Ашкабак аттуу өсүмдүк бир гана топурак кыртышынан өнүп чыгат деп ойлобогула, бурадарлар! Көрсө ал эки аяктуу адамзааданын эки ийнинен жогору көздөй да өсүп чыгарын бүгүнкү исламдашуу доорундагы Кыргызстандын диний чөйрөсүндөгүлөрдөн көрүүгө болот. Арийне, ашкабактын баары эле ичинен көңдөй эмес деңизчи, бирок көңдөй баш исламчылар караламан калктын чекесинен издетпей таптырар болду.

Ириде Чыгыш бийи («Танец живота») кайдан чыккан? Анын тарых таржымалы толтура. Аталышы да түрдүүчө. «Танец живота» деген өнөрдүн тарыйкасын азыркы арапкулдардын эсине салар болсок: Араб бийи, Чыгыш бийи деп да эзелтен аталып келген эмеспи. Ошол эзелтен келген Араб бийине ким тыйуу сала алат азыр?.. А биздеги исламчылар балет искусствосуна тыйуу салгылары бар. Муну баягыле сөзү ала калма Өзбек ажы Чотонов дегени «5-каналдан» “Балет эмне деген маданият? Жылаңач аялды көчүгүнөн мыкчып алып ары-бери чуркап бөтөн эркек жүрөт”, – дегенин күндүн учкул кеби катары Нургазы Мусаев аттуу кесиптешибиз Фейсбуктагы өз баракчасына маашырланган дем менен иле койгон экен, башкаларына да кудай берди. Балет өнөрү көкбөрүдөй тартышка түштү.

Бул пикирди кубаттап: «балет менен фигурное катаниени көрсөтөш керек, арам» деген да кем акыл бирөөсү чыкты эле, мындай пикирлерге улай белгилүү Бейшенбек Бекешов жазды: «Эй кыргыздар, энеңерди башка бир эркек көчүгүнөн көтөрүп бийлеп жүргөнүн элестете аласыңарбы? Демек, ошол уятты кыздарыбызга эмне үчүн каалабашыбыз керек? Кыз-келиндин дене-мүчөсү эринен башканын да ыракаты үчүн иштеши керек десеңер, анда жүрө бергиле. Өлүпсүңөр», – деп оозунан көбүк аттырат аксакал тележурналист…

Агер мындай пикирди көчөдө жүргөн кулпенденин оозунан эшитсек да, бул теманы мынчалык сөз кылып отурбайт элек, тек, коомдун алдыңкы өкүлү деп саналган журналисттер Н.Мусаев менен Б.Бекешов Өзбек Чотоновдун пикирин кубаттап, ага кошул-ташыл кыстырма иретинде теңирчи Дастан Исламович Сарыгулов балетти «Европанын дворцовый маданияты, ал кыргызга жат» дегенин Н.Мусаев айныгыс аргументтей бетине тутканын көрүп, маңкулдарга мамындай соболум бар: Майли дейли, балет Батыштан келген дворцовый маданият экен, а эмне журналистика кыргыздын кылымдардан бери келаткан кесиби бекен? Анда журналистиканы да кыргыз тукумуна жат деп тыйуу салалыбы? Андале журналистиканын аркасы менен ак нанын таап келаткан Бекешов менен Мусаевге кыйын болбойбу?)))

Йе, түгөткүр исламчылар, агер баарына эле тыйуу салууну көздөсөңөр, кыргыз искусство тарыхы: кино, театр, сүрөт, музей, музыка тарыхыбызды жок кылалыбы? Эпаада силердин түркөй түшүнүгүңөр менен карасак, чын эле мунун баары кылымдардан берки кыргыз тарыхында жок эле да?!

Эми кыргыз музыка тарыхындагы революциялык доорду жараткан Рысбай Абдыкадыров баш болгон муунду аккордеонсуз көз алдыга элестете алабызбы?! Бирок бүгүнкү күндө аккордеон аспабы кыргыздын музыкалык аспабы катары каны-жаныбызга сиңип кетти го. Анчалык эле балет өнөрүнө тыйуу салар исламчы чөйрөдөгүлөрдүн акыл чөйчөгү, логикасы менен жашаганды кааласак анда Кара Молдо, Ыбырай Туманов баш болгон улуу комузчулардын күүлөрүн шаңкылдата жаңырткан эл аспаптар оркестринин бизге эмне кереги бар?! Дегеле буларсыз кыргыз шаңын дүйнөгө жаңырткан дөөлөт-мурастарыбыз барбы анда?!

Биз анда мөмөлүү даракты бутак-бутактап жылаңач кыркып салгандай эле кыргыз искусствосун четинен бутактай берсек, эмнебиз калат? Сопойгон дарактай куурап жок бололубу?..

Мынча болду, балет искусствосуна тыйуу салар болгон исламчылар, эмнеге айфон, смартфон, фейсбук, ватсапка тыйуу салбайсыңар? Же мындай балакеттин баары алмуздактан бери карай араптардын энчисинде бар беле?)))

Өткөн жылы молдокелердеги ой-санаа чочоктон өйдө көтөрүлбөй калганы жөнүндө пикиримди жазсам, такыбасынган динчилдер чок баскандай секирдиңер эле. Ой-санааңар киндиктен өйдөгө өспөгөнүнүн дагы бир далили ушул – бул бир мерте да балет искусствосу силердин балиттигиңерди ырастап отурат. Же силер сахнадагы балет искусствосун көргөндө төшөк алдындагы сексти гана элестетесиңерби?)))

One Reply to “Олжобай ШАКИР: Исламчыл түркөйлөрдүн түшүнүгүндө бий өнөрү жалапчылыкпы?!”

  1. Арапкулдарды акылына келтирем деп аракет кылган эмгегинизге рахмат. Бирок мээси динден апийимдей ууланган карапайым калктын соолугарына күмөнүм бар. Ал эми Өзүбек, Мыктыбек, Турсунбай ж.б. өз кызыкчылыгын гана ойлогон адамдар. Кыргыз калкынын билим денгээлин, маданиятын мамлекеттик денгээлде көтөрмөйүн айтылган маселе менен күрөшүү кыйын болуп калды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.