ЭССЕ

— Сага адам ичинен өлгөн сезим таанышпы?

—  …

* * *

Айткың келет, бирок айтуунун учуру эмес. Себеби, сага баарын сиңиртишти. Сенин эркиңди өз колдоруна алышты да, каалагандай башкарышты, башкарып  да жатышат. Сен — сен эмес, алар болдуң…

Кел, мен сага эскертейин, сен ким элең?  Сен — кайратынан, эркинен кайтпаган болот мүнөз болчусуң. Сен — көкүрөгү жалын, ою күлүк эркиндиктин элчиси элең. Азыркы абалыңа жүрөгүм ооруп турат.

Мен билем, сен айткың келип, бирок азыр айтуунун убагы эмес экенин тилиңдин учу менен миң күбүрөнүп жатып ичиңден «кетүүнүн убагы» деп кайталайсың. Бирок кайрадан бул — көзгө көрүнбөгөн кара тор сени өмүрүңдө кое бербесин түшүнүп башыңды мыкчыйсың.

Ооба, сен адаштың. Туура эмес жолду тандадың. Бирок ким адашпады? Ким багытынан баш тартпады? Ошентсе да, алар өлгөн жок! Алар жүрөгүндөгү  кымындай ишенимдин оту менен жан дүйнөсүн жарытып турушту. Ал от акыр аягы сөзсүз кара торлорду өрттөп, туңгуюктан алып чыкмак.

«Эми кеч» дейсиңби? Жок, кеч эмес! Алар айткан «Чыныгы өлүм — бул жан дүйнөнүн өлүмү» деген жалган кеп. Сен тирүүсүң! Колуңду көкүрөгүңө кой да, жашоонун үнүн ук! Жашоо токтобостон согууда. Бул үн токтомоюн сенин мүмкүнчүлүктөрүң  да токтобойт. Бул үндү угуу мүмкүнчүлүгүң барда колуңдан баары келет! Сен болгону аны ук! Ал — «кетүүнүн убагы» деп жатат… Ооба, сен кетүүгө тийишсиң, сенин ордуң башка. Ал ордуңду  болсо жүрөгүң  айтсын.

Бактысыз көздөр

Өзүнө   ишенимдүү кадамдар, жылмайыңкы жүз колун булгалап мен тарапты көздөй келе жатат. Ооба, ошондогу сен, ошондогу калыбыңдан жазбаган сен, ошондогу күн нурундай жаркыраган сен…

Колумду колуңа алып, жерди карап көпкө турдуң. Жок, мен чыдай албайм! Нурдуу карегиңе толуп тургум, ар бир көз ирмемиңди кийинки жолукканга чейин эстелик кылып сактап калгым жана ушул мен сүйгөн көздөрүңдөн жаныңда боло албаган күндөрүмдү окугум келет. Суранам, башыңды көтөр да, көздөрүмө тик карачы!

Ичимден оор үшкүрүндүм. Байкушум десе, көздөрүң кантип алдасын? Кантип кайгы-капаңды менден жашырсын? Кантип болуп өткөндөрдүн баарын дастан кылбасын?

Бир ооз сөзүң, мен сага жардам бере алам. Бактылуу көздөрүңдү кайтарыш үчүн колумдан келгендин баарын жасайм. Бир ооз эле сөзүң…

Бирок акыркы күндөрдөгү чечкинсиздигиңдин чечими дал менмин. Баары менин колумда. Кызык э, бирөөнү анын өзүнөн да жакшы билесиң, ага эмне керек экенин өзү түшөнө электе түшүнөсүң… Бул аябай оор, оордон өтүп жүрөгүңө  сайылган тикенек…  Демек, бактылуу көздөрүңдүн баасы — менин бактым болгон сени жоготуу… Сенин бактың менин бир ооз «ажырашалы» деген сөзүм менен чечилет. Ошондо гана «анын» колдорун колуңа алып көз нуруңду кайтара аласың.

Оңойбу?! Мен сени ушундайча да кабыл ала алам. Мейли, маңдайымда бактысыз көздөрүң турсун. Мейли, алар нурун жоготсун. Дагы да мейли, кадамдарың ишенимсиз шилтенип, жүзүңдөн жылмаюуң да кетсин. Бара-бара көзүң эле эмес, сөзүң, кыймылың, убактың, баары, баары мени мындан ары сүйө албашыңды айтсын. Ошентсе да, сени кое бербейм!

Эхх,  көздөрүмдөн менин абалымды көрө албаган көздөр… Бактысыз көздөр… Коштошор күнүбүз келген экен го.

— Кел, баарын токтотобуз… (Жардамымды кабыл ал!)

Актриса

Өзүмдү  өзүм кечире алам… Бирок бул күнөөлүү эмес элем дегендикке жатпайт. Сенин, өзүмдүн алдымда роль ойнодум… Болгондо да укмуш, эң мыкты деңгээлде жана болуп көрбөгөндөй чеберчилик менен ойнодум. Эч бир көрүүчү бул сценанын оюн экендигинен күмөн санай алмак эмес. Жок, бир көрүүчү болду, алданып жаткан башка көрүүчүлөргө ичинен сыздаган, актрисаны оюну үчүн жек көргөн, ошол эле учурда анын абалына жаны кейип, жалооруган. Ал — ошол актрисанын дал өзү, мен болчумун. Бирок ишенип кой, ролум өзүмө такыр жаккан жок. Мүмкүнчүлүк болсо аттап өтмөкмүн… Бирок сен бул мүмкүнчүлүктү мага ыраа көргөн жоксуң. Тескерисинче, ойношумду талап кылдың: өзүң байкабаган жана мага да байкатпаган абалда…

Күнөөнүн баары жалгыз мендеби? Сурагандачы? Желкемде ташып эле жүрбөймүнбү? Чынында, сен байкушта эмне күнөө? Сен эмне кылдың да, мен сага кайгы, күнөөмдү бөлүп берейин? Кайсы заманда Мажнундар, булбулдар, Ромеолор, Олжобайлар  күнөөлөндү эле? А сен айтасың «Лейлалардын, гүлдөрдүн,  Джульетталардын, Кишимжандардын да кымындай күнөөсү жок» деп. Бул болсо, сенин дагы да оюңдун таасиринде экениңдин белгиси. Чын жүрөгүмдөн каалайт элем, мен сен үчүн алар боло албастыгымды, алардын ролун аткарып жаткандыгымдын себеби болсо, көңүлүңдү кыя албай жатканым жана андан да өтүп өзүмдү өзүм сүйүүм, күйөрмандарымдан ажырап калуудан коркуум экендигин билишиңди. Чындык болсо, мен өзүмдү өзүм ачыктамайын, сен эч нерсе биле албайсың. Башында айтканымдай мен өзүмдү (актриса) жасагандарымдын баары үчүн кечире алдым, бирок сага ачыктоого жана өздүгүмдү жаңыдан таанытууга күч таба элекмин.

Кечир, Мен актрисамын.

Коңгуроо

Менден алыс болчу, бирок даана угулду. Кызык, буга чейин канча коңгуроону тыңшабастан өттүм экен?… Уксам да жүрөгүм менен сезе албаганым канча? А менин коңгуроомду укпаган, түшүнбөгөндөрчү?

Канткен күндө да унутпоого тийишмин: ар бир угуунун баасы өзүн-өзү жоготуу менен өлчөнөт. Ошол эле убакта өзүңдү-өзүң жоготкон Сен, коңгуроолордун үнү менен мурда көрбөгөн, билбеген табылгаңды табасың. Ал табылга —  сенин такшалып, күчтөнүп, даанышмандашып чыга келген жаңы өздүгүң. Бирок көпчүлүгүбүз ушул табылгабызга жете албай ара жолдо калабыз да, сынып, майда бөлүкчөлөргө бөлүнүп кетебиз. Ал бөлүктөр болсо дагы бир бүтүндүн талкаланышына себепкер болот…

Жаз менен маек

Жаз, быйыл сенин келишиңди өзгөчө сүйдүм. Өзүмдү өзүмө таанытып жатасың. Шайырмын мен. Ошол эле учурда муңдуу. Бирок бул көңүл ооруулары такыр мурункусундай эмес. Себеби, мен алардын менин бир бөлүгүм экенин таанып билдим. Өз сүйүүмдү алар менен да бөлүшүп жатам.

Орундуу суроо. Шайырдыгыма күмөн санап жатасың. Бул күмөнүмө таарынып калат деп ойлобо. Себеби, жана айтканымдай таарынычты четтеп өткөн күндөрүмдү жашап жатам. Мен мындан ары сүйүлбөөдөн, жактырылбоодон, акылсыз көрүнүүдөн, мени сөз кылыштарынан жана угулбай калуудан коркпойм. Өзүң ойлончу, мындайда мага шайырдыктын бет кабын тагынуу жарашабы? Ооба, ага такыр муктаждыгым жок.

* * *

Бакыттын түсү кандай? Кызылбы? Көкпү? Акпы? Сарыбы? Же күрөң? Жашыл? Боз? Мүмкүн, күлгүн түстө болуп жүрбөсүн? А мен бүгүн бакыттын түсүн көрдүм. Көрсө, дүйнөдө канча түс болсо, анын баары бакыттын түсү экен. Аларды көрүү үчүн болгону бактылуу көздөр керек!

* * *

Бул айдын жамгыры көп…

Жамгыр тамчыларын көз жашыма салыштырчумун. А бул айдын жамгыры менин көз жашым эмес. Себеби, мен ыйлаган жокмун. Жүрөгүмдүн  муңдуу дабыштары да көзүмдөн бир тамчы жаш агыза албады. Мен жөн гана көрүүчү болдум. Айланамдагы сулуулукка суктандым, жытына мас болдум. Ичимдегилер ичимде катылуу. Жүрөгүм бир дүйнө да, ал дүйнөнүн өз жазы, өз жамгыры, өз күн нуру, өз жыпар жыты жана өз бороон-чапкыны бар. А мени курчап турган дүйнөчү? Бул дүйнө өз огунда. Бирок бул дүйнөдөн ажыроо кыйын. Бирде көрүүчү болсом, бирде анын бир бөлүгүмүн…

Бул жаздын жамгыры көп…

One Reply to “Зубайда ОРУНБАЕВА: Сен тирүүсүң”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.