Людмила МОЛДАЛИЕВА: Дух Айтматова витал на сцене…

90- летию  Чынгыза Айтматова  посвящается Спектаклем «Найман Эне» по произведению Ч.Айтматова  «И дольше века длится день» с блеском вышло на сцену новое актерское поколение. Это дипломники Театральной студии при Кыргызском национальном академическом театре им.Т.Абдымомунова. Руководитель курса — заслуженный деятель искусств КР Замира Аклаева; режиссер-педагог, он же инсценировщик  — Эркин Эгембердиев. …С самого начала спектакль задает сильнейший темпо-ритм. Зная наизусть произведения  великого писателя, мы не были простыми созерцателями происходящего на сцене, как нечто давно происходившего, удаленного от нас во времени. Мы […]

Кыргыз эл жомогу: Кан менен вазир

Күндөрдүн биринде кан өзүнүн вазирине ачуусу келип өлтүрмөкчү болот. Кандай кылып өлтүрөйүн деп ойлоп, үч каздын учуп баратканын көрүп: —  Ушунун тилин билип кел, эмне деп учуп баратат! Эгер тилин билип келбесең, башыңды алам,- дейт. —  Макул,- деп кандын вазири үч каздын артынан чаап баратса, мунарада чыгып турган кандын кызы көрүп, вазирди чакырып сурайт: —  Эмнеге чаап баратасың? Вазир: — Кан мобул учуп бараткан үч каздын тилин билип кел, билип келбесең башыңды алам деди. Ушул каздардын тилин билгени баратамын,- дейт. […]

Бурулкан БАКЕЕВА: Отко жагылган Александр Дюма, кезекте ким?

АҢГЕМЕ Быйылкы кыш жанга тийди. Оор жана узак болуп, суугу сөөктөн өтпөдүбү. Кошунабыз сексен сегиздин ашын ичсе дагы ушул убакка чейин мындай кышты көрбөгөнүн короого чыкканымда кобурап калат. Үйүбүз муздак, үшүкчөөл жаным ого бетер титиреп, төшөккө оронуп бөйтөйүп уктап калган неберемди боорума басып, келинимдин шарактатып печкенин күлүн чыгарып атканын карап отурамын. Унчукпайт, кабагы түйүлгөн. Мага эч нерсе дебегени менен калдыратып кармаганы, кертилген отунду тарак эттире дабыратып таштаганы, сөздөн көп нерсени айтып атпайбы. Асте бол, бала ойгонот дей албадым, келиним бир […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Куйручуктай куудул элеттиктер-II

<<<<<<<<<<<<1-бөлүк Байгазы уулу Кудайберген, (1879-1974) Ата теги: Сарбагыш -Дөөлөсбакты-Жантай-Сары-Бөрүчөк-Айкө-Боктубай-Кудайбакты- Бегиш- Шааболот-Байгазы- Кудайберген Ыбрайдын Казакстандын Узун агач деген жеринде балдызы үркүндөн кийинки ачарчылыкта казакта калган экен,  ошол казак жездесиникине барса куржунга тамак-аш салып эшекке артып берип жөнөтүптүр. Ал эшекти Ыбрай жакын досу Кудайбергенге тартуу кылат.  Эшеги тың,  басыктуу чыгып,  “Аккула”— деп ат коюп,  аны өлөр өлгүчө минип  жүрдү.   Бир жылы «Аккуласын» алкынтып,  бел ашып,  кыр ашып Чоң-Кеминден Актүзкө барат.   Актүздөн кайра ашып,  Суулу-Булак деген жайлоого түшүп,  аяктагы чабандардыкында конок болот. Аккуласы […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: «Ашуудагы» сабактар жана «Мен – Тянь-Шань»

1960-жылы аты калың журтка анча таанымал боло элек жаш жазуучу Ч.Айтматовдун «Жолдо» аттуу киноповести жарыяланат, анын негизинде «Ашуу» аттуу фильмди режиссер А.Сахаров тартып бүтүрөт. Фильмдеги биздин көӊүлүбүздү бурган нерсе – бул фильмдин өзүнүн алгачкы адабий булагынан чегинүүсү, жаӊы мотивдерди киргизүүсү болуп саналат. Адабий чыгармаларды экрандаштыруунун тарыхы көрсөткөндөй, текстти кубалап жүрүп отуруу (буквализм) көп учурда тескери натыйжаларга алып келет. Муну кинонун тарыхы жана акыркы жылдардагы жарык көргөн теориялык эмгектер да, изилдөөлөр да ырастайт. Бирок тексттен чегинүү жакшы экрандаштыруунун бирден бир туура […]

Сайтыбыздын чыгармачыл тобуна дин тааныган адис кошулду

Рухий коом агартуу максатын көздөгөн «РухЭш» сайты көркөм мазмундагы чыгармалар менен гана чектелбестен, коомго терс таасирин тийгизип келаткан ислам дининдеги алешемдиктерди дамамат чагылдырып келет. Ошол эле учурда исламдын алтын доорундагы нускалуу кептерди, мусулман санаттарын жана суфий даанышмандарынын притчаларын, даанышман жомокторун мүмкүнчүлүккө жараша жарыялоодобуз. Арийне, бүгүнкү тапта кыргыздын башын тумандаткан диний түркөйлүк, диний башаламандыкты тизгиндөөгө Кыргыз бийлигинин чама-чаркы жетпей калган кезеңде Өзүбек Чотонов, Чубал Жалилов жана Абдышүкүр Нарматов өңдөнгөн таксырлардын таскагы бир жагынан, экинчи жагынан теңирчиликти тетири жолго буруп, теңирчиликти дин […]

Абдиламит МАТИСАКОВ: Далдалчынын уулу (шедевр)

АҢГЕМЕ Сөлпүк уулун жанына алып, Өсөр чал мал базары кызыган ченде келет. Эл сыңары жетелеген малы болсо бир жөн. Куру кол келип, куру кол кайтат. Базарга жете албай жатып, мал жетелегендерге оропара бак-бак унчукмай чалдын адаты. — Токтуну нечеге алдың? Базар жөндүүбү? — Тааныбаган ооз учунан бирдеме демиш болуп өтөт. Чалды базар-учарда көрүп жүргөн жолун тосуп, жандыгын дагы бир көз соодадан өткөрмөккө туура тартат. — Өсөр ака, базар көргөн адамсыз. Чамаңызда токтунун баасын канча дейсиз? — Чалдын жообу удаа чыгат. […]