Авар жомогу: Орозо кармаган түлкү

Мергенчи бир күнү кажырлуу капканды койду да, жанына көз кызарткан чоң кесим этти таштап кетти. Эттин жытын сезген ач түлкү шимшилеп жүгүрүп келип, этти жейин дейт, бирок ойлонот: «Йе, бул соо эмес. Мындай сулп эт талаада жөн эле жатканын өмүрүмдө көргөн эмес элем го». Тобокел кылгысы келбеген түлкү өз жолуна түшөт. Алдынан карышкыр кезигип сурайт: – Кандайсың, Түлкү? Эмне маанайың пас? – Чоң кесим сулп эт жатканын көрүп, жебей калганыма өкүнүп келатам. Орозо кармап жүрбөймүнбү. – А мен орозо тутпаганым […]

Мар БАЙЖИЕВ: Бир кемпир

АҢГЕМЕ Ак чокулуу улуу тоолордун кең коктусунда, калың карга белчесинен баткан чакан айылда, жепирейген боз тамда чүкөдөй болгон бир кемпир өлүм алдында жатты. Анын өлө баштаганы көп болду. Бул тирүү жан кутулбас кыянат согончогу канап, биринчи перзентин көргөн күндөн башталбадыбы, кыз кийимин чечип, зайып болгон түндөн башталдыбы же андан да мурдааракпы — аны өзү да билбейт. Кемпирдин эсинде өткөндүгү менен азыркы, күз менен жаз, күн мекен түн, өңү менен түшү кым-куут болуп аралашып чаташат. Кемпир көзүн ачпай кичинекей секелек кыздын […]

Атактуу психолог Эрик Берндин биздин мээ кантип калыптанганы тууралуу ой дүрмөттөрү

Эрик Берндин улуу ойлорунун негизинде жагдайларга терең анализ жаталат. Берндин ырастоосунда – ар бир адамдын тагдырында 5 жашына чейин сценарий түзүлүп, андан кийинки өмүрүбүз ошол калыптанган долбоор боюнча өтөрүн төмөндөгү 10 тезистен баамдасак болот… Сценарий — бул бала кезде эле ата-эненин таасири менен калыптанып бүтүп, өз ирети менен ишке аша турган жашоо долбоору. Бул психологиялык импульс адамды анын каршылыгына же эркин тандоосуна карабай алга карай; анын тагдырына чоң күч менен түртөт. Биринчи эки жылда баланын жүрүм-туруму менен ойлонуусу негизинен энесинин […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Мадаминбектин өлүмү

Үч-Коргондон Исфайрам бойлоп кеткенде Алыш, Кара-Жыгач, Майдан деп жүрүп отуруп Кичиненин-Оозуна келет. Кезегинде Полот хан качып келген бул жайлардын өзүнчө сыры бар, бир жагынан аш бышымда Барганынын жайыгына түшсө, жарым күндө Кызыл-Кыядан Апшыр-Ата өрдөп кетет Кичи-Алайга, бир жагынан Тамаша аркалуу Шаймардан жерине жетип, андан Сохко, Зардалиге барат, анан да Дароотко күнүн барат, Дароотко жетти дегенде Эркеч-Там менен Кытайга да, Кара-Тейит менен Сары-Колго да, андан ары Кара-Тегин аркалуу Ооганга да жол ачылат. Кууш капчыгай, өрдөп жүргөн жол кандай куугун келсе да […]

Мамыр ИМИНЖАНОВ: Боржок

АҢГЕМЕ                                                     «Чымындуу жерде курт күчөйт, Ырымдуу жерде дарт күчөйт». (Монгол эл макалы) I Артыктын байкоосунда көбүнесе көзү тартканда сүйүнчү эле. Ошондуктанбы, ал сол көзү тартып калса, бир нерсени көрчүдөй жаны жай таппай калчу. Эгерде кокустукка кабылбай калса «өзүмдүн сезгичтигимден тооруп келген кырсыкты торой чалып өткөрүп жибердим» деп компоюучу. Элдик уламыштарга караганда кимдин мүчөлү (жылы – жылан, доңуз) арам болсо, сол көзү тартса сүйүнөт. А Артыктын мүчөлү – балык. Андыктан оң көзү тартканда сөзсүз сүйүнө тургандай […]