АҢГЕМЕ

Жакендин атасы жеринен эле мергенчилик кылып келет. Ошол себептенби, айылдагылар «Мергенчи аке», «Мергенчи ата» дешип атынан аташпайт. Мылтык кармабай калганына көп болсо да капкан жайып, үйгө токтобойт. Кээде Жакенди учкаштырып алып капкандарын кыдырып, жолдо ката кызыктуу кеп салып берип кумардан кандырат.

Бир күнү карышкырга салчу капкандарын байланып алып үйдөн эрте аттанып кетти. Демейде кечтен калбай келчү атасы ал күнү келген жок. Эртеси да келбеди. Үйдөгүлөр эмне болду дешип кооптоно баштады. Жакен да чыдамсыздана күттү. Айыл четине чыгып, атасынын келе турган жолун күндө утурлай карайт. Дале дайын жок. Төртүнчү күн дегенде гана кечке жуук келди.

Аттан түшүп адегенде канжыгада байланган капкандарын түшүрдү. Анан артынган куржунду этияттап алып жерге койду. Кызык, куржун өзүнчө эле кыймылдай баштады.

— Ата, мунун ичинде эмне бар?- деди Жакен таң калып.

— Бөлтүрүктөр бар, балам.

— Бөлтүрүктөр деген эмне?

— Карышкырдын күчүктөрү, балам. Куржундун оозун чечип жерге төктү эле, бири-бирине опокшош алты бөлтүрүк томолонуп түштү. Көздөрүн жылтыратып бир ордунда тегеренип, бир нерсе издегенсип атышты. Баары тең Жакенге сүйкүмдүү көрүндү. Кармалап, ойногусу келди.

— Ата, эми буларды эмне кылабыз? – деп кызыкты.

— Багабыз балам.

Ошентип Жакендин атасы жабык короонун бир бурчуна бөлтүрүктөр үчүн атайын жай камдады. Атасы экөөлөп маал-маалы менен тамактандырып, алдыларын тазалап турушту. Кийинчерээк бул иштерди Жакен өзү эле аткара баштады. Бөлтүрүктөрдү бирден кармалап, жүндөрүнөн сылап ойнойт. Бир маал күпкөсүнөн чыгарып алып короонун ичине ары-бери ээрчитет. Алар да Жакендин ыгы менен болуп абдан үйүр алып кетти. Тамакты Жакендин гана колунан ичип калышты. Башкалар барса күпкөгө кирип кетишет да, тикирейип карап жата беришет. Качан алар чыгып кеткенден кийин гана ичишет.

Бара-бара бөлтүрүктөр чоңоюп, бой тарта баштады. Өңдөрүнө да өзгөрүү кирди. Арасынан бирөө гана башкачараак эле. Буттары беркилердикинен жоон, жүндөрү агыш-көгүш тартып кулактары кыскараак, үч бурчтук болуп тикчийип турат. Ушул кебетесине карап Жакендин атасы «Көк чунак» деп ат коюп салды. Бара-бара Көкчунак Жакенге үйүр болуп калды. Кайсы маалда барбасын беркилерден бөлүнүп шып этип жетип келет. Көкчунак деп чакырганга да көндү. Ичке чыбыкты сунса тиштей калып, тартып алса баса калып ойнойт. Тарак менен жүндөрүн тараса былк этпей жата берет.

Күзгө жуук Жакендин атасы тамдан обочороок жерге төрт чарчы кылып киши боюнан терең чуңкур казды. Ага ачып жапкандай кылып тактайдан капкак да даярдады. Жакен буга абдан кызыгып бир күнү атасынан сурады эле, атасы ага бул чуңкурга бөлтүрүктөрдү салып багабыз деген жообун айтты. Бөлтүрүктөрдү чуңкурга алып барардан мурда атасы ар биринин оозун жип менен бекем кемээчтеп таңып, устарасы менен арткы буттарынын толорсугун акырын кесип анан чуңкурга салып атты. Буга Жакен аябай таң калды.

— Ата, буттарын эмнеге кесип атасыз?

— Качып кетпесин деп… Толорсуктары кесилген немелер секире да албайт. Кыскасы, силерчилеп тентектик кылбайт, — деп күлүп койду. Ошентип, бөлтүрүктөрдүн жатчу жайы чуңкур болду да калды.

Билинбей күндөр өтө берди. Бөлтүрүктөр чоңоюп, мурдагыдай болбой сүрдүү, башкача көрүнө баштады. Кызыгы, ар бири чуңкурдун ар кайсы жеринен өздөрү сойлоп батып кеткидей чакан үңкүр казып да алышты. Керээли кечке ошол жерден баштарын чыгарып коюп, көздөрүн кызартып жата беришет. Атасы аларга тамак берип кеткенден кийин деле Жакен эки-үч маал барып, Көкчунак деп чакырып, ага нан ыргытып берет. Жерге түшүрбөй тосуп алат. Дагы береби дегенсип карай берет. Башкалары чыкпайт, чакырыка да келбейт. Колдогу тамакка тойбой калды деп атасы ар кимдин өлгөн малынын эттерин алып келип берет. Кийинчерээк кошуналар артып калган тамак-аштын калдыктарын өздөрү эле жеткирип келчү болду. Он-он беш күндө бир чуңкурга түшүп тазалап чыгат. Күн сайын Жакен экөөлөп таштекке суу толтуруп куюп турушат. Күндүзү жымжырт жатышат да, түнкүсүн улуп чыгышат. Улуган сайын:

— Мына эми булар чоңоюп, анык карышкыр болушту. Улуп талааны, эркин жүргөндү сагына башташты балам, — деп калат атасы.

Атасы бөлтүрүктөрдү кармап келгенде төрт жашта болучу. Эки жыл бат эле өттү. Карышкырлар да килейди. Бир күнү атасы эрте чыгып кетип, бат эле кайра шашып келди:

— Капкагын кечинде жаппай калыппыс. Көкчунак жок, чыгып кетиптир,- деп үйдөгүлөрдү үч көтөрүп, издейли деп Жакенди да шаштырды. Жакен тураары менен эле чуңкурга чуркады. Чын эле Көкчунак жок. Атасы экөөлөп бактын арасын, короону карап чыгышты. Жок. Кошуналар да келишип, тегерек четти бүт тинтип чыгышты. Өзү тургай изи да, жыты да жок. Аңгыча Жакендин атасынын иниси Оркош келди атын алкынтып. Ээрчиткен үч-төрт жигити бар. Баары тең кызуу. Иштин чоо-жайын уккандан кийин «бат эле таап келебиз, асманга эле учуп кетпесе» дешип күпүлдөгөн боюнча чапкылап кетишти. Оо, бир топтон кийин кайра келишти. Оркош акеси Көкчунакты улакчасынан өңөрүп алыптыр. Төрт буту байлануу, оозу таңылуу.

— Мына аке, мүрзөнүн арасынан таптык. Үстү түшкөн көргө кирип алыптыр, бул акеңдин оозугурайын, — деп Көкчунакты күп эттире жерге ыргытты. Аттан түшүшүп, Жакендин атасын колтуктап ары басышты. Бир топко бир нерсени талашып жаткандай болушту. Бир маалда колун силкип, «ээ өзүңөр билгилечи» деп катуу сүйлөнүп атасы ачуулана бери басты.

— Ата, тигилер менен уруштуңузбу?!

— Жок балам. Карышкырды тирүүлөй соёбуз дейт, койгула десем болбоду. Эмне кылсаңар ошо кылгыла деп баса бердим, тил уккудай эмес мас немелер, — деп үй тарапка басып кетти. Жакен да кошо басты. Үйгө олтуралбай койду. Атасынын «соёбуз» деген сөзү тынчын алып туруп алды. Бир аздан кийин эшикке чыгып Оркош байкелери турган жакка барды. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, чын эле  Көкчунакты төртөө төрт буттан керип алып терисин тирүүлөй сыйрып атышыптыр. Көздөрү көздөрүнө уруна түштү. Жалжылдап, «мени ушинттирип койдуңарбы» дегендей туюлду. Андан ары карагысы келбеди. Үйдү көздөй чуркады. Кирип эле атасына:

— Ата, эмнеге сойдурдуң. Болбой койсоңуз болмок да, — деди буркулдап көпкө чейин атасына ыйлап атты таарынып. «Жүрүчү балам, тигилерди көрүп келели» деп атасы бир аздан кийин эшикке жөнөдү. Барышса, карышкыр сойгондорду бир топ адамдар тегеректеп алышыптыр. Ортодо териси эчак сыйрылып жыпжылаңач, кыпкызыл болуп Көкчунак жатыптыр. Аны сойгондордун чыканагына чейин кыпкызыл кан. Жакендин денеси жыйрыла түштү. Жанатан суналып жаткан Көкчунак диртилдеп ордунан обдулуп турду. Чогулуп тургандар жарыла берди. Мас немедей теңселип жөнөдү. Бир аз баса түшүп очорула түштү. Боюн түздөп кайра алдыны көздөй баса баштады. Улам арылаган сайын басыгы жайланып, жыгылчудай чайпалып баратты. Жакен чуркап барып жардам бергиси келди. Бирок ордунан жылалбады. Бир маалда Көкчунак суналып жатып калды.

Атасы экөө барса дирт-дирт этип көздөрүн жалжылдатып жатыптыр. Денеси жалтырап курушуп калган. Чымындар үймөлөктөйт. «Болду балам, денеси кургап калыптыр, эми турбайт, өлөт», — деди атасы кейиштүү. Жакен дагы ыйлады. Оркош байкелери арак ичип жатышыптыр. Көкчунактын териси ортодо жайылып турат. Аларга аябай ачуусу келип, берээкте аларды карап жек көрүп турду. Аңгыча арт жагынан кобураган үндөр угулду. Караса, кошуна үч-төрт аял келатыптыр.  Алар түз эле Көкчунактын өлүгүн тегеректеп турган Оркош акелерин көздөй жөнөштү. Булар эмнеге келишти деген ой менен Жакен да алардын артынан ээрчий басты. Оркошторго жетээри менен эле:

— Оркош, жакшыбы айланайын, силерге келатабыз жумуштап, — дешти жарыша үн салып.

— Келгиле жеңелер, келгиле, – деди Оркош акеси жайдары.

— Карышкырдын боору, өтү, ич майы дары эмеспи, ошондон сурап келдик эле.

— Силерден аяган оокат жерге кирсин.

Аялдар кагазга оролгон бирдемени сунушту. Арак экен. Андан бир стакандан ичишти да, карышкырдын ичин жарып жиберишти. Ичеги-карды эңшерилип жерге түштү. Оркош канжалатып боорун чыгарып аялдарга кескилеп бөлүп берди. Ич майын да ошентти. Өтүн дагы бирөөнө карматты. Ал тургай чүкөлөрүн да омкортуп алышты. Оркоштун колдору чыканактарына чейин канга боёлду. Ошол колдору менен стаканды мыкчый кармап арактан шыңгытып атышты. Ичегилери жерге жайылып, балжырап жаткан Көкчунактын көрүнүшүнө Жакендин көңүлү айнып кускусу келип чыкты. Бакырып ыйлагысы келди…

Көкчунак өлгөндөн кийин Жакен карышкырлар жаткан чуңкурга барганын койду. Көп өтпөй атасы калгандарын да аттырып салды. Аларга Жакендин анча деле ичи ачышкан жок. Көкчунак гана эсине кетпей койду. Анын териси сыйрылып, кызыл жаян болуп жатканы, теңселип араң басып баратканы, анан жалооруп жардам сурагансыган көздөрү, өлөөр алдында диртилдеп, кургаган сайын курушуп бараткан денеси, ичеги-карды чубалып жаткан көрүнүшү көз алдынан кетпес болду. «Эмне үчүн терисин тирүүлөй сыйрышты? Оркош байкелерим ушунчалык таш боор беле?» деген суроо азыр да көкүрөгүн эзип келет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.