Беттегенин бербеген Олжобай Шакир деген досум бар. Эл 7-8 саат иштесе ал 15-16 саатка чейин көгөрүп иштейт. «РухЭш» сайтын ачып алгандан бери элди агартам-көгөртөм деген ушунуку өттү. Адамдай болуп сүйлөшүп отуралы десең да ордунан ойдолоктоп жумушуна шашып турат, турмушунда да шашма. Бир гана жери — өзүнө чыдагыдай жакшы аяш тандаганы гана болбосо, мунун көп ишине мен ыраазы болбойм… «Шашпа, ойлонуп иш кыл» деп канча айттым, тил алса буюрбасын! Мейли, тил албаса өзүнө… 

Бир кезде «Айтыш» фондунун алдында «Калемгер» адабий клубун да Олжоке менен биргеликте ачканбыз, аздыр-көптүр адабий процесстерди жандантууга конкурстарды уюштурдук, акын-жазуучулардын китептерин чыгарып келдик. Кийин Олжокебиз «РухЭш» сайтын ачып, электрондук адабиятты негиздейм деген көк беттигине салып, окурмандардын көркөм табитин өстүрөөр дүйнө адабиятынан тартып кыргыз адабиятынын тандалма чыгармаларынан баштап балдар үчүн жомокторду күнүгө кечинде жарыялап жүрөт. Ушул аракетин колдоо үчүн коомчулукта жаңы бир жөрөлгө баштасак кантет болду экен деп, өзүм баш болуп «РухЭш» сайтын колдой турган акция уюштурсак дейм. «РухЭш» сайты мындан ары да өз ишмердигин уланта беришине тилектештигибизди билдирип, сайттын 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине адабият, маданияттын күйөрмандары колубуздан келген салымыбызды кылалы. Өзү айтмакчы, коомдун жапа тырмак колдоосу менен улуттук рухий мурас казынасын түптөөнү каалагандар сайтты колдоочу эстафета баштасак дейм. Аны эң биринчи өзүмдөн баштоону ылайык деп таптым. Эмесе «РухЭштин» 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине менден 3000 (үч миң) сом жөнөтүлдү!
Бул эстафетаны ар бир жума сайын Жогорку Кеңештеги кесиптештерим колдоп кетишин каалар элем. Мен бул жолку эстафетаны өзүмдүн фракциялашым Алмамбет Шыкмаматов досума узаттым. Ушул эстафета ар бир жума сайын уланып кетишине ак жол каалайм!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.