Мыйзамдын баары, мамлекеттин негизги мыйзамы болгон конституция дагы адамдагы абийир мыйзамына негизделет. Түздөн түз абийир мыйзамынан алынат. Маселенин баары ошол адамдагы абийирдин өлүү же тирүүсүндө… Бийликке абийири өлүк же кесел, чала жан адамдардын келиши – эл башына оор мүшкүл түшкөнү, элдин шору катканы.

Мыйзамсыздыктын баары мыйзамдашып, эл душмандары “мыйзам чегинде” мамлекетти куралсыз, ичтен гана тымызын талкалап, кырып, бүлүндүрүп бүтүрүшөт. Буга бүгүнкү күнү биздин өлкөбүздө болуп жаткан окуялар айкын мисал. Аттиш 20 миң сомдон ашып, кадимки отургуч 100 миң сом болуп атканы ачык айкын болсо да парламент, күч органдары, ал иштердин мыйзамсыз же мыйзамдуулугун териштирип бүтө албай келишет. Уурдалган, тонолгон эле акча көп, жоопко тартылып, ыгы жок ысырап болгон акчанын бир тыйыны кайрылды деген бир кабар жок. Тарых музейин жаңылоодо алынган эмеректердин, буюмдардын баасын уккандар азыркы күнгө чейин эс-мас болуп турган чак.

Эмерек 224 миң еврого алыныптыр десе, кай бирөөлөр каңырыш уктум го, 24 миңби деп тактап сурашса, 24 миң евро болгудай ал сүйлөгөн, кыймылдаган тирүү эмерек бекен деп аң-таң калгандар андан көп. Көшөгөнүн артында жүргөн “тирүү эмеректердин” бири ал ишке “куратор болгом” деп сыймыктанып, периште биякта калсын, 100% тазамын деди камаарабай. Мыйзам чегинен сөөмгө чыкпай, “таптаза” бойдон кылган иштери тиги. «Ата-мекенчилер» тарых музейине барып ачыкка чыгарганы ошол, ачыкка чыкпаган канча темир-тесек дагы канчалаган доллар, канчалаган евро болуп кеткенин бир “100% таза кураторлор” билер. Укканды улуткудай адилетсиздиктен, айрыкча сот адилетсиздигинен чарчаган элге Президент Сооронбай Жээнбековдун “сот реформасын өзүм көзөмөлдөйм” таризиндеги сөздөрү, бир катар жалданма кызматкерлерди жумуштан алганы чөлдө булактын көзү ачылгандай эле иш болгон.

Үмүттөр жанданып, соороно түшүштү эле. Бирок эл эңсеген жеңиштер күттүргөнү күттүргөн. Кадимки аттиштин баасы 20 миң сомдон ашып, отургучтун баасы 100 миң сомду чапчыганы эч кандай териштирүүсүз айкындалган мамлекеттик оор кылмыш эмеспи? Тиешелүүнүн баарын ордунан кармап, жоопко тартууга эмне тоскоолдук бар? Эмнени күтүшүүдө? Же аттишти 20 миң сомдон ашык баалагандары аз келгенсип, парламенттеги жогорку трибунадан ага элди ишендирүүгө далалат жасап жаткандары өтө кызык окуялуу көркөм тасмадай бүйүрдү кызытып, андан ары кандай кызыкка батырышарын көргүлөрү келеби? Же баралына жетип, күчү ашып-ташып турган коррупция ээ бербей, президенттин сөзүнүн күчү келбей, ушунчалык жеңил баа болуп калдыбы?

Үмүттөр жанданып, резонанстуу сот иштеринин бири Аида Салянованын акыркы инстанциядагы сот ишинде, эми адилеттүү чечим болот деп турганда соттордун чечими шаабай суутту. Ага тарых музейиндеги чалды-куйдулук кошул-ташыл болуп, тас кейпибизди кийип отурганбызбы деген суроону козгойт.

Болуптур, кылмышка шектүү болуп, издөө салынган адамдын адвокаттык лицензиясын узартууга кол коюптур Салянова. Ал лицензия мамлекетке канчалык зыян алып келди, Салянова 5 жылга эркинен ажыратылгандай? Мыйзамга тууралаганын, узартпай коюуга мыйзамдык негиз жок болгонун, иши сотко өткөн күндө да, сот чечими чыкмайын кол койбой коюу мыйзамсыз болору жетишердик түшүнүктүү болду. Ал эми мамлекетке миллиондогон чыгымдар болгону аңырайып ачылып, 5 жашар балага түшүнүктүү болуп турса да, тийиштүү адамдардын көздөрүн карап туруп, таппай атышабы?

Сот өкүмү чыкса анын негизинде жокко чыгарыла турган лицензия үчүн ушунча күйгөн өтө сергек тартип сакчылары, (сот өкүмүнүн негизинде кийин ал лицензия жокко чыгарылган экен) элибизге эби-сыны жок эбегейсиз чыгымдар келип атканда кантип карап турушат? Аларга ыңгайсыз болуп жаткан Саляновадан эптеп илинчек таап, кылмыш козготкон мурдагы бийликтин дарты го жалпы журтка белгилүү болуп калды. Ал эми азыркы бийликтин даты эмне да, дарты эмне? Адилеттикке эми дагы качан келебиз?

“Таза болсо эмнеге соттолду?” деген суроону бергендер жашы канчалык өйдө болбосун, бул жашоодо али мадырабаш экен. Абийири күйүп кеткен бир сот болумуштун мыйзамга эптеп кептеп чыгарган өкүмү менен кылмыш кылбаган адам деле кылмышкер болуп калат деген жөө жомокко ишенүүнүн өзү өтө кууш жана кыска ойлуулук.

Жогорку сот – акыркы инстанция деп жүрөбүз. Бийлик менен байлык адамдын көзүн сокур кылары алмуздактан айтылып, айгине болгон жагдай. Ошол бийлик дегенде көзү тумандап, миллион долларлардын эсеби сай-сайлап атканда, сокур тыйынчалык зыян алып келбеген лицензияны узартып коюптур деп Саляновага чыгарган өкүмүм эмне болуп калды эми деп койбой, Ирина Воронцова аттуу соттун дымагы күч. Жогорку сот болмокчу экен. Кыязы, Саляновага бийликке жаккандай өкүм чыгарып бердим, эми мага жол ачык деген өңдөнөт, кыныгын алган чыгар. Парламентте алардын талапкерлигин кароодо Текебаев менен Жапаровдун сот иштери кандай жүргүзүлгөн деген суроого кебелбей, “Текебаевге чыгарылган өкүмгө пикир айтуу мүмкүн эмес. Анткени сот чечими Жогорку сотто ырасталган” дебеспи.

Ал жердеги жумурай журтка маалым болуп калган айыптоочулардын каршы-терши көрсөтмөлөрүн кантип жымсалдайт? «Супарадан» Текебаевге жолуктум деген кишисинин телефону аркылуу ал жерде айткан убактысында такыр болбогону айкындалып, алдаткыс ачыкталып калганын каякка катам деп ойлойт? Чындыкка негизделбеген сот чечими “Абийирсизмин” деген өзүнө карата өзү чыгарган өзгөрүлгүс өкүм экенин чындыкты ажыраткандар даана билет. А чындык түбөлүктүү. Жалгандыктын өмүрү кыска болуп, кыйроо менен бүтөрү турган иш. Жамандык издеген жалгандык жакшылыкка алып келген учурга күбө болгон адамзат барбы?

Кан тамырларына кан жүгүрө баштаган Парламент ырас Воронцованы жыдытты. (Парламенттеги ич жылыткан өзгөрүү өзүнчө кеп кылууга арзыйт. Эмки сөз ушул тууралуу болот ко деп турам).

Сөзүмдүн башында айткандай, мыйзамдын баары, мамлекеттин негизги мыйзамы делинген конституция дагы адамдагы абийир мыйзамынан алынат. Үчүнчү инстанциядагы Жогорку сот акыркы инстанция эмес. Абийир Соту деген андан жогорку, төртүнчү инстанция бар. Бул дагы акыркы инстанция эмес. Андан жогоркусун ар бир инсан өз руханий көрөңгөсүнө, руханий дареметине, муктаждыгына жараша таанып алсын. Ал жогорку инстанцияларда өкүм тымызын чыгат да, адамдын бүтүндөй өмүрлүк тагдырына өкүмүн кылат. Камалгандардын баары эле айыптуу эмес. Эркиндиктегилердин баары эле ак эмес. Абийир соту жаныңды өйкөп турса, өлүк абийириң сезбей калган күндө да, айланаңдагылар жектеп турса, эркин жүргөнүң кайсы. Камалып, бирок абийириң тынч, элиңдин алдында жүзүң жарык болуп турса, рухуңду темир тор камай албайт.

Төртүнчү жана андан жогорку инстанцияларда баарыбыздын иштерибиз каралууда. Ылайым абийир сотунан акталып чыгалы. Өзгөчө азыркы калдайган калың элдин башында турган президент Сооронбай Жээнбековго, сот тутумундагы кызматкерлерге да Абийир сотунан акталууну каалайм, ишибиз ак болсун! Ак ийилет, бирок сынбайт демекчи, адилеттиктен үмүтүбүздү үзбөйлү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.