Бул топтогулар негизинен ар дайым туруктуу позицияны карманган, кайсы бир саясый топко жан тартпаган жана эч бир саясый партияга мүчө болуп кирбеген, ар дайым улуттук жана адамзаттык жалпы орток баалуулукту жогору койгон инсандар курамынан турмакчы.

«РухЭш» сайты прогрессчил көзкараштагы интеллектуалдардын альянсын түзүү менен бирге жыл сайын белгилүү окумуштуу жана адабиятчы Салижан Жигитов атындагы «Улут абийири» номанациясын жана Ишенбай Абдуразаков атындагы «Рухий эш» номанацияларын тапшырып турмакчы.

Негизинен «РухЭш» сайтынын алдындагы «Чеч-Дөбө» кеңешине мүчө болгон инсандар коомдогу абийирдүү азчылык чөйрөнү калыптоодо – коомчулукта ар дайым жигердүү үн катып, рухий коом агартуу багытында өз ишмердигин көрсөткөн тилектеш, санаалаштардын курамынан түзүлө бермекчи.

«Чеч-Дөбө» кеңеши тарабынан жыл сайын Салижан Жигитов жана Ишенбай Абдуразаков атындагы номинациянын лауреаттарын аныктоо жашыруун добуш берүүнүн негизинде улантылат. Буга чейин негизделген «Чеч-Дөбө» кеңешинин мүчөлүгүнө белгилүү окумуштуу, философия илиминин доктору, профессор Үмүт Асанова кабыл алынды! Ал эми аталган кеңештин буга чейинки жалпы мүчөлөрү туурасында береги шилтемеден тааныша аласыздар>>>>>>>>>>>>>>>

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *