Кыргыз – фин, монгол, гунн элдерпинен куралган эл. Көбүнчө биздин эрадан 500 жыл мурун түн жак кытайдан келген «динлин» уругунан, бир кабарда «Динлинди» эски заманда Орто Азийадан Алтай, Орол ортосуна барып жерлешкен арийлердин эски карыйалардын сөзү: Кыргыз Алтай, Кангайдан келгенбиз дегени жалган эмес. Эски түрк кыргызды тууганым дебеген. Кыргыздын тили уйгурдукундай болгон.

Биздин эрадан 2о6 жыл мурун болгон кытайдын «Улуу хан» деген падышасынын тарыхын жазган Бангу (Баньгу) деген кытай болгон. Бангу биздин эранын 92 – жылында өлгөн. Бул тарыхчы кыргыз «Гйан – гун»² аталган. Бул гйан – гундар биздин эрадан 206 жыл мурун өзүнчө мамилекет болгон. (Ал 206 жыл мурун нары жагында канчалык жыл мурун мамлекет курганы, кандай турмушта болгону тарыхта кабары жок).

—————————

¹Бартольд В. В. Кыргызы. Исторический очерк. 1927 – ж., 6 – бет.

²Ган – гун – по китайски большой или главный предводитель. Монах. Бичурин. 1851 г.

«Киге» деген түрк уругунан болгон эл биздин эрадан эки миӊ жыл мурун Египетти (Мисир) караткан. Кытайлар Кыргызды – кыкыс деп жазган. Ойго келет, балким «гикис» кыргыз болбосун деп.

Кытай тарыхынын атасы аталган, биздин эрадан 99 жыл мурун жазылган. «Шиӊзи» деген тарыхта түрктүн «гунн» аталган уругу биздин эраждан 201 жыл мурун «Ге – гун» (киккин) гегунь деген элди караткан деп Сыма Цйан айтат. Транскрип жазууга салып Кик – кин деген сөздү текшергенде «Кыргыз болуп чыгат. Кик – кин – «гйан – гун» деген сөз.

Гиан – гун дегени Кем – кыр, жон деген сөз болуп, гиан – гун аталып кеткен. Гиан – Кем деген сөз болуп, эски түрктөр Энисей дайрасын «Кем» деген.

«Гун» — Орхон дарыясы болуп, аны кытайлар «гун» деген. Демек, гиан – гун – Кем, Оркон дайралары – жердин аттары болуп чыкты.

Кем _ Оркон дайраларына эӊ эски замандан фин, могол жана түрк уругунан «гун» деген эл жердеп тургандыктан кыргызды фин, могол, гун уруктарынан куралган эл деп айтууга мүмкүн.

Кыргыздын турган жери Энисай дайрасынын тегереги, Уранкай, Сайан тоолору, айпгы Алтай тоолоруна тийе болуп, ортосу Энисай баштары болгон.

Энисай дайрасынын башында Кемчик, Ситикем, Бомкемчик,Кукем, Бейкем, Улуккем, Кизгекем деген туура суулар бар.

Ураӊгай деп кытай, могол атаган. Ураӊгайлыктар өздөрүн «төбө» дейт. Биздин VII – VIII кылымдарда «дөбө» аталган азыркы Энисейдин башындагы «Тави – туви» республикасы. Энисейдин башында «Кем» аталган суулар көп болгондугун жогоруда көрдүк. Атактуу тарыхчы Абылгазы мындай дейт: «Кыргыз, кемкемжут элинин зикири: Угуз хандын Кыргыз ысымдуу бир небереси бар эле, жонун насилинен эли, амма бу убакытта кыргыз насилинден кишилер аздур, моголдон, татардан вагайри уруглардан айбандарын асырамак үчүн от, суу излап келип кыргыз журтуна барып олтуруп, кыргыз исмини көтөрмүшлардур, өздөрү кайсы уруктан экенин билелар. Кыргыз, Кемкемжут эли олайат (валеат – О. С.) болуп бир бирине йакынлардур, бир тарафи Селенгир исимли, экинчи тарафи Анкарамуран исимли жкиси хам улуг агым суулардур.

——————

³Н. Павлов. История Туркстана. Ташкент, 1919. 137 б.

            Бартольд В. В. Кыргызы. Исторический очерк. 1927 –ж. 5 – бет.

            Абылгазы – хан. Тарых шежире түрк. 1891 – ж. 28 – бет.

Абир ва Сибир деген эки виалет бар. Кыргыз йурту аӊга йакундур. Кыргыз эли төрөүсүнү «йнал» дээр эди, могол ва тажик падыша деген кеби. Ол вакытта төрөлөрү «Ырыс Айнал» деген кемсе эди. Чиӊгис хан Бура (Бөрү го – О. С.) деген кемсени элчи кылып, «Манга табиг болсун» деп кыргыз элине жиберди. Ырыс Айнал элчини жакшы сыйлап, узу бармай, көп бөлөк – салак эле жакшы кишилеринен кошуп жиберип баш салды. Бөлөклөрүнүн машхури бир айагы ва бурни ва көзү кызыл ак шуӊкар куш эди».

СИБИРЬ ТАРЫХЫНДА

Кыргыздар (хижираттан) мусулман эрасынан 3400  мурун чыккан Угуз хандын небересинен таралганына караганда, алар эӊ эски улут экендигинде шек жок. Кыргыздар Кытай тарыхынын көрсөтүүнө караганда эӊ эски, байыркы улуттан.

Эски түрктөр пайгамбарларын «кам» деген, азыркы кыргыздар байдарлуу кишини «камкор» дейт.

Гун менен кыргыздыи согушу Наншан тоосу менен Булунгур деген суунун эки арасында болуп, Гунлар кыргыздын падышасын өлтүрүп койгондо, кыргызды бийлеп келе жаткан «династийасы»3 усун Орто Азийага ооп келип, Ысыккөлдүн күн жүрүш жаккы башына жакын жер азыркы Жууку суусуна «Чыгуу» деген калаа салган1. Чыгуу Кызылсууда болгон деп Бартольд айтат, менин пикиримче «Чыгуу» Жуукуда болсо керек. Арапта «Ч» тамгасы жок себептен «Ч» ордуна «Ж» жазып «Чыгууну» «Жууку» деп бузуп жазган.

«Чыгу» деген сөз кытайча жашыл далаа, жашыл узун жаки метал деген сөз жана Жылуу суу деген сөз. Усунду эски Кытай «хаусун» деп дагы жазган. Усундун турган жери Иле, Ысыккөл, Атбашы, Нарын, Кочкор, Жумгал, Чуй болгон. Бул айтылган жерлерди кытайлар тегиз жана чөптүү, жаандуу, суук болуп, тоолору бүткүлү менен чер токой деген.

1 Сибирь тарыхы — Али — Атласи. Казань, 1911-жыл. 24-бет.

2 Ушул лурус эсеп, санак эмес.

Ошанин Л. В. Материалы по антропологии Средней Азии. Ташкент. 1927-ж. 1 Бартольд В. В. Очерки истории Семиречья. Верный, 1898-ж., 77-бет.

Усундун 120000 үйү 630000 багы жана 188000 аскери болгон. Талуу, Даруу деген эки баштыктары болуп, байлары төрт-беш миӊ жылкы күткөн. Каны турган Чыгуу шаары Аксуунун күн батыш түн жагында болуп, андан 610 ли алыстыгында Ысыккөлдүн жээгинде болгон. Пергананын борбор шаарынан түн жак күн чыгышында 2000 ли алыстыкта болгон. Күн батыш кангүй элинин чегинен 5000 ли болгон. Биздин эранын VII кылымында болгон Кытай маршрутунда Беделден Чыгу 50 ли деген. Усундун ханын өлтүргөн соӊ анын жаш баласын ) Гун падышасы багып, кийин баатыр болгондо(н) соӊ, элин өзүнө берип, хан көтөрүп койгон.

Биздин эрадан 105 жыл мурун чамасында Кытай падышасынан Чжан-Тсан (Чжан Цян) деген киши усундарга элчи келип, эки эл бирлешип гун менен урушалы деген. Усундар кабыл албастан каны Гунмо элчини жакшы ызат кылбаган. Чжан-Тсанды узаткан кишиден Кытайдын кубатын, дөөлөтүн уккандан соӊ, усундар Кытайга оой баштаган. Усундан жолу болбогон соӊ, Кытай падышасы элчилерин жиберген. Муну усун ханы Гунмо угуп, ыссынатка кызыгып жана Гундун күндөн-күнгө алсырап бара жатканын байкап, Кытайга элчи жиберген жана Кытай падышасынын кызын сураткан. Кытай падышасы ма-кул алып, кулдук урганга миӊ ат сураткан, кытай падышасы Гупмонун сураганын биздин эрадан 103 жыл мурун бүт берген. Гунмонун байбиче катыны гундун падышасы Чан-Йойдун кызы болгон. Кытай падышасынын кызы токол болуп байбичеден кордук-зордук көргөндө, элине сагынып ырдаган:

«Жер үстүндө мендей шордуу жан барбы,

Мен тоголок үйдө турган усун деген жабай элдин,

Карыган падышасына берди жеген эт ичкени,

Кымыз, мундан башка да немеси жок» деп.

Усун падышасы Лосавми өлгөндөн соӊ, Сентзу деген небереси Гунмо болду: Усундун расми бюнча кытай падышасынын кызы огой небереси Сен Тзуга тийген. Бул Сен Тзу кытай падышасынын кызы бул катындан башка эки катыны бар экен, бир Гун падышасы Чан Йуйдун кызы бирчиси, экинчиси кытай падышасынын кызы болгон. Сен Тзудан соӊ Лоосаминин Унгуймо деген экинчи небереси Гунмо болуп, акылдуу жаангер болгон.

Биздин эрадан 70 жыл мурун Кытай аскерине кошулуп Унгуймо гунлардын бир бөлөгүн чаап, 40 миӊ жан, 70 миӊ мал алган. Мындан он жылдан соӊ, Унгуймо өлүп, ордуна Сентзунун Гуван-Ван деген баласы падыша болгон. Ушундан баштап усундун касиети кача баштаган. Бул Гуван-Ванга Унгуймо тун баласы Гун падышасынын жээни Утусуту деген каршы чыгып уруш баштаган. Ал Гуван-Ванды өлтүрүп койгондо эл каршы болуп, Гунмонун иниси Кытай падышасынын жээни Иуван-Гуйсуну хан көтөргөн. Мындан соӊ согушсуз усунду эки бөлүп: Лутосуту 60000 үй, Иуван Гуйму 40000 үй алган.

Эл эки бөлүнгөн соӊ кубаты кетип, баркынан ажырап, усун төмөндөй баштаган. Биздин эрадан сегиз жыл мурун Чижи-Чижи деген Гундун Чан-Йуй каӊлы менен бирлешип, усунду чаап алып, Чигуну бузган.

Кытай менен усун бир бет, Гун менен каӊлы бир бет болуп нече жыл согушуп, биздин эранын 93-жылында Гун жеӊилип, эли бөлүнүп, Чжы-Чжы бул согушта өлүп кетип, Гундун көбү каӊлыга барып кошулат.

98-жылы Кытай аскер башчысы Бан-Чавр Гунду кубалап барып, Каспий денизинен кайткан. Гун кеткен соӊ, анын орун басары тунгуз насилинен Сенби деген эл кытай жана башка элди карашып 200 жылча бийлеп турган. Биздин эранын 300-жылдарынын башында Йубечжи (Жужан) Ак Гүлнор (персиче афталит дейт) көтөрүлүп, Сенбени жок кылган жужандар 500 жылга жете бийлеп туруп, соӊунда Ууз түрктөрүнөн жеӊилип качып, Эдил Жайыктан нары өтүп кеткен. Кийин Ойур аталып орусту чаба берген, авар аталып Византийаны чаба берген ушул жужан (Иуйечжде)лар.

Ловсами өлгөндөн соӊ, Кытай падышасынын кызы небересине тийбейм деген соӊ, төркүнү Кытайлар тийиӊиз деп өтүнгөн соӊ, тийген.

Усундар дыйканчылык, багбанчылык менен жан сактабастан мал менен жан сактаган. Чөп, суу издеп көчүп-конуп жүргөн. Тиричилиги тунга окшош болгон, өздөрү күчтүү, кайраттуу баатыр жана кан ичер болгон. Гундай баатыр журт болгон. Усундар түрккө окшош болгон. Сары сакал, көзү көк болгон. Усундардын мындай өӊү сары, көзү көк болмогу эӊ байыркы заманда Алтай менен Оролдун арасында арий насилинен динлин деген өӊү сары, көзү көк эл турган. Усундар ушул динлин менен аралашып, түрк түсүнөн бурулду. Кийин түрккө аралашып түрктөшкөн, өӊү сары болгон үчүн бир далай тарыхчылар усунду түрк эмес, арий насилинен дешет. Бир далай тарыхчы, көбүнчө Аристов усунду түрк деген.

Кээ бир тарыхта Алтай менен Тыйаӊшаӊдын арасында биздин эрадан 300 жыл мурун усун деген эл көчүп жүргөн дейт. Брокгауз жана Гранаттын энциклопедиясында эӊ эски элден саналган искифтердин бир уругу исин болгон, балким исин усун болор.

Демек, биздин эрадан 210 жыл мурун гунлардын зор согушунда кыргыз эки бөлүнүп, бири эски жери Энисейде калып, биздин эрадан 500 жылдан соӊ булардан дайын жок болуп кетет. Кээде кыргыз калып киликис болуп жазылат. Тарыхты кытайлар жазган үчүн аларда «р» тамгасы жоктуктан «р» ордуна «л» тамгасын жазган, ошол себептен кыргыз киликис болуп жазылган.

Жогоруда дагы айтылды, жеринен оогон кыргыздар Алтай менен Тйаӊшаӊ тоолорунун эки арасына токтоп калган. Жеринде калган кыргыз аталып жеринен оодарылган усун аталды. Булар башка түрк балдарын бир жерге жыйып усун бирлик (Усунский союз) аталып турган. Кийин биздин эрадан 1000-жылдарда Ысыккөлгө көп кыргыз ооп келген. Гранат энциклопедиясынын номур 24 де мындай деп жазган: Эӊ эски заманда биздин эрадан 202 жыл мурун Гийан-Гун (Киян-киен) мамлекети хагаз аталган дейт.

Аристов мындай дейт: «Түрктүн бир уругу каӊлы менен усун болуп, усундар биздин эрадан III кылым мурун Жетисуудан сакты (искиф) сүргөн, ал замандагы кыргыздын эл бийлеген уругу усун аталган. Анын тукуму биздин эранын V кылымында дагы эл бийлеп турган».

Усундар беш аймакка бөлүнүп, анын эки аймагы асиги жана гүсү аталган. Азыр да кыргыз ичинде «асик», «күчүк» деген эл бар. 1882-жылында Пергана тарыхын жазган Мидендорф мындай деген: «Биздин эрадан жүздөп жылдар мурун Котон (Кытайда) шаарынын тегерегинде Усун турган. Жужандар Пергананы алганда анын колунан Усундар Пергананы тартып алган. Биздин экинчи кылымдан мурун Перганада усун аттары жакшылыгынан асман аттары аталган.

Дайсын Итучинин айтууна караганда эӊ эски заманда Котон тоосунун тегерегинде Бугу деген кыргыз болуп, Кытай менен байланышып турган. Бул кыргыздар биздин эранын IV кылымында Тйаӊшаӊ тоосуна келген».

Григорьев Кытайдын Сынтызан (Кнн чыгыш Туркстан) жөнүндө мындай деген: Хан падышанын заманында Кытайлар канчалык аскер баштыкты аскери менен гун жана кыргыз, казакка карты жиберген. Биздин эрадан эки кылым мурун Котондон Лобнорго жете арий насилинен ак жүздүү, кой көздүү усун турган, биздин эрадан 49—70 жылдар арасында падышачылык кылган Кытай падышасы Суанди деген киши усун ханынын кичи баласы Ван-Нан-Йуга (Варнеру) чоӊ жардам көрсөткөн. Ал Кытай падышасына барганда падышанын вазирлери Варнеру аркалы усун менен жакындашып, түн жагындагы душманы Гунга карты турмакка Варнеруну усунга хан көтөрмөкчү болуп, Кытай падышасына айтканда, маакул алып, Варнеруга элчи кошуп, Котонго узаткан. Жолдо келе жатканда Варнерунун жеӊил, шайкелеӊдиги билинип, хандыкка ылайык эмес экен деп билген. Варнерунун кичи иниси Варнеруну Кытай элчисине кошуп өлтүрүп, башка мамлекеттер менен дос болуп, Кытай менен дос болгон.

Биздин эрадан 436-жылында Кытайлар Усунга элчи жиберип, усундар тартуу менен Кытайга элчи жиберип турган. Мындан соӊ тарыхта усун көрүнбөйт. Казак ичинде усун деген урук калган. Чулижников (1924. 24-бет) кыргызды, усунду турк деген. Менин билүүмчө «кырк жүз», «кырк угуз», «кырк кыз» жана «кырк усундан» кыскартылганы — кыргыз болмогу мүмкүн.

Кыргыз өзү кырк кыздан таралганбыз дейт. Кырк кыздан таралды деген сөз тарыхтарда бар. Ɵзбектин эски динчил алдамчы молдолору Аналак, Мунал ак кырк кыздан кыргыз туулган деп, акылга сыйбай турган икайаларды айтат. Лигети (Л. Лигети)»’ мындай деген: «Радловдун айтууна караганда кыргыз өзү кырк кыздан таралдык дейт экен, буга бир далил: ушул могол элинин йуан урукка падышалыгынын тарыхында кыргыз демек «кырк усе» «кырк усун» Кытайдан кырк кыз алып ошолордон таралган кырк кыз — кырк усе деген сөздүн кыргыз аталып кетти дейт.

  1. Ошанин. Материалы по антропологии Средней Азии. Ташкен. 1927-жыл.

Кыргыздын мурунку феодалдары бабаларыбыздан калган адет деп кырк жигит жыйган. Маселен, Кокон заманында солто кыргызынын феодалы Капай, сарбагыш кыргызынын Бектен менен Шабдан, бугу кыргызынын Балбай(да) кырк жигит атагы болгон менен Шабдандын жигити 10—15тен өтпөгөн. Эски заманда Манастын кырк чоросу болгон.

Лигетинин сөзүндө биздин эранын VIII кылымда могол, уйгурдун тарыхында кыргыз болгон. Ушуга жете Кытай тарыхчыларынын берген кабарын жаздым, эми башка элдин тарыхынан кабар беремин.

Урум падышалыгынын тарыхында (История Византийской империи) биздин эранын 568-жылында Урум падышасы Йустун түрк ханы Дизаболго (Таласта турган) Зиф Арх деген элчисин жибергенде Дизабол Рум падышасына кыргыз насилинен бир күӊ жиберген.

Арап тарыхчыларынын кабары: «Маратил кайнат» — деген тарыхта хирхиз түрктүн эӊ эски укасинан деген. «Истахри хаукал» жана башкалары дагы хир хиз деген. Биздин XII кылымда болгон Макмудил Кашкари Тйаӊшаӊ тоолорунун чолкөмүндө кыргыз бар деген. Персийа тарыхчысы Кардизи «хирхиз» «кыркыз» деп жазган. Ошол Иран тарыхчысы Кардизи биздин кылымдын 1050—1051-жылдарында Газневит султаны жаздырган «Зейнил акбар» деген тарыхында мындай жазат: «Кыргыздын насили орус (славйан) жандарынын тукуму Когмем тоосунун нары чети, күндүк жерде кыргыз турат. Кээ кыргыз уйга, кээ кыргыз шамалга, кээси кирпиге, кээси сагызганга, кээси көркөм жыгачка табынат. Кыргызда кашнун деген бар, алар келердеги окуйадан кабар берет: «Туусу ак, чачы кызыл, бойу узун» дейт. Тогуз огуздан кыргызга баруучу жер: «Чынанжкенттен Касанга, андан Лугбекке, андан Кемиз артка, андан бир же эки ай көйкөлгөн чөптү басып дагы беш күн далаа менен жүрүп Кемизден Мамбеклүга тоо басып 50 күндүк жол, андан токойго түшөт, андан нары далаа башталат. Мамбеклуга жете аӊуулашка өтө ылайык. Бул бийик тоо, мында сүлөөсүн менен ак тейин көп. Мамбеклудан соӊ Көгмөнгө барат, жолдо малга жайыт аӊ жана суусу көп. Ошондой жол менен төрт күн жүрүп Көгмөнгө барат. Көгмөн эӊ чөп тоо, бул тууралуу Орхон жазууларында көп учурайт; бул тоонун жолу тар жыгачы көп; бул тоодон кыргыздын борборуна жети күндүк жол. Жол далаа менен жүрүп, чөбү өтө  мол, булагы көп жана жыгачтан кармап шибе кылып койгон, ошол үчүн жөө өтө албайт. Кыргыздын турагына жете жолдун баары бак сыйактуу. Кыргызда бул жер жана макталуу. Бул жерге үч жол барат. Ошолор менен гана жүрүшкө болот, мындан башка жери тоо болуп, анын арасындагы токой-черди шибелеп тоскон. Бул айтылган үч жолдун бири күн жүрүште Тогуз огузга кетет. Экинчиси Күн батышка кыпчакка (кимак) жана карлукка кетет. Үчүнчү судалар менен үч ай «фури» деген көп элге жеткенче жүрөт, буга дагы экинчи жол кетип, сол жакка жүрөт, эки айлык жол. Бирок бул соӊкусу өтө кымбат, дайым токой, бийик каптал жана тар жылгалар менен жүрүү керек. Жолдуката чоӊ суу дайым жаан, ким бул жол менен жүрсө, жакшылап тийиштүү камын жеши керек, жана кийимин чыӊдаш керек. Жердин баары суу жерге нерсе койуу мүмкүн эмес, ушул саздак жерден өткөнчө аттын куйругун кармап жүрүш керек. Бул сазда эч кимге катышпаган жапайы эл бар. Булар башка элдин тилин билбейт, жана анын тилин киши билбейт, булар эӊ бабай адам, бар нерсесин аркасына салып көтөрүп жүрөт, алардын бар мүлкү андын териси, эгерде буларды ошол саздан алып чыгарсаӊ, алар колго түшкөн балыктай туйлап бултулдайт. Кийимдери аӊдын терисинен, жаасы жыгачтан, тамагы аӊдын эти алардын дини ушул эч убакта башка кишинин кийими менен мүлкүнө тийбейт, бирөө менен согушаарда катын-бала мүлкүн ала чыгып согушат. Душманын жеӊген болсо, алардын мүлкүнө катышпастан, бир нерсе албастан өрттөп жиберет. Жалгыз ак темир жабдыгын алат. Малыӊ малга аӊ, жаки аӊ жыгач көп жер берет. Алардан кээ бири Кыргыздын колуна түшсө, тамагын ичпейт. Эгерде бир дос кишисинин көӊүлүн калтырса, аздан качып жоголот, өлгөнүн тоого алып барып чиригенче жыгачка асып койот. Кыргыз теринен жыпар, жүн, тери куту (хуту) алып келет. Куту деген бир түрлүү айбандын мүйүзү. Кыргыздар үндүгө окшоп, өлүгүн өрттөп жиберет. От биринчи таза, пени болсо да таза кылат, ошол себептен өлгөндү күнөөдөн таза кылыт деп билет. Кыргыздын арасында фагинун деген бар, ар жылында бир белгилүү күндө келип комузчу, кыйакчы жана ошондойлорду бүт жыйып алып той кылат. Комузчу, кыйакчы башкалары ойунга киришкенде фагинундун эси ооп калат. Мындан соӊ эмине болуп-болбосун ошол жылдагы тарчылык, кенендик жаан, кургакчылык, кооптуулук, тынчтык жоболорун бүткүл айтып берет. Көбүнчө фагинундун айтканы келет.

Бул замандагы кыргыздын бакшы, бүбүсү ойногондо комузчу жаки кыйакчы ойномойун бакшы, бүбүнүн жини түшпөйт. Демек, келиркиден кабар сөз бере албайт.

Биздин кылымдан — эрадан үч век мурун кыргыз өзүнчө зор мамлекет болгондугун, анын гун калкы падышалыгынан ажыратып бытыраткандыгын, кийин күндөрдө кыргыз менен кытай бирлешип, биздин эранын 93-жылында жеӊгендиги жогоруда көрдүк. Эми гундардын ким экендигин жана анын сайасы жагын бир аз көрсөтөйүн: Гундардын биздин эрадан үч кылым мурунку ал-абалы тарыхтарда бир далайы маалим, андан мурунку ал-жайынан тарыхтардан учурата албайсыӊ.

Биздин эрадан III кылым мурунку (кыргызды жеӊген доорундагы) гундардын баштыгы Модо хан (кытайча Чан Йуй. Түрк Огуз хан дейт) бүтүн түрк элине күн чыгышта зор Мукыт деӊизинен (Великий или тихий океан) тартып, күн батышта Эдил, Жайыкка (Волга и Уралская река) жете бүткүл баарын өз кол алдына караткан. Түн жак Кытай, Иран, Армийан, Шам, Эгипет, Ындыстанга чейин алган. Модо хан бүткүл элине 24 өлкөгө бөлүп, элин он жүз, миӊ, он миӊ, жүз миӊге айрып, баштык койуп, ирээтке салган. Эл жыйып, калк арасындагы адет ырасымды күчөтүп, жалпы элге жараша мийзам кураган. Модо хан биздин эрадан 174 жыл мурун өлгөн.

Биздин эранын 48-жылында Гун мамлекети түн жак жана күн жак деп эки мамлекетке бөлүнгөн. Тйаӊшаӊ тоосунун тегерегиидеги гундар жана күн жак мамлекети гундар Кытайдын сайасына кирген. Бир бөлүгү Алтай тоосуна качып корголоп калган.

Биздин эранын 93-жылында Кытай менен кыргыздан жеӊилген гундар Орол тоо, Волгадан (Эдил) өтүп, Дон дайрасындагы аландарды каратып, Дондун күн батышындагы готлорго чабуул койуп, анын 110 жаштагы карыган падышасы Арманарини өлтүргөн. Остгуттордун бир бөлүгү гундарга баш ийип, бир бөлүгү калып Вестгут, Остгутторго кошулду. Остгуттар болсо Урум мамлекетине барып сыйынды. (Остгут, Вестгут) деп азыркы Германияны айткан.

Жаарупа эли биринчиде Гундан уркуп качып, экинчиден өздөрү бирин бири кысып, жалпы баарысын коркутушуп кайтарган. Гундар Рум мамлекетине чабуул кылды, элин үркүттү. Тарыхта бул доор элдин зор көтөрүлүшү (Великое переселение народов) дейт. Гундардын Рутил деген ханы биздин эранын 433-жылдарында өлүп, анын ордуна Атилла деген хан болуп, мамлекетинин чеги күн чыгышта Волга (Эдил) күн батышта Рейин (Германийа, Франция арасында(гы) суу), түн жагы Балтика деңизи, күн жагы Македонийа болуп, эки ортодогу элге ээлик кылып турган. Дунай дайрасынын боюндагы бүткүл шаарды каратып, кээсин талкалап, кээсин өзүнө бойсундурду. Атилла «дакийа, жана «панонийа» (Венгирийа) жерлеринде чатырда турду, Гундарга Орустун түпкү бабалары иславанлар дагы тап болуп турду.

Б.Солтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхынан»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.