АҢГЕМЕ

Пендечилик да, турмушуң канчалык жакшырган сайын улам түзүгүн эңсейт экенсиң. Мына биз, Букеш экөөбүз жаңы үйлөнгөнүбүздө эскирип калган калпактай болгон репродуктордон эки эле номур болсо да, таңкы концерт укканыбызга кудуңдап сүйүнүп калаар элек. Эми «Латвия» деген килейген радиоприемникке алымсынбай, телевизор сатып алмакчы болуп, 3—4 айдан бери ченеп кийип, ченеп ичип, алган айлыгыбызды чогултуп жүрөбүз. Айрыкча, акыркы айда Букештин алып келген акчасы көзгө көрүнө түштү. Анткени, өкмөт врачтардын айлык акысын он сомго көбөйтпөдүбү.

Ошентип, топтогон акчабыз телевизор турсун, стабилизаторун кошо сатып алып, андан кийин тели-теңтуштар менен «жуумайынан» өйдө жетет ко деген болжолубузга келгенде, тууган-туушкандарды чакырып, үй-бүлөнүн кеңешмесин ачтык. Карала турган маселе: жакшы телевизор сатып алуу.

Демейде, чарбачылык жагын башкарууну өз эрким менен Букешке берген элем. Азыр бардык бийлик кайненем жакка өтүп калды. Кайнатам болсо, өзү кадимкисиндей калыстык жагына ооп турат, жарыктык.

— Кана, балдарым, кандай «тилбизор» алсак деген оюңар бар? — деди кайненем.

— Азыр «Сигнал» маркасындагы телевизорлор жакшы дешет, ошону алсакпы дедик эле…

— Ой, кокуй ой! Аны эмне кыласыңар? Ошо да «тилбизорбу»? Тиги, Осмонаалылардыкы он күн иштебей жатып ойрон болбодубу?

— Анда «Радий» алалы.

— Аныңардын деле мааниси жок. Баягы Абдылданыкын көрдүңөр беле? Үнү кырылдап…

— Эмесе «Рекорд» алалы.

— «Рекорд» жерге кирсин! Тиги Бердибайлар ошондон алып…

Ошентип, Советтер Союзунда чыгарылып жаткан телевизорлордун кайсы гана маркасын атабайлы, биринин көрсөтүшү жаман, экинчисинин түрү жаман, үчүнчүсүнүн үнү жаман дешип, телевизору бар тааныштарынан эсептеп киришет. Алардын айтымында, биздин өлкөбүздө бир дагы сапаттуу телевизор жок болуп чыкты. Анан эми телевизор издеп Америкага бармак белек деп, биз Букеш экөөбүз эмне кылаарыбызды билбей отурсак, «кеңешмеге» чакырылган туугандарыбыз үч сааттын ичинде үндөрү кыркырашканга чейин талашып жатып, Букештин керээли кечке даярдаган тамагын түгөтүп, алып келген бөтөлкөлөрүн бошоткондон кийин, кайнатамдын жардамы тийип араң дегенде «Рекорд» телевизорун сатып алууга руксат беришти, Ошол бойдон «оомийин» деп олтургандарды таратып жибербестен, оозум кычышып кеткенсип:

— Азыр дүкөндөрдө «Рекорд» бар болду бекен? — деп сурап жибербесминби…

Мен сүйлөп баштаганда Букеш отургандарга көрсөтпөй кабыргамдан укуп алды эле, мен да түшүнө коюп, оозумду жапканча болбой… Кеч болуп калды.

— Балакеттиби,— деп кайненем сөзүмдү жулуп кетти. — Азыр дүкөндө жакшы буюм калчу беле? Бирок эчтеке эмес. Белектин аялы менин жакын сиңдилерим болот, ошого барсаң, ал күйөөсүнө айтып, эртең эле таптырып берет.

— Ээ, апа? — дедим таңданып. — Белек өзү тиш доктуру болсо, анан соода тармагында кандай тиешеси бар?

— Балам, а балам! Жашсыңар да. Жашоонун ыгын дагы эле билбейсиңер. Азыр жек-жаат, тааныш-туунушсуз, бирөөнүн оозун майлабай бирдеме ала аласыңбы? Жакшы берсең, жакшы аласың! — дегенде Букеш экөөбүз каршылык көрсөтмөк болдук эле, туугандарыбыз туш-туштан:

— Бу силер дайыма эле өзүңөрдү өзүңөр билип, өтүгүңөрдү төргө иле бербестен, улуулардын айтканын да угуп жүрсөңөр! Энең ырас айтат! Азыр жакшы буюмдун баары жең учунан кетип, жамандары дүкөнгө чыгат. Кокус дүкөндөн алган учурда да бир жыл кезек күтүп атып, бир мажес неме колуңарга тиет. Кантип эле ушу биз силерге жамандык санайлы? — дешип жаалап жиберишкенинен улам: «Ырас эле, жакшы телевизорлуу болуп калгыбыз бардыр» — деп үн катпай отуруп бердик.

Ошентип, эртеси күнү үйгө бир тыйын калтырбай бардык акчаны белге түйүп, тиш доктур Белектин кабинетинде болдум.

— Бажа, сага телевизор керек деди беле?

— Ооба.

— Азыр…

Ал телефондун трубкасын алып, номерин тере баштады:

— Алоо!.. Эшмат Акматовичпи? Салоом алейкум, Эшмат Акматович, бала-бакыра чоңоюп жатышабы? — деп баштады бажам. — Аяш күүлүбү? Баягы күнү нейлоновый пальто алыптыр деп уктум, куттуу болсун. Түзүк, түзүк… Эшмат Акматович, сизге момундай бир ишибиз түшүп калды. Биздин кичи бажага бир жакшы телевизор керек. Кайсы маркасы дейсизби?

Мен, «Рекорд — 12» деп айта салдым.

— «Рекорд — 12» дейт. Мындай телевизорлор азыр шаарда жок! Жо-ок, Эшмат Акматович! Биз сурап жаткандан кийин табасыз да, табасыз. Ооба, ооба, ой деги ал жагынан кам санабай эле коюңуз. Болот, болот, болбой коймок беле. Биздин бажа жаш болгону менен иш билги жигиттерден! Жакшы, жакшы. Азыр өзүн жиберем.

Белек сүйлөшүп бүтүп, мага кайрылды:

— Эми бажа, сен Эшмат Акматовичке бар.

— Ал киши каерде?

— Эшмат Акматовичти билбейсиңби?

— Билбейт экенмин.

— Билбесең, билип ал. Ал мындан ары да кереги тие турган киши.

— Өзү каерде иштейт?

— Почта бөлүмүнүн башчысы.

— Эмне дейсиз? Кечиресиз жезде, мен түшүнбөй жатам. Почта бөлүмүнүн башчысынын соода жагында кандай тиешеси бар?

— Эй, анысын эмне кыласың? Бар дегенден кийин бара бер да! Байланыш жагында иштеген кишинин «байланышы» болбой коймок беле?..

— Анда сизге чоң рахмат. Өзүңүз менен кошо барууга убактым жок. Капа болбой мен үчүн да, өзүңүз үчүн да ичип коюңуз. Кийин, телевизор үйгө киргенде эжекем экөөңүздөрдү чакырып жууйбуз,— деп бир кызыл кагазды колуна кармата салып, Эшмат Акматовичти көздөй жөнөдүм.

Бир саат өтпөй, эми Эшмат Акматовичтин кабинетинде отурдум. А дагы жанагы Белек сыңары телефон аркылуу башка бирөө менен сүйлөшүп, Бегматка жиберди. Бегмат — Ташматка, Ташмат — Акматка… Ошентип, бир жума бою бирде тиякка, бирде биякка жүгүрүп жүрүп, шаарда барбаган ишканам, таанышпаган кишим калбады. Бирде мугалимге, анысы курулуш башкармасына, андан участкалык милиционерге же нотариалдык конторанын башчысына туш келип, алардын ар бирине «иш билги жигит» экенимди билгизип, көк, жашыл, кызыл кагаздардан карматып олтуруп, жыйырмадай кишиден өткөндөн кийин акырында телевизорлорду саткан чоң дүкөндүн директоруна жеттим.

— Азыр дүкөндөн тандаганыңызды ала берсеңиз болот,— деди директор сыпайы.

Ага алкыш айтып, кубанып дүкөнгө түшсөм… Көзүң жамандыкты көрбөсүн!.. Прилавкада таптатынакай «Рекорд-12» телевизорунан ончактысы жыйылып турат. Андан башка маркадагы телевизорлор да жайнап жатат. Жүрөгүм түрсүлдөп, эң четкисинин жашигин алаканым менен сылагыладым:

— Карындаш, «Рекорд-12» качан түштү эле?..

— Жарым жылдан бери бизде мындай телевизор үзүлө элек. Өзүңүз каяктан келгенсиз? Алыңыз, «Рекорд-12» ни алгандар түзүк экен деп жүрүшөт. Чек жазып берейинби?

Шашып кетиптирмин:

— Жок-ок… кийинчерээк,— деп жылып чыга бердим.

Анткени, чөнтөгүмдө бар болгону 150 сом гана акчам калыптыр, а «Рекорд-12», 210 сом экен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.