Алп жазуучунун «Акбоз аты»

Шатман Садыбакасовду окурман журту “Күндөр” романы, “Акбоз ат” драмасынын автору катары жакшы билет. А бирок ал акын, котормочу катары, андан да биртоп кыргыз акын-жазуучуларына жол көрсөткөн устат, чыгармачылыкка өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылган редактор катары белгилүү. Жазуучу Шатман Садыбакасовдун аңгемелеринде жөнөкөй турмуштук көрүнүштөр көп маанилүү көркөмдүк түскө ээ болуп, жашоонун ар бир күнү пенде баласынын бактысы, бу тирүүлүктүн адамга ыроолонгон шыбагасы экени ырасталат. Бүгүнкү кыргыз аңгемеси тууралуу кеп Шатман Садыбакасовдун чыгармачылыгына, жазуучунун “Ар кимибиздин жолубуз бар” новелласына арналат. Тюрин Машаны […]

Мезгил ИСАТОВ: Чоң энемдин оюнчугу

ЭТЮД Бир колу күйсө, Бир колу жетпейт, Күнөөсүз күнөө… Бул көл толкуйт. Көкүрөгүнө кабат-кабат топтолгон белгисиз кайгысы толуп-ташып, жээкке майдаланып барып урунат. Чачырап сынган бермет тамчылар ирмемде көрүнөөр-көрүнбөс көздөрдөн чуркап өтүп жашынып калышат. Мындай сансыз кайталаныш жүрөк тереңдигиндеги бир ички кайрык сыяктуу улам чачылып, улам жыйналат. Сезимдерди арбаган бул толкундануу жээкке урунуу. Умтулуу менен чегинүү. Түгөнүү менен башталбайт жоктук. Жамал аны билет. Ошондуктан үмүттөрүнөн жылдыз токуп олтурат. Мындай айлуу кечтеги өзүнө жолугуу көл жээгинде гана бир башкача. Жээктей жылаңайлак басып […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Упчу (шедевр)

АҢГЕМЕ Тык, тык, тык… — Ким бул? — Мен Шайлоо болом. — Шайлоо боло элек болсоң, каяктан болосуң? — Зато мен болгондон кийин баары жакшы болот. — Ыя де, тилиң абдан таттуу экен, айта түшсөң. — Ооба. Куунатам, жыргатам, ырдатам, кыйратам, ыйлатам ой… — Акыркы сөзүң ачуу чындыкка окшоп кетти го, чо то. — Ооба. Мен болгондон кийин азыркы ит жашооңду эстеп алып ыйлайсың дегеним да бул. — Ыя де. Азыр эмне жумуштап келдиң анан. — Азыр мен болгуча эрмектеп […]

Султан РАЕВ: Эмне дейм сизге, эжеке?

АҢГЕМЕ Сабактын бүтөрүнө беш мүнөтчө калган. Эжеке мурдунун учуна түшүп калган көз айнегин жогору түртүп: — Балдар, эртең чогулуш болот. Бардыгыңар ата-энелериңер менен келишиңер керек, курулай шылтоолоп, «колу бошобой калды, иши чыгып калыптыр»,— деген сөздөр болбосун,— деди. Анан эжей мени бир карап алды да сөзүн улантты: —Асанкулов, сен да эсиңен чыгарба, өткөндөгүдөй шылтооңду койгун, сүйлөштүкпү?— деп өзгөчө белгилеп койду. Аңгыча коңгуроо кагылды. Балдар жанатан бери ушуну эле күтүп тургандай эжейдин сөзүн аягына чыгарбай, бири-бирин жаалап сыртка чу коюшту. Мен партадан […]