«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук  фонду Улуттук Филармония менен  биргеликте  Кыргызстандагы эл-журтка кеңири  белгилүү акын,  жазуучулардын  жана жаш таланттардын  поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси  эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жазуучу, КР Ардак Грамотасынын  жана эл аралык бир канча сыйлыктардын лауреаты Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналмакчы.

Кече 2018-жылдын 14-июнунда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында өтөт. Кирүү акысыз.

Топчугул Шайдуллаева өрүкзарлуу Баткендин Кара-Булак айылында   төрөлүп, бой тарткан. Кесиби журналист, социолог, социология илимдеринин кандидаты. Мектепте окуп жүргөн жылдары эле анын макалалары, ырлары райондук (“Кызыл туу”), облустук (“Ленин жолу”) гезиттерине, “Кыргызстан пионери” гезитине жана “Жаш ленинчи” журналына басылып чыккан.

Алгачкы “Жан шерик” аӊгемелер жыйнагы 2000-жылы жарык көрүп, ал ошол “Жылдын эӊ мыкты китеби” деген сыйлыкка татыган. Андан кийин  2006-жылы “Ташка чыккан гүл”, 2008-жылы “Акылкасас”, 2011-жылы “Всему свое время”, 2017-жылы  “Кызыл өрүк” китептери жарык көргөн.

Т.Шайдуллаеванын аӊгемелери өзүнүн кичине көлөмүнө чоң ойду батыра алгандыгы менен айырмаланат. Ал  КР Жазуучулар, Журналисттер союздарынын жана Эл аралык жазуучулардын ПЕН клубунун мүчөсү, КР маданиятынын мыктысы, Баткен районунун ардактуу атуулу.

Кече Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Академиялык драма театрынын артистеринин аткаруусундагы  сценкалар менен коштолот.

Кечени  акын Мирлан Самыйкожо алып барат.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.