Абийрбек АБЫКАЕВ: Куйручуктай куудул элеттиктер-I

Тээ илгери,  60-жылдары айылдагы пенсионер чалдарды совхозго кол кабыш кылгыла деп трактор жүрбөгөн ой-чуңкурдун чөбүн чалгы менен чаптыраар эле.  Чалгыларын жаркылдатып,  такымга кыскан он беш-жыйырмадай ак сакал,  көк сакалдардын атчан отряды ары бери айылды аралап өткөндө,  айылдын ажары ачыла түшчү.   Түш маалында,  күн салкындагыча күндө бириникинде даярдатып койгон ысык тамакка келишип,  каз катар тизилип отуруп алышып,  өткөн кеткендерден сөз козгоп, бири-бирине азил кеп ыргытышып отурушар эле, кайрандар.   Усубаалы,  Мажит,  Боромобай,  Сапар,  Өмүр,  Карасарт,  Чекчек,  Чуку,  Корчу,  Айманбай,  Муңайтпас,  Назар,  Акматкерим, […]

Геннадий Базаровдун «Туздуу талаа» фильминин премьерасына келгиле!

2018-жылдын 6-июнунда саат 17:00 Чыңгыз Айтматов атындагы кино Үйүндө белгилүү режиссер, Кыргыз эл артисти Геннадий Базаров тарткан «Туздуу талаа» фильминин бет ачаары болот. Бул фильм КТРКнын 60 жылдыгы жана «Кыргызтелефильм» студиясынын 50 жылдыгына карата Кыргыз эл жазуучусу, прозаик жана драматург Мурза Гапаровдун пьесасынын негизинде жаралган. Фильмдин фабуласы эң жөнөкөй «Туздуу талаада» ар кайсыл кесиптин жана ар башка көз караштардан турган жети адам чогулган.  Бирок  бара-бара түзүлгөн кырдаал ар бир персонажды мен киммин, эмнеге жаралдым деген ойго түртөт. Сюжет соңунда айрымдарынын […]

Мамлекеттик бийлик молдо-бакшылардын башкаруусундабы?

Мумия музейге кайтарылабы?.. Баткенден өткөн кылымда табылып, былтыр 14-октябрда кайра шашылыш көмүлгөн байыркы мумия Улуттук тарых музейине кайтарылабы? Же Кара-Булак кыштагындагы Мактым-Гөрдө кала береби? Жарым жылда коён алты жолу боозуп, алты жолу тууйт. Парламенттик комиссия мумияланган аялдын сөөгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине кайра кайтаруу боюнча алты ай мурда берген сунуш али аткарыла элек. Мумияланган кызга тиешелүү расмий хронология Өлкөнүн Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 15-декабрда “Азаттык” радиосуна: «Эми жол-жобо боюнча бул маселе парламенттик комитетте каралышы керек. Комиссиянын […]

Мамыр ИМИНЖАНОВ: Тобосуна таянуу

АҢГЕМЕ (Азиз Несинди тууроо) «Соодагердин түшүнө сом кирет, Кошоматчынын түшүнө «чоң» кирет». (Элдик таасын ойлордон) «Машакаттуу түш» деген аңгемени кайдан окуй койдум эле. Дагы жатаарда окуганымды көрсөң. Уйкум качты. Ысылап ооналактайм. Жуурканга башымды чулгап, уктоого далбас урам. Болбойт. Ар кандай самсаалаган ой-санаалар көңүлүмдү тынчытпайт. Мындайда түндүн узарып кеткенин айтпа. Качан уктап кеткенимди билбейм… …Тар көчөдө баратам. Кууш жолдун эки тарабындагы көп кабаттуу үйлөр көк челет. Акыйып жогору карасам терезелерден кол булгап жатышкан адамдар көрүндү. Алардын мага салам айтып, мага таңыркап […]

Элдияр ЖАЛИЛОВ: Исламдагы диний агымдардын таралышы

Кыргызстан эгемендик алгандан тарта өлкө ишеним эркиндигине кулач ачып, жарандарга өз эркине жараша динге ишенүүгө мүмкүнчүлүк берген. Ошол күндөн баштап умтулган кыргыз жаштары өз мекенинде жана чет мамлекеттерде диний билим алышууда. Бирок алар кандай билим алууда? Кайсы мазхаптын таалим-тарбиясын көрүүдө? Суннит мектебининби же шиит мектебининби? Эгер сунниттик негизде болсо, ашъарий жана матуридийлик негиздеби?  Же өз окуусун «салафи салихилердин ишенимине негиздедик» деп көкүрөк каккан ваххабийлердин салафилеринен билим алып жатабы? Муну коомчулук жакшы билбейт. Исламий окуу жайда окуп жатса эле, мусулманчылыктын маани-маңызы […]