«РухЭш» сайты кыска аралыкта көзгө басар адабий сайт болуп чыга келди. Олжобайдын олжосу – адамдын рухун аруулантуу. Азыркы коммерциялашкан заманда Олжобайга окшогон адамдар гана рух «дербиш» атка конбосо… Ал деле ар кыл сайтты ачып, мээге да, жүрөккө да ныпым угут бербеген… көчөдөгү ыпыр-сыпырды жазып толтуруп салса болмок… Арийне, «РухЭш» сайты элге огожо кызмат кылып атыры…

Өткөндө Калиниград шаарына барып аердеги жердештерге жолугуп калдым. Окуй турган адабият жок, тиктегенибиз да, окуганыбыз да «РухЭштеги» аңгемелер, ошол көркөм чыгармалардан көкүрөк азыгын алып турабыз дейт. Бул жакшы иш. Эл депутаты Садык Шер-Нияз Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрүнө сайтты колдойлу деп да өтө жакшы саамалыкты баштап отурат. Адабият менен маданиятты колдоодо ушундай эстафеталык түрдө адабият, маданиятты өнүктүрүүнүн жаңыча формаларын табуу мезгили келди… Баарыбыз жапатырмак сайтты колдоп кеткенибиз, демек, улутубуздун рух дүйнөсүн колдогонубуз деп түшүнөм. Көптүкү көп деп мен да колдойм жана кыргыз тилдүү электрондук адабияттын ирденип кетүүсүнө өзүм менен кадырлаш, санаалаштардын баарын чакырар элем.

Сайттын окурмандарына белгилүү болгондой, «РухЭш» бүгүнкү замандын талабына ылайыктуу интеллигенция журтунун баарлашуу аянтчасы болуп калганы кубандырат. Келечекте да Олжобай Шакир «РухЭштин» алдында чыгармачыл команда топтоп, мындан да алгылыктуу иштерди жүргүзө турган дем-күчү бар муундун өкүлү. Учурдагы адабият, маданият маселесин бир гана Олжокенин мойнуна жүктөп койгонубуз болбостур, андыктан «РухЭш» сайтынын 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине улутубуздун рухий казынасына кайдыгер эместердин чакырганымдын себеби: глобалдашуу заманында улутубуздун рухий көрөңгөсүн арттыруу – Кыргызстандын экономикалык маселесиндей эле орчундуу көйгөй.

Бүгүнкү күндө эч бир кыйынчылыкка моюбай, салттуу адабиятыбыздын көчүн улаар жаштар келатканы да кубандырат. Ал эми «РухЭш» сайты ошол жаңы чыгып келаткан жаш акын-жазуучулардан тартып, улуу муундагы акын-жазуучулардын тандалма чыгармаларын бүгүнкү окурмандарга жеткирүүдө – жалгыз Олжобай Шакир бүтүндөй бир редакциялык топтун жүгүн аркалап келатканын унутпоого тийишпиз… Кыргыз адабияты менен гана чектелбестен, дүйнө адабиятынын өрнөктүү чыгармаларын да кыргыз тилдүү окурмандарга тааныштырууда Олжобай инибиз өзүнүн өжөрлүгү менен күнү-түнү иш үстөлүнөн баш көтөрбөй келаткандыгы – жалпы коомчулуктун колдоосуна ээ. Себеби, Олжокебиз өзү айтмакчы, «РухЭш» — гуманитардык коом агартуу долбоору…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *