Бир жарды бедуинге кандайдыр себеп менен чөл кезген сапарга шашылыш чыгууга туура келип, жокчулук айынан жолго жакшы камылга көрө албай, улам көп узабай эле суусу да, азыгы да түгөнүп, чаңкайт, карды ачат. Бирок айласы жоктон улам жол арбытууга мажбурланып келатып, кумдуу дөбөлөрдүн биринде отурган кишини көрүп сүйүнүп кетет да, жанына чыгып барат. Жолунун болгонун карачы; бул отурган киши өзүнүн арап таанышы экен, ага жараша ал алдына тасмал жайып тамак жеп, суу ичип отуруптур. Бирок ал жалдыраган көзү тамактан өткөн бедуиндин ички каалоосун билмексен боло саламдан кийин эле суроолорун жаадыра баштайт:

— Менин үй-бүлөм жакшы жатабы?

— Жакшы, абдан жакшы жашап жатышат, — дейт бедуин жакшы жооп берсем бирдеме берер деген ойдо жагалданып.

— Уулумдун ден соолугу кандай?

— Теңир жалгасын, анын саламаттыгы абдан жакшы.

— Ал эми анын апасыныкычы?

— Анын ден соолугу чың, көңүлү куунак.

— Үйүм өз ордунда жакшы эле турабы?

— Өзүң билгендей үйүң бүт кыштак боюнча эң жакшы курулган там катары дайымкысындай заңгырап турат.

— Менин төөм аман-эсенби?

— Аман эмей! Кадимкисиндей айылыбыздын эң мыкты төөсү катары жакшы жүрөт. Аллахка ыраазычылык!

— Ал эми менин итимчи?

— Кадимкисиндей эле үйүңдү сак кайтарууда.

Бул жакшы жоопторду укканда соодагердин маанайы ого бетер куунактап, жанында эрдин жаланган бедуинди байкамаксанга сала тамактануусун уланта берди. Бул кебетеси менен арап эч кандай жакшылык кылбасын түшүнгөн бедуин кандайдыр куулукка барбаса жолу болбой, ачка да каларын түшүндү. Аңгыча өзү келаткан тараптан кимдир бирөөлөрдөн качкандай катуу чуркаган жейрен көрүнүп, көп өтпөй кум дөбөлөрдүн арасына кирип көздөн кайым болду. Учу-кыйыры кайда экени билинбеген жансыз чөлдөн капыс көрүнгөн бул жандыкты Кудайдын өзүнө жиберген жардамы катары сезген бедуиндин дароо эле  башына бир ой келип, катуу үшкүрүнө мындай деди:

— Эх, кечээки көргөн бүгүн жок турбайбы, кап десең, тетиги жейрен сенин итиң тирүү болгондо минтип качып кетпейт эле…

— Сен эмне деп жатасың? Азыр эле итимди тирүү дедиң го… – деп чочуп кетти муну укканда соодагердин үрөйү учуп.

— Ооба, кечээ тирүү болчу… Ал бүгүн деле тирүү болмок, эгер сенин төөңдүн этин жегени үчүн туугандарың атып салышпаганда…

— Эмне! Төөмдүн этин дейсиңби? Эмне, төөм да өлүптүрбү?

— Ооба, аны аялыңдын тажыясына союшканда итиң ашканага уурданып кирип көбүн жептир.

— Эмне дейсиң?! Аялымдын тажыясы дейсиңби? Эмне менин аялым өлдүбү?

— Ооба. Балаңды каракчылар үйүңө камап тирүүлөй өрттөп жиберишкенде аялыңдын жүрөгү кармап калды.

— Эмне! Балам да өлдүбү?! – деп кыйкырып жиберген соодагер атына секирип минип, үйүн карай өлөр тирилерине карабай чаап жөнөдү.

— Азыр аябай катуу күйүнүп чаап баратканы менен үйүнө жетип, баары жайында экенин билгенде мындан бетер сүйүнөт, — деди бедуин бай араптын тамактары жайнаган дасторконго жайланыша отуруп, майлуу эт кесимин колго алып…

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *