Адегенде Сакемдин «беттегенин бербеген Олжобай досум» дегенине кыстырмам бар. Эгер адам туура жолду тандап, туура багытта баратса, ал сөзсүз беттегенин бербегени жакшы. Өзгөчө бүгүнкү рухий жакырчылыктын заманында «РухЭш» сайты аркылуу элге көркөм чыгармаларды жеткирүүгө баш-оту менен берилген адам өзүнүн беттегенин бербегени эң туура. Мындай гуманитардык багыттагы ишти жүргүзгөндөрдү коомчулук колдоого тийишпиз.

Азыркы күндө маалыматтык сайттар толтура, ал эми «РухЭш» коом агартуу жүгүн аркалап келатканы, болгондо да өкмөт же кайсы бир коомдук уюмдун колдоосу менен эмес, өз ыктыяры менен эч кимден айлык-акы күтпөй, кыргыз тилдүү окурмандардын рухий муктаждыгы жана келечек муунду тарбиялоо максатында дүйнө эл жомокторун кыргыз журтчулугуна жеткиргени чоң мааниге ээ. Андыктан адабият, маданият деп күйүп келаткан кесиптешим Садык Шер-Нияздын мага узаткан эстафетасын чын жүрөгүмдөн кабыл алып, «РухЭш» сайтынын 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине 3 000 (үч миң)  сом жолдойм. Ошондой эле бул демилгени мындан арыны карай да Жогорку Кеңеште отурган кесиптештеримдин ар бири колдоп кетишине тилектештигимди билдирем жана өзүмдөн кийинки эстафетаны «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошевге узаттым. Жана бул демилгебизди Кыргызстандын атабият, маданиятына кайдыгер эмес Жогорку Кеңештеги башка кесиптештерибиз да колдоп кетет деген ишенимдемин… Мындан ары да ушул эстафета ар бир жума сайын уланып кетишине ак жол каалайм!

«Ата-Мекен» фракциясынын төрагасы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *