Жебегендер уксун,
Жегендери куссун!
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР

Чыныгы реформатор же 5 күндө 50 миллиард доллар арам акчаны кустурган өлкө башчы!
Жакында эле Малайзиянын өкмөт башына оппозиция келди. Тагыраак айтканда, тээ бир кездеги легендарлуу инсан – жакыр өлкө болгон Малайзияны 20 жылда дүркүрөп өскөн эң алдынкы өлкөлөрдүн бирине айланткан, 15 жыл мурун саясаттан кеткенин жарыялаган, азыр 92 жаштагы Махатхир Мухаммед кайра саясатка келип, бийликтин тизгинин өз колуна алды. “Бөрү карыса да бир койлук алы бар” дейт даанышман элибиз. Көрсө, ким болсо да биринчиден таза ыйман, анан саясий эрк гана керек экен мамлекет башчыга. Махатхир Мухаммед бийликке келгенден кийин болгону беш (5!) гана күндүн ичинде мына буларды жасап үлгүрдү:
1. Экс-премьер министр Нажип Ибрахимди каматты. (Анын үйүнөн мамлекеттен уурдалган, 72 чемоданга толтурулган доллар жана зер буюрдар табылды).
2. Ага кошуп дагы 9 министрди каматты.
3. Коррупционерлердин чет өлкөгө качуусунун алдын алуу максатында аларга карата аба жана деңиз жолдорун дароо жаптырды.
4. Ишкерлерден 144 адам коррупцияга шектелип камакка алынды.
5. Ошондой доомат коюлуп дагы 50 сот камалды.
6. Дагы ошол эле күнөө менен милиция чоңдорунан, күч органдарынан 200 адам камалды.
7. Мамлекеттик чиновниктердин маянасы кескин төмөндөтүлдү.
8. 5 күн ичинде коррупционерлердин чөнтөгүнөн мамлекет казынасына 50 миллиар доллар төктүрдү.
9. 2018-жылы июнь айынан баштап мамлекеттик налог менен салыктар жалпы беткей төмөндөтүлдү.
10. Чиновниктердин элге кызмат кылуу жүрүмү көзөмөлгө алынып, бериле иштебегендер чекеден сот жообуна тартылууда.
11. Чиновниктердин мамлекет эсебинен минген машиналары жана чыгашалары тыкыр иликтөөгө алынып, “кустурулуу” баштады.
12. Мамлекеттин ар бир жаранынын арыз-дооматтары түз кабыл алына турган маалымдоо линиялары түзүлду.
13. Маалымат каражаттарынан коорупциянын бетин ачууга катаал киришүү талап кылынды.
Буларды жасоого 5 гана күн кетти!!!

Муслим Кудайкул 
Ж. Ж. Ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.