Чыгыш элдеринин жомогу: Тентектин акылы

Бир ирет базарда айнек саткан бирөө акылдан айнып кетмейи аз келгенсип бейбаштыгы да башынан ашкан таанышына мындай деди: — Баардык тентектер айнек сындырат, а сен эмне мынча жалкоосуң же коркосуңбу? Ушинтип жүргөнчө үйлөрдүн терезелерин талкаласаң, моокумуң канганы аз келгенсип, соодам жок отурган мага да чоң жардам болот эле. Акылы пас тентек анын айтканын эп көрдү. Көңүлү шаттанып, ичинен кыңылдай ырдаган бойдон айнекчинин үйүнө келип, терезелерге бир да айнек калтырбай таш менен уруп, талкалап чыкты. Айнекчи кечте үйүнө келгенде гана тентектин […]

Аз жазса да, саз жазган Түмөнбай Байзаковдун өмүрү жана чыгармачылыгы

Эч кимге окшобогон акын жана адам Түмөнбай Байзаков… Качан болсо тамашасы даяр, аскиясы белен, чын-чынында ички күйүтүн тышкы күлкү менен баскан кайран Түмөке! Атактуу “Паризатты” жазган, ондон ашык ыр китептерин чыгарган, Барпы Алыкуловдун чыгармаларын чыпчыргасын коротпой топтоп, китеп кылып басып, акыры аны кыргыз адабиятынын классиги катары тааныткан инсан. Нечен чет өлкөлүк авторлорду кыргызчага которуп, анын ичинде Муса Жалилдин ырларын классикалык деңгээлде кыргызчалаган устат котормочу. Эң негизгиси  — мекенчил, Байдылда акын айткандай, «кыргыз деп келип дүйнөгө, кыргыз деп дүйнөдөн өткөн» акын. […]

Сагындык ӨМҮРБАЕВ: Чоочун киши

АҢГЕМЕ Жайдын аптабы. Шаардын четиндеги чоң бак. Күндө жалгыз келем да кыбыр эткен жан жок бир кычыкка кирип, кечке көргөн-баканым — китеп. Ээндеп экзаменге даярданам. Мына, кеч кирди. Өзүм чарчап, өзөгүм үзө тартканда ордуму калтырып үйдү карай… жо, бактын ичиндеги ашканага бурулдум. Бейкут бактан бетер ашкана да ээн экен. Ээн дегеним, такыр жан жок эмес, шаардын ашканаларындай опур-топур жок. Ак кийинген сатуучу, анан тетиги бурчта жалгыз киши. Кишинин үстү-башы жүдөө. Эшикте күн ысып турса, көөнөргөн көрпө тумагы менен эски каракүл […]

Жекшенбай КУРМАНОВ: Көкчунак

АҢГЕМЕ Жакендин атасы жеринен эле мергенчилик кылып келет. Ошол себептенби, айылдагылар «Мергенчи аке», «Мергенчи ата» дешип атынан аташпайт. Мылтык кармабай калганына көп болсо да капкан жайып, үйгө токтобойт. Кээде Жакенди учкаштырып алып капкандарын кыдырып, жолдо ката кызыктуу кеп салып берип кумардан кандырат. Бир күнү карышкырга салчу капкандарын байланып алып үйдөн эрте аттанып кетти. Демейде кечтен калбай келчү атасы ал күнү келген жок. Эртеси да келбеди. Үйдөгүлөр эмне болду дешип кооптоно баштады. Жакен да чыдамсыздана күттү. Айыл четине чыгып, атасынын келе […]

Үчүнчү күн: Бир жарыктан чыгабыз, бирок кантип?

<<<<<<<<<<<БИРИНЧИ КҮН… ЭКИНЧИ КҮН 12-апрель. Жогорку Совет сессиясы башталды. Ак үй алдында адаттагыдай эле пикетчилер. Жаштары бар. Кыздары бар. Мойнуна «Баланчаев – консерватор! Кызматтан түшүргүлө!» деген плакат илип карыя олтурат. Консерватизм жаштардын эле эмес, карылардын да көкөйүнө тийиптир. Туура. Клемансо айткан экен: «20 жашында социалист болбогондордун жүрөгү жүрөк эмес эле кесим эт, ал эми 40 жашында социал болуп жүргөндөрдүн мээсинде бир мандем бар деш керек» деп. Кыздар турат кыргыз тил «душмандарынын» тизмесин көтөрүп. Алар: Т.Усубалиев, А.Муралиев, С.Жигитов… А кишини редакцияга […]