АҢГЕМЕ

Бала бул күндү көптөн бери чыдамсыздык менен күтүп жүргөн,— өзүнө теңдүү, улак тартышка барууга үлгүрүшкөн балдардан уккандан бери,— ар күнү жатарында чоң атасынан: «Качан барабыз?» — деп сурап жүрдү. А кээде ушул өзү али көрө элек оюнду түшүндө да көрүп.

Бүгүн бала баары жокту унутуп, короо ичинде өзүнчө ойноп жаткан; анан ал кокусунан башын көтөрүп, чоң атасы атын токуп, кайдадыр камынып жатканын байкап калды. Бала кыйлага андан көзүн албай тиктеп турду да, анан күтүүсүздөн оюна келе калган чечимден улам, ордунан ыргып турду: «Чоң ата, сен каякка барасың?.. Улак тартышка барасыңбы?!» Демейдегисиндей эле жай кыймылдап, атын токуп жаткан чал акырын башын ийкеп койду үнсүз: «Барамын» — деп. «Мен дагы барам!» — деп небереси ага чап жармашты. Бала эми чоң атасынын алдаганына да көнбөдү. Акыры, аргасыздан чал макул болуп, нааразылана кобурап, баланы өзү менен кошуп ала турган болду.

Атына минди, а баланы артына учкаштырды, бала чоң атасынын чепкенин байланып, курчанган курун эки колдоп бекем кармап алды. Чобур ат акырын, салабаттуу басык менен, ашыкча тоюп алган уйдай күшүлдөп-бышылдап баратты; чал өзү да шашылбайт,— анын камчы кармаган колу кыймылдабайт, анча-мынча серепчилеп гана койбосо. Чал да эмнегедир, көңүлсүз келатты. Баланын аны тынч койбой берген суроолоруна жооп берип, кез-кез ага: «Бекем олтур, бышык кармап ал, жыгыласың!» — деп эскертип коюп келе берди.

Алар айылдан бир аз узай беришкенде туш тараптан талааны карай шашыла чаап баратышкан атчандарды көрүштү. «Шашылышканын кара, жетпей кала тургансып, а пенде…» — деп чал өзүнчө дагы күбүрөнө сүйлөнүп койду. Бала дале чыдамы кетип, өзүнүн: «Качан жетебиз?..» — деген суроосун кайталайт. Чыдай албай, тезирээк жеткенче, көзү менен көргүчө шашат.

Айылдан кыйла узап, кең талаага чыгышкандан кийин бала араң угулган чуру-чууну, түшүнүксүз жетип жаткан кыйкырыктарды угуп, алыстан чоң, туман сыяктанган чаңдын асманга көтөрүлүп чыгып жатканын көрдү. Кээде ал чаң бир ордунан жылбай турса, а кээде кең талаада ар кайсы тарапты карай сызып, учуп калат… Бала ушундан кыйлага көзүн албай турду да, таңдана, чоң атасынан сурады: «Бул эмне?.. — чоң атасы дале баягысындай көңүлү суз, анчалык каалабай, кыска жооп берди. — Улак тартыш деген ошол да, ошол жакка баратпайбызбы биз дагы!»

Бала ансайын кызыкканы күчөп, бирде бул тарапка, бирде тигил тарапка, чоң атасынын чыканактарынын алдынан шыкаалай… Анын таңданып, адаттагысынан чоңоё түшкөн каректери кыйлага чейин бозоргон, туман сыяктуу чоң чаңдын артынан кууп жүрдү, көпөлөктөй бир жерге токтоло албай. Ачык асмандын ошол бозоргон чаң көтөрүлүп, сиңип кетип жаткан тарабы көрүнбөйт, а башка жактары көкмөк, таза бойдон. Бозоргон чаң алыска-алыска көтөрүлүп, бийик жылдыздар кетип жаткандай сезилет,— бала ушундай болжоп, өзүнчө түкшүмөлдөдү.

Алар да акырын ошол чаңга жакындап келатышты; бала азыр күтүүсүздөн ошол боз чаңдын арасынан суурулуп чыгып, башка, ачык жакты карай чаап жөнөшкөн бир нече атчандарды көрө койду,— боз, коюу чаң ичинен бөлүнүп, сызып кетишкен атчандардын артынан дагы башка атчандар бирин-экин чаап, созулушуп, кууп жөнөштү, а дагы бир аздан соң баягы атчандардын баары баягыдай бозоргон чаңдын артында калышып, эч кимиси көрүнбөй калды; чуру-чуу, башаламан кыйкырыктар гана жетип жатты. «Чоң ата, а бул эмне деген?..» деп бала дагы таңдана сурады. — Улак тартыш деген ушул да!» — деп дагы кайталады чоң атасы.

Бир аздан кийии алар сүйрөгөн чанасы бар трактордун жанына, эл топтолуп карап турган дөбөчөгө жетип келишти. Чал небересин трактордун чанасында оюнду карап олтурушкан балдарга кошту; өзү дөбөчөдөгү карап олтурушкан чалдарга аралашты, атын чылбырынан кармап, олтура кетип. Балдардын баарын келишээр замат трактордун чанасына чыгарып жатышты: «Чоңдор ойноп жатышканда сокур болушуп, көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй калчы эле, трактордун чанасы коопсузураак»,— дешип, чалдар сүйлөп калышат. Трактордон обочороокто, дөбөчөдө топ болуп адамдар олтурушат. Баланын чоң атасы да алардын арасында. Бул жерде оюндун калыстары жана да оюнду карап олтурушкан адамдар бар, анан да кээде аларга оюндан чарчап чыккан улакчылар кошулушат.

Тигил коюу чаңдын арасында көптөгөн атчандар, улакчылар бар, ошолор азыр кичинекей чаңды,— улакты алып качып кеткен улакчыны кууп жүрүшөт. Кууп жетип, андан торпокту тартып алууга аракет кылышат,— кийин бул жакка, байге дөбөгө алып келип таштоо үчүн чаап жүрүшөт, бирок бул жакка чаап өтүү үчүн көп тоскоолдуктарды жеңип өтүү керек,— тигил кичинекей үзүктөй чаңды, жолун тороп кууп жүрүшпөйбү, ал айланып, башка тараптан келе турган болгондо, бул жактан да анын жолун тороп калышат; а кичинекей чаң дале чарчабай, башкаларга жеткирбей, кең талаада оюн салып жүрөт…

— Байгеге таштагандар көп болдубу? — чалдын үнү кампачыга кайрыла, кызыгып сурады, олтурган күйөрмандар арасынан.

— Араң гана үч жолу ташташты эртеден бери,— нааразылана жооп берди кампачы чал, анан азга унчукпай олтуруп калып, кайрадан качанкы өткөн улакчыларды, чабандестерди эскере баштады,— азыркы улакчылардын кимиси алар менен тең кармаша алмак? Атынын ээрине коюп берген улакты да алып кете алышпайт алыска, байгеге таштап, оюн көрсөтмөк түгүл…

— А кимдер ташташты байгеге?—деп чал кайра сурады.

— Жогорку айылдан келген бирөө. Ал өзү кечирээк келген, анын аты жаңы бойдон эле, а башкалар чаба беришип, чарчап калышканда таштаган. Биздин балдардан да бирөө таштады, бирок ал эртең менен, эч ким али жокто, эл аз учурда таштады,— чал ушинтип дагы нааразы боло жооп берди да, талаада чаап жүрүшкөн бозоргон чаңдын ичиндеги топко жек көрө тиктеп, жүлжүйүп олтурду, анан, күтүүсүздөн эле, анын нурсуз каректери жаркылдай түштү:

— Бир дурус оюн болду! Тэ-этиги боз атчанды көрдүңбү?.. Ошол, азамат, бир жолу топтон торпокту чекке сууруп чыгып келип таштады… Азыр да ошол алып жүрөт. Бая таштагандан кийин дагы көпкө чейин башкаларга бербей жүргөн…

Ошентсе да, бир гана жакшы оюн жетишсиз болгон белем, кампачы чал кайра эле кабагы бүркөлө түштү оюнду карап олтуруп. Бозоргон чаңдын алдында ызы-чуу басылбайт, башаламан кыйкырыктар баары бир үнгө окшоп кошулушуп, аттардын туяктарынан чыккан дүбүрттөн жер алды дүңгүрөгөнсүйт.

Оюн улана берди. Кээ бир чарчашкан чабандестер гана дөбөчөгө бөлүнүшүп, чыга келишип, дем алуу үчүн олтуруп жатышты; күйөрмандарга кошулушуп аттарынын басмайылдарын бир азга бошотушуп, ооздуктарын чыгарышат, анан азыр эле өздөрү катышкан оюн жөнүндө кызуу сөзгө киришет: «Торпокко эми эле колум жеткенде менин атымды баары курчап калышты, атым да жаштык кылып, жыла албай туруп калды, топтон чыгып алганда барбы, жеткирбейт элем!..»

Бир кезде дөбөчөдө олтурушкандар чоң бозоргон топтон бөлүнүп чыгып, дөбөчөнү карай сызып жөнөгөн улакчынын караанын көрүштү,— артынан чаң созулуп, учуп келет. Дөбөдө олтургандар бардыгы жанданышып, опур-топур түшүшүп карап калышты: «Эх, митайым десе! Алаксытып олтуруп бардыгын алыска алып кетип, кууп жете алышпасына көзү жеткенде кайра артына тарткан экен да?!»— кампачы чал эми көздөрү күйүп, тамшана, маашырканып сүйлөдү. Дал ушул кезде дөбөдө дем алып олтурушкан беш-алты улакчылар шашылыш даярданып, аттарына секирип минишип, тиги жалгыз чаап келаткан улакчынын алдын тосуп чыгышты.

Боз атчан тигилер жете беришкенде бир азга ылдамдыгын басаңдатты да, башка жакка ойт бере бурулду, бирок бул учурда анын артынан чаап келатышкандар да жетип калышкан,— эми ал кайрадан курчоодо калды. «Аң, атаңдын көрү! Жетейин деп калбады беле?!»— кампачы чал өкүнө санын чапты.

Дөбөдө олтурушкан чалдар эми кайрадан качанкы өткөн мезгилди, ошол учурлардын улакчыларын, алардын шамдагайлыктарын, күчүн эскеришип, азыркы замандын улакчыларына салыштырышып, өздөрүнчө кызуу сөзгө түшүп алышты.

Бул кезде бозоргон чоң топ чаң да сүрүлүп келип, дөбөчөгө жакындап калды; бала эми баарын өз көзү менен жакындан көрдү — кою тумандаган чаңдын ичи толтура атчандар экен, алар бирин-бири түрткүлөшүп, аттарына камчы чапкылашып, бир нерселерди кыйкырышып, кымкуут болуп жүрүшкөн. Анан кайрадан ошол чоң топ көпкө чейин бир ордунан жылбай туруп калды,— сырттан эс алууңу бүтүшкөн улакчылар топ ичине кире алышпай, теминишип жүрүштү аттарын. Чал эми кайрадан наалый баштады: «Атаңдын көрү, же өзү топтон сууруп чыга албай, же башкаларга бербейт, бул кандай кыйык неме эле? Же эл да анын көөнү менен болот деп ойлоп жатат бекен?..»

Чын эле топ ичинде боз атчан жыла албай туруп калган — башка улакчылар да же аны коё беришпей, же анын колунан тартып ала алышпай, тегеректеп, аттары чамгарактап, кишенешип, ызы-чуу болуп бир ордунан жылбай тура беришип, оюндун кызыгы да баягыдан таркагансып кетти.

Кампачы чал жанындагы чалдарга карай сүйлөп, дагы нааразылана баштады: «Оюн жыл өткөн сайын кунун учуруп, мурдагы күчүн жоготуп баратат, улакчылар да жыл өткөн сайын мурдагыдай болушпай, бачикиленип жатышат, болбосо, мына ушундай оюн болмок беле?

Эгерде мурдагы балбан улакчылар болсо азыр барбы, тим эле топту жарып, караандатпай алып чыкмак…»

Чалдардын дөбөдө өздөрүн жемелеп жатышканын угушкансып, эми бозоргон чаңды асманга сапырган, чоң топ да чачыла кетти туш-туш тарапка карай. Анан кайрадан талааны карай чаап, биринин артынан бири дөбөдөн алыстап, созулуп жөнөштү. «Ким, ким алып кетти топтон?!»— бардыгы дөбөдө бири-биринен биле алышпай, ушуну сурап жатышты. «Жанагы, ак боз атчан окшойт»— деп жооп берди ким бирөө ишенимсиз. «Ооба, ошол, эмне ал бекерге ушунча убакыт көгөрүп, башкаларга бербей топто алышты дейсиңби?.. Акыры өзүнүн кутулуп чыгарын билген да?!»— деп кимдир бирөө коштоду үнүн бийик чыгарып.

Эми баары ошол ак боз аттын элесин куушуп, атчан улакчыга маашырлана суктанып, күйөрмандык кылып жатышты: «Эх, кысталак, атын күйүктүрүп албагай эле? Эртеден бери тыным албай чаап жүрөт…»— деп бул жолу кампачы чал кейий сүйлөдү. «А-а, бир жаш, оозунан сүтү кете элек бала болсо керек да?! Улак чабышка эми гана катыша баштаган,— али эч нерсени түшүнбөсө керек, оюну канбай, атты да аябай чаап жатат»— деп кимдир бирөө кампачы чалга көңүл айтымыш болду.

Бул учурда дөбөчөгө карай дагы үч атчан чаап келе жатышты: топту артында калтырышып, бозоргон чаң арасынан бөлүнүшүп. Ортолорунда баягы эле боз атчан, а эки четинде башка эки улакчы торпоктун эки жагынан кармап алышып, коё беришпей, камчыларын оозго тиштеп алышып, сууруп чыгууга аракеттенип келатышат. А боз атчан жеңил гана желдирип, тигил экөөнүн колунан суурулуп чыгып кетүүчү учурду күтүп келет. Дөбөчөгө да жакындап калышты. «Коё бер дейм, атаңдын көрү! Мага тоскоол болуп жатасың?!—деп бир капталында келаткан улакчы экинчисине кыйкырганы угулду эми. — «Сен коё бер, иттин баласы, сен мага жолтоо болуп жатасың, мен сага эмес эле!»— деп экинчиси ачууланат. Экөө кыйлага тартышып келишти,— дөбөчөгө да жакындап калышты. Аңгыча ак боз атчан атын күтүүсүздөн тык токтотту, тизгинин чирене тартып,— күү менен чаап келатышкан эки четиндеги атчан токтоно алышпай, алга чаап өтүп кете беришти, өздөрүнүн алданып калышканын түшүнүп, аттарынын тизгинин артка карай бурушканда ак боз атчан бош, башка тарапты карай бурулуп сызып бараткан, бирок эми аны чаң бозоргон топ ичинен жетип келишкен атчандар кууп алышыптыр… Дагы кыйлага куйрук улаш кубалап барышты, алдынан баягы экөө тосуп чыгышты. Эми кайрадан боз ат топ ичинде көрүнбөй калды.

Балдар да трактордун чанасынын үстүндө удургушуп, ары-бери жүгүрүп жүрүштү; өздөрүнчө көңүлдүү кыйкырышып, чурулдашып. Дагы бир аздан соң алар өздөрү жакшы көрүп калышкан ак боз аттын топтон чыгып, дөбөнү карай келатканын көрүштү,— алакандарын дуулашып, чапкылап жиберишти сүйүнгөндөрүнөн, бирок бул сапар ак боз атчан бош келаткан,— акырын желдире, камчысын сүдүрөп, ээрине өбөктөй. Жетип келди. Атынан түшүп, басмайылын бошотуп, атынын чылбырын колуна кармап, олтура кетти,— чарчаңкы, бирок ыраазы болуп жылмая, оор дем алып турса дагы. Өзүн келери менен орошуп алышкан күйөрмандарына мактана, колдорун жаңсап, сүйлөп берип жатты: «Менин атым чарчап калбадыбы, болбосо, дагы кыйлага чейин тамашаны көрсөтмөкмүн!.. Биринчи ирет да мен так топгаланын ичинен алып чыкканмын, сандаган аттардын туяктарынын алдынан…»

Бул жаш, он сегиз-он тогуз жаштар чамасындагы жигит болчу, анын жанында сөздөрүн ырастагансып, жонунан жылуу буу көтөрүлгөн, чарчаган аты турат.

Кампачы чал бир кыйлага жигиттин сөздөрүнө кулак салып, өзүнчө ыраазы болуп олтурду да, анан азыр байгелердин эң сонундары калганын айтып, дөбөчөдө олтурушкан улакчыларды улак тартышка катышууга чакыра баштады. «Атымды аяп жатам, болбосо мен дагы бир аз ойнойт элем, атам урушат, эгерде атты кыйнаганымды байкап калса»— деп өкүнө чыккан үнү угулду топтон жаш жигиттин.

Дагы бирөө топтон алып чыкты окшойт, топ жарылып, бара-бара чоңоюп, талаага карай жайыла баштады,— дагы дөбөчөдөн алыстап кетишти атчандар, артынан боз чаңды ээрчитип.

Эми чал баланын чоң атасына асыла баштады:

— А сен эмне? Бир аз чаап койбойсуңбу? Келгенден бери ыштаны булганып калган балага окшоп олтурасың бир орундан жылбай?!

Буга чал жооп бербей, анчалык ишенимсиз каршы болуп, өзүнүн аты — чобуру мындай чоң улак тартышка жарабай турганын айтып; «Өзүбүз да карып калбадыкпы, эми жаштардын ойногонун көрөлүчү, мурдагыдай күч кайда азыр? Атаңдын көрү, кармаганды коё берчү эмес элек ко?!»— деп сүйлөп олтурду. Бирок кампачы чал аны уккусу да келген жок: «Тигил топтун ичинде да сага окшогон эле чалдар чаап жүрүшөт, сен эмне, жалгыз чал белең?! Сен аларды көргөн да жоксуң, келгенден бери тынбай чаап жүрүшкөн чалдар бар!..»

Чал эми теңтушунун бул сөздөрүн укмаксан болуп, топтун улак тартышка кантип катышып жатканын карап олтурду кыймылсыз.

Эми кампачы чал айласы куруп, ак боз аттын ээси, жаш жигитке кайрылды:

— Сен чаппайсыңбы дагы бир аз? Биз сендей кезибизде ойноп оюнга канчу эмеспиз!? А сенчи? Атаңдын башы,— азыркы балдар?! Булар эмне болуп баратышат убакыт өткөн сайын?..

Жаш жигиттин атым чарчады, болбосо дагы көргүлүктү көрсөтмөкмүн дегенин угуп, кампачы баланын чоң атасына кайрылды:

— Бул абаңдын атын сурагын? Өзү болсо келгенден бери чаба да элек, жаныбар ат да, карап олтура берип, зеригип кеткенсиди?!

Жигит чалдын атын бир тиктеп алып, жылмайып койду,— бир ордунда үргүлөп, башын жерге салып турган атты көрүп. «Бул ат топтон торпок алып чыкмак түгүл, өзү да жакшы чуркабаса керек?..» дегенсип, үнсүз күлүмсүрөдү. Эми бала ушул күлкүнү байкап, чоң атасы эмне үчүн улак тартышка катышкысы келбей жатканын түшүндү. Алардын аты башка аттарга окшоп булкунган да жок, же ооздугун чайнап, алыска карап кишенеп, асманга карай кош аяктап секирип, чоң атасынын тынчын алган да жок, тек гана, бир оор кайгыга баткансып үңкүйүп, кыймылсыз тура берди бир ордунда, кээде гана чоң көздөрүн ирмегилеп коюп, кирпиктерин уктап калбас үчүн кез-кез кыбыңдатып.

Бул чакта топтон бөлүнүп чыккан дагы бирөө дөбөчөнү карай чаап жөнөдү; бир нерсени кыйкырып, атын улам камчы менен сабап, атын алынын барынча чуркатып келатты. Артында калышкандар жеткидей эмес. Ал байге дөбөчөгө жакындап калганда дөбөдө дем алып олтурушкан улакчылар дагы аттарына минишип, анын алдын торомок болуп калышты, бирок бул жолу кампачы чал ачууланып, аларды какшыктай кыйкырып, токтотуп койду: «Тийбегиле, оюнга катышып жаткандарды тынч койгула! Ал эмгек кылып, топтон алып чыгып келатат торпокту, а силер эмне кылдыңар? Эгерде жигит болсоңор силер да ошондой кылгыла, бирөөнүн жолун тороп, жарым жолдон тартып алууга аракет кылбай… Силер минтип өзүңөр да ойнобойсуңар, же башкаларды да ойнотпойсуңар, олтургула бул жакка!..»

Чалдын сөзүн кайтара алышпай, улакчылар шылкыя, аттарынан түшүп, кайра олтуруп калышты. А тигил улакчы чаап келип калды — бала эми анын жүзүн даана көрдү; кызарып, нурданып алган сүйүнүчтөн улам, ал байге дөбөгө жакын келгенде камчысын оозуна тиштеп ала коюп, эки колу менен ээриндеги торпокту кармады, бирок аты токтоно албай, дагы бир жолу дөбөчөнү айланып чыкты, анан, акыры торпокту жерге таштап, өзү эки колун асмандата көтөрүп, эки буту менен атынын үстүндө үзөнгүсүндө тура калып, кубанычтуу кыйкыра, дөбөчөнү айлана чаап кетти,— ал өз жеңишин ушундай белгиледи…

Торпок байгеге ташталгандан кийин оюн кыйлага токтоп калды; баары топ-топ болушуп, ар кайсыл жерде дем алышканы туруп калышты. Бир аз өткөндөн кийин дагы баштамак болушту. Кампачы чал дале баягысындай ашыгып, дагы баланын чоң атасына бермек болду, өзүнүн чарчаганын айтып, чал макул болгон жок. Анан бир азга тына түшкөн талаа кайрадан жер жаңырткан дүбүрттөргө толуп, кайрадан чаң бозоруп асман бетин каптап, бийикке көтөрүлүп чыга баштады,— азыр эле тазарып, баягы чаңдан арылган асман кайрадан бозоргон түтүн сымал көтөрүлгөн чаңды сиңире баштады…

Балдар да жанданышып, өздөрүнчө кайсыл ат баарынан күчтүү, сулуу ат экенин талашып, чече албай жатышты; бул талашка бала кошула алган жок, ага, эмнегедир, балдардын бардыгы алардын атын карап, чоңдордун күлүшкөнүн байкашкандай сезилип, өзүнчө уялып турду; ал да өзүнүн чоң атасына жана да атына окшоп четте калды эми.

Убакыт билинбей өтүп жатты, күн олтуруп, кең талааны көлөкө каптады; оюндун ызы-чуусу да эми баягыдан азая баштады; а талаа аралап, ар кайсы жактарды көздөй атчандар топ-топ болуп кетип жатышты,— акырын бастырышып чарчаңкы, кызуу сүйлөшүп өздөрүнчө.

«Булар коңшу айылдан эртелеп келишкендер,— деп кампачы чал кайтып баратышкандарга тиктегендерге түшүндүрдү,— үйлөрүнө эрте, караңгы киргенче жетип алуу үчүн кетип баратышат…»

Кампачы чалдын үнүнөн бүгүн оюн начар болуп калганы үчүн өзүн айыптуу сезип турганы байкалат. Акырын, капалуу чыккан добушу менен сүйлөп калды эми ал.

Азыр талаада мурдагыдай эл көп эмес эле; эми биринин артынан бири куушуп, топ аралай, кеңири чаап калышты,— баягыдай кыйналышпай. Кээ бир атчандар гана дөбө тарапты кайтарып турушат. Улак тартышка берилген торпоктун да эртеден бери колдон колго өтө берип, көрүнгөн колдор тарткылай берип, бүтүн жери калбаптыр,— бир гана бүтүн буту калган, башка бардык кол-буттары жулунуп. Кармай турган жери да калбады, улак колуна тийгенге эле жыргал, чаап жүрө берет,— башкалар кармай да алышпайт,— ушуну айтышып, чабууга болбой калды дешип, улакчылар эми нааразы боло башташты.

Ошентсе да оюн токтолбой, дагы бир нече жолу торпок байгеге ташталды. Эми мурда колдоруна эч улак тийбегендер да чаап жүрүштү. Ары-бери кубалашып, эл аз, кеңири аралай чаап калышты. Дагы бир жолу бирөө таштаган соң кампачы чал баланын чоң атасына дагы кайрылды: «Баштап бер?»— деп. Чал бир азга ойлонуп турду да, макул болуп атына минди, анан башын эңкейтип, жерде жаткан торпокту эңип алмак болду, бирок көтөрө алган жок. Кимдир бирөө алдынан көтөрүп, ээрге алып чыгышка жардам берди. Чал ошол замат атынын башын буруп, улам камчылана, чаап жөнөдү. Артынан бир топ атчандар кууп кетишти. «Аты начарыраак окшойт?»— дөбөдө олтургандардын бири топ атчандар алыстап кетишкенден кийин сүйлөп калды.

Кампачы чал буга күлүп: «А өзү эмне? Өзү күчтүү дейсиңби? Карып калбадыбы,— а бир кезде мыкты улакчы эле, муну менен тең кармаша тургандар аз болчу. Ошонусун эстеп, көңүлүн ачып алсын деп жатпаймынбы, болбосо эмне, анын оюнуна куштар болду дейсиңби? Ойноп алсын бир аз, буту-колун жазып!»— деп койду.

Чал өзүнчө жылмайып калды,— азыркы чапкандан чоң атасынын мурдагы оюндарынын учкунун көрүп тургансып. Дагы бир аз убакыт өттү: эки жакка чаап, ойноп бүткөн чал эми атынын башын дөбөнү карай буруп, топ атчандардын дүбүртү улам дөбөгө жакындап, катуулап угулуп келатты. Жакындап калышканда алдыда келаткан чалдын: «А-а, жаныбарым, чурка!»— деп ураан чакырып, чобурун чаңкылап келатканын көрүштү. Бала муну көрүп, турган ордунда секирип, алакандарын чапкылап алды, бирок дал ушул кезде, ал кимдир бирөөнүн кытмыр жылмайып, сүйлөгөн сөздөрүн угуп калды: «Чалды уялбай кууп алышканын карачы, же анын атын артынан кубалап, айдап келатышабы? Аты да ушундай мал экен, болбосо чуркамак да эмес окшойт?!»— бул сөздөрдөн кийин кимдир бирөөнүн каткырганы угулду. Анан кимдир бирөө: «Мүмкүн, алгылары келсе да жетпей, ала алышпай жаткандыр?!— деп шектенген доош менен сурады эле, дөбөчөдө олтургандардын бардыгы каткырып күлүп жиберишти. Бала мунун кимдин айтканын, ким кантип күлүп жатканын көргөн жок, караса да көрө алмак эмес: анын көздөрү бул учурда жашка толуп калган; каректери жашка толуп турган чакта бул дүйнө, баары жок бир башкача түскө бөлөнүп, башкача болуп көрүнөт, баары,— аттар да, адамдар да талаадагы…

Аттиң, ушул түркүн түскө боёлгон, башкача дүйнөнү көпкө кармап турууга болбойт,— бир көз ирмемден соң көз жаштары каректен ылдый кулап түшүп, баары эми мурдагыдай, демейки түсүндөгүдөй болуп калды. Түссүз, кунарсыз бойдон.

Дөбөчөгө жетип келип, артынан чаңдын алсыз изин калтырган чал, эми атын сыраңдатып чапкан бойдон аты дагы толкунданып алган бул күтүүсүз сыноодон улам,— кызыкка батып, мүмкүн, артынан кууп келишкен атчандарды байкабай калган чыгар, мүмкүн, артында топ болуп кууп жүрүшкөн атчандардын анын атын кууп, торпокту алгылары келбей эле, аны айдап жүрүшкөнүн байкаган эместир,— болбосо, ким билет, торпокту таштап, кетип калар беле?! Ал дөбөгө жеткенде токтой калды, атынын ооздугун кере тартып,— чобур да тык токтоду. Чал жерге ээриндеги торпокту оодара түшүрдү да — байгеге таштап, анан өзү атынан түштү: жүзү нурданып, тамылжып калган. Жашара түшкөндөй да сезилет. Атынан түшкөндөн кийин чал кампачы теңтушуна кайрылып тамашалай: «Кандай, карып калсак да жарагыдайбызбы?»— деп кыйкырып койду күлүмсүрөп.

Кечке жуук, эртеден бери чаңга бөлөнүп, дүбүрткө, кыйкырыкка толуп турган талаа тынчып, кезектеги түндү күтүп калганда,— эмдиги улак тартышка чейин дем алуу үчүн, чал менен бала да үйүнө кайтып келатышты.

Баягы эле жалгыз аяк жол менен,— эртең менен келишкен, ошол эле аттын басыгы менен… Бир гана айрымасы, ээрдин кашында жаңы челек илинип, кез-кез ат кошкуруп, басыгын өзгөрткөн сайын калдырттап келаткан,— бул чалдын бүгүнкү улак тартыштан алган байгеси эле; а челек түбүндө бүгүнкү чабылган торпоктун эти кан жыттанып келаткан, «бүгүн бир кемпир-чал ысык сорпо кылып ичишсин» деп кампачы досу салып берген.

Экөө кыйлага унчукпай жүрүп олтурушту,— жада калса ар нерсени сурай берип, жадаткан бала да үнсүз. Унчукпай келатышат. Акыры бала чыдабай кетип сурады,— бул жолу башкача, таарынычтуу чыккан үнү менен:

— Чоң ата, сен эмне үчүн челекти алдың? Биздин челектерибиз көп го?— титиреген добушу менен сурады.

— Атаңдын башы десе, анан эмне, утуп алган байгени да талаага таштап кетмек беле?..— деп койду чал баланы эркелете, ак көңүлү менен, мурутунан жылмая,— анын көңүлү ачык эле.

Дагы кыйлага үнсүз бастырып олтурушту: бала өз ою менен алек болот: улак тартыш бул оюнбу же чын элеби? Же башкача бир нерсеби? Эгерде оюн болсо анда эмне үчүн чоңдордун баары кыйкырышып, бири-бири менен урушуп жатышты? Торпокту талашып, кыйкыра, урушуп- талашып жүрүштү го баары?.. Бала өзү эч нерсени түшүнө алган жок; анан бир азга ойлонуп туруп, чоң атасынан сурады:

— Чоң ата, улак тартыш деген оюнбу, же чындап элеби?..

— Оюн, оюн балам,— чоңдордун оюну,— башка бир нерсени ойлонуп келаткан чал балага көңүлсүз жооп берди. Дагы кыйлага унчукпай жүрүп олтурушту. Бала эми талаада баары алардын атын карап күлүшкөнүн, андан кийин чоң атасынын артынан кубалашып, шылдыңдап күлүшкөнүн эстеди,— анын көздөрүнө дагы баягыдай мөлтүр тунук жаш толуп чыкты, анан ал мөлтүр тамчылар бетинен ылдый кулай баштады; бала чалдын чепкенине бетин сүртүп, көз жашын аарчыды. Баары бир, бул көз жашка толгон каректери менен айланага карап, адатынча түрдүү түскө кызыга ойногусу келсе да ал азыр эч нерсени көрө алмак эмес,— чоң атасынын бийик, бүкүрөйгөн, узун өмүрдү жашап өтүп, картайган далысынан башка…

Бала ошондон кийин бир да жолу чоң атасы меңен кошулуп улак тартышка барбай турган болгон, бирок ошондон көп өтпөй эле чал өзү да улак тартышка бара албай калды, а баягы анын көптөгөн оюндардан жеңип алган сансыз байгелеринин акыркысы болгон экен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *