Умут АСАНОВА: Нужно призвать все мужество интеллектуальной совести

Фридрих Ницше, этот скорбно таинственный отшельник мысли, возможно, обращался именно к нам, когда взывал к интеллектуальной совести, как особому роду мужества и честности в вопросах теории. Действительно, имели ли мы мужество и честность осмыслить глубинные истоки нашего идеологического кризиса? Как случилось, что мы так быстро «забыли» о том, что десятилетиями проповедовали коммунистическую идеологию, во что верили как в «единственно верную и единственно научную»? Порядочно ли, не уяснив для себя эти больные и коренные вопросы приступать к разработке «новой идеологии», будто […]

Жекшенбай Курмановдон балдарга базарлык

Агаларын ардантат Ишен келсе мектептен, Иш жасалбай текшерүү: Үсөн келет шылкыйып, «Үчкө» толуп дептери. Күнүгө эле сүйүнүп, Кош таноосун барбайтып, Эсен келет «беш» алып, Эки агасын ардантып. Жетиген Биздин жалкоо Жетиген, Быйыл окуйт экиден. Эч бир алган беши жок, «Экиси» чоң өзүнөн. Эми качан Жетиген, Арылаар экен «экиден»!? Ойносун десек Уят деген каякта, Кичик иним Маратта. Ойносун деп машине, Сатып берсек, заматта: Кылгылыкты кылыптыр, Жылгыс кылып тыныптыр. Олтургучу түбүнөн, Омкорулуп сыныптыр. Дөңгөлөктөр бир бөлөк, Руль деген ийрейет. Кабинасын карасаң, Өз […]

Бери караң: Эмнеге Кыргызстандын саясаты сойку, экономикасы чурку?!

Жебегендер уксун, Жегендери куссун! Жеңишбек ЖУМАКАДЫР Чыныгы реформатор же 5 күндө 50 миллиард доллар арам акчаны кустурган өлкө башчы! Жакында эле Малайзиянын өкмөт башына оппозиция келди. Тагыраак айтканда, тээ бир кездеги легендарлуу инсан – жакыр өлкө болгон Малайзияны 20 жылда дүркүрөп өскөн эң алдынкы өлкөлөрдүн бирине айланткан, 15 жыл мурун саясаттан кеткенин жарыялаган, азыр 92 жаштагы Махатхир Мухаммед кайра саясатка келип, бийликтин тизгинин өз колуна алды. “Бөрү карыса да бир койлук алы бар” дейт даанышман элибиз. Көрсө, ким болсо да […]

Белек СОЛТОНОЕВ:Эң эски кыргыз

Кыргыз – фин, монгол, гунн элдерпинен куралган эл. Көбүнчө биздин эрадан 500 жыл мурун түн жак кытайдан келген «динлин» уругунан, бир кабарда «Динлинди» эски заманда Орто Азийадан Алтай, Орол ортосуна барып жерлешкен арийлердин эски карыйалардын сөзү: Кыргыз Алтай, Кангайдан келгенбиз дегени жалган эмес. Эски түрк кыргызды тууганым дебеген. Кыргыздын тили уйгурдукундай болгон. Биздин эрадан 2о6 жыл мурун болгон кытайдын «Улуу хан» деген падышасынын тарыхын жазган Бангу (Баньгу) деген кытай болгон. Бангу биздин эранын 92 – жылында өлгөн. Бул тарыхчы кыргыз […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Акырында айта турган алты арман

Токтогул Сатылгановдун басып өткөн жолун жана анын көөдөнүнөн жарып чыккан чыгармаларын изилдеп отуруп, мындай бир жыйынтыктарга келип отурамын. Алар Токтогул акынга гана эмес, бизге – жалпы кыргыз интеллегенциясына арман сыяктуу сезилет. Андай армандар биздин оюбузча мындай: Биринчи арман: Токтогул Сатылгановдун чыгармалары акындын көзү тирүүсүндө, жок дегенде советтик мезгилде, XX кылымдын 20-жылдарында жазылып калбагандыгы. Токтогул сыяктуу эле Фергана өрөөнүндө, чайханаларда ашула айтып, дутарын чалып жүргөн өзбек элинин өкүлү Молдо Тойчуга (Мулла Туйчи Ташмухамедов) эл тарабынан Хафиз наамы берилип, 1905-жылы Москвадан келишип, […]

Осмонакун ИБРАИМОВ: Василий Шукшиндин дүйнөсү

Улуу элден улуу таланттар чыгат. Ырас, ар бир таланттын ойдодогудай калыптанышын, бүрдөп-көктөп кетишин алды менен ал көз ачкан адамдар чөйрөсү, коомдук өнүгүш шарттары кадиксиз нерсе. Болбосо кумга сиңген алтындай дарексиз өтүп, байыркы Толубай саяпкер сыңары: «Аттиңай, Толубайлыгым сен билсеңчи, тушуңда тулпарлыгың мен билсемчи» — деп арманда кеткендер эл ичинде канча дейсиз. Ал эми табият берген таланты коомдук жана улуттук аң-сезимдин дал дүгүрсүп, өөрчүп турган кезине туура келген адамдардын иши башка. Алар демейде өз заманына тете келе турган иштер жасап өтүшөт, […]

Капар ТОКТОШОВ: Жорокана кечтери

АҢГЕМЕ Бул отуруштар качан, кайда, кайсы жерде болгону эсте жок. Бирок сөз болгону, бажырашып отурганыбыз, анан да алиги асылдын аягына чыга албай азап чеккенибиз азыр да көз алдыда. Оо, андай кечтер арбын эле болду го!.. Ортодо асыл. Ал турганда, тоюс, ичке киргенде сөз дегениң чууруп чыга берет тура, чиркин!.. Ал бажырап айтып атат, мен унчукпай угуп атам. (Чынында андан башка айлаң барбы?) — Мен өзүм барецмин,- дейт. — Өзүң билесиң да Жапыке. (“Ооба, Таластын баары эле барец эмеспи» деп коём […]

Авар жомогу: Орозо кармаган түлкү

Мергенчи бир күнү кажырлуу капканды койду да, жанына көз кызарткан чоң кесим этти таштап кетти. Эттин жытын сезген ач түлкү шимшилеп жүгүрүп келип, этти жейин дейт, бирок ойлонот: «Йе, бул соо эмес. Мындай сулп эт талаада жөн эле жатканын өмүрүмдө көргөн эмес элем го». Тобокел кылгысы келбеген түлкү өз жолуна түшөт. Алдынан карышкыр кезигип сурайт: – Кандайсың, Түлкү? Эмне маанайың пас? – Чоң кесим сулп эт жатканын көрүп, жебей калганыма өкүнүп келатам. Орозо кармап жүрбөймүнбү. – А мен орозо тутпаганым […]

Мар БАЙЖИЕВ: Бир кемпир

АҢГЕМЕ Ак чокулуу улуу тоолордун кең коктусунда, калың карга белчесинен баткан чакан айылда, жепирейген боз тамда чүкөдөй болгон бир кемпир өлүм алдында жатты. Анын өлө баштаганы көп болду. Бул тирүү жан кутулбас кыянат согончогу канап, биринчи перзентин көргөн күндөн башталбадыбы, кыз кийимин чечип, зайып болгон түндөн башталдыбы же андан да мурдааракпы — аны өзү да билбейт. Кемпирдин эсинде өткөндүгү менен азыркы, күз менен жаз, күн мекен түн, өңү менен түшү кым-куут болуп аралашып чаташат. Кемпир көзүн ачпай кичинекей секелек кыздын […]

Атактуу психолог Эрик Берндин биздин мээ кантип калыптанганы тууралуу ой дүрмөттөрү

Эрик Берндин улуу ойлорунун негизинде жагдайларга терең анализ жаталат. Берндин ырастоосунда – ар бир адамдын тагдырында 5 жашына чейин сценарий түзүлүп, андан кийинки өмүрүбүз ошол калыптанган долбоор боюнча өтөрүн төмөндөгү 10 тезистен баамдасак болот… Сценарий — бул бала кезде эле ата-эненин таасири менен калыптанып бүтүп, өз ирети менен ишке аша турган жашоо долбоору. Бул психологиялык импульс адамды анын каршылыгына же эркин тандоосуна карабай алга карай; анын тагдырына чоң күч менен түртөт. Биринчи эки жылда баланын жүрүм-туруму менен ойлонуусу негизинен энесинин […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Мадаминбектин өлүмү

Үч-Коргондон Исфайрам бойлоп кеткенде Алыш, Кара-Жыгач, Майдан деп жүрүп отуруп Кичиненин-Оозуна келет. Кезегинде Полот хан качып келген бул жайлардын өзүнчө сыры бар, бир жагынан аш бышымда Барганынын жайыгына түшсө, жарым күндө Кызыл-Кыядан Апшыр-Ата өрдөп кетет Кичи-Алайга, бир жагынан Тамаша аркалуу Шаймардан жерине жетип, андан Сохко, Зардалиге барат, анан да Дароотко күнүн барат, Дароотко жетти дегенде Эркеч-Там менен Кытайга да, Кара-Тейит менен Сары-Колго да, андан ары Кара-Тегин аркалуу Ооганга да жол ачылат. Кууш капчыгай, өрдөп жүргөн жол кандай куугун келсе да […]

Мамыр ИМИНЖАНОВ: Боржок

АҢГЕМЕ                                                     «Чымындуу жерде курт күчөйт, Ырымдуу жерде дарт күчөйт». (Монгол эл макалы) I Артыктын байкоосунда көбүнесе көзү тартканда сүйүнчү эле. Ошондуктанбы, ал сол көзү тартып калса, бир нерсени көрчүдөй жаны жай таппай калчу. Эгерде кокустукка кабылбай калса «өзүмдүн сезгичтигимден тооруп келген кырсыкты торой чалып өткөрүп жибердим» деп компоюучу. Элдик уламыштарга караганда кимдин мүчөлү (жылы – жылан, доңуз) арам болсо, сол көзү тартса сүйүнөт. А Артыктын мүчөлү – балык. Андыктан оң көзү тартканда сөзсүз сүйүнө тургандай […]

Акбар ТУРСОН: Караванщик совести мировой

ТУРСУНОВ (ТУРСОН) Акбар [01.10.1939 — ..] – доктор философских наук, профессор, академик Академии наук РТ. В конце 1980-х-начале 1990-х — директор Институт востоковедения и письменного наследия Академии наук ТаджССР. В эмиграции — 15 лет жил и работал в США. С 11 апр. 2011 — 20 апр. 2015 — директор Института языка, литературы, востоковедения и письменного наследия им. Рудаки Академии наук Таджикистана. С 20 апр. 2015 — на пенсии. К 90-ЛЕТИЮ КЛАССИКА МИРОВОЙ ЛИТЕРАТУРЫ ЧИНГИЗА АЙТМАТОВА «Это великий советский писатель. Это […]

Алп жазуучунун «Акбоз аты»

Шатман Садыбакасовду окурман журту “Күндөр” романы, “Акбоз ат” драмасынын автору катары жакшы билет. А бирок ал акын, котормочу катары, андан да биртоп кыргыз акын-жазуучуларына жол көрсөткөн устат, чыгармачылыкка өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылган редактор катары белгилүү. Жазуучу Шатман Садыбакасовдун аңгемелеринде жөнөкөй турмуштук көрүнүштөр көп маанилүү көркөмдүк түскө ээ болуп, жашоонун ар бир күнү пенде баласынын бактысы, бу тирүүлүктүн адамга ыроолонгон шыбагасы экени ырасталат. Бүгүнкү кыргыз аңгемеси тууралуу кеп Шатман Садыбакасовдун чыгармачылыгына, жазуучунун “Ар кимибиздин жолубуз бар” новелласына арналат. Тюрин Машаны […]