АҢГЕМЕ

— Эмне кечиктиңиз? — профессор сурдана карады.

— Билесизби… Кечирип коюңуз… Түз эле иштен келатам… Шашылыш иш чыгып… — Узун бойлуу, өңдүү-түстүү студент аудиториянын босогосунда турду ичкери киргенден тартынып. Жигиттин чынчыл, акылдуу экендигин көзү эле айтып турду.

— Билет алыңыз. Номуру?

— Он жети.

— Суроолору кандай?

— Биринчи суроосу «Игордун кошуну жөнүндө баян». Экинчиси…

— Жакшы билет тийиптир. — Профессор өзүнүн катуу кеткенине бир аз бушайман боло түштү. — Даярдана бериңиз.

Студент кагазга үңүлүп, ойго батты.

Профессор аны бир топко байкап турду. Өзүнүн көп жылдык өмүрүндө буга окшогон жигиттердин нечен миңи көз алдынан чууруп өттү; алар жөнүндө кыскача гана — студент деп ойлоого көнүп калган. Бирок ошол миңдеген жаштардын ичинен бири-бирине окшоштор болчу эмес. Ар кимиси ар башка.

«Баары өзгөрөт. Илгерки профессорлор өздөрүн окутуучуларбыз деп эсептей алышчу, анткени окуучулары бар болучу… Бүгүн биз болсо бар болгону профессорлорбуз»,— деп ойлоду профессор.

— Мага сурооңуз жокпу?

— Жок, түшүнүктүү.

Профессор терезе тарапка басып барды. Тамеки тартты. Байыркы профессорлор жөнүндө оюнун аягына чыга электе эле көчөнү ынтаа коюп карай баштады.

Күн кечтеп баратат. Көчөдө демейдеги эле көрүнүш — шуулдайт да турат. Трамвай өтүп кетти. Бурулушка келгенде анын догосунан кызыл учкундар чачырады. Семафордун алдында автомобилдер котолой түштү; Семафор көзүн ымдап койду эле, алар дароо алга зуулдашты. Тротуао толо шашылган адамдар. Машиналар да шашылат.

«Адамдар дайыма шашылмакчы. Үндөн тез ылдамдык менен баса алган күндө да шашыла беришет. Каякка батып токтошоор экен?..»

— М-м — Студент козголуп койду.

— Даярсызбы? Баштаңыз. — Профессор терезеден бери бурулду. — Угуп жатам.

Студент жоон, одуракай манжалары менен ичке кагазды — билетти кармап алган; билет билинер-билинбес дирилдеп жатты.

— Сүрдөп жатат, — деп түшүндү профессор. —Эчтеме эмес, сүрдөй бер».

— Йгордун кошуну жөнүндө баян» — залкар чыгарма — деп баштады студент. — Бул деген… чебер чыгарма. Он экинчи кылымдын акырында жазылган… к х э… Автор бул чыгармада элдин үмүт… — Профессор жигиттин жез менен каңдагандай болгон суз жүзүнө карап «Баяндын» автору өтө эле жаш болсо керек деп эмнегедиройлонуп калды.

— Княздар өз ара ынтымакка келе албагандыктан… Жалпылап айтканда орус бөлүндү-жарынды болгон, кыпчактар орустарга кол салганда… — Студент эрдин тиштеп, кабагын чытыды: туура эмес айтып жатканын өзү да сезди окшойт. Кызарып чыкты.

«Окубаптыр. — Профессор студентти теше тиктеп, ачуулуу карады. —0оба, окубаптыр. Тарпы чыккан баш сөзүн гана окуптур. Шайтан алгырлар десе! Сырттан окуунун үзүрү ушул» Профессор бир жолу газетага макала жазып барса чыгарбай коюшкан. «Ушу кантип болсун!» деп. Ушу кантип болсундун аягы мына! Княздар өз ара ынтымакка келе албайт деп турбайбы».

— Окудуңуз беле?

— Барактагам… Эх…

— Уят деген барбы сизде? — профессор кайдыгер гана күйдүргү суроо салып, жообун күттү.

Студент мойнунан чекесине чейин кызарып чыкты.

— Жетише албай калдым, профессор. Шашылыш иш… Шашылыш тапшырма чыгып…

— Сиздин ишиңиз менен тыйынчалык ишим жок. Эгерде билгиңиз келсе мени улуттук эң улуу чыгарманы окубаган адам, орус адамы кызыктырат. Аябай кызыктырат.

Ден соолугу чың студентти жек көрө баштаганын профессор туйду.

— Окууга өзүңүз өттүңүз беле?

Студент профессорго муңайым карады.

— Албетте, өзүм.

— Аны кандай түшүндүңүз эле?

— Эмнени?

— Окууну. Эл катары болсом дегенсиз го? Ошондойбу?

Бир саамга бири-бирин карап калышты.

— Кереги жок,— студент күбүрөп койду, жер карап.

— Эмненин кереги жок?

— Антиштин кереги жок.

— Кеп эмес бекен!— Профессор үнүн бек чыгарып, тизесин бир чапты да ордунан турду. — Кеп эмес бекен. Болуптур мен антип айтпай эле коёюн. Мени кызыктырганы эле бул: сизде уят деген барбы же жокпу?

— Бар.

— Кудайга шүгүр!

Бир мүнөт унчукпай калышты.

Профессор досканын жанында ары-бери күңкүлдөй басып, башын чайкап коюп жатты. Ачуусу кайнап, ошондон улам жашара түшкөнсүдү.

Студент билетин карап кыймылсыз отурду. Убакыт өтпөй, аябай кыйналды.

— Дагы сураңыз. Даярдыгым бар.

— «Баян» кайсы кылымда жазылган? — Профессор ачуусу келгенде жаш баладан бетер чыргоо болуп кетчү.

— Он экинчи. Акырында.

— Туура. Князь Игорь эмне болду эле?

— Князь Игорь туткунга түшкөн.

— Туура. Князь Игорь туткунга түшкөн. Шайтан алгырдыкы десе! — Профессор колун көкүрөгүнө кайчылаштырып, князь Игордун туткундалып калышына, негизинен ал жөнүндө мажүрөө сөз болуп жатканына аябай ыза болгонун билгизип жатты. Өзү да, студент да мектеп балдарынын оюнуна катышып калганына ачууланып, өкүнүп жаткандыктан кемсинтсем деген ою ишке ашпай жатты. Жигитти канчалык аяган сайын, ага ошончолук жини келип, кызык эле болду. — Эх кандай өкүнүчтүү! Ал эмне болуп туткунга түшүп калды?!

— Койчу бааңызды коюңуз, өзүңүздү кыйнабаңыз.

Студент чечкиндүүлүк менен корс этти. Ордунан турду. Студенттин оройлугуна профессор тынчтана түштү. Отурду. Жигитти жактырып калды.

— Князь Игорь жөнүндө уланталы. Ал туткунда өзүн кандай сезип жүрдү? Оболу отуруңуз.

Студент отурбай койду.

— Мага «эки» коюңуз.

— Князь Игорь туткунда өзүн кандай сезип жүрдү? — Профессордун кыжыры кайнап, кыйкырып кирди. —Туткундагы адам өзүн кандай сезет! Ушуну түшүнүүгө да чамаңыз келбейби?!

Студент турган бойдон бир топко чейин кой көзү менен абышканы телмире карады.

— Түшүнөм,— деди ал.

— Анан. Эмнени түшүнөсүз?

— Өзүм туткунда болгом.

— Ошондойбу… Туткунда болгонуңуз кандай? Каерде?

— Немистерде.

— Сиз согуштуңуз беле?

— Ооба.

Профессор студентти кунт коюп карады, эмнегедир «Баяндын» автору көк көз, ачуулуу жана мыкты жигит болсо керек деп ойлоду.

— Узак болдуңузбу?

— Үч ай.

— Анан эмне болду?

— Эмне?

Студент профессорду, профессор студентти карап калышты. Экөө тең ачуулуу.

— Отуруңуз, тура бербей,— деди профессор.— Туткундан качып чыктыңызбы?

— Ооба. — Студент отурду. Кайрадан билетине үңүлдү. Тезирээк чыгып кеткиси келди.

— Кантип качтыңыз? Айтып бериңиз.

— Түн ичинде, этаптан.

— Толугураак,— профессор буйра сүйлөдү. — Сүйлөгөндү үйрөнүп алыңыз, жигит! А да керек. Кантип качтыңыз? Мага ал иштин амал-айласы эмес, психологиялык жагы кызык. Өзүңүздү кандай сездиңиз? Туткунга түшкөндөн оор нерсе болбосо керек? — Профессор бети-башын жыйрыды… Туткунга кантип түшүп калдыңыз? Жарадар белеңиз?

— Жок.

Унчукпай калышты. Туткун жөнүндө маектешкенде көпкө унчукпай коюш да болбойт.

— Анан кантип?..

— Курчоодо калганбыз. Аны айтып түгөтүү кыйын, профессор.

— Мунун убактысынын тардыгын карасаң!

— Кеп убакыттын тардыгында эмес, башка…

— Коркунучтуу болот бекен?

— Коркунучтуу.

— Ооба, ооба. — Профессорго студенттин жообу эмнегедир аябай жагып калды. Тамеки тартты.

— Тамеки тартыңыз. Аудиторияда тамеки тартышка болбойт деңизчи, ошентсе да… эчтеке эмес…

— Тарткым келбейт. — Студент жылмайып койду да, ошол замат олуттуу боло калды.

— Өз айлыңызды, албетте, апаңызды эстегендирсиз?.. Канчада элеңиз?

— Он сегизде.

— Айлыңызды эстедиңизби?

— Мен шаардыкмын.

— Койчу! Мен сизди элеттен го деп ойлогом. Ошондой экен да…

Унчукпай калышты. Студент кара жолтой билеттен көзүн албай; профессор янтардан жасалган мүштөгүн кармалап, студентти улам карап коюп жатты.

— Өз ара эмне жөнүндө сүйлөшчү элеңер?

— Кайдан? — Студент өйдө карады. Мындай суроолор анын кыжырына тие баштады.

— Туткунда жүргөндө.

— Эч нерсе жөнүндө. Эмнени сүйлөшмөк элек?

— Шайтан баскырдыкы десе! Ал чындык. — Профессор туталана баштады. Ордунан турду. Мүштөгүн улам бир колуна алып, кафедранын жанында ары-бери басты. — Ал чындык. Атыңыз ким?

— Николай.

— Ал чындык, түшүндүңүзбү?

— Эмне чындык? — Студент сыпаа жылмайды. Билетти ордуна койду. Сөздүн төркүнү өзгөрүлүп, эмне кыларын билбей калды.

— Унчукпаганыңар чындык. Эмне жөнүндө сүйлөшмөк элеңер! Душманга ооз ачпаш керек. Эң акылман сөз. Киевде болгон жок белеңиз?

— Жок.

— Анда Подол аттуу район бар. Бийик жерден туруп караса болот. Алаканга салгандай шаңкайып көрүнөт. Ошол жерден караган сайын өзүм да бир кездерде ал жерде болгонсуп сезем. Өз өмүрүмдө эмес, андан алда канча илгери болгонсуп кетем. Түшүндүңүзбү? — Профессордун ою уйгу-туйгу — көкүрөктө сакталган ыймандай сырын окусунан айтып алганына бушайман болуп, биринчиден, аны түшүнүшпөйт деп; экинчиден, айтып салганына нааразы болуп жатты.

Студент ийнин куушуруп, мойнуна алды:

— Билгенге татаал эле болсо керек.

— Койсоңузчу! Эмнеси татаал? — Профессор аудиториянын ичинде бат-бат баса баштады. Ал өзүнө өзү ачуусу келет, унчукпай да коё албайт. Ар бир сөзүн эжелеп айтты: — Кээде мен качандыр бир кезде ошол жакта болгонсуп кетем. Тээ илгери. Игордун тушунда. Эгер мен ал жөнүндө азыр, кийинки кезде гана ойлогон болсом, бул карылыктын белгиси демекмин. Бирок мен жаш чагымда деле ошентип сезчүмүн. Кандай?

Бир саам тунжурай калышты. Экөө тең бири-бирине тигилип, кайсы бир нерсенин башын ачып алгылары келгенин түшүнө албай турушту.

— Мен түшүнө албай турам,— студент сыпаа сүйлөдү, — Подолдун буга эмне тиешеси бар?

— Сиздин унчуккан жокпуз дегениңиз орду менен айтылгандыгына көзүм жеткенсиди. Өзүм туткунда болгон жан эмесмин, согушка да катышкан эмесмин, бирок Подолдо жүргөндө эмнегедир согушка байланыштуу нерселерди бүт түшүндүм. Туткундагылар үндөбөсө керек деген ойго келдим. Сурак убагында эмес,— ал жөнүндө көп окуган. — Өз ара да сүйлөшпөйт. Ошол жерден көптү билдим. Мисалы, мен күзөтчүлөрдү кантип билгизбей жоготсо болор эле деген суроого жооп издеп, көп убараландым. Менимче аларды чочутуш керек.

Студент профессорго таңдана карады.

— Ооба. Шырп эткизбей боортоктоп жылып жетиш керек да, акырын гана сураш керек. Минтип: «Саатыңыз канча болду, айтып коюңузчу, бай болгур?» Ал адегенде эсинен тана түшөт. Ошондо аны качырып сала берсеболот.

Студент күлүп ийди, башын көтөрбөй.

— Дөөпөрөстөнүп кеттимби? — Профессор студентке тигиле карады.

Студент жооп бергиче шашты:

— Жок, эмне үчүн… Менимче сизди, түшүнүп эле турам.

«Калп айтат. Капаланткысы келбей турат»,— деп ойлоду профессор. Ындыны өчө түштү. Мындай деп кошумчалоону туура көрдү:

— Себеби биздин өлкөбүз далай согушту башынан өткөрдү. Согуш оңой болгон жок. Анын баары дээрлик элдик согуш жана жумурай-журттун башына түшкөн оор кайгы болду. Майданга түздөн-түз катышпаган адам да элге түшкөн түйшүк менен жашайт. Түшүнүп тургандырсыз, мен муну китептен окуп алган жокмун. Мен аны жандүйнөм менен даана сезем жана ишенем.

Көпкө унчукпай калышты — ой учуктарын жыйнап. Кайрадан Игордун кошуну жөнүндөгү «Баянга» кайрылып, көрүнүктүү чыгарманы окубаганы үчүн студентти уялтыш керек эле. Бирок ага профессордун чыдамы жетпей, дагы эки суроо салды.

— Жалгыз качтыңызбы?

— Жок, жети киши болчубуз.

— Карыган апенди жадатып бүтмөк болду деп турасыз го! Ошондойбу?

— Кантип эле ошентейин,— Студент дал ушинтип ойлоп тургансып кызарып-татарып чыкты. — Ишенип коюңуз, профессор. Мунун баары мен үчүн кызык.

Кары профессордун жүрөгү дүрсүл какты.

— Аныңыз жакшы, солдат. Мени түшүнгөнүңүз да жакшы. «Баянды», албетте, сөзсүз окуш керек. Көп ирет. Ал китепти сизге тартуулайм. Ала келгем… Профессор портфелинен «Игордун кошуну жөнүндө баянды» алып чыкты да, ойлоно калды. Студентти карап, күлүмсүрөп койду. Китептин мукабасына бирдемелерди шыпылдата жаза салып, студентке берди. — Азыр окубаңыз. Үйгө барганда окуп аласыз. Мен азыр кыз көрүп жүргөн эби жок жигиттей шашкалактап турганымды байкап жатасызбы? — Профессор муңая карады — мындай маектешүү оңойго турбасы белгилүү да.

Студент эмне дээрин билбей калды. Ийнин куушуруп тим болду.

— Жетөөңөр тең тирүү жеттиңерби?

— Жетөөбүз тең.

— Азыр бири-бириңерге кат жазышып турасыңарбы?

— Жок, мына-ана деп эле… билесиз да…

— Албетте билем. Сөзсүз. Анын баары менин ардактуум, орустарга тиешелүү нерсе. Сиз болсо «Баянды» окугуңуз келбейт. Ал деген орустардын таң каларлыктай ыры да. «Жылкылар Суладан ары кишенейт; Киев даңкка бөлөнүп, сурнай-керней Новгороддо тартылып, Путивлде аскерлер каз-катар болуп тизилип, асаба желек желбирейт» Кандай? Профессор шумдуктуудай ырдын акыркы ыргагына кулак төшөгөнсүп, сөөмөйүн чычайтып койду.

— Зачеткаңызды бериңиз. — Баа койду да, зачетканы жаап, студентке сунду. Кайдыгер гана: — жакшы барыңыз,— деди.

Студент аудиториядан чыгып кетти. Чеке терин аарчыды. Бир саамга бош коридорду карап турду. Колундагы зачеткасын карагандан жүрөкзаада болуп — балээ басып «жакшы» же «эң жаман» деген баа коюлуп калбагай эле деп коркту. Жети өмүрү жерге киргенсиди.

«Орто» деген баа болсо эле жетишет,— деп ойлоду. Аудиториянын каалгасын карап койду да, зачеткасын шарт ачты… Бир топко дейре анысын аңкайып карап турду. Аудиториянын эшигин жана бир жолу карап алды да, ичинен күлүп басып кетти. Зачеткага «жаман» деген баа коюлуптур.

Көчөдө баратып китепти эстеди. Ачып окуду: Оку солдат, окуу оңой иш эмес. Проф. Григорьев».

Студент институттун терезелерине көз жүгүрттү, алардын биринен профессорду көрүп калгандай болду.

…Профессор чынында эле терезенин жанында турган эле. Көчөнү карап, манжалары менен айнекти черткилеп жатты. Тунжурап турду.

Которгон Сагын НАМАТБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.