АҢГЕМЕ

— Жетим жетилиптир! Анан калса, адамда жок өнөрдү үйрөнүп алганын кара, капырай-э! Уул да уул! Ата баласы! Ыраматылык Чылакем…— деп оңдонуп отурган сары тончон чал, оо илгери көзү өткөн анык атасынан кеп козгой кетти:

— Бо, биздин Кочкор боорунда ырысын жерден тилеген баба дыйкан экөө болсо, ошонун бири так ушунун атасы — Чылабай дээр элем. Мал ээрчип, тоо кезип кеткен бир айыл элди илгери жалгыз Чылабай бакчу дан менен. Өгүздөрүнө кошкон буурусун менен тешелеп жер айдап, күзүндө дөбөлөп кызыл сапырып.

Жарыктык Чылакең! Өзү тестиер чагынан сексен жашагыча туктун түбүндө жатып… нан жыттанып өттү го. Бизге адеп «кулак» байлаганды үйрөткөн да ошол Чылакең болду. Тиги жетим ошол Чылакеңин көрбөй жүрүп көргөн жалгызы. Мен билгенден мунусунун колуна алты-жети жашарында эле күрөк карматты да муну айтты: «Мына балам, бай — малын, дүнүйөсүн калтырат баласына. А менде мал да, дүнүйө да жок. Болсо да аларды калтырганды көңүлүм түтпөйт. Ал экөө тең опосуз. Мал жутка кетет, дүнүйө түгөнөт, түгөнбөс гүлазык мына ушу — күрөк. Сен күрөктү колуңан чыгарба! Ырыскыңы жерден тиле. Күрөк менен жер сени кор кылбайт.

— Мына, ата баласы экен,— деди алиги сары тончон чал,— эми өнөр минди, кетпес ырыска кирди бала! Ушинтип жетимдин өнөрүнө жетине албай, мындан элүү жылы мурун муну айткан сары тончон чал да эбак көз жумгак. Колуна адеп күрөк карматкан атасынын мүрзөсү да жер менен жексен болду. Бирок ал уулунун колуна күрөктү азыр карматып тургандай мына бүгүн да атанын сөзү тирүү. Эзелтен эл айткандай, элүү жылда эл жаңырды. Эл түгүл албан жер жаңырды!..

Төлөгөндүн адеп трактор айдап жүргөн жылдарын мен эс-эс билем. Кар жатпас кара Кочкордун жазы келбей, мал-жандын жилигин үзүп, мал-жан түгүл, жердин кыртышын сыйрып кубартып, жылаңачтап жиберет ко кээде. Жазды күткөн жанды-жаныбар, жазды күткөн тоо-талаа… Кубарган арыктын кырынан чычкан кулак көктү көрсөк ойноо балдар үйгө жеткиче, бут үзүлгүчө чуркап, кыйкыра сүйүнчүлөй кирчүбүз: «Эне! Жаз!.. Энеке, көк… көк чыгып калыптыр!…»

Кийинки жылдары көктөн мурун көрүнчү жаздын жарчысы ушу Төлөгөндүн трактору болду бизге. Кайдан-жайдан угулган «тр-тр-тр-тр!» деген үн: «Жаз! Жаз! Жаз! Жаз!» дегендей биздин наристе сезимди кытыгылап жиберчү. Болду, ошону угар замат үй-үйдөн тыз коюп чыккан жылаңайлак, жылаңбаш тентектер трактордун үнүн улап ошо тээ тор талаага тызылдап барчубуз.

Ара талаадагы тракторго жете барып, ээрчий чуркайбыз. Беш гана тиштүү соко сүйрөгөн чакан «Фордзон» маркасындагы трактордун арсак болот тиштүү арткы дөңгөлөктөрүнө бир укмуш сүрдүү, анын үстүндөгү Төлөгөн не дегек алп көрүнчү эмес беле. Андан көз айырбай, жандай салып, ээрчий чуркап алаар элек. Төлөгөндүн бизди карап кыйкырганы үзүл-кесил угулуп, колун жазгаганы көрүнөт. Ал бизди тепселип калбасын деп чочуп, ары болгула деп атса керек. Биз ансайын энтеңдейбиз…

Бир оокумда Төлөгөн токтойт, трактор да демин басып тыныгат. Ошо тапта жанына чукул барып калган биз анын арсак тиш тарбагай дөңгөлөгүнө, ысып кеткен чоюндарына аярлай кол тийгизип кайра качабыз. Трактор жандуудай. Жер жарган үнүн, жер аңтарган соколору айтор… Баса, Төлөгөн бизди кезек менен жанына отургузуп, бороздун аяк-башына чыккандагыдай сүйүнүчтү көрө элекмин. Айдоонун аягынан башына чыгып келүү дегендин өзү… дүйнө жүзүн тегеренип чыккандан артык көрүнчү эле бизге чындыгында. Жедеп өзөк карарып, кечинде жер-суу таанылбай калганда үйгө жете келгенибизде энелерибизге айтып гана түгөтө алсакчы: «Эне! Мен… мен бүгүн тракторго түшүп!.. Төлөгөн байкем жанына отургузуп… Анан… анан тээ Чолпонбайдын коосуна чейин, андан тээ-ти Сеңирге чейин…»

Атаңгөрү! Ошо жылдары тракторду ээрчий чуркап, Төлөгөндүн жанына отуруп кудуңдаган бир кур балдардан кимибиз гана эңсебедик тракторист болушту, кимибиз гана жалынбадык ага:

— Байке! Тракторист байке! Биз да тракторист болобузбу?

— Үйрөтүп койсоң, байке, бизге айдаганды?!

Ошондогу биздин кыялыбызга кубанып, биздин кебибизге корстон болгон Төлөгөн күлүп койчу бизге:

— Атаңкөрүлөр! Ынтаа койсоңор эле үйрөнөсүңөр. Кеп ынтаада.

Кочкор өрөөнүнө техниканын тетигин адеп алып келгендердин бири мына ушул Төлөгөн. Баса, өзү түгүл анын жарычы. Аялзатынан адеп трактор айдагандардын бири да Төлөгөндүн жары — Тумар болду го. Трактор окуусун адегенде Төлөгөн өзү бүтүп, анан өзү үйрөтүп алганын айтышчу эле анда.

*   *   *

… 1928-жылдын жазы. Томолой жетим Төлөгөн трактордун окуусуна кеткенин эч ким элес алган эмес экен.

Жаздын бир күнүндө эле айылда мындай аңырт жүрдү:

— Оо, бая Чылакеңин жетими келиптир дейби?

— Ии, ии баса, кайда жүрүптүр, ботом?

— «Трактир» деген окушта жүрүптүр, анан ошону бүтүп, күркүрөгөн жандуу темирди жетелей келиптир.

Муну укканда оозун ачып, бир паска делдее калышты. Анан деги бу айтылган кептин кандай-андайына акылы жете албай турушту:

— Капырай, анда ал бир…

— Анан ал жандуу темирде кырк өгүздүн күчү бар дешет.

— Кудай өзүң сактай көр! Бир өзү кырк өгүз болуп ошонун үстүнө суу ордуна май ичсе, бул Кочкор боорунун майын бүт сорор! — Адеп муну айтып келген беркилерге түшүндүрүп жатты жаналакетке түшүп.

— Ой, ал темир! Өгүз эмес, май менен от алып, май менен жүргөн гана темир.

— Ошонун өзү жыйырма теше жер айдап салат дешет күнү-түнү тынбай жүрсө.

Кочкор ичине трактордун адеп келгендигин мындай тай-талашка салган момун адамдардын ушу кептерин кийин биз чоңойгондо уктук. Анда ушу кепке кулак түрүп айран калган адамдар, кийин өздөрүнүн мөшкөөлүгүнө өздөрү күлүп жүрүштү. Төлөгөндүн өзү түгүл анын аялы — Тумардын трактор айдаганы деле анча таңыркаткан жок кийин аларды.

Тумар демекчи, ал өзү да шайдоттой болгон, дегеле жандан жалтанбаган өткүр да, кээде бетке чабар кыялы да бар, оюн-тамаша дегениңе учуп кирип кетчү ургаачы эле. Анын бул кыялын адегенде жактырап, жактырбай: «Ээ, бир төө тайраң тура!» дегендер кийин сырын билгенде бат үйүр алышчу да: «Бала кыял, ырас келин» деп калышчу. Анан деги бул канча айткан менен мээнеткеч кишини ким жаман көрөт?! Кимге болсун анын ыманы ысык, маңдайын жылдыздуу көрсөтө турган, ак эмгеги го. Эмгектен кереметтүү, эмгектен ыйык эмне бар.

Күйөөсү Төлөгөн менен теңтайлашып жүрүп, техникага тилмеч болуп алган Тумар кийин айылдагы уландар гана түгүл нечен кыздарды да ушул кесипке дегдетип артынан ээрчитип алды. Адегенде тракторго чиркеген сеялкага гана конуп, анан барып трактордун өзүнө чыгып, Төлөгөндүн карысына жармаша жүргөн Тумарды өгөйлөп кеп кылбай койгон эмес айыл-апа:

— Ботом, бу дегеле эринен карыш бөлүнбөс эме го!

— Жаш да.

— Ой, анча эркелигинен эмес, ал трактор айдаганды үйрөнүп жүрүптүр го?

— О, койчу, аял кантип?..

— Кантпей эле, болсо болор. Деги ошо келиндин тилинен да, колунан да келчү неме.

Айыл адамдары анын трактор айдаганын, айдаганда да ошо Төлөгөндүн өзүнөн тизгин талашып жүргөнүн көрүштү. Алар трактор дегениңдин өзү район боюнча бири-экин беш манжа менен санарлык эле. Тракторист дегениң көзгө басарга дары болчу.

Мына ушул эрли-зайыптын ортосундагы жалгыз трактордун өзү көп учурда талашта калуучу эле: «Төлөгөндүн трактору түндө Кара-Булуңду бүтүп Кош-Алышка жөнөгөн экен, жолдон Ак-Кудук алып кетиптир». Колхоздор арасындагы мелдеш — талаш.

Тумар жеңе да ошо тапта трактордо чакыя отуруп, шадылуу манжалары баранкага жабышып, тээ алды жакты гана теше караган калыбында нечен гектар жерди айдап салчу.

Ошо тапта кандайдыр алардын тракторуна учетчик боло калган мени алар кадимкидей калыстыкка тартышчу. Мен чынында учетчик деле эмес, алардын тракторуна суу ташып берчүмүн. Ошо кызматка мени Тумар жеңе өзү «көтөргөн».

— Бала, сен бүгүндөн тартып тракторго учетчик болосуң!

— Тракторго учетчик… — Бул кызматтагы эмне аткарарын ошо замат толук биле албасам да лам дебей баш ийкедим. Ал өзү дайындап турган кызматты эки ооз сөз менен гана туюндурду.

— Бала, сенин колуң жакшы эмеспи. Төлөгөн экөөбүз айдаган жерди күнүнкүсүн күнүн дептерге каттап, тиги доскеге жазып турасың. Анан ката кетирчү болсоң таарынба, бала!

Башкы буйрук ошону менен бүттү. Буга кошумча дагы бир кызмат такты. Чынында менин аткарар кызматым дал ушул кийинкиси экен:

— Анан экинчи кызматың — тракторго суу ташып берип турасың! Соко кармагандан көрө ал жакшы да,— деп кошумчалады. Кыйыктанган жокмун. Ал түгүл ичимен кымыңдап да койдум: «Ырас эле тракторго учетчик дегениңдин өзү!» Теңтуш балдарга кырдангым келди. А тракторго суу ташып бериштин өзү деле оңой олжо эмес болчу ошондо: «Тээ, Кош-Алыштагы Шаршеналынын баласы Төлөгөндүн тракторуна суу куюп берип жүрүп эле трактор айдаганды үйрөнүп алыптыр дейт ой!» — дешчү.

Зили-түбү ошол Шаршеналынын баласына окшоп тракторчу болуп кетсем да ажеп эмес деген үмүтүм койнума батпай, эдиреңдеген бойдон үйгө жете келип сүйүнчүлөдүм:

— Эне! Мен… мен тракторго кеттим!

— Ие, балам, анан сокоңчу! Сокоңу таштадыңбы? — Минткен энеме баарын туюндуруп бердим. Не бир зардебим козголуп куду ырдап ийчүдөй болуп турганымы көргөн энем да көңүл улап:

— Ие, мейли, ошо… өнөр үйрөнүп кеткиң бардыр,— деди.

Ошентип Тумар менен Төлөгөндүн карамагында иштеп калдым. Алардын өнөрүн үйрөнүүдөн да кызыгы: мага алардын күндөлүк иши, алардын не бир кызык мүнөзү эле. Күнүнө айдалган жердин эсебин тактап калышчу. Мындай учурларда ал экөө эрли-зайып экенин да унутуп коюшкандай, куду эле жарышка чыккан эки колхоздун элиндей сезилип кетчү. Эркектик намысы кыстаган Төлөгөн кээде озунуп унчукчу:

— Муну кара! Атаа ушу Тумардан калгыча!..

Кийин Төлөгөн согушка жөнөп кетчүдө күнүнөн-түнүнө трактордон түшпөй калды Тумар. Уч-кыйырсыз мел-мел талаада үнүн улаган кишиге трактор карааны алда кайдан чалынчу. Ара талаадагы жазгы закымды жирей кечип бараткан трактор, ошо трактор үстүндө дирилдеп бир үзүм гана жалын жүргөнсүчү. Кыпындай жалын даркан талаада дирилдеп, күнүнөн-түкүнө трактор үнү басылбай… — Тигине, баягы Тумар! — дешчү эл.

— Аял эмес эле болот экен, бечара! Төлөгөндүн жогун билдирген жок.

Тумар трактор айдап жүргөндө шаңшып ырдап да жүрчү эле. Ошондогу кыз-келиндин ырындай эле, анын ыры да мына ошо калабалуу согуш жөнүндө, согушка кеткен Төлөгөндөр жөнүндө болчу. Көөдөнүнө толгон кусалыгы менен эңсөөсү өзүнүн тракторунун кернейинен үздүк-создуксуз атылган шакекче көгүш түтүндөй тышка оргуп атылып, мел-мел талаада чабак урчу…

— Оо, андагы Тумар жеңелердин көөдөн толгон кусалыгын!.. Алар ошо кусасын бекем тиштей жүрүп Төлөгөндөрдүн ордун басып, аларды жоктотпой, даркан талааны данга толтуруп, Тумарлардын сокосу менен айдалган кара күрөң талаалар арадан ай өткөрүп кулпунуп, куду Тумарлар кийчү жашыл жибек өңдөнүп буластай түшчү.

…Жергеге жеңиш көтөрүп Төлөгөндөр келди. Касиеттүү бабалардай аларды алыстан карап, алыстан күткөн биздин даркан талаалар, залкар тоолор, баштагыдан абалап, баштагыдан магдырай түштү. Талаа, тоо байлыкка толуп, жыл өткөн сайын баралына келип жашарып баратты.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.