Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ: КСДП үлкөндөрү бир бороондо эле эски шефине “үрүп башташса” башка партиялардан эмнени күтсө болот?

Биздин каарман өлкөдөгү саясый процесстерди ар убак ташка тамга баскандай таасын талдай алгандыгы менен айырмаланат. Ошондуктанбы, анын бул жаатта айткан ар бир кеби ынанымдуу болуп, коомчулукта ачык талкуу менен коштолмою бар. Бул сапар да көрөңгөлүү инсан менен маегибиз маанилүү кеп-сөздөргө оролуп, кызык маанайда уланды. — Чолпонбек мырза, соңку саясый окуялардан улам көрдүк да, экс-премьер Сапар Исаков парламенттен депутаттарга татыктуу жообун узатып, камактан да коркпостугун, эч жакка качпай, актыгын далилдээрин ачык жар салды. Айтыңызчы, анын мындан аркы саясый тагдыры кандай нукта […]

Биз эмнеге эшектин эстүү тукумунча жокпуз?!

Бир күнү эшектин кодиги (такыйы) капысынан ооруга чалдыгат. Узун кулактары салбырап, жем-суудан калат. Күнү бою башын чайкайт да тунжурап, соңунда жатып калат. Кодигинин жагдайына мазасызданган атасы жанына келип не болгонун сурайт. Кодиги: – Баарына күнөөлүү адамдар,- дейт башын көтөрүп. – Адамдар не кылып койду?- дейт атасы таңдана, оозун ачып. – Алар жакпаган иш-аракетти көрсө бири-бирине: «Эшек» дейт. Араларындагы акмактарын эшекке теңейт. Биз андай эмеспиз го, ата! Айтыңызчы! Эмгектенебиз, жалыкпайбыз, жадабайбыз. Бизде да түйшүк бар, сезим бар. Түшүнөбүз. Күтпөгөн сөздөргө атасы […]

Олжобай ШАКИР: Төрт сапка сыйган өмүр

«Гений качан болбосун өзүнө көңүл бурдура берет«. Клод Адриан ГЕЛЬВЕЦИЙ 34 жашында автокырсыктан өмүрү кыйылган Жоомарт Бөкөнбаевдин көөдөндү көсөп өткөн береги төрт сап ырына көңүл төшөдүңүз бекен, окурман! Абай Кунанбаевге арналган төрт сапка не деген чулу ойду жашырганын чогуу карасак дейм? Абайга Сар арканы турак кылып, Шамал менен көчүпсүң. Кун жетпеген чечен булбул, Кумда сайрап өтүпсүң. Улуу ойчул Абайдын байлоосу жок шамал менен кумда сайрап өткөн өмүрүн; кургур Абайдын кун жетпеген чечен булбул экенин; шаалуу акын Абайдын шамал менен көчкөн тагдырын […]

Акбар ТУРСОН: Караванщик совести мировой (продолжение)

<<<<<<<<<<<<<<<Начало ТУРСУНОВ (ТУРСОН) Акбар [01.10.1939 — ..] – доктор философских наук, профессор, академик Академии наук РТ. В конце 1980-х-начале 1990-х — директор Институт востоковедения и письменного наследия Академии наук ТаджССР. В эмиграции — 15 лет жил и работал в США. С 11 апр. 2011 — 20 апр. 2015 — директор Института языка, литературы, востоковедения и письменного наследия им. Рудаки Академии наук Таджикистана. С 20 апр. 2015 — на пенсии. К 90-ЛЕТИЮ КЛАССИКА МИРОВОЙ ЛИТЕРАТУРЫ ЧИНГИЗА АЙТМАТОВА «Это великий советский писатель. […]

Касымбековдун жаңылыштыгы же Мадаминбектин өлүмү

Турмушта жазуучу ойлоп чыгарган окуя чындык катары айтылып жүргөн учурлар көп кездешет. Бул адабий каармандарга да мүнөздүү көрүнүш. Алсак, маркум Төлөгөн Касымбековдун “Келкел” романындагы Мадаминбектин өлүмү. Толук аты Мухаммед-Амин-бек Акматбеков. Ал Түркстан фронтунун аскер башчысы Михаил Фрунзенин 1920-жылдын 30-апрелиндеги буйругу менен Маргалан атчандар полкунун командири болуп дайындалган. (“Келкел” тарыхый романы, Ф.: Кыргызстан, 1986.) Мадаминбек Кызыл армияга кошулганга чейин 1919-жылы азыркы Алай районундагы Эркеч-Там кыштагында Монстров башындагы ак гвардиячылар менен чогуу Фергана убактылуу өкмөтүн түзөт. Совет өкмөтүнө каршы күрөшкөн басмачылар кыймылынын […]

Амирбек АЗАМ уулу: Тарых биз менен жашайт…

“Рух Эш” интернет басылмасында Абдыкерим Муратовдун “Сунулган баш… Суурулган кылыч…” тарыхый романынан Маадаминбектин өлүмүнө байланыштуу үзүндү жарыяланды. Аалым-жазуучу бул романда белгилүү кызыл командир Мадаминбектин өлүмү тууралуу электрондук маалымат булактарында жана совет мезгилинде чыккан адабияттарды, анын ичинде Төлөгөн Касымбековдун айтылуу “Келкел” тарыхый романындагы маалыматтарды төгүндөйт. “Келкелде” Мадаминбек Тамаша кыштагында (бүгүн Кадамжай районунда) буктурмага кабылып, атышып жатып  өлөт. Мындай версия жаңылыш экенин “Азаттык” радиосуна 2012-жылы жарыяланган изилдөөмдө жазгам. (Караңыз:  https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_literature_history_madaminbek_death_research/24530238.html) Жана А. Муратов өз изилдөөлөрүнө таянып, Мадаминбек бүгүнкү Испайрам өрөөнүндөгү Шыгай айылында (Кадамжай […]