2018-жылдын 6-июнунда саат 17:00 Чыңгыз Айтматов атындагы кино Үйүндө белгилүү режиссер, Кыргыз эл артисти Геннадий Базаров тарткан «Туздуу талаа» фильминин бет ачаары болот. Бул фильм КТРКнын 60 жылдыгы жана «Кыргызтелефильм» студиясынын 50 жылдыгына карата Кыргыз эл жазуучусу, прозаик жана драматург Мурза Гапаровдун пьесасынын негизинде жаралган.

Фильмдин фабуласы эң жөнөкөй «Туздуу талаада» ар кайсыл кесиптин жана ар башка көз караштардан турган жети адам чогулган.  Бирок  бара-бара түзүлгөн кырдаал ар бир персонажды мен киммин, эмнеге жаралдым деген ойго түртөт. Сюжет соңунда айрымдарынын тагдыры трагедия менен аяктайт. Фильм, пьеса сыяктуу эле – метафоралык ыкмада, каймана түшүнүк берет. Чыгармачыл топтун жана таланттуу аткаруучулардын аракети менен фильм кызыктуу жана ишенимдүү чыккан.

Фильмдин автору – Кыргыз эл артисти Геннадий Базаров, бул режиссердун фильмографиясы кенен, ошондой эле негизинен кинонун бардык жанрын камтыйт. Ал жараткан киноленталар улуттук кинонун өнүгүшүнө салымын кошкон, ал эми эгемендик жылдары кыргыздардын жаӊы тарыхынын летописинин жана Кыргыз мамлекетинин калыптанышына таасир берген.

Г.Базаровдун улуттук маданият менен искусстводогу, адабияттагы кайталангыс почерки, жогорку мамлекеттик сыйлыктар, наамдар менен белгиленген. Он жылдан ашык убакыттан бери ал коомдук телевидениедеги «Альтернатива» программасынын  туруктуу автору жана алып баруучусу. Анын фильмдери жана  телевизиондук көрсөтүүлөрү бир нече ирет эл аралык сыйлыктардын лауреаты болгон.

Фильмди жараткан топ таанымал  жана жаш кесипкөйлөрдөн турган: Башкы операторлор — Тынай Ибрагимов менен Эрнес Мамытов,  башкы сүрөтү – Урмат Осмоев, режиссер – Орозбай Абсаттаров,  үн режиссер – Бакыт Ниязалиев,  сүрөтчү-гример – Гүлмира Давлетбакова, монтажер – Автандил Абышкаев, продюсер – Нуржан Токомбаева жана башкалар. Ролдорду аткаргандар: Сакыбек Карабаев, Насира Мамбетова, Замирбек Сооронбаев, Гулсина Чотонова, Жамиля Сыдыкбаева, Марат Алышпаев, Уланбек Султангазиев.

Премьерадан кийин чыгармачыл топ менен жолугушуу жана талкуу болот.

Кыргызтелефильм ТПКВФ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *