Рухий коом агартуу максатын көздөгөн «РухЭш» сайты көркөм мазмундагы чыгармалар менен гана чектелбестен, коомго терс таасирин тийгизип келаткан ислам дининдеги алешемдиктерди дамамат чагылдырып келет. Ошол эле учурда исламдын алтын доорундагы нускалуу кептерди, мусулман санаттарын жана суфий даанышмандарынын притчаларын, даанышман жомокторун мүмкүнчүлүккө жараша жарыялоодобуз.

Арийне, бүгүнкү тапта кыргыздын башын тумандаткан диний түркөйлүк, диний башаламандыкты тизгиндөөгө Кыргыз бийлигинин чама-чаркы жетпей калган кезеңде Өзүбек Чотонов, Чубал Жалилов жана Абдышүкүр Нарматов өңдөнгөн таксырлардын таскагы бир жагынан, экинчи жагынан теңирчиликти тетири жолго буруп, теңирчиликти дин катары мамлекеттик каттоодон өткөрө албай жүргөндөр арбыды…

Ошондон улам «РухЭш» сайты өткөн жылы прогрессчил көзкараштагы интеллектуалдардын альянсын түзүп, мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша караңгылыктын желесин жайган күчтөрдүн «ишмердиктерин» сынга алуу менен гана чектелип калуудабыз. Ал эми жакындан тарта «Ислам дөөлөтү» деген аталыштагы атайы рубриканы да ачып, чыныгы дин агартуу багытында иш жүргүзөр ислам интеллигенциясын калыптоо багытын көздөдүк.

Аталган рубрикада кыргыз кыртышына төп ислам дөөлөтүн жайылтуу максатында диний билимге жеткен жаштар менен кызматташуу багытын көздөп, учурда Турциянын Анкара Университетинин Теология факультетинде суфизм багытында магистратурада окуп жаткан теолог Элдияр Жалиловду сайтыбыздын чыгармачыл тобуна кошуп отурабыз. Элдияр бүгүнкү күндө өзүнүн илимий изилдөөсүн «Таблиг жамаатынын (дааватчылардын) сопулук менен байланышы» деген аталышта жүргүзүп келет.

Өзү 1982-жылы 19-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу  Кароол айылында туулган. 2006-жылы Ош мамлекеттик университетинин теология факультетин аяктап, 2006-жылы Ош облустук мусулмандар казыятында жооптуу катчы болуп иштеген. 2007-жылдын башында араб тилин өздөштүрүү максатында Египет Араб Республикасына барып, 2008-жылдан 2009-жылдын соңуна чейин Ош облустук мусулмандар казыятында пресс-катчы болуп эмгектенип, 2009-жылдын декабрь айында Түркия  дин башкармалыгына байланыштуу Пендик Хасекиде муфтий жана диний баянчыларды атайын даярдоого багытталган жогорку диний борборунда билим алган. 2012-жылдан 2015-жылга чейин Ош шаардык мусулмандар казыятында пресс-катчы болуп эмгектенген. Учурда үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун атасы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.