арык, уйлар көтөрөм болуп калат, сүр түгөнөт дегендей… Токтогулдун денесинен жан кетиши ушул жылга жана ушул мезгилге туш келип атпайбы…

Дагы бир жагдай – кыргыздын өнөрпоздору, мейли, комузчу болсун, күүчү болсун, ырчы болсун – дүйнө жыйган эмес, алардын оокаты элден болгон, барган жеринен мал берген, ат мингизген, алар аштык айдап эгин кылган эмес, көбүнчө аларды колунда бар байлар баккан, аял алып берген, өргөө көтөрүп берген, мал энчилеген дегендей… Токтогул дале ошондой болгон. Эми 20-30-жылдарда ошол байлардын малдарын ортолукка алып койгон, алар колхоздун малы болуп калган, байлар ырчыларга мал бермек түгүл өз айласын таба албай жаткан, колхоз болсо ортолук малды акындар жүз ырдамактан миң ырдаса да бербейт. Берейин десе малы жок эл анан эмне кылат, ырчылар бекер ырдашат, совет өкмөтү үчүн бекер иштейт. Анан абалы кыйындайт да.

Ш.Абдырамановдун айтуусуна караганда 1918-20-жылдарда Токтогул жаңы бийликке да көп ишене бербей, этияттанып, башын паанекке тартып жүрүптүр, Чычкан, Уй, Жолборс жылдарында (1919, 1920, 1921-жылдар) Аксы, Чаткал, Арсланбап тарапка баш калкалап кетиптир. Кемпири Сейдимкандын мындай эскерүүсү бар экен: «Биз Аксыда туруп калдык. Турмуш-тиричилигибиз эптеп өтүп жатты. Өтө өзүнүн үйүнүн күн чыгыш жагына бизге эптеп баш калкалар там салып берди». Токо: «Эркек балалуу болбой койдум. Артымда бир эркек туягым калса болот эле» деп арман кылса, Эшмамбет: «Ээ Токо, кыргызда «Мал тилесең, Пача-Атага бар, баш тилесең Бабаш-Атага (демек, Арстанбап) бар» деген кеп бар», — деди.

Биз Бабаш-Атага барып мал союп, курмандык чалып, баш тиледик. Курман ырчы: «Ылайым уулдуу болгула, анын атын Бабаш-Атанын урматына Бабажан койгула! Оомийин» деп бата тарттырган эле.

Мазарданбы, же батаданбы, көп өтпөй боюма ушул Бабажан уулум бүттү…»[9]

Жеңижоктун өмүрүн, чыгармачылыгын өмүр бою изилдеп келген Асанбай Жусупбеков да Жеңижок ырчы дүйнөдөн кайткандан кийин анын айылдаштарынын өтүнүчү боюнча Токтогул Жеңижоктун Кара-Суусуна келип өз алдынча түтүп булатып, мал-ал күтүп жашап тургандыгын ырастайт[10].

Бир жолу «узун сарыда», «жоон сүзүлүп, ичке үзүлүп» турган убакта Токтогулдун үйүнө алыстан уяттуу коноктор келип калып, бычакка илинер малы жок, Жанкара дегенди мактап ырдап эптеп союшка бир мал алып келген экен[11].

Акын Токомдун кошунасы Бекташ Өмүралиев дегендин 1933-жылы 11 жаш кезинде Токтогулдун өзүнөн эки жаш кичүү кызы Гүлсара менен ойноп атып алардын үйүнө кирип барса Сейдимкан «Тапкан-ташынгандарыңды алып келип, жакшылыгы тийген, тийбеген деле туугандарыңа бөлүп берип атасың, деги бирдеме жыйсаң боло, көзүбүз өтүп кетсе балдар кантип оокат кылат» деп Токтогулга наалып атканын эскерген жери бар[12]. Ошого караганда бул үй-бүлө ошол кезде чын эле оокат-ашка мукурап калган сыяктанат. Адатта, аялдар үйдө эч нерсе калбай калганда ошентишет эмеспи. Ошондо Токтогул бекеринен:

Эсилиң Токоң көзү өтсө,

Эсине алып ким көрөт

Эңилчек баскан мүрзөсүн?..

……………………………………..

Кайран Токоң көзү өтсө,

Кайрылып келип ким көрөт

Кара чым баскан мүрзөсүн?..

……………………………….

Боз булбул Токоң көзү өтсө,

Бурулуп келип ким көрөт

Боз турпак баскан мүрзөсүн?.. — деп мүңкүрөп ырдабаган чыгар…

Ырчы-чоорчулардын бул абалы оо дагы бир топ жылга созулду. Мисалы, Барпы Алыкуловдун тагдырын алалы. Барпы Жалал-Абад темир жол бекетине барып, аскерге кеткендерге арнап ырдап турчу экен, эл апыздын такыясына акча кыстарышчу экен, турмушу оорлоп, эшек менен кымыздык алып келип базарга сатчу экен. Жыйырма аял алса да, аларды көбү акындын жокчулук турмушуна чыдабай кетип кала бериптир. Ачыдан ар жерге көчүп-конуп, Сайда, Беш-Мойнок деген жерлерде күн кечирип жүрүптүр, Өзбекстандагы Кыдырша деген айылга ичкилик тууганы раис Жолдош Балтабаев көчүрүп да кеткен экен. 1946-жылы Жалал-Абадда акын Барпы Алыкул уулуна жолуккан, кийин белгилүү тилчи болгон Г.Бакинова жазып жатат: «Үстүндө түштүктөгү элеттик карапайым эркектер кийген колго тепчилип шырылган эки капшытынын этегинде ачыгы бар жакасыз өзбекче тигилген эскирген кара чапан (түштүкчө «тон»), буту жылаңайлак, көлөш (маасысы жок) кийген, шымы да ошол учурда элеттик карыялар кийчү ак кездемеден колго кенен тигилген ыштан, башында чачы жок, кыргызча төбө чыгарып кара кездемеден шырылып тигилген эски топу (калпак же тебетей эмес)»[13]. Бул 1946-жылы. Токтогулдун өмүрүнүн соңку мезгили мындан дагы он үч жыл илгери болуп атат.

1937-жылы 3-январда Москвада окуп жаткан Айткулу Убукеевге (бул жазуучу, коомдук ишмер катары белгилүү инсан, кезегинде Абдыкадыр Орозбековдун жардамчысы болуп жанында жүргөн – М.А.) бир топ кишиге, анын ичинде Атай Огомбаев да бар, кат жаздырат. Кат Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар Советинин төрагасы Баялы Исакеевге багышталат. Анда Токтогулдун аялы балдары менен тентип калгандыгы, тогуздагы уулу Бабажан:

Төөгө салды тентитип,

Мен тогузда калган жетиммин.

Музга салса тоңбоймун,

Мен булбулдан калган жетиммин.

Жетим болдум бул кезде,

Мен жетилээрмин бир кезде.

Карып болдум бул кезде,

Каныгармын бир кезде, — деп ырдап жүргөндүгү айтылат.

Мына ошондон кийин атайын комиссия түзүлүп, алар Токтогулун үй-бүлөсүнүн абалын аныкташат: аялы Матыке-Сейдимкан Сатылганова жашы 55 куракта, кызы Шакай (Гүлсара) Токтогулова 13 жашта, баласы Бабажан Токтогулов 9 жашта. Бул үй-бүлөдө малдан 2 жашар торпогу гана бар, башка мал-мүлкү жок. Сейдимкан Сатылганованын кан басымы төмөн (бул тамак жебегенден болушу мүмкүн – М.А.), кызынын бат-бат пристубу кармап турат, Бабажан көйнөгү жоктуктан жылаңач этине күрмө кийип жүрөт[14]. Мына ушундай абал. Токтогул мына ушундай абалда оо дүйнө кете берди. Ал күнү «…кыргыздын улуу акыны көз жумганда республикалык гезиттер куш тилиндей кабар берип койгонго жарабагандыгын азыр айта албай жүрбөйбүзбү» (К.Бобулов)[15]. Дагы суроо – эмне үчүн?

Токтогул:

Баба-Атага барганмын,

Бала тилеп алганмын.

Баба-Атаң берген баласы,

Бабажан экен карачы, — деп Бабажанды эркелетип калчу экен. Кийин ал жетим калганда Жоомарт Бөкөнбаев Фрунзедеги балдар үйүнө алып келип окутуптур.

Ошто туулуп, Ошто өскөн, кийин Москвага кеткен таланттуу акын жана котормочу М.Синельников жазып атат: «…Кетмен- Төбөдө Токтогулдун юбилейи белгиленип жаткан. Мен көптөгөн делегациянын катарында элем. Жокчулукта, ачкачылыкта жүрүп өмүрү өткөн улуу акындын  мүрзөсүнө гүл  жайнаган… дасторкондон даам сызып олтурдук»[16]. Демек ал акын да Токтогулдун кандайча өлгөнүн бир булактардын уккан, же окуган болушу мүмкүн, балким эң жакын досу Жолон Мамытов ошентип айткан болуу керек.

Акын, жазуучу, сүрөтчү, комузчу, керек болсо домбурачы Казакбай Абдышев мындай деп айтат: «Эмне себептен экенин билбейм, атам Абдыш куугунтук жеп, ошо жыйырманчы кылымдын отузунчу жылдарында апам Субайда экөө Талас жергесинен качып, Кетмен-Төбө жакка ооп барышып, Үч-Терек айлында туруп калышат. Атам арабча, латынча жана орусча ариптерди окуп жана жазган, эсепти да билген сабаттуу адам болгондуктан, айылдык Дыйкандар комитетинин башчысы кылып коюшат. Током (Токтогул Сатылганов) Талас өрөөнүнө келип, эл кыдырып жүргөндө атам а киши менен тааныш болгон экен. Атам атайын барып учурашат. Током оорукчал, анан оокаты тартыш экен, тегирмендин түшкөн каласынан буудай жана эгин бөлдүртүп берет. Үч-төрт жылдан кийин атамдар аерден да кетмек болушуп, Током менен коштошкону аныкына барышат. Төшөк тартып калган Током «Абыке, мен силерге эки дүйнөдө ыраазымын. Эми, келин балам токтолуп жүргөн экен, батамды берейин. Кудай буйруса, бир балалуу болосуңар. Аныңар чоң өнөрлүү болот. Ошо балаңар чертип жүрсүн» деп, өзү чертип жүргөн комузун атамдарга тартуулап, батасын бериптир»[17]. Ушул пикирге караганда Т.Сатылганов өтө эле оор абалда калган, тегирменден түшкөн калага муктаж болгон, эгерде ошондой кыйын учурду башынан өткөрбөсө жана анда жардам берген Абдыштын жакшылыгын эстебесе, аларга бата берип, чертип жүргөн комузун ыроолобойт эле да…

Кыскасы, Токтогул кетээрин көзү тирүүсүндө эле классикалык мааниде, дүйнөлүк адабияттын туу чокусуна чыгып ырдап салган экен. Мына окуп көрүңүз:

Кетериңде дүнүйө:
«Суу жүрбөгөн сайдайсың»

«Кайгылуу көңүл кирдейсиң»

«Суу жетпеген кактайсың»

«Айланып учкан торгойсуң»

«Кол жетпес аска белдейсиң»

«Таманы түшкөн чарыксың»

«Көз жетпес бийик зоодойсуң»

«Кышкы чилде муздайсың»

«Уясын бузган булбулсуң»

«Карматпас бороон желдейсиң»

«Туурдан учкан бүркүтсүң»

«Керүүдөн качкан түлкүсүң»

«Мөмөсү түшкөн шактайсың»

«Көк шумкар алган коёнсуң»

«Куйругун жанчкан жылансың»

«Көксөө болгон чалдайсың»

«Капкагы сынган комузсуң»

«Жыртылган тери чокойсуң»

«Туткасы сынган чайнексиң»

«Мергенден качкан кийиксиң»

«Шамалдан качкан тумансың»

«Томугу түшкөн тайдайсың»

«Жыдыган кара чачтайсың»
«Карышкыр жеген улаксың»

«Соолгон кудук суудайсың»

«Булут баскан түндөйсүң»
«Кайыры жок байдайсың»

«Түбү түшкөн челексиң»

«Желсиз өчкөн чыраксың».

Ошентип, «Улуу ырчы, заман булбулу, доор күзгүсү Токтогул өтө оор учурда ырчы, комузчу катары калыптанып, тагдыры да өз доорундай татаал болуптур. Бишкекке келсе советтик чиновниктер Токтогулду Токтогулдай кабыл алууга, камкордук кылууга жарабаптыр. Ал тургай ошол кездеги элге билим берүү комиссары болуп иштеген бир аткаминер сахнада отургучка отурбай, чапанын бүктөп, жерге отуруп ыр ырдап баштаган Токтогулга «жөн койгула, жерге эле отуруп ырдасын, итке темирдин кереги не» деп угуза кыйкырыптыр…
Эгер бир чети жээни, бир чети жердеши, бир чети таланты ташкындаган жазгыч акын Жоомарт Бөкөнбаев болбогондо Токтогул адабият тарыхында калат беле же калбайт беле – бул да өзүнчө чоң суроо» (О.Ибраимов)[18].

[1]Алагушов Б. Кылымдардын кылдары [Текст] / Б.Алагушев. – Б.: «Шам», 2005. – 196-б.

[2]Абдиев Т. Айтыштар, замандаштар, чоңколор, залкарлар [Текст] / Т.Абдиев. – Б.: 2004. – 3-б.

[3]Ватагин М.Г. Токтогул: его жизнь и песни [Текст] / М.Г.Ватагин. // http: //www. islam.ru/content/kultura/ toktoul_ego_jizn_i_pesni

[4]Капаров А. Токтогул, Керимбай, Эсенбай жана Жоомарт [Текст] / А.Капаров // Zaman Кыргызстан. – 2004. – 27-фев.

[5]Коргол // Залкар акындар. 4-т. Музооке, Айтыке, Коргол, Эшмамбет / А.Акматалиевдин редакциялоосунда [Текст] / К.Досуев. – Б.: Шам, 2006. – 87-б.

[6]Абдыраманов Ш. Тарыхтагы ак тактар: тарыхый изилдөө [Текст] / Ш.Абдыраманов. – Б.: 2007. – 144-б.

[7]Қойгелдиев М. Қазақстан тарихы: Аса маңызды кезеңдері мен ғылыми мәселелері. Жалпы білім беретін мектептің қоғамдык-гуманитарлык бағытындағы 11-сыныбына арналған оқулық [Текст] / М.Қойгелдиев, Ә.Төлеубаев, Ж.Қасымбаев, т.б. – Алматы: «Мектеп» баспасы, 2007. – 304-б.

[8]Шепель В. Алапат ашаршылык [Текст] / Ш.Абдыраманов // Егемен Қазақстан. – 2012. – 6 сәуір. – 3-б.

[9]Абдыраманов Ш. Тарыхтагы ак тактар: тарыхый изилдөө [Текст] / Ш.Абдыраманов. – Б.: 2007. – 178-б.

[10]Жусупбеков А. Тоо булбулунун Аксыда болушу: эскерүү [Текст] / А.Жусупбеков // Советтик Кыргызстан. – 1989. – 6-апр.

[11]Токтогулов И. Токтогулдун комузу: эскерүү [Текст] / И.Токтогулов // Ала-Тоо, 1989. – №9. – 152 – 153-бб.

[12]Абдиев Т. Айтыштар, замандаштар, чоңколор, залкарлар [Текст] / Т.Абдиев. – Б.: 2004. – 16-б.

[13]Бакинова Г. Барпыны биринчи ким алып чыккан? / Барпы: изилдөөлөр, эскерүүлөр, арноолор. Түз.: Б.Шамшиев [Текст] / Г.Бакинова. – Б.: КЭБР, 1994. – 234-б.

[14]Станалиев С. Жылдын эң узак күнү. Роман [Текст] / С.Станалиев. – Б.: 2007. – 270 – 244-бб.

[15]Бобулов К. Тандалган чыгармаларынын үч томдук жыйнагы. Түз.: С.Алахан. III т. [Текст] / К.Бобулов. – Б.: 2011, Полиграф-ресурс, 2011. – 288-б.

[16]Синельников М. Оттуу сүйүү (Жолон Мамытов тууралуу эскерүү-кошок). Котор. Мамасалы Апышев [Текст] / М.Синельников // Кыргыз туусу. – 2009. – 15-дек., 2010. – 15-янв, же интернет: Otty-cyiyy

[17]Абдышев К. «Кудайды бийик сыйла, бирок өз уятыңдан корк» [Текст] / Маектешкен Д.Мейманов // Алиби. – 2014. – 4-фев.

[18]Ибраимов О. Биз билбеген Токтогул [Текст] / О.Ибраимов // Азаттык. – 2012. – 25-май.

 

2 Replies to “Абдыкерим МУРАТОВ: Токтогул кантип каза болгон жана аны акыркы сапарга кандай узаттык?”

  1. Абдыкерим Муратов абдан жакши макала жазыптыр. Токтогул атабыздын бийиктиги, жана трагедиясы жюрёктю орутат. Ошону менен кыргыз элибиздин нааданчылыгы кеитет. Ошол ачкачылык жылдарда (1930-1933) миндеген казак туугандарды кыргыздар ажалдан сактап калаган. Эмне себептен калын кыргыз эли Ала-тоонун булубулун, генийин багалбай ачкадан ёлтюрюшет?? Мен бул ачуу чындыкты токтогулдук туугандарга нечен жолу айткам: ээей, токтогулдуктар, силер бер дегенди эле билесинер…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.