Биздин сайт белгилүү журналист Жыргалбек Турдукожоев менен Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын доценти Тамара Козубекованын “Котормо өнөрү” китеби басмага тапшырылганы тууралуу ““Котормо өнөрү” — изилдөөлөргө чыйыр салуучу саамалык” аттуу макалада кабарлаган эле.

Бүгүн аталган китептен үзүндү жарыялайбыз.

 “Укуктагы так эмес сөз – социалдык чоң каргаша, ал зомбулук менен мыйзамсыздыкка үрөн себет”
А.А. Ушаков, орус окумуштуусу.

Укукту которуу тарыхыбыздын акыркы жылдарында бул жагынан бир кадам артка кеткен же “бөйрөктөн шыйрак чыгарган” фактылар дагы орун алды. Кеп 2008-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Мамлекеттик тилде баяндалган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы туурасында. Бул мыйзамга ылайык Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 7, 229-ст.) өзгөртүүлөр киргизилип, кодекстин беренелериндеги «токтотуу» деген сөз «кыскартуу» деген сөз менен жаңылыш алмаштырылган.

Биз бул мыйзам чыгаруудагы “чыгармачылыкка” лингвистикалык жана укуктук өңүттөрдө салыштырып, талдоо жүргүзөлү. “Кыскартуу” деген сөз аталган кодекстин расмий тилдеги текстинде “прекращение” (мисалы, “прекращение дела”) деген сөз. Эмне себептен бул сөз кыргызчага “кыскартуу” деп которулуп калган? Биздин оюбузча, мыйзам долбоорунун демилгечиси академик К.К. Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүнө” (Москва, 1965) таянышы ыктымал. Анда белгилүү окумуштуу “ишти кыскартуу – прекращение судебного дела” деп жазган. Бирок ошол эле учурда “кыскартуу” деген сөздү орусчага “укорачивание, сокращение” деп которгон.

Кодекстин тексти адаттагыдай эле расмий тилден мамлекеттик тилге которулгандыктан, адегенде орусча сөздүн маанисине көңүл буралы. Ал үчүн атактуу орус тилчиси С.И. Ожеговдун “Словарь русского языка” (Ожегов С.И. Словарь русского языка. Москва, “Русский язык”, 1990) аттуу түшүндүрмө сөздүгүнө кайрылалы. Анда “прекратить” деген сөзгө “положить конец чему-н., перестать делать что-н.” (581-бет), ”сократить” деген сөзгө “1.сделать короче; 2. уменьшить в количестве” деген түшүндүрмөлөр берилет. Академик К.К. Юдахиндин редакциясы алдында чыккан “Орусча-кыргызча сөздүктө” (Москва, 1957) “прекращение” —  “токтотуу, токтоо, токтолуу, токтотулуу” деп которулган, бирок анда “ишти кыскартуу – прекращение судебного дела” деген котормо жок.

Академик К.К. Юдахин укук терминдерин кыргызчалоого эмнегедир анча батынган эмес, мисалы, ал “Кыргызча-орусча сөздүгүндө” (Москва, 1965) “срок”, “старший”, “столовая”,сторож”, “отклик”, “отметка”, “отлично” ж.б. жүздөгөн жөнөкөй сөздөр сыяктуу эле “закон”, “полномочие”, “статья”,дело”, “договор”, “пособие” ж.б. ондогон укук түшүнүктөрүн дагы кыргызча сөз (термин, түшүнүк) катары которбой, орусча варианттарында берген. (“Закон”, “полномочие”, “статья”,договор”, “пособие” ж.б. сөздөр дагы кыргыз тилине таандык сөздөр катары Х. Карасаевдин “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүнө” киргизилген). Муну менен биз атактуу окумуштуунун беделине шек келтирүүдөн алыспыз, анын кыргыз филологиясына, жалпы эле түркологияга сиңирген зор эмгегин эч ким танбас. Бирок көрүнүктүү илимпоздун 40 миңге жакын сөздөн турган сөздүгүндөгү кээ бир котормолорго илимий-тарыхый, диалектикалык өңүттө сын көз менен кароо зарыл деп эсептейбиз.

Эми сөз болуп жаткан маселеге укуктук өңүттө талдоо жүргүзөлү. Укук чөйрөсүндө, мыйзамдарда “прекращение” – бул “токтотуу”, ал эми  “кыскартуу” – бул “сокращение” экенин түшүнүү үчүн чоң укукчу-илимпоз болуунун зарылчылыгы деле жок. Мисалы, жарандык укукта “прекращение деятельности юридического лица” деген түшүнүк бар.  Ал “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында “юридикалык жактын иш-аракетин токтотуу” деп которулган, Жарандык кодексте – “укуктук мамилелерди токтотуу”, “сервитутту токтотуу”, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында “коомдордун ишинин токтотулушу”, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында – “массалык маалымат каражатын чыгарууну токтотуу” ж.б.

Жогорудагы 2008-жылдын 12-июнундагы мыйзамдагыдай “чыгармачылык” менен ал сөз айкашын (“прекращение деятельности юридического лица”) кайра артка которсок, “укуктук жактын ишин кыскартуу” болот эмеспи?! Билимдүү, тажрыйбалуу тилмечтер кээ бир ченемдик укуктук актыларын, анын ичинде мыйзамдарды которгондо “прекращение” деген сөздү  атайылап же автоматтык түрдө “токтотуу” деп которгону дагы кокустук эмес. Мисалы, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 637-беренеси “укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш токтотулган учурда келип чыккан чыгымдар” (“В случае прекращения производства по делу об административном правонарушении, образовавшиеся издержки”) деп которулган.

“Кыскартуу” (“сокращение”)  – бул “азайтуу”, “кемитүү” деген сөздөрдүн синоними, мисалы, укукта “кызматкерлердин штатын кыскартуу”, “кирешелерди кыскартуу” ж.б.

Жогоруда белгиленгендей, укуктук документтерди которуу – бул чоң жоопкерчилик эле эмес, абдан татаал жана оор иш. Укук тилмечи түп нуска жана которуу тилдерин, котормо теориясын, техникасын эле мыкты билбестен, укук маселелерин жана укуктук терминологияны жакшы билүүгө тийиш. Бул иште жогоркудай ашкере чыгармачылык, бардык терминдерди кыргызчалатууга азгырылуу, сүйлөмдөрдү өтө эле жөнөкөйлөтүп которууга аракеттенүү түп нуска текстинин мазмунун бурмалоого, кош маанилүүлүккө же ойдун, идеянын түшүнүксүздүгүнө ж.б. терс натыйжаларга алып келет.

Кийинчерээк кабыл алынган “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам (лицо с ограниченной возможностью здоровья)” деген термин кыргыз коомчулугуна анча сиңип кете элек, мурдагыдай эле “майып” деген сөздү колдонууну туура көргөндөр дагы бар (мисалы, ошол эле “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында ж.б. укуктук документтерде, “Юридикалык атоолордун жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгү. Русско-кыргызский словарь юридических терминов и иных понятий” деген сөздүктө (Бишкек, 2014) “инвалид”, “увечье (трудовое)” деген терминдер “майып” деп которулган). Мындай мамиле базар мамилелерине өткөндө пайда болгон кээ бир түшүнүктөрдү, мисалы, “жоопкерчилиги чектелген коом (общество с ограниченной ответственностью)” деген терминди эске салат. Ишкананын же чарба жүргүзүүчү субъектинин бир түрүнүн аталышы катары бул термин бүгүн толук айтылышы боюнча дагы, кыскартылган варианты (ЖЧК) боюнча дагы калкыбыз тарабынан кабыл алынганын тануу кыйын. Ошондой болсо дагы аталган терминдерди журналист “майып”, “ишкана” деп которуп, айтып же жазышы мүмкүн, бирок тилмеч “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам”, “жоопкерчилиги чектелген коом” деп которуп, жазууга (айтууга) милдеттүү.

Дагы бир нече мисал келтирели.

Защита” деген сөз орусча да, кыргызча да колдонулушу (стилдик жана практикалык өңүттө алганда) жагынан “оборона” деген сөздөн айырмаланып турат. Мисалга “защита прав и свобод человека”, “социальная защита” жана “защита окружающей среды” деген түшүнүктөрдү алалы. Бул сүйлөмдөр Баш мыйзам баш болгон укуктук ченемдик актыларда, эл аралык келишимдерде ж.б. документтерде “адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо”, “социалдык коргоо”, “курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо”  деп туура которулуп келатат. Аны “адам укуктарын жана эркиндиктерин коргонуу” “социалдык коргонуу” жана “курчап турган айлана-чөйрөнү коргонуу” десек, туура эмес болуп калат. Ошондой эле “необходимая  оборона” деген сөз “зарыл коргонуу” деп туура которулуп жүрөт.

Ошондуктан биздин Мыйзамдын орусчасы “О Гражданской защите” деп аталып калгандыктан (Россияда жана Казакстанда ал мыйзам, мисалы, “О Гражданской обороне” деп аталат), “Гражданская защита” “Жарандык коргоо” деп которулууга тийиш же аталган мыйзамдын орусчасы “О Гражданской обороне” деп өзгөртүлүшү керек.

“Реабилитация” деген термин кыргызчага “калыбына келтирүү (актоо)” жана “сакайтуу” деп которулууда (Юридикалык атоолордун жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгү. Русско-кыргызский словарь юридических терминов и иных понятий. Бишкек, 2014, 370-б.). “Реабилитация” деген латын сөзүнүн кыргызчасы — “калыбына келтирүү”. Сөздүктө бул терминге 1) укуктарды калыбына келтирүү; 2) жакшы атты (кадыр-баркты), мурдагы репутацияны калыбына келтирүү; 3) оорулуулардын жана майыптардын организминин жана эмгекке жарамдуулугунун бузулган функцияларын калыбына келтирүү деген аныктама берилет (Современный словарь иностранных слов. Москва, 1993, 513-бет). Бирок азыркы учурда бул терминдин мааниси ушул аныктамалар менен эле чектелбей турганын, ал кыйла кеңири мааниде колдонуларын эстен чыгарбоо керек.

“Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында медициналык реабилитация, социалдык реабилитация сыяктуу түшүнүктөр менен катар билим берүү реабилитациясы, педагогикалык реабилитация, психологиялык реабилитация, социалдык-чөйрө реабилитациясы, социалдык-эмгек реабилитациясы, социалдык-маданий реабилитация деген терминдерге төмөнкүдөй аныктамалар берилген:

“билим берүү реабилитациясы — ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын зарыл түрдөгү жалпы билим алуусунун, ден соолугуна байланыштуу зарылчылык болгондо, атайын же кошумча билим алуусун, жаңы кесипке ээ болуш үчүн кесиптик кайра даярдоодон өтүү процесстерин өзүнө камтыган иш чаралардын комплекси;

педагогикалык реабилитация — аң-сезимдүү жүрүм-турум, өзүн өзү тейлөө, мектептен билим алуу үчүн зарыл билимдерге ээ болууларына мүмкүндүк бере турган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды тарбиялоочу жана окутуп-үйрөтүүчү иш чаралардын комплекси;

психологиялык реабилитация — алдыдагы турмушунда коркунучту жеңүүгө, «майып» деген социалдык-психологиялык комплексти жоюуга, жигердүү инсандык өз көзкарашын бекемдөөгө багытталган иш чаралардын комплекси;

социалдык-чөйрө реабилитациясы — ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга турмуш тиричилик иштерин жана санитардык-гигиеналык иш чараларын, ошондой эле турак-жайды аталган нерселерди пайдалана билүүгө үйрөтүүнү камсыз кылган буюм-тайымдар менен жабдуу боюнча иш чаралардын комплекси;

социалдык-эмгек реабилитациясы — ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын муктаждыктарына өндүрүштүк чөйрөнү ылайыкташтыруу, өндүрүштүн талаптарына алардын көнүшү;

социалдык-маданий реабилитация — ар кандай маалыматтарга, социалдык-маданий жактан тейленишине, чыгармачылыктын жетиштүү түрлөрүнө жараша ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган иш чаралардын комплекси”.

Бул учурларда  “реабилитация” деген терминди “калыбына келтирүү (актоо)” же “сакайтуу” деп которуу (алмаштыруу) мүмкүн эмес экенин жогорку дефинициялар далилдеп турат.

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдын 24-беренесинде “ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон субъектке киргизиле турган ченемдик укуктук актынын долбооруна төмөнкүлөр тиркелет:

коштомо кат;

маалымкат-негиздеме” деп жазылган жана 25-берене “Ченемдик укуктук актынын долбоорунун маалымкат-негиздемесине карата негизги талаптар” деп аталат. Расмий тилден (“справка-обоснование”) сөзмө-сөз которулган бул түшүнүк бардык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунда “маалымкат-негиздеме” деп колдонулуп келатат. Аны “негиздеме-маалымкат” деп которуу кыргыз адабий тилинин ченемдерине ылайык келет деп ойлойбуз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамада” мындай жобо бар:

“Эгерде документте аталышы текстте толугу менен берилген тиркемеси бар болсо, анда тиркеменин бар болушу жөнүндө белги төмөнкүдөй форма боюнча таризделет:

Тиркеме: 5 баракта, 2 нускада”. Бул жобонун расмий тилде мындай баяндалат: “Если документ имеет приложение, полное наименование которого приводится в тексте, то отметка о наличии приложения оформляется по форме:

Приложение: на 5 л. в 2 экз.”.

Оформление” деген орусча сөздүн уңгусу “форма” б.а. кыргызча которгондо “формага салуу” дегенди билдирет. Демек, “оформлениени” “тариздөө” деп которгондон кийин “форма” — “тариз” деп которулууга тийиш. Биздин оюбузча, “форманы” “тариз” деп которуу жаңылыштык болбойт. “Тариз” – бул кыргыз тилине араб тилинен кирген, “түр, кебете, сыяк” дегенди түшүндүрөрүн белгилүү түрколог, профессор Х.К. Карасаев “Өздөштүрүлгөн сөздөр” деген сөздүгүндө (Карасаев Х.К. Өздөштүрүлгөн сөздөр”. Сөздүк. Фрунзе, 1986. 257-б.) жазган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамада” ”приказ” — “буйрук”, “распоряжение” “тескеме” деп которулган. Бирок Өкмөт өзү бекиткен типтүү нускамага карабастан, “буйрукту” “распоряжение” деп которуп алган,  мисалы, 2016-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссия жөнүндө жобону №41-б Буйругу менен бекиткен, ал эми Буйруктун орусчасын “Распоряжение” деп атаган. Кыязы, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесинде “Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Өкмөт токтомдорду жана буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын камсыз кылат” (“На основе и во исполнение Конституции и законов Правительство издает постановления и распоряжения, обеспечивает их исполнение”) деп жазылып калганы Өкмөттүн “распоряжение” деген орусча түшүнүктү “тескеме” дебестен, “буйрук” деп которууга мажбурлагандай… Бирок Конституциянын 42-беренесинде “Ар ким өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугуна ээ” деп жазылган (Конституциянын орусча текстинде – “распоряжение”). Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде дагы “распоряжение – тескөө”, “распорядитель – тескөөчү” деп, биздин оюбузча, туура берилген.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын текстинде айрым термин, сөздөр бир өңчөй (унификацияланып) берилген эмес. Буга байланыштуу дагы башка мисалдарды келтирели.

Баш мыйзамда “финансы” деген термин өздөштүрүлгөн сөз катары берилген, бирок “финансирование”– “каржылоо” деп которулган. Дегеле бул термин ар кайсы маалымат булактарында кыргызчага чаржайыт которулуп (берилип) келатат. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыгарган “Финансы-экономикалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүндө” (Бишкек, 2010. 78-б.) төмөнкүдөй берилген: “финансированиекаржылоо”, “финансирование внешней торговли – тышкы сооданы финансылоо”, “финансовая санкция – финансылык санкция” ж.б.

Эгерде Негизги мыйзамдын текстиндегидей уңгуну (“финансы”) которбой, мүчө (“финанс-ирование”) уланса,  уңгуну кошо которуу (“каржылоо”) эрежесин (принцибин) колдонуп, азырынча кыргызчага которула элек “импорт”, “экспорт” жана “инвестиция” деген терминдерге  орусча “-ирование” мүчөсү уланганда “импортирование” – “киргизүү”, “экспортирование” – “чыгаруу”, “инвестирование” – “салуу”  деп которуу туура болобу?! Мисалы, Юридикалык атоолордун жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгү. Русско-кыргызский словарь юридических терминов и иных понятий” деген сөздүктө (156-б.) “импортирование экземпляров произведения — чыгарманын нускаларын импорттоо” деп чет тилден кирген терминге (импорт) кадимкидей эле мүчө (-тоо) уланып которулган. Ошол эле сөздүктө (37-б.) “ассигнование” – “каражат бөлүү” деп, ал эми К.К. Юдахиндин редакциялоосу менен чыккан “Орусча-кыргызча сөздүктө” (30-б.) “бир нерсеге жумшоо үчүн каражат бөлүп берүү” деп которулган. Демек, Конституциянын тилмечтери которгон “каржылоо” деген түшүнүк “ассигнование” деген терминге мааниси жагынан кыйла жакын.

Каражат”, “каржы” деген сөздөрдүн этимологиясына кайрылсак, экөөнүн тең уңгусу бир – “карж” (араб сөзү) экенин билебиз. Көрүнүктүү түрколог, профессор Х.К. Карасаев “Өздөштүрүлгөн сөздөр” деген сөздүгүндө (“Өздөштүрүлгөн сөздөр”. Сөздүк. Фрунзе, 1986. 141-142-б.б.) “карж” – “алым, салык, налог”, “каржы” – “чыгым, сарптоо, жумшоо”), “каражат” – “чыгым, сарп кылуу” деп чечмелейт.

Кыргыз терминологиясында көп жылдардан бери туруктуу орун таба албай келаткан “каржы” деген түшүнүк Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде (2016-жылдын 16-майы № 59, (КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамы менен колдонууга киргизилген) Конституциянын текстине салыштырганда ырааттуу жана бир өңчөй колдонулган. Мисалы, “государственные финансы” — “мамлекеттик каржы”;  “финансирование фонда развития Социального фонда” — “Социалдык фондду өнүктүрүү фондун каржылоо”; “финансовые активы” – “каржылык активдер” ж.б. Бирок Бюджеттик кодексте “каржылоо” деген түшүнүккө мааниси жагынан кыйла жакын “ассигнование” деген термин кыргызчага которулбай калган.

Ошол эле учурда Бюджеттик кодексте “расход” деген термин чаржайыт которулган: бир жобосунда “чыгаша” деп берилсе, башкасында — “чыгым” деп (“бюджеттин чыгашалары”, “бюджеттин чыгымдары”, “капиталдык чыгымдар”) которулган.  Дегеле, “расход”, “убыток” деген түшүнүктөр кыргызчага чаржайыт которулуп келатат. Мисалы, “убыток” аталган  кодексте “зыян” деп которулса, “Юридикалык атоолордун жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгү. Русско-кыргызский словарь юридических терминов и иных понятий” деген сөздүктө (Бишкек, 2014) – “чыгаша”,  ал эми “расход” — “чыгым” деп которулган. “Киреше” (доход) менен “чыгаша” – кыргыз эли эзелтен дайыма удаа колдонуп келген антоним сөздөр. А түгүл, элибиздин “чыгаша чыкпай, киреше кирбейт”, “жакшыдан жаман туулса – чыгаша, жамандан жакшы туулса – киреше” деген макалдары бар. Финансы-экономика чөйрөсүндө ийгиликтүү колдонулуп келаткан “бюджеттин кирешелери жана чыгашалары” деген сөз айкаштарын “бюджеттин кирешелери жана чыгымдары” деп, “бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү” дегенди “бюджеттин киреше жана чыгым бөлүктөрү” деп айтсак, ал терминдердин мааниси так болуп калабы?! Терминдерди негизсиз жана ыксыз өзгөртүүгө азгырылып, бүгүн “расход” дегенди “чыгым” деп сунуштагандар эртең “доход” (“киреше”) дегенди “кирим” деп которууну сунуштабайт деп ким кепилдик бере алат?! Ошондуктан “расход” деген сөздү “чыгаша” деп которуу, биздин оюбузча, кыйла туура болот.

Дегеле чет элдик кээ бир укук терминдерин кыргызчалагандан чочулабашыбыз керек. Мисалы, орус тилинде “юридика” деген сөз жок, ал эми “юридический” деген сөздүн маанисин толук ачып берүүчү кыргызча эквивалент бар. Орусча түшүндүрмө сөздүктөрдүн баарында “юридический” деген сөз “укукка тиешелүү, укуктук” деп чечмеленет (Ожегов С.И. “Словарь русского языка”. Москва, “Русский язык”, 1990. 911-б.; Современный словарь иностранных слов. Москва, 1993, 731-бет). Демек, ал сөз “укуктук” деп (юридическая ответственность — укуктук жоопкерчилик, юридическое лицо — укуктук жак, юридическое образование — укуктук билим, юридическая консультация — укуктук кеңеш ж.б.) которулса жаңылыштык болбойт.

Эми укук тексттеринин айрым котормолорун талдоого аракеттенели.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат, мыйзамдарда каралган учурларда расмий тилге которулат жана эки тилде жарыяланат. Мыйзамдардагы бул жоболор тигил же бул ченемдик укуктук актынын эки тилдеги тексти мааниси боюнча бирдей  болушун талап кылат б.а. түп нускадан которулган текст түп нуска текстине шайкеш (дал) келүүгө тийиш. Тилекке каршы, кээ бир учурларда бул шарт аткарылбай, бир эле ченемдик укуктук актынын эки тилдеги тексттеринде бири экинчисине карама-каршы келген жоболор же бурмалоолор орун алууда.

“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын (2016-жылдын 31-октябры № 173) 25-беренесинин 5-бөлүгү төмөнкүдөй баяндалат: “Обо убактысына акы төлөөнүн өлчөмү жана шарттары жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн обо убактысын берүүгө даяр экендиги жөнүндө кабарлоо менен, референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү телерадио уюмдары тарабынан жарыяланууга тийиш”. Орусча тексти: “Сведения о размере и условиях оплаты эфирного времени должны быть опубликованы соответствующей телерадиоорганизацией не позднее 10 календарных дней после вступления в силу закона о назначении референдума с уведомлением Центральной избирательной комиссии о готовности предоставить эфирное время для проведения агитации по вопросу (вопросам), вынесенному (вынесенным) на референдум”.

Тилмечтин укуктук жагынан дагы, котормо жагынан дагы сабатсыздыгы, мыйзам чыгаруучунун, жымсалдап айтканда, текстти кунт коюп окубаганы Конституцияны, конституциялык мыйзамды бурмалоого алып келген. Себеби Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алат, анда референдумга коюу үчүн сунушталуучу маселенин (маселелердин) туюнтмасы аныкталат. Референдумга маселе (маселелер)  коюу Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирбейт. Ошондуктан конституциялык мыйзамдын 25-беренесинин 5-бөлүгү, биздин оюбузча, төмөнкүдөй баяндалышы абзел: “Обо убактысына акы төлөөнүн өлчөмү жана шарттары жөнүндө маалыматтар референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн обо убактысын берүүгө даяр экендиги жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына кабарлоо менен, референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү телерадио уюмдары тарабынан жарыяланууга тийиш”.

Ушул сыяктуу мүчүлүштүктөр Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын тексттеринде дагы кездешүүдө. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзам аныктагандай “Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы — Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары — Президент) чыгаруучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүчү ченемдик укуктук акт”. Ошол эле мыйзамга ылайык “ченемдик укуктук акт — ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган (чыгарылган), укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ”. Ченемдик укуктук актылардын иерархиясы боюнча дагы Президенттин жарлыгы мыйзамдан кийинки маанилүү документ. Ченемдик укуктук актынын формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар Президенттин жарлыгында дагы аткарылууга тийиш. Аталган мыйзамдын 11-беренесинде көрсөтүлгөндөй “ченемдик укуктук актынын тексти адабий тилдин ченемдерин жана юридикалык терминологияны сактоо менен берилет. Эскирген, көп маанилүү сөздөрдү, туюнтмаларды, эпитеттерди, метафораларды колдонууга, сөздөрдү кыскартууга жол берилбейт”.

Эми мамлекет башчысынын 2017-жылдын 5-январында кол койгон “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыктын мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттерине токтололу. Бул документтин расмий тилдеги тексти биздин баамыбызда жогорудагы талаптар сакталуу менен сабаттуу даярдалган. Ал эми мамлекеттик тилдеги текст, тескерисинче, мындай деңгээлдеги актыларга коюлуучу стандарттарга жооп бербейт. Документтин аталышындагы жана резолюциялык бөлүгүндөгү окшоштуктар болбогондо ал окурман тарабынан эки бөлөк акт катары кабыл алынышы мүмкүн. Себеби чакан жарлыктын эки тилдеги тексттериндеги айырмачылыктар абдан арбын. Бул айтылгандар биринчи кезекте жарлыкты чыгаруунун себептери, шарттары жана максаттары жөнүндө маалыматтар камтылган бөлүгүнө — преамбулага түздөн-түз тиешелүү.

Преамбуланын мамлекеттик тилдеги текстиндеги кээ бир түшүнүктөр, сөз айкаштары, сүйлөмдөр расмий тилдеги текстинде жок же расмий   тилдеги текстиндеги түшүнүк, сүйлөмдөр мамлекеттик тилдеги текстинде жок. Мамлекеттик тилдеги түгөнгүс кудурет-күч” деген эпитет,пайдубал бар экенин ырастады”, “жаңы дем, жаңы күч алдык, улуттук сыймыктануу сезими жаралды”, “Кыргызстандын эл аралык аброю артты” деген сүйлөмдөр, “биримдиги”, “жаңычылдыкка”, “ата-бабалар” деген ж.б. сөздөр  расмий тилдеги текстте жок. Ошол эле учурда расмий тилдеги текстте орун алган “во многом зависит от способности государства и общества”, “показало важность сохранения”, “творческих конкурсах и фестивалях” деген ж.б. сүйлөмдөр мамлекеттик тилдеги текстте кездешпейт. Айрым терминдер ар башка же кош мааниде  колдонулган: расмий тилдеги “ценности” деген түшүнүк “асыл-нарктары” жана “баалуулуктары” деп башаламан берилсе, “адеп-ыйман” деген түшүнүк ар башка мааниде колдонулган: жарлыктын аталышында “ыйман” —   “нравственность” деп, ал эми “адеп” – “воспитание” деп которулса, негизги текстте “адеп-ыйман” деген эки сөз биригип расмий тилдеги “нравственность” деген  бир гана түшүнүктү — маанини туюнтуп калган.

Жарлыктын преамбуласындагы мамлекеттик тилдеги текст ченемдик укуктук актынын стандарттарына караганда расмий баяндаманын (докладдын) стилине көбүрөк жакындап кетет. Анда айтылган кээ бир ойлор көп суроолорду туудуруп, тактоону талап кылат. Мисалы, Кыргызстанда 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгын өткөрүүгө байланыштуу жазылган “Эркиндик үчүн курман болгондор алдында бир кылым бою элдин мойнунда оор жүк болуп келген ыйык парз аткарылды” деген ой мындай мыйзам ченемдүү суроолорду пайда кылат: Үркүндүн 100 жылдыгынын өткөрүлүшү менен эле эл-журтубуздун жүрөгүн өйүп келаткан кайгылуу окуяны, анда курман болгондорду эскерүү токтоп калабы?! Эркиндик үчүн курман болгондор алдындагы ыйык парзыбыз 100 жылдыкка  арналган “жогорку мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде белгиленген” иш-чаралар менен эле толук даражада аткарылды деп айта алабызбы?!

Бул мисал негизги ченем жаратуучу органдын (кызмат адамынын) ченем жаратуу иш-аракетинде көйгөйлүү маселелер бар экенин, аны четтетүү үчүн тиешелүү чаралар көрүлүүгө тийиш экенин күбөлөндүрөт. Себеби орус окумуштуусу А.А. Ушаков айткандай “укуктагы так эмес сөз – социалдык чоң каргаша, ал зомбулук менен мыйзамсыздыкка үрөн себет”.

Аталган китепти сатып алуучулар үчүн байланыш телефондору: 0505 33 21 31 жана 0555 33 21 31.

Биз жогоруда Конституция баш болгон айрым ченемдик укуктук актылардын тексттеринин котормолорунун урунттуу учурларына, орун алган мүчүлүштүктөрүнө көңүл буруп, кээ бир ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, аларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарыбызды  баяндадык. Бул маселелерди изилдөө процессинде биз илимий-лингвистикалык, укуктук өңүттө талдоо жүргүздүк, ченем жаратуу принциптерине, өз тажрыйбабызга таянып, тиешелүү корутундуларды чыгардык.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *