Бир кезде “көптү билем” деген брахман жашаган экен. Ал жылдыздар аркылуу төлгө салып, бардык магиялык ырым-жырымдарды үйрөнүптүр. Ал ушунусу менен сыймыктанып, бул өнөрүн элдин баары билишин каалайт. Ал үчүн аны тааныбаган өлкөгө келип, кичинекей баланы колуна алып, өзү ыйлап кирет. Брахмандан:

— Ой, эмне ыйлап жатасың? – деп сурашат.

— Бул наристе, — дейт брахман, — жети күндөн кийин чарчайт. Ушундай кичинекей баланын өмүрү кыска болуп калганына кайгырып жатам. Ыйлаганым да ошондон, — деп жооп берет. Аны жарлап тургандар:

— Пешенесине жазганды өзгөртө албайсың. А эгер сенин эсебиң туура эмес болуп, бала жети күндөн кийин өлбөй калсачы? Анан эрте эле кайгыра берген болбойт го? – дешет. Анда брахман:

— Күн менен Ай жарык чачпай, түн капташы мүмкүн, үркөр жылдыз топурап жерге түшүшү мүмкүн, бирок менин айтканым сөзсүз аткарылат, — дейт.

Өзүнүн атак-даңкы үчүн брахман жетинчи күнү баланы өлтүрүп салат. Элдин баары анын алдын ала айтканына таң калышып:

— Чындап эле сенин көзүң ачык экен, атканыңдай болду, — дешип бардыгы ага чын ыкласынан ишенип калышат. Ошентип ага таазим этип келгендер көп болот.

Төрт жамаатка тишелүү Будданын шакирттери менен да ушундай болгон учурлар кездешет: алар жеке пайда үчүн “чыныгы Жолго жетиштик” деп мактанышат. Бирок алар кемакылдардын мыйзамын аткарышкан болушат: чынында татыктуу кишилерди өлтүрүшүп, калптын казанын кайнатып, өздөрүн соопчул, ак санатай кылып көрсөтүшөт. Бул үчүн алар кийин сансыз азапка түшүшөт. Брахман да өзүнүн даңкы үчүн кичинекей баланы өлүтүрүп, элдин башын айландырганы үчүн өз жазасын алары анык.

Тишке урулган сокку

Бир кадырлуу киши болот. Кол алдындагылар ага кошомат кылып, ар дайым жагынып турушчу экен.  Кадырлуу киши жерге түкүрсө, кол алдындагылар ошол замат түкүрүгүн буттары менен сүртүп коюша турган.

Бир кемакыл сүрткөнгө жетишпей калчу экен. Ошондо ал:

— Түкүрүк жерге түшөрү менен аны сүрткөнгө жанталашып калышат. Демек, мен деле жетишет болушум керек, ал түкүрүп келатканда эле бутумду чоюп калбасам, — дейт.

Ошондо кадырлуу киши түкүргөнгө камданып калат. Ошол замат кемкакыл бутун көтөргөндө, ал кадырлуу кишинин оозун жарып, тиштерин чыгара тээп алат. Ал кемакылдан:

— Эй, кемпай, мени эмне оозго тептиң? – деп сурайт. Анда кемакыл:

— Сен түкүрүнгөндө, түкүрүгүң жерге келип түшөт, жаныңдагылар буту менен сүртүп калышат. Мен да сүрткүм келип, дайыма жетишпей калчумун. Ошондуктан түкүрүк жерге түшө электе бутумду биринчилерден болуп көтөрө калайын дегем, ошентип сага жагынсам деген оюм бар болчу, — дейт.

Ар бир нерсенин өз убагы болот. Эгерде өз учуруң келелек болсо, бардыгы тескери болуп, эпсиз чебелектеп, азапта каласың. Ошондуктан бу жалган дүйнөнүн пенделери качан убактысы келгенин, качан келе электигин билиши зарыл.

Аюуну кармап калганда

Күндөрдүн бир күнүндө бир кемпир эс алганы бактын түбүнө келип кыйшайып, көзү илинип кетет. Ошол маалда аюу келип, кемпирди колу менен чаап калат. Аюудан качкан кемпир бакты айлана чуркап жөнөйт. Аюу артынан кубалап, кемпирди кармайм деп бакты улам оң колу, бир сол колу менен кармап кала берет. Ошондо кемпир өтө тездик менен бак менен кошо аюунун эки колун бекем кысып калат. Аюу ордунан жылалбай калат.

Ушул маалда бир бейтааныш өтүп бараткан экен, кемпир ага:

— Аюуну кармап туганга жардам бере көр, каралдым, ошондо аны өлтүрүп, этин бөлүшүп алабыз, — дейт.

Бейтааныш келип кармаша баштаганда, кемпир аюуну кое берип, качып жөнөйт. Бейтаанышты болсо аюу тытмалап салат. Элдин баары аны шылдыңга алышкан экен.

Бу жалганда жашаган пенделер да ушундай: алар кызыктай чыгармаларды жаратышат – окусаң, татыктуу эч нерсе жок, башаламан, көп сөздүү, эми мүчүлүштүктөрү оголе көп. Андай чыгармаларды жараткандар аягына чыкпай жан беришет. Алардын көзү өткөндөн кийин чыгармаларын талкууга алып, түшүндүрмө бергенге аракет кылышат, бирок маанисин түшүнүшпөй, азапка түшүшөт. Бул жанагыл кемакылдай: башка бирөөнүн ордуна аюуну кармайм деп, өзүн ажалга байлап бергендей эле кеп.

Уурдалган көйнөк

Илгерки убакта чоочун жерлерден келип, өкүмдардын сарайынан көйнөк уурдай качып, тоодо жашаган бирөө болуптур.

Өкүмдар аны издетип, желдеттерин туш-тарапка чаптырат. Акыры ууруну таап, байлап, өкүмдардын алдына алып келишет. Өкүмдар көйнөктү кайдан алганын сурайт. Анда ууру:

— Бул көйнөк мага чоң атамдан мураска калган, — дейт.
Өкүмдар: “Көйнөктү кий” дейт. Чоочун көйнөк болгондуктан, чоочун киши көйнөктү кайсыл башынан кийишти билбейт: колуна кие турган учун бутуна киет: белинде калчусу башына чыгат. Алдында ууру турганын түшүнгөн өкүмдар өз вазирлерин чакырып, бардыгы өз сунушун айтып, чоочун кишиге мындай дешет:

— Эгерде көйнөк сеники болуп, чоң атаңдан калган болсо, аны кантип кийиш керектигин дароо билмексиң. Аңтаң-теңтер кийип, асты үстүнө, үстү астына кетти. Демек, бул сенин көйнөгүң эмес экени билип калды, сен муну уурдап алгансың.

Келгиле, өкүмдарды — Будда, көйнөктү – Дхарма, кемакыл чоочун кишини – динбезер кылып көрөлү. Анда динбезер Будданын Дхармасын алып, өзүнүкү кылып салган. Бирок Будданын Дхармасын билбегендиктен, аны айтып жатып, аяк-башын чаташтырып салат.

Сууга чаңкаганда

Бир киши жолдо келатып, күндүн ысыганына чыдай албай калат. Бир кезде караса, жыгач түтүктөн таза суу агып жатат дейт. Чуркап барып, чаңкоосун кандырат. Анан колун өйдө көтөрүп:

— Чаңкаганым канды, токто эми, суу, токто, — дейт. Бирок суу акканын токтотбойт.
Ошондо жини келип:

— Мен сага айтпадымбы, “акпай эле кой!” дедим го? Эмнеге токтобой жатасың, ыя? – дейт.

Аны угуп калган дагы бирөө:

— Эй, жинди, акылың ордуңдабы? Сен унчукпай өзүң эле кетип кал да, эмне, жиндидей болуп суу менен сүйлөшүп жатасың? – дейт да, тигинин жанына барып, сүйрөп кетет.

Бу жалганда пенделер да ушундай: алар өмүр менен өлүмдүн айлампасына болгон сүйүүгө чаңкап, беш каалоонун туздуу суусун ичишет. Акыры беш каалоого карк болушат.

Жанагыл кемакылдай чаңкоосун кандырып алып, анан:

— Формалар, добуштар, жыттар, даамдар, мага экинчи келбегиле, экинчи силерди сезбегендей болоюн, — дешет.

Бирок беш каалоо келгенин уланта берет. Алардын бийлигинде дагы бир жолу болуп, адамдар:

— Жоголгула, экинчи келбегиле! Эмнеге кайра-кайра келип, мага таасир берип жатасыңар?! – дей беришет.

Ошондо акылман пайда болуп мындай дейт:

— Эгерде өзүңөрдү каалоолордон тоскуңар келсе, анда алты сезимди ооздуктагыла (буддисттер аларга ойлорду камтыйт деп жүрөктү да кошушат), ошондо каалоолоруңардын жолун тососуңар. Ошондо баш айланткан ойлор жаралбайт, жердеги бардык капкандардан кутуласыңар. Каалоолор болбошу үчүн сөзсүз эле азгырыктарды көрбөй калыш керек эмес. Бул кудум суу ичкен жанагыл кемакылдай.

Жыландын куйругу менен башы

Жыланды элестетели. Анын куйругу башына мындай дейт:

— Мен алдыда жүрүшүм керек.

Баш куйрукка жооп берет дейт:

— Алдыда дайыма мен жүрөм. А эмнеге эми башкача болуп калышы керек?

Акыры баш алдыда болуп калат да, жылан даракка оролуп алып, баш алдыга жылалбай коет. Айласы кетип, куйрукту алдыга чыгарат. Ошол замат жылан от күйгөн чуңкурга түшүп кетип өрттөнүп тынат.

Шакирттер менен устаттарда дагы мындай учурдар кездешет. Шакирттери: “Устатыбыз карыды, эми биз алдыдабыз. Жолбашчылар, биз, жаштар болушубуз керек” дешет. Бирок жаштар алдына коюлган эрежелерди так аткарбай, көпчүлүк учурда одоно бузушуп, ошонун арты менен бири-бирин жер алдындагы күнөөкөрлөрдүн түрмөсүнө түшүрүшөт.

Ак куйруктуу карагер ат

Бир жолу карагер ат минген бир киши салгылашып жаткан каракчылардын арасына кирип кетет. Коркконунан ал урушканга алы келбейт. Ошондо ал бетинин баарын канга боеп, өлүктөрдүн арасына барып жатып калат.

Минген атын бирөө жарым жетелеп кетет. Каракчыларды аскери кеткенден кийин, өлүмүш болуп калган неме үйүнө баргысы келет. Өлүп жаткан чоочун аттын ак куйругун кесип алып, үйүнө жөнөйт.
Үйүнө келгенде коңшусу:

— Атың кайда, эмне жөө жалаңдап келдиң? – деп сурайт.

Анда ал:

— Атым өлүп калды, куйругун ала келдим, — деп жооп берет.

Айланасындагылар:

— Ой, сенин атың карагер эмес беле, кандайча куйругу ак болуп калды? – деп сурашат.

Келесоо неме эмне деп жооп берерин билбейт. Элдин баары күлөт.

Бу дүйндөгү пенделер да ушундай: өздөрү сүйүү, жакшылык жөнүндө, өз изгилигин арттырып жатышканын, шарап ичпей, эт жебестигин айтышат. Бирок чындыгында болгон тирүү айбанаттарды өлтүрүп, оору-сыркоо менен азап-кайгыны жайылтып келишет. Алар аксанатайлыгын жалгандык менен макташат. А чындыгында алар жасабаган жамандык жок. Кудум “атым өзү өлүп калды” деген жанагыл кемакылдай.

Чоочун элдин салт-санаасы

Бир жолу Түндүк Индостандан Түштүк Индостанга бир киши келет. Ал жакта кыйла мезгил бою жашап, бир кыздын колун сурап, эрди-катын болуп калышат. Бир күнү аялы күйөөсүнө тамак жасап, ар түркүн суусундуктарды даярдап берсе, күйөөсү анын баарын бир заматта ичип-жеп салат. Бир гана аны ысык тамак токтотуп калат. Таңгалган аялы:

— Ой, ботом, бул жерде сени кубалап келаткандай каракчылар жок. Шашкандай эмне ишиң калды эле? Шашпай жесең болбойбу? – деп сурайт.

Анда күйөөсү:

— Бул жоругумда купуя сыр катылган, мен аны сага ачып бералбайм, — деп жооп берет.

Муну уккан аялы “чоочун жердин салтында бар го?” деп ойлоп, ар дайым сурайт берет.

Бир топ убакыт өтөт. Акыры күйөөсү чындыкты ачат:

— Менин чоң аталарым тамакты тез жешчү экен, бул жөн гана адаттары болуптур. Аларды туурай берип, мен ошондой болуп калгам, — дейт.

Бу жалгандагы пенделер да ушундай: алар чыныгы акыйкат эрежелерин таанып-билишпейт, жамандан жакшыны ажырата алышпайт. Жинди адаттарга көнүп, анысынан уялып да коюшпайт. “Менин ата-бабам дайыма ушундай мыйзамдар менен жашап келишкен” дешет. Ошентип өлөр-өлгөнчө жашап, жаман адаттарынан арылышпайт. Жанагыл келесоодой жаман адатын жакшы кылып көрсөткөндөй эле кеп.

Чөө жана дарактын бутагы

Бир дарактын түбүндө чөө жашаган болот. Шамал согуп, дарактын бир бутагын сындырып салат, ал келип чөөнүн жонуна түшөт. Ал даракка таарынып, көзүн ачкысы келбей, даракты карагысы келбейт. Таарынып, ал жерде биротоло кетип калат.

Бир дөбөнүн үстүнө чыгат. Кеч кирет, бирок чөө ордуна кайтып баргысы келбейт. Анан алыстан дарактын бутактары соккон шамалга өйдө-ылдый ийилип жатканын көрөт. Ошондо:

— Ал мени чакырып жатат, — деп кыйкырып жиберет. Ошентип кайрадан даракка кайтып барат.

Будданын артынан ээрчиген кээ бир кемакылдар да ушундай: мына жетчүсүнө жетип, бул дүйнөдөн кетип, Устатка жакындап калышат. Бирок кичинекей бир терс сөз угуп калышса, дароо кечил жашоосун таштап, кайра элге кайтып барышат. Мындай жаңылыштыктар кемакылдыктан гана келип чыгат.

Которгон Эрнис АСЕК уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.