Бир кембагал адатынча бактысыз тагдырына нааразы болуп, Жаратканга да наалат айтып күңкүлдөй сөгүнүп келе жатып, бугу чыкпай калчудан бетер буркулдап коё берет:

— Бакыт бар деп коюшат! Кана ал болсо? Каргыш алсын ошол бакытты, эгер ал бар болсо!..

Бул кембагалдын тагдырына бактылуу болуу жазылбаганы менен жакын жерде өтүп бараткан Бакыт анын сөгүнгөнүн угуп калып ак көңүлү кармап, боору да ооруп, жакшылык кылгысы келип аны колдон алып:

— Токто! Коркпогун, анткени мен сенин Бактың болом. Демек, кийинки жашооң жыргалчылыкта өтөт, — деп селсаяк оозун ачып чочугуча болбой, “аа” деп мээсине жетип аңдагыча болбой, жерден так көтөрүп асмандата алып жөнөйт кайдадыр. Ошентип селсаякты бир далайга чейин көтөрүп учкан Бакыт бир маалда тоодогу бир үңкүрдүн оозуна коюп мындай дейт:

— Бул үңкүрдө эсепсиз байлык, сансыз алтын бар. Киргин да каалаган байлыгыңды тандап ал. Бирок өтө көп алба. Жүгүң үйүңө көтөрүп жеткидей жеңил болсун. Жолуң татаал жана алыс болот. Жаныңда жардам берер эч кимиң болбойт. Эгер жүгүңдү колуң талып жерге койсоң аны биротоло жоготосуң, куру жалак каласың. Ошондуктан сансыз байлыкты көргөндө өзүңдү жоготпо, ач көздүк кылба!

Ушул сөздү айтып оозун жыяры менен Бакыт көздөн кайым болуп кетет. Кембагал үңкүргө кирсе тамандырыктан шыпка чейин жыйылган алтын буюмдардын жаркырагынан анын ичи жарыктанып туруптур. Көзү ушул алтындардай күйгөн ал байлык жыйылган дубалды бекем кучактап, бир топко чейин өзүн жоготуп, анан өзүнө келери менен алтын капка алтын буюмдарды жанталашып толтуруп кирет. Ошентип бир сааттан кийин ал алтын толо капты жонуна көтөрүп, үңкүрдөн чыгып үйүн карай жол тартат. Бирок бута атым жерге жетпей эле кара терге чөмүлүп, колу талып, күйүгүп чыгат.

“Кантип эле ушунча алтын жоголуп кетсин? Болбогон сөз болуш керек, жерге койсом да колумдан чыгарбайм. Эптеп сүйрөп да болсо үйгө жетип алсам анан…” деген ой башына келери менен кымылдай сүйүнүп, алтын капты жерге коё салганында ал көздөн кайым жок болуп кетет. Кембагал айлананы алактай карап, эч нерсе таппаганда, артта калган алтын толо үңкүрдү карай чуркап, анын ордунда заңкайып турган асканы сүзүп алып, бакырып-өкүрүп ыйлап, өзүнүн ач көздүгүнө наалат айтып жиберет.

Ошол учурда маңдайына кайрадан Бакыт пайда болуп, кембагалды жекире карап мындай дейт:

— Сен өзүңдүн жана бакытыңдын кылмышкерисиң. Сени эч нерсе канааттандырбайт, сага бүт дүйнөнүн алтыны дагы аздык кылат. Сага көп берилсе да көтөрүшүңчө алып кетишиң керек болчу. Бирок сен ач көздөнүп алың жетпегендей көлөмдө алып баардыгынан айрылдың. Бул сага азга топук кыла билүүң үчүн сабак болсун!

Ушул сөздү айтары менен Бакыт көздөн кайым болуп кетет. Бул ирет кембагал абдан жаман абалда калса да өз тагдырын өзү адатынча сөгө алган жок.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *